Суперстан: "Тагдырлар" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Тагдырлар"

#1 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   27 Февраль 2019 - 01:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Достор акыркы күндөрү жүрөк сыры кызыксыз болуп калды. Жаңы тема болсо эле апыртма. Бардык темалардын автору бир эки эле форумчу. Аны баарыбыз билебиз.
Суроо салчуу бөлүм болуп калды. Жүрөктөгү сыры менен бөлүшпөй болбогон мааниде суроо салып бул бөлүмдү ат канага айландырышты. Мына ошондуктан башка жактан окуган ары кызыктуу ары сабак алчуу окуяларды бул жака көчүрүп келели. Көпчүлүк бош отурган эжелер чынында эле зеригет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   27 Февраль 2019 - 01:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Бул окуя тээ илгери, жыйырманчы жылдардын аяк ченинде, Жумгал районуна караштуу бир айылда болгон айтылат.

Ал кезде элдин саны аз, талаа түз ээн. Көпчүлүк кокту колотто жашап, караңгылык күчүндө. Сайра эне, жалгыз кызы менен чоң суунун башындагы коктуда жалгыз жашап турган. Бойго жетип калган кызы Жамалга атайын эскерткен “Кызым, түш оогондон кийин ылдый жакка сууга барбай жүр, сенден сураныч” деп. Бул кезде абышкасы менен уулу жакага эгин сугарганы, үч күнгө кеткен болучу.

Жамал айтылган сөзгө анча деле көңүл бурган жок. Ошол күнү кир жууп, үйдө суу калбай калганда, апасы жол карап ылдый кеткенден пайдаланып сууга келди. Алгач эч нерсе деле байкаган эмес, жаңы гана суу алып бери басканда, алдын тосуп, жаш жигит чыкты да:

- Чоң кыз, сиз эч нерсени байкабайт экенсиз?-деди. Жамал ал жигитти көрүп эле, биринчи көз караштан дароо жактырып калып, аны менен кантип таанышып, сүйлөшүп калганын байкабай калды. Бир азга сөз уланып, сөз кезеги келгенде жигит “эртең дагы ушул маалда, ушул жерден күтөм” деп, узатып койду. Жамал тун сүйүүг кабылып, ал күнү не бир түркүн таттуу кыялга батып, түн ортосуна чейин уктабай чыкты. Эртеси эртең менен жакадан атасы менен байкеси келип, дагы бир апта жакада болушарын айтып, азык-түлүк алып кайра кетишти. Жамал болжошкон учурда, апасынын көзүн жазгырып, баягы жерге келсе жигит күтүп турган болот. Бул күнү экөө көпкө турушту, ар нерсени сүйлөшүп. Жамалдын чындап сүйүүсү козголуп, тиги баласыз жашоо кызыксыз болуп калды. Эртеси дагы жолугушууга барганда, апасы көрүп калды да Жамалга айтты:

- Ал баланы үйгө ээрчитип кел. Мен сага жакшы эле айткам “түш оогондо сууга барба” деп. Эми сен өз көзүң менен көрмөйүн баары бир ишенбейсиң. Мен ал бала менен жакындан сүйлөшөйүн- дейт, сыр бербей. Жамал бул сунушка макул болуп, эртеси алиги жолугушуп жүргөн жигитин үйүнө, кечки тамак учурунда чакырып келет. Бала Сайра эне менен кадимкидей учурашып, берилген суроого так жооп бергени менен такыр тамак ичпейт. Кырааккы эне баарын айтырбай түшүнөт. Сөз кезегин келтирип тиги бала:

- Эне, Жамал экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калды. Эртең алып кетем-деди эле Сайра эне:

- Алсаң алып кет. Алгач ага арнаган кийимдерин алып үйүңө жеткир, анан өзүн аларсың-дейт. Бала бул сунушка макул болот да, үйдөн жыла басып сыртка чыгып кетет. Сайра эне кызы Жамалга дале эч нерсе айтпайт. Айтса иш оңунан чыкпай калышы толук мүмкүн болучу.

Эртеси айтылган убакта бала келип, Сайра даярдап койгон Жамалдын кийимдерин бирден ташыйт. Жамал ал баланын келип кеткенине алгач кызыкканы менен уйку азгырып, уктап калат. Улам убакыт өткөн сайын Сайра эненин чыдамы кете баштайт. Акыры кыздын болгон кийимин ташып бүткөндө курган эне, акыркы мүмкүчүлүгү кызынын жүз аарчысын берет. Бала жаңы гана үйдөн узаганда, оңдой берди болуп, чыдамсыздык менен күткөн эненин тилеги кабыл болуп, короз кыйкырып калат. Ошондо, Сайра эне өзүн таштап салат да, чоң балакеттен кутулганына сүйүнүп, уйкуга баш коёт.

Эртеси алгач Жамал ойгонуп, анан апасын ойготкондо, Сайра эне эми учуру келди деп, болгон окуяны айтып берет да, анан кызын ээрчитип, алиги баланын изи менен баратышып, алгач Жамалдын жүз аарчысын жолдон табат. Андан соң улам бир кийимин таап жүрүп олтурушуп, акыры үстү ачык мүрзөдөн калган кийимин көрүшөт. Көрсө ал үстү ачык мүрзө эбак эле бул дүйнөдөн өтүп кеткен, бир байдын жалгыз баласынын мүрзөзү болот. Эгер, ал бала, баардык кийимди короз кыйкырганга чейин ташып бүтсө, анда кыздын жанын алып кетмек экен. Болгон окуяны өз көзү менен көргөн Жамал, ошондо гана арбакты сүйүп калганын билип, апасы бекер “түш оогондон кийин сууга барба” деп айтпаганына түшүнүп, кетирген күнөөсүн моюнга алган экен. Ошол окуядан кийин тез эле алар, ал чөлкөмдөн көчүп кетишиптир. Болбоосо алиги баланын арбагы кызды жөн койбой алып кетет беле ким билет. Бул окуя менен эмнени айтмакчыбыз. Биздин кадырлуу карыларыбыз, бекер жерден манилүү сөз айтпайт. Азыр деле элет жеринде жашаган кыз- келиндер түш оогондон кийин, агып жаткан сууга барбаганы оң. Өзгөчө жайлоодо жана тоо арасында жашагандар. Анткени эски мүрзөлөрдөн кандайдыр бир элестер көрүнүшү мүмкүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   admin_superstan   27 Февраль 2019 - 10:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Kyrgyz-jigit. com, "Жүрөк сыры" бөлүмүнө ачылган ар бир темага авторлор өздөрү жоопкер. Эгерде бул теманын максаты дал ошол бөлүмдөгү кээ бир темаларды алып келип бул жакка жайгаштыруу болсо тема жабылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   27 Февраль 2019 - 13:03

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Просмотр сообщения admin_superstan (27 Февраль 2019 - 10:25) жазган:

Kyrgyz-jigit. com, "Жүрөк сыры" бөлүмүнө ачылган ар бир темага авторлор өздөрү жоопкер. Эгерде бул теманын максаты дал ошол бөлүмдөгү кээ бир темаларды алып келип бул жакка жайгаштыруу болсо тема жабылат.

Жоок фейсбуктан одноклассникиден алып келүү оюм бар каршы эмессиздерби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_portal   01 Март 2019 - 17:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 541
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:29

Просмотр сообщения Kyrgyz-jigit. com (27 Февраль 2019 - 13:03) жазган:

Жоок фейсбуктан одноклассникиден алып келүү оюм бар каршы эмессиздерби?


Авторун көрсөтүү менен аны уруксаты болсо бөлүшө берсеңиз болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   raia   17 Март 2019 - 09:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бул болуп откон окуя согуш мезгилинде болгон экен.
Эки жаш копко балалуу боло албай журп уул корушот, артынан коп узабай кыздуу болушат.Ортолорунда бала ойноп,бактылуу кундордо доор суруп ынтыимактуу жашашат..
Жыл деген жылт этип жылдыз сымал учуп балдары чонойуп калышат.Айрыкча уул оспурум жашка жетип,чогуу окуган ата энеси жок жетим кызга конул койот.Жетине албаган ата эне каникулга чыгар менен чакан тойчо кылып кызды алып беришет.Экоо али жаш дешип кайнене деле кайната деле кызга мээрим салышып оз кызындай кабыл алышат.Бактылуу кундордун омуру кыска го.Дуйнону кара булут каптап.согуш деген атын очкур кирип келет.Эми кана жетимдиктен кутулуп, жакшы адамдарга туш болуп,мандайы жарып келе аткан келин куйосун согушка узатып,жангыз калат.Ошондо эми кана 17 чыгып гул бурактай гулдоп турган чагы болот.Жакшы да мандайында кайын атасы менен кайын энеси жакшы адамдар эгер алар болбогондо кантмек.Ансыз да бала кезинде ата энеден жаш калып эчен азап жеп жетимчиликти коп корду го.Ата энесинин бардыгына шугур кылып кайын синдиси эко жетелешип колхоздун иштеринде чогуу журушот.Коп отпой кайын энеси да эгиз уул тороп,уйлорундо баланын ыйы угулуп,кеткендин оорду толгонсуп бала менен алаксышып кыйла жакшыра тушту.Жаш торогонуно карабай келиним кыйналып калат деп келинге балдарын таштап талаа иштерине чыгып кетет.Келин уйдо эгиздерге карап,уй иши менен.Согуш мына токтолуп кеткеним келет деп жол караган менен кубанарлык кабар жок.Кутуу менен эки жыл кутуп бирок кара кагаз келип кан какшап кара кийип отуруп калды....
Жылдар отту согуш да басылды бир кана келип калат деп жол карап термилип,суйгонун олгонуно ишене албай келин кутуу менен омур суруудо.
Кундордун бир кундорундо ата .
- Балам,омурун отуп атат, омурлошун кутсо сенчелик кутоор балам сен да бактынды тап,сага эки дуйно раазымын балам сага руксат балам деп келе атканда созун бутуро койбой.
- Атке бай мени айдабан,менин барарым жок.Мен баланыз олгондо эле кошо олгом.Ал жер астында мени кутуп куураса,мен ажаалым жеткенче жер устундо кутуп куурайын.Атакебайым мени кет дебен..
Мен ушул ак босогону атаганда ушул уйдон соогум чыгат деп баланызга ант бергем деп келин буркурап ыйлап аны укан ата менен эне кошо ыйлап, озу бакан эгиздер кошо ыйлап зорго басылышты.
Каап байбиче бекер келинимди ыйлатып алдым ушул созду айтпашым керек эле.Келининдин убалына калбай уруксат бер деп аксакалдар кулагымды койбоду да.
Эми жаш да жаштыгы менен айтып атат качан озу кетем десе ак батабызды берип.келин эмес кызыбыздай кылып узаталы.Кызыма себинди таярлап кой деп буйра суйлойт. (уландысын кечирек жазам )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   raia   18 Март 2019 - 08:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Келинин ойлоп ата эне тынчыбайт.
- Каап согушун менен кара жерге кир канчалаган умуттор соолуду.Канчалаган ата эне бизге окшоп кан жутуп,зар какшап калды.Канчалаган келиндер алганын кутуп жол карап калды.Эн жок десе бир туяк калса да ошону кучактап тул калса да мейли эле.Мандайында алганы жок же бир кучагында бала жок келинибиз кантет.Кет деп кантип айтабыз.Эки козун жалдыратып кантип кетиребиз.Бул курганда бир ата эне болсочу же бир тууганы эле болсочу.Байбиче сен аял кишисин турмушту тушундур.Биздин козубуз отуп кетсе кантет.Эки баланын аялдары кандай чыгат да кандай жок ушуну ойлогондо конулуп чок байбиче,келинине тушундур.Турмуш кутсун айт байбиче.
- Айтып атам,ана кайын синдин деле турмуш куруп очор бачар болду.Кызым сен да турмушка чык,балалуу бол.Атан экообуздун козубуздун тируусундо коночогуна кон балам.Атан экообуз колубуздан келишинче себ берели.Балалуу болсон атап энчи беребиз деп жыйган терген,таярлаган корпо жууркандарды корсотсом.Ыйлап эле энекебай Зарылбек келсе экообуз урунабыз.Ал созсуз келет ,мен келишине ишенем энекебай.
Ал да балам ай келбесечи ? Келсе кана эле.
-Энекебай келет.Коншу айылда деле кара кагаз келген экен эле келиптир го.Аялы олду десе ишенип куйого тийип кеткен экен.Экоо тен ыйлашып жаман болду деп атышат.Мен андай кыла албайм энекебай мен омурум откончо кутом.
Балан тушкур ай тунулбосо кантем.Мен деле ушу баланы ойлосом умачтай козум ачылып,туну уйку жок.куну тынчым жок....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   raia   18 Март 2019 - 08:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Байбиче сен бир нерсени байкадынбы ?- деп аялын тике карап каарын салып турду.
- Байкадым оозум батып, сага айта албай журом деп куноолу болуп жер карады.
Мен башканы кутсом да бул жагын кутпогом.Сура бала кимден экен,атасын табалы.
- Сурадым,ыйлап эле айтпады.
- Энекебай мени кечир,менде айып жок,мени кутуусуздон кармап зордуктап койду энекебай.Шерменде болдум.Жакшы ит олугун корсотпойт дечуу эле мен эн жок десе итчелик болбой калдым энекебай деп боздоп ыйлап туруп алды.Зээним кейип .
-Болору болуптур,эми атана кантип айтам .
- Атама айта корбон энекебай,жакында кетем.
- Ок кайда барасын ,эч жака кетпе мен озум жардам берем.дедим.
- Эч жака кетпесин.Эгер ал шумшукту билсем оз колум менен мууздап салам.Сен бугундон балага коз сал,намыстуу неме олуп албасын.
- Э л эмне дейт?
- Элинди урганым жок.Бул да болсо пешене баланы эсен аман коз жаргызып этийетеп асырап ал.Ошол бала келиниме азык атат.Кошо жатып кошо тур эгер келин бирдеме болсо менден жакшылык кутпо деп этегин кагынып басып кетти.
Курган эне кантмек кошо жатып,кошо туруп келини менен жаны бирге болуп журуп эсен аман уул торотуп алды.Тороту каттуу болуп,ары барып бери келип атып келиндин жаны калды.Эл эмне десе десин дегени менен баары бир намыс кыйын го.Ойлонуп ата ото кыйналды.Балага ат койула элек.Ойлонуп ой жетегине жете албай,эшике деле чыга албай бир ордунда отурганы отурган.
- Атасы небереге ат койолу,жентек берели ...
- Кайраттуу жан элен,кайратынан жазба келинибиз кочодо калыпы ошо зулум зордукчу угуп кылган ишинен уялсын.Кой сойуп элди чыкыр аксакалдар оздору ат койуп берсин.Зарылып журуп коргон балабыз эле кудайым бала берди.Зарыпектин баласы дейли.Тур атасы Асанды чакыр жайлоодон семиз койдон бирди алдыр.
Мен Усонду кел деп шаардан чакыртайын. Келиндер жентеке боорсок жасасын.деп калды.
Жентек камы корулуп эл келип бешик боонор бек болсун,омуру менен бактысы менен берген болсун деп .Айыл аксакалы ак батасын берип Зарыпектин баласы Айтпас болсун деп кулагына азан айтып.Балдарым Айтпас айтпас бойунча калсын.Башка соз чыкпасын бул да болсо согуштун кесепети деп жаштарга айтып отту....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   raia   18 Март 2019 - 09:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Айтпас да ширин кана татынакай болуп чонойуп чон атасы менен чон энесине жакын болуп чонойуп калды.Асан менен Усон бир кундо уйлонгондон экоо тен бир жылда балалуу болушуп учо бир тен болуп чон ата менен чон эненин колунда болушуп,эрчишип чогуу ойноп бирге осушту.Асандыкы кыз болгон учун ал чыйраак такылдап тили ширин.Экоо чогуу ойноп кээде кызсын деп болуп ыйлатып да койушат.Чон энеси кызына болушуп айда болсо экоонон улуу эже дегиле деп уулдарын урушуп калат.
Неберелер жетиге чыгып учоо тен бир класска барышып окуп да калышты.Учоонун фамилиялары да бирдей чон атасынына жазылган,кийингени да бирдей,тусполдру да бирдей деп мугалимдер шыпынышып калышат.Бул уй булоодон экоо мугалим болуп иштебегенде балким коп соз айтыла беле ким билсин...
Коп узабай чон ата ооруп тошок тартып калды.Кемпирин жанына чыкырып.
- Байбиче сапарым карып калды окшойт.
- Ок андай дебе.
- Байбиче тим отуруп созуму ук.Менин сапарым карып калды.
-Каап Айтпасымы уйлоп кетсем арманым жок эле.Ага арнап да там сала албадым.Жаш нерсе алда кагндай болот деп бир короого там салып бердим.Айтпасыма даход жетет келиштирип там салдыр,козун барында оокат жайын болуштуруп, энчисин кошо берип озун да кошо Айтпас менен кошо коч.Айтпасым менен кошо жаша.Келиним жангыздап калбасын.деп саамга унчукпай калып айтарымды айтым окшойт деп ойлонуп туруп.
- Байбиче Усонду шашылыш чыкыр,Асанды да уйго кел де келиндерди мектептен чыкыр,чамам чактап баратат балдарыма айтаар керезим бар деп байбичесине карады.
Чакырык барып балдары шашылып келип калышты.
- Каап энем кызык эле атам жакшы эле экен го неге шашылтып иштен койду дешип ичтеринен нааразы болуп турушту.
- А балдарым тынч отуруп созуму болбой уккула силерге айтаар керезим бар.Менин сапарым карып калды.Асан.Усон экоон айтаарым.Айтпаска эл катары келиштирип там салып,энчисин болуп бергиле.Жененер силерди мойнуна которуп,уруштун катаал жылдарында озу жебей силерге жегизип,озу кийбей силерге кийгизип журуп бакты.Озу билим алганча силерди кошо бакты,элге окшоп студент кезинерде ач калган жоксунар,женер бакты,силерге жене эмес эненердей болуп калды.Силерге айтарым кезек эми силердики,силер да женерди учур келгенде кор кылбай баккыла,энерди кандай сыйласанар ошондой сыйлагыла.Силер кандай сыйлап урмат кылсанар эл да кошо урмат кылат балдарым ошону эсинерден чыгарбагыла. Оз балдарынарды окутпасанар да Айтпасымы окуткула.Уйлогуло. Эгер келинимин козунон жаш чыкса.Айтпасымдын журогун оорутсанар мени кордон бир антарылды дегиле балдарым.Мен баарына раазымын деп босого жакта отурган келиндерине карап силерге да раазымын деп жанында унсуз ыйлап отурган чон келинине карап,балам сага мен раазымын,соогум раазы балам деп дагы бир нерсе айтчуудай болуп мукактанып козуно жаш келип муунуп барып узулуп кетти...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 18 Март 2019 - 09:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   nice.love   18 Март 2019 - 12:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 461
  • Катталган: 06 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 15:08
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения raia (18 Март 2019 - 09:33) жазган:

Айтпас да ширин кана татынакай болуп чонойуп чон атасы менен чон энесине жакын болуп чонойуп калды.Асан менен Усон бир кундо уйлонгондон экоо тен бир жылда балалуу болушуп учо бир тен болуп чон ата менен чон эненин колунда болушуп,эрчишип чогуу ойноп бирге осушту.Асандыкы кыз болгон учун ал чыйраак такылдап тили ширин.Экоо чогуу ойноп кээде кызсын деп болуп ыйлатып да койушат.Чон энеси кызына болушуп айда болсо экоонон улуу эже дегиле деп уулдарын урушуп калат.
Неберелер жетиге чыгып учоо тен бир класска барышып окуп да калышты.Учоонун фамилиялары да бирдей чон атасынына жазылган,кийингени да бирдей,тусполдру да бирдей деп мугалимдер шыпынышып калышат.Бул уй булоодон экоо мугалим болуп иштебегенде балким коп соз айтыла беле ким билсин...
Коп узабай чон ата ооруп тошок тартып калды.Кемпирин жанына чыкырып.
- Байбиче сапарым карып калды окшойт.
- Ок андай дебе.
- Байбиче тим отуруп созуму ук.Менин сапарым карып калды.
-Каап Айтпасымы уйлоп кетсем арманым жок эле.Ага арнап да там сала албадым.Жаш нерсе алда кагндай болот деп бир короого там салып бердим.Айтпасыма даход жетет келиштирип там салдыр,козун барында оокат жайын болуштуруп, энчисин кошо берип озун да кошо Айтпас менен кошо коч.Айтпасым менен кошо жаша.Келиним жангыздап калбасын.деп саамга унчукпай калып айтарымды айтым окшойт деп ойлонуп туруп.
- Байбиче Усонду шашылыш чыкыр,Асанды да уйго кел де келиндерди мектептен чыкыр,чамам чактап баратат балдарыма айтаар керезим бар деп байбичесине карады.
Чакырык барып балдары шашылып келип калышты.
- Каап энем кызык эле атам жакшы эле экен го неге шашылтып иштен койду дешип ичтеринен нааразы болуп турушту.
- А балдарым тынч отуруп созуму болбой уккула силерге айтаар керезим бар.Менин сапарым карып калды.Асан.Усон экоон айтаарым.Айтпаска эл катары келиштирип там салып,энчисин болуп бергиле.Жененер силерди мойнуна которуп,уруштун катаал жылдарында озу жебей силерге жегизип,озу кийбей силерге кийгизип журуп бакты.Озу билим алганча силерди кошо бакты,элге окшоп студент кезинерде ач калган жоксунар,женер бакты,силерге жене эмес эненердей болуп калды.Силерге айтарым кезек эми силердики,силер да женерди учур келгенде кор кылбай баккыла,энерди кандай сыйласанар ошондой сыйлагыла.Силер кандай сыйлап урмат кылсанар эл да кошо урмат кылат балдарым ошону эсинерден чыгарбагыла. Оз балдарынарды окутпасанар да Айтпасымы окуткула.Уйлогуло. Эгер келинимин козунон жаш чыкса.Айтпасымдын журогун оорутсанар мени кордон бир антарылды дегиле балдарым.Мен баарына раазымын деп босого жакта отурган келиндерине карап силерге да раазымын деп жанында унсуз ыйлап отурган чон келинине карап,балам сага мен раазымын,соогум раазы балам деп дагы бир нерсе айтчуудай болуп мукактанып козуно жаш келип муунуп барып узулуп кетти...

Уландысын кутуп жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Bazana   18 Март 2019 - 19:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Кайнатасынан эмес бекен ыя?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   nice.love   18 Март 2019 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 461
  • Катталган: 06 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 15:08
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Bazana (18 Март 2019 - 19:31) жазган:

Кайнатасынан эмес бекен ыя?

Кудай сакта. Мумкун эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Topchubai   18 Март 2019 - 22:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Рая апа кандайсыз?Ушул болумго коптон бери кирбейт элем,бугун кокустан кирип,окуп калдым.Эми батыраак уландысын жазыныз кутом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   DNurgiza   18 Март 2019 - 23:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

Просмотр сообщения Kyrgyz-jigit. com (27 Февраль 2019 - 01:08) жазган:

Бул окуя тээ илгери, жыйырманчы жылдардын аяк ченинде, Жумгал районуна караштуу бир айылда болгон айтылат.

Ал кезде элдин саны аз, талаа түз ээн. Көпчүлүк кокту колотто жашап, караңгылык күчүндө. Сайра эне, жалгыз кызы менен чоң суунун башындагы коктуда жалгыз жашап турган. Бойго жетип калган кызы Жамалга атайын эскерткен “Кызым, түш оогондон кийин ылдый жакка сууга барбай жүр, сенден сураныч” деп.
Ушундай туура жол көрсөткөн энелерибиз бар болсун.

Билдирүүнү түзөткөн: DNurgiza: 18 Март 2019 - 23:27

“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   raia   19 Март 2019 - 09:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Просмотр сообщения Bazana (18 Март 2019 - 19:31) жазган:

Кайнатасынан эмес бекен ыя?


Э Алла мындай жаман ой кантип башына келди ?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   raia   19 Март 2019 - 10:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жылдар отуп эки бир тууган зангыратып женесине уй салып беришти.Энеке мнен кичуунмун го менде калыныз деген созго конбой. эне келини менен кошо кочту.Кутмандуу уй болуп эки кундун биринде баары ошо уйго чогулуп,баары бапырашып бака шака болуп ,балдар ызы чуу болуп ак жолтой уй болду.Уч эгиз козудай жетелешип журуп учоо тен бойго жетип окуу жайга отушту. Айтпас врачтык кесипти тандады эжеси экоо бир кирип .бир бутушту.
Ал учурда Усон шаарда жашап студентерди озу окутту.Согушта каза болгон агасын изилдеп кай жерде курман болгонун,кайсыл жерге койулганын изилдеп таап женесин эрчитип барып куран окуп келди.Олбогон деп умут менен жашап жургонбу келип эле чыйрыгып турам деп эки кун жатып,женеси каза болуп калды.
- Женемин умутун соолтуп алган турбайымбы, мен мурзосун корсо коксосу сууйт деп ойлодум эле..деп Усон жаман оксуп ыйлдады дешип калды.Кызындай болуп жанында журогон келиндин куйутун котор албай эне да аракасынан кете берди.Канчалык топурашып жанында журсо да апасынан ажырап,энесине ажырап Айтпас жангыз калды.
Кабагы ачылбай,тамак табити тартпай жигит чунчуп кетти.
Эми эмне кылдык атабыздын керезин канткенде кутулабыз.Айтпас кабагын салмак турсун ыйлап чогуп кетти го дешип эки агасынын айлалары кетти.Ары кетип бери кетип суруштурсо чогуу иштеген жеринде суйлошкон кызы бар экенин угуп.Айтпасты ортого салып уйлон,уй ээн калбасын дешип кысмака салып,уйлонушко макул кылды.
.Жетим бала дешпесин деп аталуудан артык кылып,калын алып,сойушун камдап кудаларга барышты.Корсо ал кыз да атадан эки жашында калып,энеден жети жашында калып тайэне менен тайэкенин колунда оскон кыз экен.Алар да ушул кыз оксубосун дешип септи кылып тойлорун жакшы откоруп экоону баш коштуруп койушту.
Экоо эрчишип чогуу иштеп,бала чакалуу болуп очар бачар болушту....
Мен ушул апанын эркине,суйууго туруктулугуна тан берем.Болбосо 17 жашында куйосу согушка кетип 19 жашында жесир калган экен.эле...
Биз коруп калдык бойлору келишкен,ак жуздуу татынакай аял эле.Мээрбан, кичи пейил сыпа жан эле.Зарыпбек деп жашап Зарыпбек деп жол карап куну отту го..
Жада калса Зарыпбек деп чочуйт деп калышат эле...
аягы.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 19 Март 2019 - 10:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   DNurgiza   19 Март 2019 - 10:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

Эң сонун!
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   mery.89   19 Март 2019 - 23:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 229
  • Катталган: 30 Май 13
  • Соңку аракети: 17 Дек 2021 22:55
  • Жынысы:Аялзаты

Кызык ошондо бала кимден болду экен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Bazana   20 Март 2019 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Просмотр сообщения raia (19 Март 2019 - 09:58) жазган:

Э Алла мындай жаман ой кантип башына келди ?

Атасы белгисиз, бирок Усонго окшош деп жазгансыз беле ошого ушул балакеттей ойлор келбедиби(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   raia   20 Март 2019 - 08:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Баланын атасын келинин аяштыбы эч ким деле соз кылбайт эле кандайдыр бир жаман адам,зоокур го дешет эле.Антени келиндин жаман журум туруму жок болгон.Учоо чогуу журсо эгиз дешер эле бирок Айтпас апасына окшоп ак жумал, узуун бойлуу болгон.Оздорунон айырмаланып турса да эч ким даап башкача дебеген.Анткени чон атасы айылда кадыр барктуу,белдуу киши болгон.Чон энеси да бир айылдын акылман байбичеси болгон.Келин да эстуу жан болуп элге алынган.Эл аны Зарылбекти омур бойу зарылып кутконуно,ата энесинин колунда оз кызындай болуп жашаганына тан берип сыйлашат эле.
Асан менен Усондон 20 жаштай улуу болгон,алар да козу откончо оз апасындай сыйлашат эле.Энесине эмне алса женесине да кошо алат.Аялдарын женесине ойдо каратпайт.Алар да апа деп сыйлап турушат деп калышат эле.Асандын аялы тамашокой эле.
- Уйдун босогосун ататпай туруп,жангыз женем бар ошол женемдин кабагы бурколгон куну торкунго жоо кеттим дей бер деп эскерткен.Энемен ада апаман корком.Иштен келип энемен мурун жене деп астына эркелеп,жанына отуруп бир куйум чайын ичип,эми курсагым тойду деп уйго кирет деп калат дешер эле.
Асан менен Усонду которуп журуп оз баласындай бакан дешет эле.Кайната канча каардуу болсо да канчалык намыстуу болсо да келинин куноосун кечирип.
- Каап болбостур,каран калгыр ай согушун менен деп озун озу жеп ото жаман болсо да келинге сыр бербей ойлонуп,ойлонуп ушул бала келиниме азык атар деп озун баскан дешет.Канча адам келинге куда болуп келип,колун сураса да келин эч кимге макул дебей,кутту босогомду таштабайм,Зарылбектин коломтосун очурбойм,Зарыпбек келет деп кетирчуу дешет.
Кайнатасы да талаа туздо колхоздун ишинде ушундай болду деп торогондон кийин баласын байбичесине каратып,озун окутуп мугалимдикти бутургон дешер эле.Жангыз кызын окутпай куйого берип наны бутун болсун,колхоздун ишинде кыйналат деп шылтоо кылып окууга жоноткон дешет.Балким ошояктан бироого жолугуп бактысын табаар десе да туз журуп окуусун бутуп оз уйуно келгенде ата жетине албай дипломун элге жууп,элге тойчук откоруп барбаландап мектепке киргизип бул да менин кызым деп тан алган дешет эле....

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 20 Март 2019 - 08:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 00:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: