Суперстан: Келин деген керемет. Туруш керек жемелеп. Воля берсең аларга. Эртең коет тебелеп)) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Келин деген керемет. Туруш керек жемелеп. Воля берсең аларга. Эртең коет тебелеп))

#41 Пользователь офлайн   hanbiike.97   07 Февраль 2017 - 23:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 364
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 14:07
  • Калаасы:Jan duinosu

Просмотр сообщения raia (31 Январь 2017 - 11:36) жазган:

Жогору жагын окубай эле,келиндер жон эле созго мынча тызылдашат деп ойлоп койом...
Корсо темасы чатак турбайбы?..
Менин кыз неберем.
Келин келгенский, чайбергенский,
Кайната кайнене жыргаганский деп безилдеп ырдап калды.Иш кылып карылык бир жагынан шаштырап аткан кезим эле.
Келин келгенский, маскоо кеткенский.
Кайната кайнене чай демдеп куураганский.
Келин небере падарка кылганский,
Подарка тил укпай,кайната кайнене куураганский деп жооп кылып ырдап койдум.
Анда неберем бабушка мен жакшы подарка болом,минтип ырдабанызчы деп мойнуман кучактап калды.Ана адвоктар чонойуп келе атат.Ошону менен келиндер бактылуу да.Бугунку адвокатынар эртенки пуркурор болуп, кайната,кайненер болот.Бугунку силер жаман коргон кайнене жолдо калат.Жаман деп элге айтып ичинерди бошотосунар, кийинки озунон чыкан кайненени кимге айта аласынар.
Бир жылдары балам Алматага командировкага кетти.Жаны жыл кирип келди.Келиним 30 куну ресторанга иштеги колектив менен барды,неберемди ала кетти.Эртеси дагы бар экен.Неберемди жур деди эле барбайм апа озун барын деди.Мен кантмек элем бироо кетсе башкалары бар,бышып,шысыр кылып жанталашып атам.Неберем жаныма келип,эне апам барбай эле койсун деп калды.Мен жок бара берсин балам деп атсам келиним кирип келди.Неберем
-Апа барбайсын,чечин энеме жардам бер деп булкулдап кага суйлоп чыгып кетти.Ортодо кызык болдум.Келиним да унчукпай чечинип келип мага жардамдашып калды.Мен ал куну унчукпадым жарасына туз сепейин деп .Эки уч кундон кийин соз келип калды.
- А балама оз кайнатан жонотпой койду эле отуруп калдынбы.Эгер мен барба дегенимде идиштер ыргып,танцага тушо берип курашмак ээ дедим.Келиним да кулуп.
- Оба апа кайнатам мурунку куну эле катуу чыкан.Ресторандан эле колегаларым менен танцага тушуп келсем .-
-Апа болду эч ким менен бийлебе,акем менен гана бийлейсиз деп кагып койду.Озум деле калайын десем баргым келип,кете албай кыйналып турдум эле.
-Апа энеме жардам бер дегенде уятыман олдум дегени бар.
Ансыгандай коп эле безилдеп кайната кайнене дебегилечи келиндер.Ар бир аял кишинин башында уй - булолук туйшук бар,казан асыш,тиричилик кылыш,бул тиричилик биз кара жердин астына киргенде кана токтойт.Чал кемпир болсо да болбосо да кара казан кайнайт,токтоп калбайт.Мен мынча жыл каната кайненни бактым деп оозду керип суйлойбуз.Бул созго менин жообум.Бакандан кудай сактасын,тошоко жаткандан кудай сактасын.Которуп багып,астын кургактап,тамакты ылгап берип караганда бактым десе жарашат бирок ошондо да эстуу келин мен бакам деп эч качан айтпайт.Кылганыма Алла раазы болсун деп кана койот.Бакан ээси жарашса куйпул кучук сак болот,алган эри жарашса кара катын ак болот демекчи пешенерге куйодон жолунар болсун,башкасын женип кетсен болот демекчимин.
Кыздарым таарынып капа болуш жок,турмуштан кана алып бир сабак жазып койдум...







Raia eje sizdin bilduurulorunuzdu okuganda ushunchalyk jan duinom tynchtanyp kalat.














Al emi kelinderge kelsek tajryibam jok,birok jenem bar. Apam jenemden da meni jumushtatyp turat,jenendi syilaganyn akendi syilaganyn deit. Oshoga baary menib moinumda
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   ozledim.   13 Февраль 2017 - 19:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 493
  • Катталган: 10 Январь 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 13:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Караңгылык.

Келин болчу күндү эстесем бир толкунданып аламгоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   DNurgiza   13 Февраль 2017 - 22:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

Рая эженин жообу жооп да, кайра, кайра эле окуй бергиң келет....




Мен да келинмин, менин да келиним (инимдин жубайы, кичине абысыным) жана жеңелерим(улуу абысыным, акемдин жубайы) бар.....анан баардык келио бирдей болбойт. Көрбөгөндүн көргөнү курүсун дегендей, кишини кыжаалат кыла турган иштерди жасаган келиндер болот, кайненеси унчукпай койсо, төөсүнө чыгып алгандай. Болгону убакыт талап кылынат, кайненеси жаман болсо, баардыгын оюндай кылып батасын алганга аракет кылыш керек, ал эми келин начар чыкса , чыдаш керек, акыл насаат айтыш керек, убакыт өткөн сайын акылына кирип, бири бирине көнушүп калышат...... анан ойлоп койдум ТЕМА ТУП ТУУРА АЧЫЛГАН деп.....
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Pandora   18 Февраль 2017 - 14:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 14 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 20:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ата-энемдин журогу...

Просмотр сообщения Babi. (30 Январь 2017 - 20:18) жазган:

Келиндерге асылгандарга жооп:"Келин жаман эмес,келген жери жаман"..:)

Келиндерден айланып кеткирлер;)




Кошуламын,табам десен кылдан кыйкым таап,уруш чыгарсан деле болот.М:Биздин уйдо кенже келин бар,мага жене.Уй иштерин эле кылат,мал,талаа дегенге чыкпайт(уйдо жч ким жокто эле чоп саоып койгону болбосо)качан караба бордагы чыгып,иши бутпой журо берет уй чачылган,чан, кир.Апам баарыбызды тыят,суйлобогуло балам экоосу тынч жашап жатабы?болду дейт
.Болбосом "аялын мынтти,антти" -деп куйоосуно жамандасак болот анан ортолорунда уруш чыгат.Бизге тынчтык керек.
Озумдун кайын энемда кудайга шугур ар бир кадамымды текшерип чукубайт,болбосо мени да куйоомо жамандап,аялын торобойт ла ла пала,дей берсе биздин ортобузда да уруш чыкмак.Туболукко ушул бойдон калсын кайын энем ортобузга бир да тушподу кайрадан мен тарап болуп турат.
Мен дуйнону апам менен тааныгам..... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   tynara81   18 Февраль 2017 - 15:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Рая эже, соонун жазыпсыз го ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   defne15   19 Февраль 2017 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 367
  • Катталган: 05 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 22:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сонун айылда

Келин да оз ордун билиш керек.Тим койсо,тобосуно чыгып кеткендер бар.Кызмат кылыш керек кайын журтка,кызматтын менен жагасын да.Оозго канттан салып коюп унсуз созсуз дейинби.Эми ошол уйдун музыкасын чаласын ,жазылбаган мыйзамын колдоносун. Уруша турган жерде урушуп коюш керек деп ойлойм.Мурда кайненем урушса капаланып таарынып калат элем.Азыр таарынбайм. Ошол адаттын калып кетти уйго кирип чыкпай коет элен деп кулот.Негизи кайненелер оздору эле тарбиялап алышат окшойт келиндерин мен ошентип ойлоп кеттимда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   ashuular_plus   22 Февраль 2017 - 13:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 03 Авг 2021 08:40

Жазылгандардын туурасы да бар экен, туура эмеси да бар экен. Бир притча эске тушту:
Илгери бир кемпир келин алат, анан жашоонун ойдо-ылдыйына чыдабай уруша беришет. Кундордун биринде кемпир айылдын чекесинде жашаган бир кемпирге барат, ал кемпир чоптордон дары жасайт имиш, ага барып суранат дейт:
-Айланайын байбиче, келиним мени кууратты, кундон-кунго чыр кобойду, бул келиндин тубуно жетпесем болбойт, мага бир уу дары бер, желмогуздан кутулайын-деп суранат. Анда бакшы кемпир:
-Ме, мобу нерсени кунуго бир аздан тамагына себелеп бир ай бересин, ошол айдын ичинде келинин менен такыр чырдашпа, баарына коз жумуп чыдап кой, болбосо сен олтургонунду билип коюшат-деп кемпирди жолго салат.
Кундор ото берет, кемпир келиндин тамагына баягы нерседен корсотпой себелеп бере берет, мамилени озгортот, бир ай аягына келип калган маалда кемпир менен келиндин мамилеси жакшыдан жогору болуп калганын кемпир ошондо билип, баягы айыл четиндеги бакшы байбичеге дагы чуркайт, шашып келип:
-Айланайын байбиче, мен куруюн, мени кечир, келинимди сактап кал, эми мамилем жакшы боло баштаганда келинимди жоготкум келбейт, уулануудан айыктыра турчу дары бер-деп суранат, ошондо бакшы айтат:
-Ал нерседе эч кандай уу жок болчу, уу сенин журогундо эле, ал жон эле чоп болчу-дейт имиш, анынсынарындай баардык нерсе озубуздон.
Нет идеальной жизни, но есть идеальные моменты. ;-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   dastan.uuljan97   22 Февраль 2017 - 14:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 24 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 12 Май 2018 14:29
  • Жынысы:Белгисиз

Кудайга шугур аябай жакшы адамдар кайненем кайнатам баары жакшы кайнсиндим жашыраак анча мынча ойдо ылдый ойлонбой суйлоп койуусу мумкун дагы келин болгондон кийин кайсиндилерди угуш керек дегеничи сиз тийип угуп отура берин деп урушуп эле берем кайненем керек болсо ур мен жооп берем деп калат жалгыз кыз да ото эрке баарына башкаруучу болуп чыга калат каерде болсо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Aydemi01   22 Февраль 2017 - 19:51

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 338
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 20:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тянь-шань тоолору

темасы туура тандалып туура айтылыптыр бирокчуу:-)чындыгында ошондой эледаа.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 23:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: