Суперстан: Тагдырдын белеги... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тагдырдын белеги...

#21 Пользователь офлайн   Aikoo2014   18 Февраль 2017 - 12:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Динден кабары жок адамдарго, Тообо кылдым, тообо кылам! Ошол кантип болсун нике кыйбай кыз жигитти жалгыз уйго калтырып коюшат.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   asi.gulum   18 Февраль 2017 - 18:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Ала качуу дегенди Кудай башка салбасын..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Gulzada_09   19 Февраль 2017 - 10:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Урматтуу окурмандар андан кийин да тааныштарымдан көп сурап журдум: "Менин ордумда болсоңуз эмне кылмаксыз?" , -деп. Бирок, сиздер сыяктуу эч кимиси жооп беле алчу эмес. Бирок, убакыт ошол учур менен токтоп калбайт да, бир чечимин кылуу керек. Мен ошол бир сааттын ичинде бир жашоону ойлонгондой болдум. Алардын мага кылган мамилелерин, эркеңки күн... Эгер балалуу боло албасак, ал дагы өзүн күнөөлүү сезип, эл менден көрүп... Чайналып отура бергенде эмне дедим бир кезде...
- жыйырма күндөн кийин жеткирип салганың керек эмес. Азыр апамды чакыртайын. .. Өздөрү эле алып кетишет чыгар...
- Балким баары башкача болмок беле... Мен сени бактылуу кылгым келген. Окууңдан кабатыр болбо, байкемдикине туруп деле улантасын.
- Мен колумдан келгенин кылдым. Ала качып келдин келесоо кишидей. Отурдум, бир эмес, 2 ирет кирип отурам. Менде да намыс бар да, качанкыга чейин басынтасын. ..
- ...
Жабылып турган жуурканды ачты да, чөмкөнүп жатып алды. Мага билгизбегенге аракет кылды, бирок, көзүнөн жаштар куюлуп атканын билим отурдум. Аягым келди, жүрөгүм ооруду, бирок мени тагдыр жарга такап атса эмне кылам?.. Эшикке чыктым акырын, сиңдимди чакырып алып телефон алдырдым да, апама чалдым. Болгон окуяны айтсам, ал эч нерсе дей албады. Бир аздан кийин: "Атаң азыр бир жерге чыкты, келсе сүйлөшүп көрөйүн. Сен кетип калсам эле жыргап кетем деп ойлобо. Күйөөң жакшынакай эле бала экен, баш чанба! Жакшылап ойлон!" -деди. Аңгыча апалары келип калышты. Баласы үчүн жаны түтөп жүрөт да анын деле. Баласына кирди эле: "Апа, үйдөгүлөрдү кетире бериңиз, той бүттү" деди ый аралаш. Мен башымдан ак жоолугумду алдым... Апасы чыркырап мага бир нерселерди түшүндүрүү менен алек... Негедир мага дагы эле анын сөздөрү башынткан сыяктуу сезиле берди. Мындай жерден кетип бактылуу болом деп ойлобо деген сыяктуу сөздөр... Бир аздан кийин апам чалды: "Азыр барам" -деп. Атам кыйган эмес окшойт: "Кызымды ыйлатпа. Азыр жаштардын мүнөзү да оор. Балабызды чоңойгондо жоготкон кандай оор экенин көрдүк го. Эми кызыбыздан айрылып калбайлы. Барып алып кел көңүлү болбосо" -деген экен.
Көпчүлүк үйлөрүнө тарап кетишти... Туугандарынын баарынын кабагы салыңкы, кээ бирлери мени жаман көргөн түр көрсөтөт. Жеңелерим менден бетер ыңгайсызданып эмне кылышаарын билбей жер тиктей. Сиңдим эле анча-мынча эс тарта элек 9 жашта болсо керек эле. Кийимимди издеп бир бөлмөсүн ачсам бир бөлмө толтура китеп, кичүү карындашы жашын көлдөтүп ыйлап атыптыр. Аябай мөлтүрөгөн сулуу кАга чейин айла
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Abdumital   19 Февраль 2017 - 10:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 14 Мар 2018 19:37

Аябай куттумле бир аз озумо келе туштум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Gulzada_09   19 Февраль 2017 - 10:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Аябай мөлтүрөгөн сулуу кыз эле. Аны кучактап соороткум келди, анын башына мендей учур жазбасын дедим ичимден. Кыскасы, аябай оор учур болду...
Апамды келди деп калышты бир кезде. Бирок аны үйдө дагы бир топ күтүп калдык. Жолдон атасы сүйлөшүп көрөлү деп кармап калган экен. "Кызың мага келин болгонго татыктуу кыз экен. Баламдын деле көп кыздарга көңүлү түшчү эмес. Кызыңдын жаш экенин көрдүк, бирок ушундай чечкиндүү сөздөрү бизди сындырып атты... Баламдын кичинекейинде ушул жаатта көйгөйү болгон. Кийинчерээк баары жакшы эле го деп көңүл деле бурбаптырбыз. Үйлөнтүүгө канча ирет аракет кылбайлы, кызым жок деп кутулуп кетчү. Кийинчерээк эле дарыланам деп болницага жатып дарыланып, андан кийин эле үйлөнөм деп, биз сүйүнүп даярдык көрүп калдык. Буйруса үлпөт тоюн өткөрүп беребиз. Ата-эне катары колубуздан келгенин жасап атабыз. Сиз дагы балдардын бактысын ойлоп, жаштык кылып аткан кызыңызга акылыңызды айтып көрүңүз. Баламды ойлоп дагы жүрөгүм канап турат. Муну көтөрө албай муунуп өлүп алабы деп да корком" -деген экен. Апам: "Сиздей адамдар менен куда болуу бизге деле сыймык болчу. Кызым ордун тапты го деп эле сүйүнүп калганбыз. Бирок, бул маселеде бир нерсе айтуу кыйын экен. Эртен кызым мени күнөөлөп жүрсө кантем... Ал дагы айтканын бербеген көк атасына окшоп. Бизге таарыныч, капа болбоңуздар, биз дагы колубуздан келгенин кылдык"-деген экен.
Жүргүлө эми деди апам үйгө кирбей... Бут кийимибизди кийип, босогону аттап чыгуу кандай оор экенин айтып бере албайм. Жарым жүрөгүм ошол үйдө калгандай болду. Өкүрүп ыйлагым келди. Бир эле күндө ушунча жакын болуп калганына таң калдым. Чынымды айтсам, апама "кайра калам" дегим келди... Жаныбекти кыя албай ичимден ыйлап бараттым. Алар да ушунчалык аз убакытта мага боор басып, кыйбай аткандарын көзүмдүн кыйыгы менен көрүп бараттым. Дарбазага жакын калганда жакшынакай менден улуу күйө баласы: "Жеңе калыңызчы" деп жиберди. Араң шилтенип бараткан буттарымды токтотуп: "Мен дагы кыйбай турам, бирок, ушундай болду, эмне кылмак элем" дедим да, апамдын артынан чыгып кеттим...
Машине да жүргүсү келбей бир аз туруп калдык. Анын үйүнөн көзүмдү ала качам. Ошол кезде келин көргөнү дагы бирөөлөр топурап машинеден түшүп калышты. Дарбазадан чыккан апасы аларды суз гана артка кайрыды... Биз жөнөп кеттик...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Gulzada_09   19 Февраль 2017 - 11:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Үйгө келип эч кимдин бетин карай албадым. Тамакка табитим дагы жок, ооруган адам эмес же соо эмесмин... Ичим ачышып эмне кыларымды билбейм... Сыртымдан аңдып коюшкандары болбосо, үйдөгүлөр менин тынчымды алышпады. Билгиси келип келген абысын-ажындары көбөйдү. Андай жерге биздин кыздар жетпей атышса, силер чанасыңар да. Бир эрге тийди кылып кызыңды алып келип алып, эми кара далы кыласыңарбы деген сыяктуу ачуу сөздөр... Биздикилер эми тигиндей-мындай болду деп актанмак беле, элдин оозуна кимдин алы жетмек, тим койдук... Айылда көпкө жүргөнгө мүмкүн эмес, анын үстүнө окуумду улантуум керек, бир жумадан кийин кайра шаарга чыктым. Курбум көрүп таң калып кады. Менимче, ал баарын билсе керек. Аны аябай жакын бир тууганымжай көрсөм, кийин андай кыздар достукту да пайдалана турганын билдим...
Күндөр өтө берди... Элдиярга болгон окуяны айткам. Мага ошондо эле айтпайт белең, жумушта атайын кызмат бар эле, ошондо эле алып келмекмин. Эми жашоодо ар кандай болот да, кааласаң үйлөнөлү деген сунуш кылды. Мен ал абалдан чыга элекмин. Бул темада кийин сүйлөшөрбүз, болгон нерсени унутууга убакыт керек дедим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   perizat91   19 Февраль 2017 - 12:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 04 Февраль 17
  • Соңку аракети: 15 Мар 2017 12:46

Чыдамсыздык менен кутуп отурам! Тынбай кирип чыгып :-)

Билдирүүнү түзөткөн: perizat91: 19 Февраль 2017 - 12:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   ice87   19 Февраль 2017 - 13:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 153
  • Катталган: 18 Март 16
  • Соңку аракети: 03 Мар 2019 17:53

Бала тарап,силер тарап,элдер билдиби балада айып экенин же кыз чыкпай калып кетти деп ойлоп калыштыбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Abdumital   19 Февраль 2017 - 14:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 30 Январь 17
  • Соңку аракети: 14 Мар 2018 19:37

Окунучтуууууу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   beru   19 Февраль 2017 - 14:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 29 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 10 Май 2018 14:40

Окуп олтуруп ыйлап да алдым ото таасирдуу окуя экен. Тезираак улантынчы автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Nuura-shirin   19 Февраль 2017 - 20:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 28 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 29 Авг 2017 06:05

Кыздардын жашоосу бироонун колунда экени ичимди ачыштыраат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   anara91   20 Февраль 2017 - 00:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 18 Май 2017 01:00

Кайра кайра окуп да тушунбодум эмнеге кеткенини чынын айтсам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   anara91   20 Февраль 2017 - 00:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 18 Май 2017 01:00

Качан брачный ноя по улгурду андай жерин окубадымгооооооо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Mompi   20 Февраль 2017 - 00:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 27 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2018 20:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бийлик адамдары чардап куунаган олко

Аябай тушунуктуу жазып атасыз автор,батыраак улантсаныз жакшы болмок кутуп калдык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Bazana   20 Февраль 2017 - 01:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Просмотр сообщения anara91 (20 Февраль 2017 - 00:13) жазган:

Кайра кайра окуп да тушунбодум эмнеге кеткенини чынын айтсам

Бала мн кызды кошого киргизгенде мен оорулуумун. Жыйырма кун кутолу болсо болду болбосо иш тамам уйуно апарам дейт.Балалуу болушуда кумон куйоо баланын ошого кеткен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   tam4y   20 Февраль 2017 - 01:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 22 Июль 16
  • Соңку аракети: 30 Янв 2021 10:22

Ушундай окуяларды окуганымда кадимкидей эки жашка боорум ооруп ыйлагым келет да. Как будто озумун башыма келгенсип ойлонуп, кыжаалат болуп. Кудайым эчбир адамдын башына мындай иш салбасын! Автор сизге ТУБОЛУКТУУ БАКЫТ КААЛАЙМ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   lazygirl   20 Февраль 2017 - 10:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Ала качканда сизге бооорум ооруса, кийин аны аяп кеттим. Жакпадыбы үмүт бербесеңиз болмок экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Muslima.aksy   20 Февраль 2017 - 11:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 07 Январь 16
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2019 19:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Окунучтуу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   regina86   20 Февраль 2017 - 13:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Нике окулуп буткондон кийин кайра талак берилдиби анан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Gulzada_09   20 Февраль 2017 - 13:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 14 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Апр 2017 21:29

Кеңештериңизге чоң рахмат. Мен ошол оор уурларда ушундай кеңештерге абдан муктаж болгонмун. Бир нерсемди жоготуп алгансып, жетпей ичтен кыйналчу болдум. Телефонумду тиктеп отуруп, карындашынын номерин өчүрбөй калган экенмин, ага: Эми мени жек көрсөңөр да баары бир. Байкеңди жакшылап карагыла. Ал буйруса бактылуу болот! Бул менин колумдан келбеди, Кечиргиле... " деп жазып жибердим. Көпкө күтсөм да жооп келбеди. Жазганыма өкүндүм... Кеткенди немени жакшы демек беле, кийинчерээк ар кандай айтылган сөздөрдү угуп жүрдүм. Өздөрүнүн кадыр-баркын түшүргүлөрү келишпейт да албетте, мени дагы жаман атты кылышса керек, кандай болсо да эми баары бир деп күндөр өтө берди...
Элдияр 2-3 ирет жолугушууга чакырды. "Ушинтип өмүрүң өтмөк беле. Өзүңдү аясаң боло. Мен сага жардам бергим келет" - деп. Менин эч нерсеге көңүлүм келбеди... Шаардын шартына көнүшүп, группадагы кыздар ачылып, жигит жандап, кээ бирлери турмушка аттана башташты. Менин болсо эч нерсеге көңүлүм жок. Өзүмө каранганды дагы койдум. Кийимим кир болбосо болду, Башкасын ойлонуп да койбойм...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 23:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: