Конулум калды
Кайра эч нерсе болбогондой суйлогонучу.
....
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#4362 20 Ноябрь 2019 - 10:55
Ээхххх жашоомо киргенин да, чыкканын да аман болгулачы...
кайда журсонор да....кеткендер кайра келбегиле...
.
#4364 21 Ноябрь 2019 - 03:12
Сабр... Ин Ша Аллах баары жакшы болот, сабр Адилет сабр...
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
Вот чего я хочу...
#4365 21 Ноябрь 2019 - 08:31
сен экообуз дос болуп калганыбыз жакшы болсо керек себеби сен экообуздо келечек жок. Сен муну каалабайсын.
Балким ушул туурадыр балким бирге болсок бири бирибизге зулумдук орун алышы мункун...
Билдирүүнү түзөткөн: Aisuluu160790: 21 Ноябрь 2019 - 08:35
#4366 22 Ноябрь 2019 - 01:54
Эх адамдар бул кыска омурдо кайда шашабыз деги.Ушул муноттор эч кайталангыс экенин сезип турсак да убакыт менен алышып бат эле отуп кетишин каалайбыз. Болбогон нерсе учун башка бироонун устунон окум чыгарганга устабыз,жакшы соз мында турсун акыркы убакта жылмайып караган адамдарды да учуратуу кыйын болуп калды го..
Ал мени итсин деди,ооба дедим,
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
#4368 22 Ноябрь 2019 - 04:39
Өткөндө наглаясын дедиң эле. Бүгүн ошо созунду бекемдеп калгандырсын.
Ушундай адам болуп калыптырмын.
Извини!?) көп эле орой сүйлөп салдым окшойт. Эми муну сага айтууга намысым жол берип коймок беле. Ошого монологто эле калганы жакшы.
#4370 22 Ноябрь 2019 - 23:23
Жашоом ар дайым ушу бойдон калышын каалайм. Бирок деген жери бар....
#4371 22 Ноябрь 2019 - 20:30
Сагыныпмын сизди...ооба,
сагынбайм дегем, чалбайм, жазбайм, эстебейм дегем...бирок эсимден кетпей койдунуз...тушумдон да кетпединиз.
..эми эмне кылайын..болушунча,
колумдан келишинче аракет кылдым, сиз менен болгонго...буюрбаптырбыз,
айла жок...унутулаарбыз убакыт отсо... Ишенесизби,
эн соонун кундор сиз менен отуптур.. ойноп, кулуп, ыйлап...деги эле сонун кундор. Сиздин жаныныздан озумду кичинекей баладай сезип кетчу элем. Болушунча жинди болчумун. Ошонун баарын которчусуз,
мага кошулуп жинди болчусуз. Эми ал кундор элес болуп гана кала берди. Эмне болду бизге? Ооба, ошол адам... Экообузду эки жакка болгон ошол адам... Балким, анда деле куноо жоктур. Ал деле оз суйуусу учун курошту. Бирок мен анте албай койдум. Курошмок турсун, жакшылап тушунгонго,
сизди укканга дарманым келбей калды. Создорунуздун баары калп экенин эстегенде жашоого батпай кеттим. А сиз кетпей, айланчыктап журо бердиниз. Баары калп экенин, мени гана суйоорунузду какшай бердиниз. Бирок мен учун бул создордун мааниси жоктой сезилди. Баары калп, баары жалган сезилди. Жон гана жыйнаштырып басып кеткен женил болду мага. Кеттим. Анан эмне болду? Сиз келдиниз. Эт менен челдин ортосундагы жашоо башталды. Бир аз катуураак шамал болсо узулуп кетчудой мамиледе калдык. Эми чындап кетишим керек эле. Билесизби, мен ушул жерден озумду гана ойлодум. Озумчулдук сапатым калкып чыга келди. Сизден бир заматта ажырап калыш оор болду, коё бере албайт элем. Анан оюмду ишке ашыра баштадым. Озумду сиз жокко кондуро баштадым. Акырындык менен алыстай баштадым. Жашоону сиз жок да кызыксыз откоро баштадым. А сизчи? Эч нерсе тушуно алган жоксуз. Болгону оз куноонуздун кулу болуп журо бердиниз. Анан мен таштадым сизди. Баарын бутурдум. Баардык сиз кирчу эшиктерди жаптым. Мына эми, женилдеп калдым. Меники эмес деген тушунукту мээме кыттай куйдум. Башка нерселерге алаксыдым. Эми сиз жоксуз! Менде жоксуз! Озунуз талкалаган сезимдерди издеп журосуз. Табыш кайдан эми?! Ал сезимдер жоголгон. Озубузду мин казып, мин тешкилесек да таппайбыз!
Себеби, убагында баалай албадык, жалындап турган отту, экоолоп болгон кучубуз менен очурдук! Болуптур, мен жаштык кылдымбы, же эркелик кылдымбы билбейм. Бирок канчалык сизге эркелеп, сизге таянып алганым менен, менин да ичимде аялдык мээрим, энелик аяоо сезим, сизге деген камкордук бар эле. Чын журогум менен жылуулук бердим. Берилип мамиле кылдым, сизден башка бироону да карап, кызыкпадым.
А сиз мага атаандашып гана туруп алдыныз. Мени жаш, кичуулугумду гана эстеп мамиле кылып койгонунузда, баары башкача болмок беле, ким билсин?!.
А сиз мага атаандашып гана туруп алдыныз. Мени жаш, кичуулугумду гана эстеп мамиле кылып койгонунузда, баары башкача болмок беле, ким билсин?!.
#4372 23 Ноябрь 2019 - 03:43
Билем, менден куноо кетти. Бирок баары бир сенин кылганын туура эмес. Сыртымда, оюмда, мээмде кечирдим дегеним менен журогум негедир ачышып кетип жатат. Билеем, мени суйосун, а мен да сени жакшы кором. Бирок ошол сезимдерибизге муздактык бир аз себелеп кетти окшойт. Сабак болду. Болуптур, ошол муздактыка нымдалышып калган суйуубузду эми когортуп жибербей, экоолоп кургаталы. ))) Сен кок бет, мен бетбак. Издешпей табышкан экенбиз да, чиркин.
#4373 23 Ноябрь 2019 - 13:57
Бугунку коргон тушумдон сон ичимде кополоктор учуп жатат . )) Сенин колдорумдан кармап ,уйуно алып киргенин мени кубантты. Кыскасы мен онумдо да бактылуу болдум бир саамга . Экообуз баарына даяр болуп , эч кандай кеп-создорго мени калтырбайм деп , колуман бек кысып кирип Ата энен мени тааныштырдын . Мен бул сезимдерди соз менен жеткире албай жатам . Экообуз бактылуу болорума козум жетип , чон чон кадам шилтеп бара жаттым. Айии, бул жерди кара мынча кооз десем , сен телефонду алып , экообуз суротко тушуп калдык . Демек сен менин ар бир кааломду аткарасын, менин конулумду карайсын.
#4374 23 Ноябрь 2019 - 15:10
дайыма эле эмес кээде калп айтасың, калпты да ушунчалык чындыкка айлантып , уккан адам ишенет . Ээ болду кыл эми көп калп айтпа
#4376 23 Ноябрь 2019 - 21:44
Сагындым жинди адамдайле журом мага не болгон тушунбойм ушунчалык суйуу учун жинди болом деп ойлобогон элем .Оюмдан кетпейсин басам турсам кайда журдун экен .
#4378 24 Ноябрь 2019 - 08:50
Ким деп катталганыңды айтып койсоң болмок экен...сагынганда жазгандарыңды окуп турат элемда.
#4379 24 Ноябрь 2019 - 12:37
Мен кичине кезде энем көчөдө балдарын ээрчиткен келиндерге тааныса да,тааныбаса да "Балаңы астыңа ал,аркаңан ээрчитпей,же колунан жетеле" деп жаман көрүнчү.Алтын энем азыркы өздөрү телефонду карап,бала өзү менен өзү келетат деп жүргөндөрдү көрсөңүз аябай зээниңиз кейимек.Мен дагы кээде ээсим ооп карабай калам.
Акылман энем мен ошол кезде кичине болсом да сиздин айткан кеп кеңештериңиз эсимде.Азыр сиздей акыл айтчу,көрөгөч адамдар азайып кеткендей.Сиздин сабырдуулугуңуз, тириликке тыңдыгыңызды өзүмө сиңирип алсам кана.Сиздин ордуңуз опол тоодой билинет,сизди ээрчип алып жаңы нерселерди үйрөгөн күндөрүмү сагындым.
Акылман энем мен ошол кезде кичине болсом да сиздин айткан кеп кеңештериңиз эсимде.Азыр сиздей акыл айтчу,көрөгөч адамдар азайып кеткендей.Сиздин сабырдуулугуңуз, тириликке тыңдыгыңызды өзүмө сиңирип алсам кана.Сиздин ордуңуз опол тоодой билинет,сизди ээрчип алып жаңы нерселерди үйрөгөн күндөрүмү сагындым.