Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдун аз гана…
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#5762 14 Август 2021 - 02:20
Ушундай да болобу? с тобой не могу, без тебя не хочу болтам го. Жинди болгону калдым. Башка жол жок да. Каппкарангы.
... эхх... сол жагым ооруйт дегени ушулбу...
#5765 18 Август 2021 - 20:11
Жакшы көрөм, сагынам, сенин мага кылган жумшак мамилеңе ар дайым ичимен кубана кабыл алам. Кучагыңдан чыккым келбейт, жытыңа ар дайым зармын..... Бирок, кечинде ал кучак башканы кучактайт, башка адам сенин жытыңды жыттап уктайт, башка адам сенин көздөрүңө карап, башка адам таң эрте сенин жаныңда ойгонот.... Мага, менин жүрөгүмө тынчтык бербеген экөөбүздөгү тартылуу күчүн кантип токтоорду да билбей кетем. Сенин мага айткан сезимдериң.
... мен кээде баарына кайыл болуп сендик гана болгум келет. Бирок өзүмдү урушам, токтотом, жемелейм... Аттиң, баарын кеч түшүндүк, баары кеч, бирге болуу мүмкүнчүлүгү жок, эч качан болбойт.... Мен да өз теңимди табышым керек, буюрса табам. Бирок сен дайым жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө орун алып ошол жакта сыр болуп жашайсың.
Моя ссылка
Моя ссылка
#5768 23 Август 2021 - 17:19
Сенден качтым, сени коргондо жан дуйномо, денеме мин ийнени сайгандай ооруу тарайт, тилим буралып созуму жоготтум, сага болгон суйуум бир мезгилде мин сезимдерге болойт, мен сенден качтым.
#5769 23 Август 2021 - 19:35
Биз бири бирибизсиз 1 кун да жашай албачуубуз,
кайда болсом да жетип келчу,издеп барчуу адатым бар эле.Эстесен биринчи алган унаамда университетке да чогуу барчубуз.Арадан 4жыл отту,сен башка адамга,мен башка адам менен булоомун.Ошол унаада канча элес, коз ирмемдер бар.Ал азыр гаражда,коргон сайын сени эстеп алам,сага окшоп журоктун тупкурундо сактап журом.Азыр да биз дайым барчуу суу бойунда,ошол ак 2107де тамеки тартып сени ойлоп отурам.
#5770 24 Август 2021 - 01:44
Билесинби монолог? Мен аны каттуу суйом. Каректерине карап тойбойм. Ушунчалык таза, тунук, мээримдуу, балбылдаган коздору мени арбайт. Козу эмес жан дуйносу, журогу таза
#5772 24 Август 2021 - 22:03
Монолог бирөөгө басынып жашагандан,
дайыма өзүмү күнөөлүү сезгенден чарчадым.Балдарым үчүн күчтүү болоюн дедим,мен көргөн кыйынчылыктарды балдарым көрбөсүн деп,жан жалбастап алдыга жылдым,бирок канча астыга жылсам,ошончо бутуман тарткысы келгендер көбөйдү.Мени 100% түшүнөт деген күйөөм дагы мага нааразы.
#5774 25 Август 2021 - 23:39
#5775 25 Август 2021 - 23:42
Эч кимди суйбойм,суйуу эмне экенин дагы билбейм)))) баарибир бактылуумун.
Бактылуу болуш учун бироону суйуунун кажети жок. Ар бир кунго,жашоомдогу мугалимдериме ыраазымын.
#5776 25 Август 2021 - 23:47
Сизди көрбөй жашоого көнүп бараткандаймын,
бирок ар бир Сизден алыстаган күн Менин жан дүйнөмө күздүн суугун орнотот жана үшүтөт;( Мен албетте, кетер күнү Сизге баарын айтышым керек.
#5778 26 Август 2021 - 23:32
Мен эч нерсе кыла алган жокмун...сен үчүн баарына даяр боло албадым(
Алсыз болдум... коркок болдум((
Алсыз болдум... коркок болдум((
#5779 27 Август 2021 - 01:56
Журок сыгылып алаксыйын деп суперге кирсе бул Жак андан бетер журокту оорутат 6 ажоонун суротунун астындагы ИТ мышык комментарийлер ,деги качанга чейин ушинтип дыркырап бирибиздин созубуз бирибизге жакпай,бири бирибизге ужас корунуп журобуз,ээээээк Аман болгулачы ищи кылса баарынар,

Супер-Инфо
super.kg
видео














Мобилдүү версия