"Кызым"
деп башыман сылап эркелеткенинизди эстей албайм, кээде багып алышканбы деген ой келет. Кичинекей кезимде түшүнчү эмесмин, азыр отуздан өтүп билип жатам, энеси менен кызынын мамилесин, бизчи? Бир сырдашып сүйлөшкөн эмеспиз, эсим киргени өзүм менен өзүм, жетелеп мектепке деле алпарган жоксуз, мектепти жакшы окудум, чогуу отуруп сабак даярдаган жокпуз, баягы эле өзүм менен өзүм, мектепти бүтүм, бүтүрүү кечесине деле жалгыз бардым, чоң окуу жайга бюджетке өтүм, иштеп окуп, аны да кызыл диплом менен аяктадым дагы деле жанымда эч ким болбоптур. Чет жака окууга өзүм өтүм анда деле апам мен менен иши жок. Биринчи жолуу каттуу сүйдүм ошондо сиз менен отуруп сырдашкым келген, " ай кызым окуун кандай" деп сурабаптырсыз жигиттер жөнүндө кайдан. Ошол чон сүйүүмөн ажырап уйгө ыйлап келгеним эсимде, бутуңузга башымды коюп ыйлагым келген а сиз укмак турсун эшиктен киргенде эле урушуп... Артымды карасам сизден мактоо деле укпаптырмын,
бул ушундай чон энесин тартып, бул кыйратпайт,
кебетесин деп кебетемден баштап басканым суйлөгөнүм жакчу эмес. Мына балам акылдуу, жакшы окуйт, менин балам кыйын десениз ошог ишенчүмүн, демек мен мындан да жакшы аракет кылышым керек деп. А атам баарыбызды бирдей эркелетип жакшы көрчү, ойночу, сыймыктанчу,
балким атам көп мээрим берген үчүн сизден мээрим деле күткөн эмес окшойм. Баардык энелер ушундай сезилчү. Энеси менен кызынын мамилеси ушундай болот деп ойлочумун, көрсө сырдашып суйлөшуп, башынан сылап эркелетип чачын өрүп...
Апа, азыр мага сырынды айтпайсын, көп суйлөбөйсун деп таарынасыз а мен ушинтип калыптанып калгам өзүм менен өзүм...
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#5822 24 Сентябрь 2021 - 00:09
Жаштар,бойдоктор,
суйушкондор эки кулагынар менен угуп алгыла,болоор болбоско таарынып, ким биринчи кечирим сурашын кутуп же текеберленбегиле.
Кеч боло электе кысып,бири бирини сыйлап,суйушуп анан уйлонуп алгыла.Жашоо суйуу менен кызыктуу экен.Байлык акча бир тыйын.
#5825 25 Сентябрь 2021 - 00:26
Мамаааа сизди сагындым жалгызым неге кетип калдыңар. 2 ай өтүптүр арадан жашоом жашоого окшошпой калды. Жытыңызга, жүзүңүзгө, күлкүңүзгө зармын каражанм.... алдыда көөп пландар бар эле го.
#5826 25 Сентябрь 2021 - 14:23
Монолог бул кундордун элеси ичимде,Анан сенде калсын!бул создорду кийин озум окусам тушунуп Алам!!!
Билесинби монолог ичимдеги бугум ичимди жеп журот!Алладан беш маал дуба мн кайрылып датам.Жаратканым ОЗУ угуучу,ырайымдуу,
кечируучу зат!!!
Кийин мен окуганымда убакыт кандай отконун Ким утуп,Ким утулганын жазам.
#5827 26 Сентябрь 2021 - 10:41
Кантип сени унутмакмын,
кантип сенден болуном.Журогумдон орун таапсын,тээ торунон ,торунон
#5828 27 Сентябрь 2021 - 00:37
Мас болуп магдырадым жазганынаОкуп коруп ырларынды кайра кайраАттин ай Эркин болуп жаралгандаЧеп курмакмын ырсап менен айланана.....
.эх жаштык Кез жонокой эле ырсаптар канча нерсени эске салат
#5829 27 Сентябрь 2021 - 00:39
Чыныгы суйуу жетпей калса суйуу деп эсептелеби.
.. Аттин ошондо кичине аракет кылып койсон эмне же айтпаган озумдо кунообу Ким билет эмнеси болсода Кай жерде болсонузда бактылуу болсонуз экен
#5830 28 Сентябрь 2021 - 00:26
Сен дегенде жаным жаным сен деген
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн
Сен дегенде чарчабады жүрөгүм
Сен деп жүрүп мен ай сен деп жүрүп мен ай
Түгөнөт өңдөнөм
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн
Сен дегенде чарчабады жүрөгүм
Сен деп жүрүп мен ай сен деп жүрүп мен ай
Түгөнөт өңдөнөм
#5831 28 Сентябрь 2021 - 00:36
Жашоодогу жанымдын жарыгы жаным сен белең
Сүйүү менен өмүрдүн агымы жаным сен белең
Эркелей берем,эркелей берем
Кучагыңа бек кысып сен мени жалгызым десен
Эркелей берем,эркелей берем
Эркелетип кучактап сен мени Жыргалым десең.
Сүйүү менен өмүрдүн агымы жаным сен белең
Эркелей берем,эркелей берем
Кучагыңа бек кысып сен мени жалгызым десен
Эркелей берем,эркелей берем
Эркелетип кучактап сен мени Жыргалым десең.
#5832 28 Сентябрь 2021 - 13:46
Эхх жашоо, бумеранг экенинди далилдедин.
.
Бир кездери менин башыма салышкан жамандыктарды, оздоруно кайтардын...
Бир кездери менин башыма салышкан жамандыктарды, оздоруно кайтардын...
#5833 28 Сентябрь 2021 - 13:48
Балам, божогум..
Тыпыйган журогум, кылыгындан кагылайын канатым, бутундой омурумдун маани мазмуну, бугунум, эртеним , келечегим!
Жоодарым
Тыпыйган журогум, кылыгындан кагылайын канатым, бутундой омурумдун маани мазмуну, бугунум, эртеним , келечегим!
Жоодарым
#5835 29 Сентябрь 2021 - 14:34
Бул нерсени кинолордо эле Болсо керек деп ойлочумун,но кечээ эле аябай жаман ситуацияга туш болдум .Ичип алган апасы кичинекей баласы менен видеозвонок аркылуу суйлошуп жатат.Баласы где то 14-15 жашар ,ошентсе да бир сулуу Бир акылдуу бала экен .Сиз дагы ичип алдынызбы Мама ,ичпей эле коюунузчу десе ,мен ичкен жокмун ,ичкенди таштап дарыланып жатам деп актанды.Мындай суйлочу эмессиз ,башкача суйлоп жатасыз десе ,сен озундун апана ишенбей жатасынбы деп жаман создор менен кичинкей Эле баласын согуп салды аял башы менен .Качан келесиз деген суроосуна да аябай эркектерге окшоп согунуп жооп берип ,апа керек Болсо озунор келгиле ,Озунор мени кийин таап алгыла барбайм деп кыйкырып согуп салганына аягы баласы чыдабай очуруп салды окшойт .Просто обидно,баласы аябай жакшынакай да акылдуу дагы экен жаш Болсо да .Апасы болсо давно бузулуп бутуптур .Баласы коздору карагат болуп Мама деп койгондочу ,Баарибир апасы болгон учун да ..Тан калам кантип ушундай апа деген статуска татыктуу эмес деги Эле адам эмес аялдарга периштедей балдары кор болуп журо берет .Экоонун суйлошконун коруп,жанагы аялды олтуруп койгум келди,аяббай аллергия болуп жатып .Блин фууу дагы апа имищ,торогону Эле болбосо .Болбосо жаш Эле балага даже анча мынча эркектер колдонбогон создорду айтты .Ушундай апанын барынан жогу го лучше .Баласынын акылына тан калып аябай озумо уко кылгым келди аяббай.Балага жалко ,периштедей болуп туруп ушундвй жашоодо жашап жатканына
Chagylgan
#5837 30 Сентябрь 2021 - 19:57
Мен байклериме ыраазымын.Кандай гана козумо карап тарбиялашты .Жашоодо озу кыз кишиге ата менен байкесинин ролу чон экен .Ошол нерсени аябай жакшы тушундум .Бир Эле атанын же байкенин жалгыз берген тарбиясы жетишсиз,экоосунон тен алган Тарбия биринин жетишсиздигин бири толуктап турат экен .Мени Бардык жактан тушунуп ,дайым мени колдоп тургандар да ошолор болду .Мен каалаган нерсенин баарысы колума карматышты.
Атамдын жашы улуу Эле Болсо да эскиче ойлонуп мага кысым корсоткон жок .Кыска кийсем да толтура боенуп алсам да ,канча шоктук кылсам да .Наоборот бир Жака Барып калса косметика дайындасам ошону базардан сураштырып отуруп таап келчу.Кээ бир ата энелер башкаларга баламдын шыгы деп баласын артка тартса,атам мени башкаларга дайым мактайт Эле.Мен атамдын жумушу боюнча важный документтерин бузуп алгам,машинасынын айнегин сындыргам ,эркеликтин айынан катуу да суйлоп алгам.Ушунча жаман неоселерди кылсам да атам мага колу тиймек тугул,унун бийик которуп суйлогон эмес…Байкемдер дагы ,Кандай маанайда экендигим корбой туруп сезишет,хотя биздин каныбыз деле бир эмес,эчкандай жакындыктары жок ,тууган деген статус байлап турса дагы ,биз кадимки бир курсактан тушкон адамдардай мамиледебиз .Менин эмне жакшы корушум эмнени жактырбашым баарысын сезип турушат.Кандай десем менин подружкаларым айтып калышчу,байкем менин телефонумду текшерет,мындай кийинбе дейт,такыр боенбо дейт Бул менен суйлошпо дейт деп.Жок менин байкелерим мени эчнерседен чектеген жок ,наоборот оздорунун заботасы менен озумдун ценамды билууго уйротту .Оорусам жумушунан калып карашты .Хотя жумуштан деле бироо ооруп калган учун Эле калып калуу оной эмес Болсо да,мен учун калып дарыларымды алып келип,интернеттен врач ,массаж кылган адамдарды издеп,досторунан сураштырып мени Бардык жака коргозуп дарылатышты.
Эсимде Кайсыл бир майрамда уйго келсем шарлар менен мен жакшы коргон гул,мен жакшы коргон шоколад,мен жакшы коргон магазинден коп суммадагы подарочный сертификатты беришкен .Тан калганымчы менин .Шоколад гул Мейли,тигил магазин вообще косметика магазин Эле ,кантип ал жактан косметика алышымды билишкен .Деги Эле байкелерим романтик,эркек киши Болсо да косметканын айырмасына Барып сертификат бергенине тан калгам …Оздору магазин айланышканда мага жаккан необычный киийимдерди суротко тартып жиберишет Эле ,сага ушундайлар жакчу Эле жактыбы алалы деп …..Уже чонойуптурбуз,
мен мурун айтаар элем аларга мен куйоого тиймейинче эчкиминер уйлонбойсунор,
уйлонсонор да баарыбыз чоон уйдо чогуу жашайбыз деп .Кайдан жаш бала болуп калп эле кыялдана берген экенмин Баарысынын жаштары жетип уже уйлонуп бири бирибизден алыстап жатабыз .Обидно,Бардык нерсенин бутоор жери болот экен .Эртен мен да куйоого тийсем бир туугандарымдан алыстай тушом .Чон адамдардын катарына кошулганыма,
жолумда проблемалар пайда болгонун кабыл алуу мен учун оор болуп жатат .Чонойгон да жакпай баратат Кыскасы
Chagylgan
#5839 03 Октябрь 2021 - 11:09
Апамды сагындым(((үйүмө чакырайын деп чалсам албады(((жалгызым,
эжем да,синдим да агам да апам(((
#5840 05 Октябрь 2021 - 02:23

Супер-Инфо
super.kg
видео















Мобилдүү версия