Заманбап келиндер.автор Даткайым
Заманбап келиндер.
#2 12 February 2017 - 19:13
Заманбап келиндер
1-бөлүмү
--Мааа,Мааам! Менде соонун жаңылык бар!
Коридордон бутун чечип жатып эле үйдү жаңыртып кыйкырган уулумду ичимден тилдеп алдым.
-Мамылдабай кир залга!-бетимдеги масканы эки колум менен оңдоп,жаздыкты бийик коюп чалкалай жата кеттим.Бөлмөгө кирип мени караган уулум,бир азга оозуна сөз келбей туруп калды
-Маа,бетиңиздеги эмне?
--Маска..!
--Мындай жашыл түстө койбойт элеңиз го?..
Ал кызыга кармалап койду.Колумдагы саатыма тигилип,убакыт болуп калгандыктан масканы сыйрып алып ыргыттым.
--Эмне жаңылык,сүйлө?
Уулумду сынагандай баштан аяк карап алдым.Алар атасы экөө бул көз карашты жакшы билгендиктен, уулум айта турган нерсесин унутуп калгандай,же азыр айткысы келбей тургандай болуп сезилип кетти
-Атам гана?
--Атаң китеп окуп жатат.Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык"чыгармасын. .
--Ооохуу,эмне тамак кылдыңыз?
--Сен жактырган тамак уулум,кийимдериңди алмаштырып, атаңды айтып ашканага чыккыла.!
Уулум болуптур дегендей баш ийкеп,өз бөлмөсүнө кирип кетти.
********************************
Мен кесибим боюнча психологмун .Жолдошум юрист болгондуктан , нотариалдык кеӊсе ачып алганбыз.Ошол жерде экөөбүз он жылдан бери эмгектенип келебиз.Жалгыз уулубуз бар.Өтө эрке.Төртүнчү курста окуйт.Буюрса тиш доктур болот.Кичинесинен орус бала бакчага,мектепке барып,орустар менен аралашып өскөндүктөн, мүнөзү да орустардыкындай .Бир нерсени ар дайым түз кабыл алып,түз ойлойт.Атасы экөөбүз үйдө кыргыз тилинде сүйлөшүн катуу талап кылгандыктан, өз тилинде да жакшы сүйлөйт.
Жолдошум Залкар,адамга катуу сүйлөбөгөн, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, бей бечарага ар дайым жардам колун сунуп турган,жоош момун киши.Биз аялдар кээде эркектерге деле акыл үйрөтүп,башкарып алат эмеспизби?-- ал андай учурда да туура кабыл алып жылмайып гана коёт.Кээде уулума"биз чыныгы джентельменбиз, аялга жол беришибиз керек"деп тамашалап калат.
Биздин үй бүлөөнүн ички жана сырткы иштерине көбүнчө мен жооп берем.Залкар финансы жагынан эле камсыздап турат.Мен мүнөзү темирдей каттуу,айтканынан кайтпаган,адамды жакшы ылгай билген аялмын.Анан аялдардын компаниясынын фанаткасы эмесмин.Ушак айтканды да жактырбайм. Мен өзүм жөнүндө кенен маалымат бергенимдин себеби,бул чыгарма мен жана башка менин тааныштарым жөнүндө болмокчу.
Биздин үй бүлөөдө китеп көп окулат.Азыр заман өнүгүп,айфон ,айпадтар толуп кетсе да,биз кээде жөнөкөй,кадимки эле китепти барактап окуйбуз.Кыскача айтканда ,чакан интеллигент үй бүлөөбүз.
Биздин үй шаардын четинде эле жайгашкан.Бир чуркасаң чоң базарга жетип барасың.Ошондуктан күнү түнү көчөбүздөн эл үзүлбөйт.
Анан мен сатып алган тамакты жактырбайм! Колун жууп кылабы,жуубай жасайбы кайдан билебиз?Мен жакындарыма, өз колум менен даамдуу тамактарды бышырып бергенди жактырам.
******************************************
Столдун бетин аарчып,вазада турган жемиштерди койдум.Муздаткычтан апелсиндин ширесин алып,стакандарга куюп жатканда Залкар жаныма чыгып келди.Колунда планшет ,кулагында наушник
--Уфф,ушу силердин виртуалдуу жашооңордон тажадым да!
Мен чын дилден эле кейип алдым.
--Эмне-е?
Залкар бир кулагындагы наушникти чыгарып мага карады
-Эч нерсе,чыкканың жакшы болду,чын дилден баарлашып отурабыз деп жатам
-Ааа
Залкар кайра эле планшетке үңүлүп өзү менен өзү болуп кетти.Аңгыча уулум Азат келип оордуна отуруп,колундагы китепти столдун четине койду.Залкар бир уулун,бир китепти карап койду,бирок унчукпады
--Мааа,
Ушу бала "маалаганын" качан коёт экен деп ойлоп кеттим
-Ата-апа менде соонун жаңылык бар!
Үнүн чыгара сүйлөгөн Азатты,Залкар экөөбүз тең карап калдык
--Мен үйлөнөйүн деп жатам ..!
Илгери балдар уялышаар эле,азыркылар мен беш алып келдим дегенсип эле айтып коёт экен..
-- !Куприндин "Олесия" чыгармасын окуп жатасыңбы?Бул чыгармадан кийин өзү адам сүйгүсү келип калат экен.Эгер катуу сүйсөң үйлөнүп ал балам!
Менин оозуман сөз чыга электе эле Залкар жооп берип койду
--Азатик,сен эми гана жыйырма бирге кирдиң го ?!Эрте эмеспи балам?
Мен балама ширин тилге салып суроо узаттым.
-Тек кой,үйлөнө берсин!Сага жакшы,жеңилиңди жерден,ооруңду колдон алганы бирөө келет!
Залкарга жиндене карап алдым
--Азыр жаш,үйлөнбөйт и точка!!
--Үйлөнөт! Ушу сени кандай кайнене болот экен деп кызыгат элем...Азат экөөбүздү эле башкара бербей,бирөөнүн кызын да башкарып көр,биздин баркыбызга жетесиң
Залкар моокуму канган адамдай,каткыра сүйлөдү.
--Азыр үйлөнбөйт,окуусун бүтүрсүн
Мен да сөз бербей талаша бердим.
--Мен ансыз жашай албайм!Үйлөнөм, же башка өлкөгө кетип калам!
Азат эркелигине салып,кежирдене сүйлөдү
-Мени сыйлабайсыңар, укпайсыңар! Үйлөнсөң менсиз үйлөнө бер!
Мен тамакты да салбастан өзүбүздүн бөлмөбүзгө кирип кеттим.....http: //[moderated]/group/54622242013196
Уландысы бар

#3 12 February 2017 - 19:15
Заманбап келиндер
2-бөлүмү
Биз энелер баарын билебиз,баары биздин айтканыбыздай болот,балдарыбыз да биз айткан окууга окуп,биз тапкан адам менен гана турмуш курат деп ойлойт экенбиз.Бирок биздин айтканыбыз, балдарыбыз он сегиз,жыйырма жашка чыкканга чейин эле орундалат экен.
Мен албетте качандыр келин алышым керек деп ойлонот элем,бирок азыр ага даяр эмес болчумун. Күзгүнүн астына отуруп бетимдеги боёкторду өчүрүп жаттым.Сырттан кирген Залкар мени карап туруп калды
-Мени көндүрөм деп ойлобо,баарибир азыр жаш үйлөнбөйт!
Залкар сөз баштай электе эле бир тийе сүйлөдүм
--Гүлжан,сен качан эле чоң аял болгонсун,билесинби? Чоң аялдардын балдары,кыздары турмуш кура турган мезгилге келип калышты.Сенин эркелигиңи мен эле көтөрөм!Азат эрезеге жеткен,анын айтканын да угушубуз керек да!..
Артымдан келип кучактаган Залкар эркелете сүйлөдү. Жакшылык жамандыкты тең бөлүп келе жаткан жолдошумдун сөзүнө бир аз жибип,колунан өөп койдум
--Мен жок дедимби ,жок!Азат качан өзү акча тапканда үйлөнөт!
Мени көндүрдүм деп мыйыгынан жылмайып турган Залкар менден мындай жоопту күтпөгөндүктөн, мойнума оролуп турган колдорун тартып алды
--Өжөрлүгүң сени алыс алып барбайт го...
Оордуна жатып,колуна китепти алып,окуу менен алаксып,мага көңүл бурбай отуруп алды.Жумуштан чарчап келгендиктен жаздыкка башым тиери менен уктап калыпмын.
Ар дайым эрте туруп жакындарыма чай бергендиктен, алар мага көнүп калышыптыр. Бүгүн турбаймын деп ,төшөгүмдө жата бердим.Ата бала тарактатып тириликтерин кылып жатышты.Бир нерсени издеп ызылдап да жиберишти.Арадан бир саат убакыт өткөндөн кийин үй ичи тынчып калды.Алардын кеткенин билип,ашканага чыктым.
"Жок,бул эркектер кыйын болгону менен аялсыз бир күн да жашай албайт"деп ичимден жиндендим.Ашкананын кейпи тойдон кийинки көрүнүштөй болуп турду.Эч нерсе кылгым келбегендиктен, отургучка отура кеттим .Кол телефонумду алып,апама коңгуроо кылмакчы болуп,номерин тере баштадым "-Так,стооп" !!гудок кетип кете электе зорго шашыла өчүрүп салдым.Апам эски адам да!Азат үйлөнөт десем"--Ии, жакшы болгон турбайбы,сага жардамчы келет "..деп баштайт.А мага азыр мен тарапта боло турган адам керек .Ойлонуп отуруп,айылда мугалим болуп иштеген жакын курбум Кулпунайдын номерин издей баштадым.Эмнеси болсо да бул курбум кыз берип,бир эмес эки келин алган балпайган байбиче .Гудок кетип жаткан телефонду кулагыма тыңшап,бир колум менен столдо турган жүзүмдөн бирди оозума салдым.Кыйла гудок кеткенде күйүп быша бир жактан чуркап келген курбум телефонду көтөрдү
-Купуш,..Кайсы жактарда тентип жүрөсүң?
Ар дайымкыдай эле сурашпай туруп суроо жаадырып кирдим.Менин мүнөзүмдү тээ бала чактан бери билген курбум аныма капа деле болбойт.
--Тоокторго жем чачып жүргөм..Тынчылыкпы? Таң атпай коңгуроо кылчу эмес элең?
Ичимден туура ,канча күндөн бери мунун акыбалын сурап койбодум деп ойлонуп алдым.
--Тынчылык,неме, биздин үйгө келин келет экен...
Мен негедир Азат үйлөнөт деп айткым келбеди.Трубканын ар жагынан курбумдун каткырган үнү угулду
--Гүлжан,сен кеч турмушка чыккансын,азыр балаңды жаш деп үйлөгүң келбей жатат.Бирок классташ кыздардын көбү эле кыз берип,уул үйлөп калышпадыбы? Азат отузга чыкканда,сен алтымышка жакындап каласың ошону ойлонтасынбы?
--Курбум математикадан сабак бергендиктен, бул жерге да математиканы аралаштырып, мектептеги балдарга түшүндүргөндөй эле жөн жайы менен мени көндүргөнсүп койду
--Мен эмне кылышым керек?
-Сага андай эле адамдар жага бербейт,кыйын сындайсын го?Шаардыктарга боло берет,бир күнү үйгө чакырып көр.
Мен анын кеңешине рахмат айтып,тез эле коштоштум.
Ашкананы иретке келтирип,үйдүн ичин да жыйнап чыктым.Күндүзү бир нече жолу жолдошум менен уулум коңгуроо кылышты.Албадым. Кабатыр боло беришсин.Түш ооп калган кезде кечки тамакка урундум .Картошканы арчып эми жууганы даярдап жатсам эшиктин коңгуроосу кагылды.Терезеден карап эч кимди көрө албадым.Барып ачсам бир кучак гүл кармап уулум туруптур.Бетимден өөп койду
--Эрте келипсиң го?
--Башым ооруп кетти эле келе бердим
Чынында эле уулум өңү бозоргонсуп көрүндү.Кийимдерин чечип,бөлмөсүнө кирип кетти.Эт менен картошканы дымдап коюп артынан кирип бардым.Уулум баарибир өзүмдү тарткан да,оорунун кейпин кийип жатканын байкадым.Мен деле кээде Залкар айтканымды аткарбаса ушинтип жата калам .Унчукпадым. Байкабаган адамдай шкафтан бир нерсени алып чыгып кеттим.Залкар жумуштан келгенге чейин чайга да чакырбадым.
Залкар жумуштан келип баарыбыз кечки тамакка отурдук.Унчукпай отуруп тамак жеген уулума көз кырын сала карап коюп жаттык
--Ата,кече экөөбүз келиштик эле го,мамамды көндүрдүңүзбү?
Азат мен жок болгонсуп атасына кайрылды
-Эгер үйлөнбөйм десең жаңы чыккан Шевроледен алып берем.
Мен бир болсо көнөт ушул сунушка деп ойлодум
-Эх,мама,байлык ,машина Бакыт алып келбейт экен ...-уулум философиялык ой жүгүртүп койду
-Даа,похоже тут серезьна...
Колуна вилканы кармап турган Залкар да кошула кетти
--Мама ,мен Москвага барып иштеп келейин деп жатам?! Жакында биздин группадан бир эки бала кетет экен.Үйлөнүш үчүн өзүм да аракет кылышым керек го...
--Эми гана чай ууртаган элем какап кеттим.Көпкө жөтөлүп,буулуккан үнүм менен ага кайрылдым
--Сага эмне жетпейт уулум?Биз ким үчүн эмгектенип жатабыз атаң экөөбүз?
--Же өзүң жактырган адамга үйлөнө албасаң... уулум муңайым үн катты..Баарибир эне эмесминби.?Көнбөй каяка да бармакмын?Ар бир эне өз баласынын бактын ойлойт.Балким ал жакшы кыздыр ...Балам бактылуу болсо ,мен каршы болмок белем?
-Мындан кийин Москва жөнүндө айтпай жүргүн.Биздин баардык дүйнөбүз сеники.Ошол кызды алып келип тааныштырчы? Эртең кечкиге атаң экөөбүз дасторкон даярдап күтүп алалы?
Балам менин сөзүмө ишенбегендей элеңдеп карап алды
-Орустарга окшобогулачы? Кыргызда качан эле атасы менен апасы келинди сындап көрөт эле?
Өзү орус чалыш балам бизге салт жөнүндө кеп баштаганда, Залкар экөөбүз тиктешип алдык
-Элге карап жашаба уулум!Өзүңө кара! Апаң менен тааныштыр,беш алты келин албайт!Өзү сындап көрсүн.
Залкар уулуна жай баракат айтып түшүндүрүп өттү
-Кайсыл жерде окуйт?Жашы канчада?Ата энеси кимдер?
-Москвадан келишиптир. ..Жашы жыйырмада.
Оозуна нанды салып чайнаган уулум бейкапар жооп берди
--Москвада үйлөрү бар бекен?
--Жок,иштеп келишиптир.
Мен башка суроо бербедим.Унчукпай салаттан чайнап отурдум
--Кстати маа,социалдык тармакта баракчасы бар,достук жөнөтсөңөр да болот атам экөөңөр!Азыр сүрөтүн көргөзөм!
Уулум кол телефонун алмакчы болуп,чөнтөгүнө кол сала баштады
-Жок керек эмес!Өзүн эле көрөм!
Мен аны токтотуп койдум.Тооба, кайын ата келин желеден бири бирине достук таштайт деген кандай заман деп ойлоно кеттим.
Тамактанып бүткөн соң ата бала тез эле өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти.Мен эртеңки күндү ойлонуп отурдум .Эмне тамак жасайм,кандай суроо берем,эмне кийим кийем деген суроолор башымды катырып жатты
****************************************************
Мен уулумдун мүнөзүн жакшы билгендиктен, үйлөнүп ,жашап калышына анча көзүм жетпей турду.Өз баламдын да,бирөөнүн баласынын да турмушу талкаланышын каалабадым. Жыйырма бир жаш эр жигитке үйлөнгөнү эрте курак эле.Анан менин эрке уулум,турмуштун ачуу таттуусун,уруш жаңжалына чыдабайт болчу.Бирок көпкө көгүмө таянып да тура албадым.Себеби каны кызуу бала Москвага да кетип калышы мумкун эле
Кечки саат төрткө келебиз деп ,Азат эрте менен эле эскертип кеткен.Залкардын жумушу көп болгондуктан кеч келерин кабарлады.Столду залга сүйрөп кирип,даярдана баштадым.Ии, Азаттын апасы мынча жүдөгөн неме"дебесин деп ,үстү башымды оңдоп,отуруп калдым.Саат төрттөн өткөн кезде эшиктин коңгуроосу кагылды
-Саламатсызбы?
Азаттын артынан кирип бутун чечип жатып салам берген кызды сындай тиктеп калдым.Бут кийимин бир четке коюп,мени баштан аяк бир сыйра карап туруп калды.Мени эмес,менин үстүмдөгү кийимди карады Демек адамдарды кийимине карап мамиле кыла турган кыз"деп ойлоп койдум.Орто бойлуу,чачы сарыга боёлгон,көздөрү жымшык кыз экен.Бетке катар катар кылып чаптаган боёктун ичинде да саргымтыл тартып турган өңү,бул кыздын көп жылдан бери тамеки тартаарын билдирип турду.Ашыкча митаамдыгы жүзүнөн эле көрүнүп турат. Бөлмөгө кирип,столго отурдук.Берген суроого нары,бери карап жатып жооп берген адамды жактырбайм. Ал кыз да менин суроолорума, бир тырмагын чукуп,бир менин колумдагы изумуруд көздүү шакекке тигилип ,жооп берип жатты .Демек адамды да анча сыйлап жарытпайт дедим.
Азаттын досторунун баары колунда бар жердин балдары. Алар жөнөкөй кыздарга карабасы турган эле кеп.Алар мына менин тушумда отурган кыздай,атын унутуп коюпмун"дерзкая болуп көрүнгөн кыздарды карашат.Бирок булардын көбү тышы жылтырак,ичи калтырак экенин сезишпейт эле.
--Айдай,тамактан алсаң?
Уулум кызга кайрылды." Айдай"анын аты Айдай экен
--Айдай өзүң жөнүндө кененирээк айтып берчи?
Колума стаканды кармап кызга кайрылдым
--Эмнеге кызыгасын?Келечекте кандай пландар бар?
Тамагын бир эки жолу оңдоп алган кыз жооп берди
--Китеп окуганга кызыгам...анан көп кызыктууларды кызыгып үйрөнгүм келет....
Ичимден эки сөздү бир кылып сүйлөй албаган кызга кыжырланып кеттим.
-Кандай жанрдагы китептерди окуйсун?Романдардыбы, же мемуарбы?
-Мемуар аралашкан романдарды жактырам...
Ойлонбой эле шар жооп берген кыздын жообуна күлкүм келип кетти.Азат столдун түбүнөн бутумду басып койду.
Ошол болду Айдайга жөн гана сылык сыпаа жылмайып гана отурдум.Бир саттан ашык отургандан кийин үйүнө аттанды
Сиздер ойлосоңуздар керек,бирөөнүн ай чырактай кызын эмнеге сындайт,эмнеге басынтат деп?--бирок ,мен кантип сынабаймын? Мен тапкан ташыганымды жалгыз уулума камдадым.Анын келечеги үчүн баарын жасадык. Элге окшоп,келин алып эле бир айдан кийин кредит төлөш керек деп,Орусияга айдабагандан кийин акыл эстүү,түшүнүктүү келин алгым келет да.Азыркы кээ бир жаш кыздарды көрүп жакамды кармайм.Сүйлөсөң беттен үзүп алгыдай болуп алынышат.
Айдай негедир бир көргөндө жакпады.Бой көтөргөн аял затын деги жактырбайм. Уулум үчүн унчукпай угуп отурдум.Бирок ал экөөнүн түбөлүктүү жашоосуна ошол күнү эле көзүм жетпеди.Колумдан эмне келмек .Сүйүүнүн көзү сокур... ..... http://[moderated]/group/ 54622242013196
Уландысы бар
-

#4 12 February 2017 - 19:16
Заманбап келиндер
3-бөлүмү
Кайын эне менен келиндин таймашы тээ илгертеден бери эле токтобой келе жаткан салт болсо керек.Биздин үй бүлөөдө уул бала жок болгондуктан, апам кайнене болуш кандай сезим экенин билбейт эле.Үч кызы тең турмуштабыз. Эки сиңдимдин балдары азырынча жаш.Бирок аларда уул көп болгондуктан, баарыбыз чогулганда апам "Бейиштин эң төрүндө бир так бар экен.Бирок канча мезгил кылымдар өтсө да ,азырга чейин бош экен.Ал так ким үчүн деп сурагандарга "Дүйнөдөгү эң жакшы кайнене үчүн"деп периштелер жооп беришиптир. .--деп айтып берчү.Андайды уккан мен,"ошол такка мен отурам,"деп апама кыялдана айтаар элем.Азыр ошону эстеп жылмайып алдым.
Адамзат өз башыбызга түшкөнгө чейин бир нерсенин кадырын билбейт экенбиз.Мисалы мен,кайнем менен өтө эле күйүп жанган жылуу мамиледе эмесмин.Менден башка үч төрт келини болгондуктан, андан да биз өзүбүзчө бөлүнүп,бутубузга тургандыктан ,биз жөн гана бир эркекти жакшы көргөн эки башка аял катары сый мамиледе калдык.
Ушул күнгө чейин кайнем жөнүндө башкача ойдо элем.Эми аны түшүнгөндөй болдум .Көрсө биз энелер,уулубузду жандан артык көрүп,бапестеп өстүргөндөн кийин,башка аял анын сүйүүсүн,мээримин тартып алганы жатса,энелик сезимибиз менен баарибир ичтен кызганат экенбиз.
***************************************
Жай айынын орто чени болчу.Күндүн ысыгы мээни кайнатып,шаардын тургундары суу жээгине,айылдагы туугандарыныкына, курортторго кетип жатышты.
Азат Айдайды тааныштыргандан бери бир айдан ашуун убакыт өттү.Үйдө чоң жаңжал болуп,мен үйлөнсөң мен тапкан кызга үйлөнөсүң деп катуу тургандыктан, башка үйлөнүү тууралуу ооз ачпады.Баары оордуна келип калды,уулумдун сезимдери да сууй түштү окшойт деп ичимден жымыңдай сүйүнүп алдым.Залкардын сунушу менен жайлоодогу курбум Гүлүмкандыкына эс алганы кеттим.
Эрте менен шаардан чыккан машина караңгы кирип баштаганда араң жетип келди.Жолдун четинде бирин серин үйлөр салынгандыктан ,алардын үйлөрүнөн чыккан жарык,айлана чөйрөнү жарыта албайт эле.Кичинекей кепеге окшоп салынган аялдамага мени дагы үч төрт адамды түшүргөн машина,ошол эле жерден жашы өтүп калган жубайларды, дагы төрт студент кызды салып,кайра эле шаарды көздөй айдап кетти.Ээн талаага таштап,цивилизацияны көздөй кеткен машинанын артынан узата карап калдым.Жанымдагыларды тосуп алганы келгендер оор баштыктарын атка өңөрүп сай жакты көздөй жылып баратышты,эки тарапты карап туруп калган менин жаныма атчан жаш жигит келди
--Гүлжан,деген сизби?
Ал мага уялыңкы үнү менен суроо узатты.Биз шаардыктар, өзүбүздү канчалык акылдуу,маданияттуу сезбейли,тарбия тартип жагынан баарибир бир аз артта калганбыз" деп ойлоп алдым
Ал бала аттан түшүп менин отурушума жардам берип,баштыкты астыма өңөрүп койду.Астыга түшүп бир аз басып,ылдыйлап баратканда эле мен коркконумдан өзүмдү жоготуп коё жаздадым.Аттын буту мүдүрүлүп,жыгылып бараткандай сезилди.Менин коркконумду байкаган жигит атка өзү да минип,менин астыма отурду.
--Менин ийинимден кармап алыңыз,өзүңүздү кенен кетсин десем коркот экенсиз.Жол таштак,карангы да кирип калды,жөө бассаңыз бутуңузга бир нерсе киреби деп турам
--Аа эч нерсе эмес,сенин артыңда коркпой кетет экенмин кайра.Сен Гүлүмканга ким болосуң?
--Мен анын чоң уулу Урматмын да,тааныбадыңызбы?
Жигит мага карап жылмайып койду.Канча жыл болду буларды көрө элекмин.Мен көргөндө,бети кызыл,орто бойлуу томпойгон бала эле,эми минтип,бир аз мурут койгон жигит болуп калыптыр.
--Сен үйлөнө турган чоң жигит болуп калган турбайсыңбы?
--Мен үйлөнгөнмүн. Кызыбыз үч айлык болуп калды
-Сен Азат менен теңсин ээ?
--Үч жаш улуумун.
Жол бою өз ойлорум менен алпурушуп бараттым.Убакыттын өткөнүн кара,кече эле көз алдыбызда чүкө ойноп,топ тээп жүргөн балдар,минтип ата болуп,өз балдарын тарбиялап келе жатышат.
Мындан көп жыл мурун бир сапарга баратып,сексенге кирген карыя менен автобузда жанаша отуруп калган элем.Жол узак болгондуктан аны муну сүйлөшүп баратканбыз. Ошондо ал карыя мындай деди эле"
"Илгери илгери өткөн заманда , бир жолоочу токойду аралап баратып,чарчагандыктан бир дарактын түбүнө отура кетиптир.Бир аз чарчоосун басып,айлана чөйрөгө көз жүгүртүп караса,мүрзөнүн четинде отуруптур. Тушунда турган жазууну көрүп жакын келип окуса,маркумдун аты жөнү жана жашы жазылыптыр. Ал маркумдун жашы тогуз жаш деп жазылып тургандыктан, ичкериге кирип,баардык жазууларды көз алдынан өткөрүп чыгыптыр.Эң кызыгы алардын баары,тогуз, он,он беш жашка чейинкилер экен.Алардын ичинен жашы чоңураагын таппаган жолоочу,бир четке отуруп ыйлап кириптир.Анын ыйлаганын көргөн ак сакалдуу карыя жанына басып келип,эмнеге ыйлап жатканынын себебин сураптыр." --Булар жалаң жаш балдар экен.Жашоодо эч нерсени көрбөй ааламдан өтүп кеткендерине кайгырып жатам"деп жооп бериптир.Анда карыя"бизде адам өлгөндө баардык жашын эсептебейбиз. Биз өмүрүндөгү жалаң гана бактылуу көз ирмемдерди жазабыз.Мисалы ар бирибиздин китепчебиз бар.Эс тарткан мезгилден баштап,башыбыздан өткөргөн ар бир кубанычтуу окуянын канча мүнөткө созулганын жазып коёбуз.Кийин адам өлгөндө,ошол мүнөттөрдүн баарын эсептеп,жылдарга айлантабыз" деп айтыптыр.-Ошондо ушул окуяны айтып бүткөндө эле ал карыя автобустан түшүп кеткен эле ,андан бери жаш белем ким билсин,бул жөнүндө ойлобоптурмун. Негедир эми оюма түшүп кетти.
Кече эле ак бантик тагып ,мектептин босогосун аттаган секелек кыздар,бүгүн минтип байбиче болуп,небере көрүп отурушат.Башкаларга бүтүндөй бир кылым жашагандай көрүнгөнү менен өзүбүз үчүн чоң арыкты аттагандай эле сезилет.Арыктын аркы өйүзүндө кечеги эле балалык .Берки өйүзүндө турмуш,тиричилик, үй бүлөө...
Эгер биз деле жашообуздун кубанычтуу мүнөттөрүн кагазга түшүрсөк,биздики да тогуз,он жыл чыкса керек.Биз адамзат кээде жумуш үй,бала чака,күнүмдүк көйгөй менен болуп кубаныч эмне экенин деле унутуп калат экенбиз.Биз балам дейбиз,балдар да бойго жетип үй бүлөө күтүп,балам деп кете берет экен .
--Аттан түшүп турасызбы?Мен биринчи жүктөрдү сайдан ары өткөзүп келейин?
Өз ойлорум менен болуп кеткендиктен, Урматтын үнүнөн селт чоочудум
-Кол телефон,акчаңыз болсо да чоң сумкага салыңыз
Мен анын айткандарын аткарып,сайдын жээгиндеги дөңчөгө келип отуруп калдым.Урмат атты минип,сайдагы сууну кече арткы өйүзгө өтүп баратты
-Жана түштө өткөндө суу мынчалык улуу эмес эле,кеч киргенге адамдар эгиндерине деп тоскон тосуктарын ачып,суу сайга кошулуп улуулап жатат окшойт.
Урмат жээке жете электе эле сүйлөп баштады
--Мындан башка жол жокпу?
--Көпүрө бар эле,жакында сел алып кетти.Эми оңдошот.Мындан башка жол бар,бирок бир саттан ашуун жол жүрүп,башка жайлоодон айланып келиш керек.Бул сай өтө эле чуңкур эмес.Жайылып, жай агат.Мына бул эң тайыз жери.
Урмат кол жаңсап сай тарапты көргөздү.Экөөбүз атка минип,сууну көздөй айдап бараттык.Аттын буттары таштарга тийген сайын буту мүдүрүлүп кетип жатты.Башында бутубузга жетпеген суудан ,бара бара тизебизге чейин малынып кирдик.Шарпылдаган суунун үнү айбаттуу угулуп турду.Карангыда байкабай калдыбы,көк кашка ат ортого жеткенде жыгылып кетти.Анын үстүнөн Урмат экөөбүз тең учуп түштүк.Салмактуу жаныбардын үстүндө суунун улуулугу байкалбай жаткан экен,толкуп келген толкундар мени агызып баратты.Муз аралаш суу сөөктөрүмө өтүп ,денем тоңуп калды.Карангыда кармай турган эч нерсе көзгө көрүнбөйт.Улам бир чоң ташка асылам,колумдан чыгып кетет.Бир кыйла агып барганда эркек кишинин күчтүү колдору желкемден кармап,жээкке сүйрөдү.Азыр эле өлүм менен алышып,ажалга тик карап жаткан мен,жашыл шибер чөптүн үстүндө ,жаратканга миң мертебе шүгүлөр келтирип,асманы карап жаттым......http: //[moderated]/group/54622242013196

#5 12 February 2017 - 19:18
Заманбап келиндер
4-бөлүмү
Адамзат жашоо менен тартышып,дүйнө топтоп,анын арасында болбогон акча үчүн жакындарыбыздын да көңүлүн оорутуп коёт экенбиз.Азыр эле мен өлүм менен алышып,ажалдын кучагынан суурулуп чыккандай болдум.Аман эсен эс алып үйгө кайтсам,көп жылдардан бери жылуу мамиледе болбой жүргөн кайын журтумду,энемди чакырып,алар менен кеңешип,уулумду үйлөйм деп чечтим.
Айланага бир заматта эле беш алты аял эркек чогула коюшту.Тоонун элдери колу ачык,меймандос , бирөөнүн көйгөйүнө кайдыгер карабаган,ак көңүл келишет экен.Мен курактуу бир аял үстүмө кийгени жылуу,кургак кийим алып келди.Арыдан бери мени кийиндиришип, жолдун четинде турган эски Нива үлгүсүндөгү машинага отуруп жөнөп кеттик.
-Ой баай ,денең от менен жалын болуп күйүп жатат го?--боз үйдөн чыгып күтүп алган курбум, илеби чекеме тиери менен сүйлөндү.Аны кучактап жылмайып койдум.Денем титиреп өзүмдү алсыз сезип бараттым.Жанымда келген шыпылдаган аял арыдан бери бир бурчка төшөнчүлөрдү төшөп,мени жаткызды.Гүлүмкан сырттан бир чыныга ыссык шорпосун куюп кирип келди.Аны ичип эле мемиреп уйкуга кеттим.
Эртеси баарибир жакшы болбодум.Денем нымшып тердеп,өзүмдү алсыз сезип турдум.Сыртта да түндөн бери токтобой дыбырап жаан жаап жатты.Беттен алган тоонун чыкыроон суугу,сыртка чыкканда чыйрыктырып жиберди.Негедир жүрөгүм оордуна келбей бир нерседен кабатыр болгондой көңүлүм тынчыбай койду.Курбум менен өткөн кеткенди сүйлөшкөнгө да чамам келбей турганын байкап,кайра шаарга аттанууну туура көрдүм.
*********************************************
Машина шаарга жетейин деп калганда,үйгө келе жатканыма өкүндүм.Бир күн жатсам,кымыз ,эт жеп өзүмө келет элем деп,өзүмдү өзүм тилдеп жаттым.Атайын дем алганы кетип,эртеси кайтып келгеним эмнеси деп ,курбум Кулпунайдын үйүнө бармакчы болдум.Машинада чогу келе жаткандар жолдордо түшүп калып,мен жалгыз калгандыктан ошол эле машинаны айдатып,курбумдун айылына бардым.
Алардын айылы борборго бара турган жолдун четинде жайгашкандыктан, камаз,машиналар тынбай зуулдап өтүп турушат эле. Жолдун эки бети өзүнчө эле базар.Курут майынан баштап,бензинге чейин тизип алышкан.Жолдун четине токтоттуруп, коон дарбыз сатып алдым.Айылга кирген машина,узун көчөнү аралап ылдыйга карай жылды.Күүгүм кирип,күн уясына батып бараткан учур болгондуктан, жолду чаңыта мал койлорун айдап келе жаткан жаш балдар баратышты.Машина, адамдарга аралашып көнгөн жаныбарлар, кенебестен жолду ээлеп,сүзүлө басып баратышты.Алардын арты менен,биз да анча мынча сигнал чалып коюп,аста секинден жылып отурдук.Машинанын айнегин бир аз түшүрүп коюп,айылдагы керемет көрүнүшкө көз чаптырып бараттым.Айылдын кечки абасы укмуш жыттанып турду.Кимдир бирөө очокко от жагып,кечки тамагын бышырып жатты,дагы бирөөсү тандырда эми гана кызарып бышкан нанын үзүп баштады,ак жолук салынган келиндер мал сааганга киришишти,жаш балдар ар ар жерлерге топтолушуп, оюндун кызыгына батып жатышты. Айылдын жашоосу кандай керемет?!Шаардан келген адамга өзүнчө эле жомоктогудай туюлат.Көчөнүн ортосунан өтүп,бийик дөбөдөн ылдыйды көздөй түшкөндөн кийин шопур бала жол сурагандай айнектен мен тарапты карап койду
-Тээ тигинде турган кызыл камаздан кийинки үй,көк дарбаза.
Шопур бала мал койлордон өтүп,көчө бошоп калгандыктан, ылдамдыгын жогорулатып айдап жөнөдү .Болжогон жерге жеткенде ал менен эсептешип,машинадан түшүп калдым.
Курбум Кулпунай менен аяшым Асан да үлгүлүү үй бүлөөлөрдөн. Кулпунай кара тору,узун бойлуу,созулган, жөнөкөй аял.Мектепте тил адабияттан мугалим болуп эмгектенет .Адамга катуу сүйлөбөгөн жумшак мүнөз курбума кээде тамашалап" окуучуларың сабакта башыңа чыгып алышса керек "деп калам.Ал жылмайып гана кутулат.Анын жолдошу Асан ошол эле айылга каттаган автобуста шопур.Орто бойлуу,арык чырай,чап жаак ,эмгекчил ,ак көңүл киши.Булар экөө тең бирөөнүн акысын жебей,ар дайым муктаж адамга жардам берүүгө даяр турушат.Асан жердештеринин тең жарымын бекер деле ташый берет.Ошондуктан өздөрүнүн жашоосу орточо.Бирде ач,бирде ток калып жашап келишет.Чоң уулун үйлөп,бир балалуу болгондо небересин кошуп,Орусияга жиберишти.Колунда кичүү уул келини турушат.
Көк дарбазаны каккылап бир топко туруп калдым.Жаш келин чыгып эшикти ачты.Караңгыда жүзүн анча байкай албадым.
--Сизге ким керек?
Илгери биздин убагыбыздагы келиндер ,өзүнөн чоңдорго ыйбаа кылып,угулар угулбас үнү менен,уялгандай кайрылышаар эле.Салам алик да бербей,түз эле катуу үн чыгарып суроо берген келиндин үнүнөн дирт эте түштүм.
--Энең кайда?
--Кошунанын үйүнө кеткен эле...Эмне деп коёюн?
Ал келин мени босогодон эле кууп жаткандай мукактана түштүм.Эки жагымды каранып калдым.Бери жакта сүйлөшүп турган эки үч аялдын бирөөсү биз тарапты көздөй басып келе жатты.Качан гана бир аз жакындаганда курбумду тааный коюп,жаш баладай сүйүнүп кеттим.
-Кулпунай!
--Гүлжан сенби?
Караңгыда курбум анча тааныбагандай суроо узатты.Шыпылдай басып жаныма жетип келди
--Гүлжандын үнүнө окшош деп коём,кандайсын? Тынчылык элеби биз тарапка келип калыпсың?
--Тынчылык! Сени сагындым.
Мен балалыгымдан бери бирге өскөн курбумду кучактап өөп алдым.Жан дүйнөмөн сагынганымды сезип кеттим.
--Кир ичкериге,эмне турабыз бул жерде?!
Курбум адатынча балпаңдап колумдагы баштыкты көтөрүп,ичкерини көздөй басты.Жанагы келин көзгө көрүнбөй бир жагына кетиптир.
Ичкериге кирип,курбум өзү дасторкон жайып,чай коё баштады.
-Келин алсаң деле өзүң кызмат кыласың,айтсаң болбойбу?
Мен ага күйгөндүктөн сүйлөндүм
--Ээ,курбум бир адамга дасторкон сала албай калдым беле?Ал жашта,али көп нерсени түшүнбөйт.
-Жаш болсо эмнеге турмушка чыгат тооба? Үйүндө эле отурбайбы?
-Азыркы жаштар ушундай экен да,эмне кыласың
--курбум тек кой дегенсип кол жаңсап койду
--Менимче ал нерсе жаш карыга карабайт .Тарбиядан.Илгери биз онду бүтүп жаткан кезде эле энелерибиз, жеңелерибиз турмуш жашоо жөнүндө кулагыбызга куя баштачу.Ал кезде ажырашуу өөн учурайт эле.Азыркылар кыздарын,кайын энең кабыл албаса,ар дайым Москва кабыл алат.Жаның кыйналган күнү баарын таштап келе бергин.Иштейсин, акча кармайсын,гүлдөй болуп жүрөсүң --деп тарбия бергендей.
--Бир нерсе деш кыйын,бара бара келинге катуу сөз деле айта албай калабыз го...
--Биздин келиндик доорду эстесең?
Курбума айтып жатып өзүмдүн келин болуп келгендерим көз алдыма тартылды....
"Ал кезде мен окууну бүтүп,институтта студенттерге психологиядан сабак берет элем.Жашым отузга жакындап калган болчу.Жолдошум Залкар экөөбүз кайсы бир майрам күнү капыстан тааныштык.Бир көргөндө жылдызыбыз келишип,жакшы мамиледе болуп кеттик .Анын жашы отуз бештерге барып калгандыктан, турмуш кура турган кези алда качан келип калган эле.Мен да жаш кыз эмес болчумун.Бир күнү жолукканда эле ал турмушка чыгууга макулдугумду сурады.Мен макул болдум.Аны менен менин келечегим жарык экенин,бактылуу болушубузду ошондо эле сезген элем.Коркпостон кол кармашып,турмуштун даңгыр жолуна кадам таштадым.Шаардын ичинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип,төртүнчү кабатка көтөрүлдүк. Эшик ачылгыча толкунданып, тартынганымды сөз менен жеткизе албаймын.Эшикти ачкан толмооч келген аял анча деле кубанып күтүп алган жок.Кайын эне өз апамдай болот беле,деп ичимден өзүмдү тынчтандырып койдум.Ичкериге кирдик.Кайын энем төрт бүктөм кызыл жоолугун башыма салып,чекемден билинер билинбес сүйүп койду.Кайын эжем да ошол жерде жашайт экен.Ал да тил учунда бактылуу болгула деп өөп койду.Баарыбыз күндөгүдөй эле бир дасторконго отуруп тамактандык. Эч нерсеге маани бербедим.Мен Залкар менен беш алты жыл жашагандай болуп жашап калдым.Алып кетебиз деген ата энеме да көнбөй жашап калдым.Эки баласы менен ажырашкан кайын эжем,кайын энем ,биз болуп эки бөлмөлүү квартирада жашайт элек.Таң атпай туруп,газга нан бышырып ,кир жууп коюп жумушума кетем.Мен кайтып келгенде дагы эле толгон идиш,кир кийимдер.Кабак кашым дебей күлүп жайнап кылып жүрдүм.Себеби биздин чыныгы сүйүүбүз бар эле.Мени түшүнгөн,эркелеткен, аяган,ыйласам соороткон өмүрлүк жолдошум турганда ,ал жумуштар жумуш эмес болчу.Иштен адам өлбөйт,бирок жылдан жылга жан дүйнө бөксөрүп,көңүл өлөт экен .Адамзат көөдөнү толгуча баарына чыдап жүрө берет экенбиз.Качан гана көөдөндөгү күйүтүбүз толуп жарылганда баары кеч болот экен.Менин толуп турган көөдөнүм,үйдөгү болбогон бир жаңжалда кайын энем бут кийимин чечип ,бир эки жолу чаап жибергенде сынып талкаланды. Ошол күнү артка кайтпайм деп өзүмө өзүм сөз бердим.Он жыл ,баш көтөрбөй,сиздики туура эмес деп кайын энеме бир ооз сөз сүйлөбөй,тил оозу жок келин болгонума таң калам.Ал кезде тарбия ошондой беле ким билсин...Башка батирге чыгып кеттик Залкардын жумушуна кеп кеңешимди айтып,жардам бердим.Экөөбүз көп нерселерге жетиштик.Азыр кайын энем экөөбүз жакын да,алыс да эмеспиз.Залкарга ал жөнүндө жаман да,жакшы да айтпайм.Азырга чейин кайын эжем экөө биздин турмушубузга аралашып,ушак сүйлөп келишет.Менин бирөө менен ишим жок.Мен өлсөм артыман эч ким кошо өлбөйт!Андай учурда-"Бириң терек бириң тал,бириң өлүп бириң кал!"деп гана ичимден айтып,өз жолум менен кете берем....."
--Гүлжан,Гүлжан!
Ойго батып кетипмин курбумдун үнүнөн баш көтөрө карадым
--Жанатан бери сүйлөймүн,унчукпайсын. .
--Келиндик доорду эскерип жаткам...
--Биз көз жашсыз эскере албай калдык го...Азыркыдай памперс деген жок,жада калса тогуз айлык баланы да көчөгө чыкканда жүдөп,кышындасы одеалга ороп алат элек .Азыр баары заманга жараша...Мен дагы өз кайнемден көп кордук көргөндүктөн, келинге катуу сүйлөгүм келбейт.Түшүнсө түшүнүп алат.Өмүр бою жүрөгүнө так салышты каалабайм.Алар да эртең эле бизге окшоп кайнене болуп калышат.Биз байкабай эле болуп калдык го...
--Туура айтасын сөзүңө кошулам.
Аңгыча сырттан жанагы келин кирип келди.
--Кел отур чайдан ич балам?Манас көчөдөн келе элекби?
--Манасыңыз көчөгө кароол болуп калган го-келин менин тушума келип отуруп калды.Беш алты ай мурун булардын тоюна барганда,элдин көптүгүнөн, жүзүн анча көрө алган эмес элем.Эми жарыкта сарасеп сала карап отурдум.
Дене түзүлүшү толмооч келип,жымшыйган көздөрү карегинен бир аз сыртка чыгып турат экен.Өзүнө жарашпаган ашыкча чоң оозу менен түкүрүгүн чачыратып ойду тоону кобурап жатты.Чайды шоррр эте ууртаганда эле үйдө тизилип турган китептердин арасындагы" Этикет для девушек"деген китепти белек кылгым келип кетти.
Үйү жыйналбай,тамагы кылынбай,балдары каралбай,эртеден кечке көчөмө көчө кыдырып,ушак айтып жүргөн аялдар ,ушундай келиндерден чыкса керек деп ойлоп койдум.
Бир аздан кийин аяшым жумуштан келип,өткөн кеткендерди эскерип,түн бир оокумга чейин отурдук.Качан гана асмандагы жылдыздар суюла баштап,бир гана үркөр жылдызы бажырайып көрүнүп турган кезде уйкуга кирдик......http: //[moderated]/group/54622242013196

#6 12 February 2017 - 19:19
Заманбап келиндер
5-бөлүмү
Жылдар жылга алмашып,чачыма бирин серин ак араласа да,өзүмдү кээде он сегиз,он тогуз жаштагыдай сезип кетем.Бул оюмду эч кимге айтпайм албетте.Тартынам. Эмне деп айтмакмын?-- Бирок,адамзат сыртынан карыса да,жүрөгү жапжаш бойдон калса керек деп ойлодум.Улгайган адамдар деле кээде өз денесине батпай,жаш баладай ойногусу,бийлегиси, шоктук кылгысы келет.Кээ бири элден уялса,кээ бири ден соолугуна байланыштуу өзүн эркин,жеңил сезе албайт.
Курбумдун үйүндө төрт күн билинбей эле өтүп кетти.Экөөбүз аны муну сүйлөп,кыз кездегидей шаңкылдап күлүп алабыз.Кайра эле колу коңшудан,уул келинден тартынып,тынч отуруп калабыз.Биз канчалык улгайган сайын,ошончолук бекем тосулган клеткада жашап калат экенбиз.Эч кандай эркиндик жок.Баары чектелген.Элге уят,балдарга уят,келинге уят деп өзүбүз жөнүндө ойлонбой деле баратабыз.Мен го азырынча келин ала элекмин.Өз үйүмдө өзүмдү эркин сезем.Курбум менен аяшым бир нерсени тамашалап,катуу күлүп алышса да,бири бирине "келин угат "деп айтып калышат экен. Мен да келин алсам кээ бир кыймылдарым чектелсе керек деп ойлоп койдум.
Төртүнчү күнү баары менен коштошуп,шаарга аттандым.
****************************
Чоң көчөнү аралап өтүп,үй тарапка бурулганда эле көк машина көзүмө урунду.Жүрөгүм дирт эте түшкөнсүп кетти.Бул машина кайын эжемдин уулуна таандык.Демек көптөн бери катташпай жүргөн туугандар келишкен деп ойлодум.Подьездин астына жеткенде эле отургучта отурган бир эки кошуна жолукту
--Гүлжан,келин кут болсун!Көшөгөсү көгөрүп бактылуу болушсун!
-Кайсы келин?!
Мен таң калгандай аларды карап калдым.Анан мээме бир ой келип тык эте түшкөнсүдү
-Аа,рахмат! Эч эле келинге көнө албай жатам
Мен калптан эле күлгөндөй болдум.Алардын бир сөзү кулагыма кирсе,бири кирбей тезиреек коштошууга шаштым.Менин шашканымды алар да байкадыбы,арыдан бери коштошуп өз жолубузга тарадык.
Үйдү ачып,босогосун аттаганда эле,ичкериден аялдардын бака шакасы угулду.Бут кийимимди чечип,эми гана сумкамды көтөрүп ичкериге кирип баратканда кайын эжем чыгып калды.Мени бир тиктеп,жүзү өзгөрүп кеткендей болду.
--Кел Гүлжан,уулуң эч кимди укпай аял алып качып келиптир...
Мен эмне дешимди билбей туруп калдым .Биздин үнүбүздөн кайнем чыгып келди.Мен менен учурашып,сүйлөшүп алуу үчүн башка бөлмөгө чакырды.
-Менин жок экенимди билип туруп,атайын ушул ишти жасадыңыздарбы? Бир кездеги кекти ушул жол менен алгыңыз келди окшойт...Менин жалгыз уулума кыз ала качтырып алып бергеним үчүн,эл астында төмөн кетееримди билдиңиз да ээ?-мен ага муздак үнүм менен кайрылдым.
--Уулуң өзү суранды.Менин да неберем.Анын каалоосун четке кага албадым.
-Ушул кезге чейин,канча жолу эстедиңиз эле небереңизди? Кандай алып келсеңер,ошондой алып барып койгула!
Мен да көгүмө таяна кекенип отуруп алдым. Кайын энем экөөбүз бир сыйра кагыша кеттик.Ал этегин кагынып, оордунан туруп сыртка чыгып кетти.Залкар үйдө жок экен.Башымды жерге салып отуруп калдым.Бир аздан кийин уулум кирип келди.Жүзүнө бир аз тигилип турдум да,көздөрүмдү тартып алдым.Өңү кубарып калыптыр.Аяп кеттим.
--Апа,мени кечириңизчи? Сизге айткандан коркуп жүргөм.Айдайдын боюнда бар...Атама айтсам,абжем менен кеңешиптир. . .Алар сиздин жоктугуңузда ала качтырып алсак,отуруп калат деп чечиптир...
Мага тагдыр күтүлбөгөн белек даярдап туруптур .Кабыл албастан башка аргам жок эле.Эне өз баласы үчүн отко күйүп,суукка тоңгону да даяр эмеспи?Мен да уулум үчүн баарына көз жумдум.Өз аброюмду,чөнтөгүмдү ойлоп жатып уулумдун намысын тебелегим келбеди.Кийимдеримди алмаштырып, "алар"отурган үйгө чыктым.Келиндин жеңелери да уялгансып баш ийип турушту.Алар менен жылуу учурашып,оордунан турган Айдайдын бетинен өөп ак жолугумду салдым.Жеңелерин сыйлап,берчүүсүн берип,түн бир оокумда жолго узаттык..Ата энеси Орусияда экен келишпеди. Телефондо сүйлөштүк.Алар, азырынча эч нерсенин кереги жок,биз барганда салттын чегинде баарын кылабыз,кызыбыз жаштык кылыптыр, деп энеси кечирим сурады.Эртеси күнү кайын журтум да алчуусун алып,үйлөрүнө кетишти.Сураган дос тааныштарга, кудаларыбыз келгенде той өткөрөбүз деп кутулдук.
Биз көп нерсени ойлоп ,пландап койсок да кээде иш жүзүнө ашыра албай калат экенбиз.Канча аракет кылсак да тагдырдын жазмышынан кутулуу кыйын экен.Биз да кокустан эле уулубузду үйлөнтүп койдук. Кайнене деген статуска анча көнө албай жаттым.Айдайды ашканага жолотуштан кызганып турдум.Бир жумадай тамак ашты көп кылып даярдап коюп жүрдүм .Алар экөө биз экөөбүз.Ар бирибиз өз бөлмөбүздөн чыкпайбыз.Мурункудай бака шака болбой тынчыгансып калдык.
Ошол күнү эрте менен уктап жатсам,күйгөн сүттүн жыты мурдума келди.Оордумдан ыргып эле туруп,үстүмө жеңил шайы халатты илип,ашканага чыктым.Газда турган сүт алда качан бышып,ак көбүк болуп,төгүлүп жатыптыр.Газды өчүрүп,казанды бери жылдырдым.Аңгыча колундагы телефонунан бир нерсени караганча Айдай кирип келди
--Айдай сүттү койгон соң карап турат да,телефонго алаксыбай?!
--Москвадан мамам чалды эле...
-Ал унчукпай барып,газдын үстүн жууп баштады.Мен да өз бөлмөмө чыгып кеттим.Залкарды ойготуп,чайын берип,жумушка жөнөдүк.
Түш убактысында кыларга иши жок желеге кирип,социалдык тармактардын биринде отуруп калдым.Капыстан уулумдун сүрөтү көзгө урунду.Ачып бирден барактай баштадым.Замандын жетишкендигин карагыла?Бул тармакта үйдө отурган келиниңди көзөмөлдөп, ал жөнүндө көбүрөөк маалымат билсең да болот экен.Ал жерде келинимдин укмуш сүрөттөрүн көрдүм.Жолук салып түшкөн,алып түшкөн,оозун чүйрүйтө түшкөн,уктап жатканы,уулумдун уктап жатканы...деги койчу баары укмуш.Ушундан көрө бир пайдалуу жумуш жасаса гана дейсиң
Ойлонуп отуруп,шаардагы курбума коңгуроо кылдым.Ал жайды,аны муну сүйлөшүп бүткөн соң кезек келиндерге келди
--Келинди жумшап коюп,төрдө отурасыңбы?
--Кайдан...
--Кызмат кылбай жатабы?..
--Айтсаң кылат.Шаарда эмне жумуш бар эле...
--Биз шаарда эмне жумуш бар эле деп жүрүп,бара бара келинге өзүбүз кызмат кылып калат окшойбуз..
--Сенин келиниң кандай?Тамак ашка жакшы эле бекен?
-Кызыл кылып куурулган картошка жегим келип жатат.Айтсамбы, айтбасамбы деп ойлонтам.
-Айта бер,билбесе үйрөтөсүн да жаш немени...
Мен унчукпадым. Ал менен дагы бир аз сүйлөшүп коштоштук.Кайра эле Айдайга чалдым.Бир топ гудок кеткенде уйкусурап телефонду көтөрдү
--Айдай,кечкиге кызыл кылып картошка кууруп коё аласыңбы?
--Сабизден салат да жасап коёмун
Айдай кыска эле жооп берди.
-Рахмат -Мен телефонду өчүрдүм.
Арадан эки саат өтүп,үйгө кетүүгө жарым сааттай убакыт калды эле.Компьтерди өчүрмөкчү болуп жаткам.келинимдин ашканадагы сүрөтү көзгө илинди.Ак фартук тагынып,чачын артына өткөрүп таштап алыптыр.Менин көзүмө сүрөт эмес,Айдайдын артында турган кызыл ак гүлү бар сыр кастрюль көрүндү......http: //[moderated]/group/54622242013196
Уландысы бар..

#7 12 February 2017 - 19:20
Заманбап келиндер
6-бөлүмү
-Мен жакшы көргөн,өзүм да аяп иштетпей жүргөн кастрюльга картошка кууруп жатат!
Мен Залкар отурган кабинетке кирип кирбей жатып сүйлөнүп кирдим.Залкар босого тарапка аркасын салып отургандыктан, анын алдында отурган кишини байкабай калыпмын.Алар экөө тең бери бурулуп мага тигиле карап калышты.Ал кишини биринчи жолу көрүшүм эле,
--Кечиресиздер, бөлмөдөн адашып башкага кирип алган окшойм.
Мен арсыз жылмая артка кетенчиктедим. Залкардын жүзүнөн күлкүсүн зорго тыйып турганы байкалды.
-Силерди эмне кылсам экен?Эки аял таймашып бизге тынчтык бербейт окшойсуңар! --Залкар мен отурган жерге кирип сөз баштады
--Жакшы азыр сөзүңдү таап кеттиң...Аялым болот деп кантип тааныштырам эми деп жаткам-Ал каткыра күлдү.Экөөбүз ээрчише сыртка чыгып үйгө жөнөдүк.
Үйгө кирип,көргөн көзүмө ишенбедим.Убагында бир тарелканы жылдырып койбогон уулум,бычак кармап,салат кылып жатыптыр
--Апа,келиниңиз даамдуу тамак жасады.Силерди күтүп отурганбыз.
Азат колу менен пиязды шыпылдата басып жатып сүйлөдү
"Маа"деп чакырганы,эркелеп сүйлөгөнү күндөн күнгө калып баратканына ичим тызылдай түштү"Ар бир эне баласы канча жашта болсо да , кичине кезиндей эркелеткенди ,бооруна кысканды кааласа керек.Кыз назик,боорукер болот.Кээде энесине бой таштап,эркелеп да,ыйлап да ала алат.Уул бала үйлөнгөндөн кийин бир кыйла эле алыстай түшкөм экен.Кайненелерди эми түшүнгөндөй болдум.
Баарыбыз кечки тамакка отурдук.Азат чоң идишке куурулган картошканы салып,үстүнө көп кылып көк чөптөн сееп коюптур.Он минутадай эч ким үн чыгарбай тамактанды .Пиязы капкара болуп күйүп кеткендиктен, тамакка да кычкыл даам берип жатты.
--Айдай ,казанга бышырбапсын да...
Мен биринчи жолу аны сындап сүйлөдүм
-Кечеги аштын кырмычыгы кырсам кетпей койду...
Залкар экөөбүз бири бирибизди тиктеп гана тим болдук.Тамактанып бүткөндөн кийин,баарын эс ала бергиле деп,ашканада өзүм калдым.Түбүнө картошка жабышып калган кастрюльду тазалап жууп,жогоруга алып койдум.Баарын кайрадан жыйнап ,өзүм кылгандай кылып оордуна койдум.Залкар жакшы тамактанбай уктап калды деп кабатырланып, бөлмөгө кирдим.
Биз аялдар ,бетибизге узун сызык бырыш түшүп,саамайлар агарып,дене келбетибиз өзгөрүп баратканда эле карылыктын алгачкы көрүнүштөрүн сезип,кабатырга түшөбүз. Эми мурункудай жаш,сулуу болбой калсак сүйүктүүбүз таштап,же жаш кыздарга кетет деп ойлойбуз.Бирок, эркектер деле карылыкты аялдардай оор кабыл алат экен.Майкачан күзгүнүн астында турган Залкарды карап турдум.Мени байкабады көрүнөт,колдорун кыймылдатып, булчуңдарын кармап койду.Күзгүгө жакын келип,бешенесиндеги бырыштарды ,бир аз агарган чачын карады.Кече эле күчкө толуп,ташты да жарууга даяр турган эркек,бир аз күчтөн тайып,оордун кийинки жаш муундарга бошотуп берип жаткандай ,көздөрү муңдуу эле..Аны барып кучактап," Мен үчүн,дүйнөдөгү эң күчтүү,эң жароокер,эң сулуу,эң татыктуу,чыныгы эркек "экенин айткым келди.Бирок кандайдыр бир күч токтоткондой, артка кетенчиктедим. Эшикти билдирбей жаап ашканага чыгып кеттим.
Менимче,бизге орто курактагы кризис келди окшойт...Айрыкча мен өзүмдү бир аз керексиз сезип кеткендей болдум.Жалгыз уулум болгон үчүнбү,ага ашыкча кам көрүп үйрөнүп калыпмын.Ал кече эле эркелеген жаш бала эле да...Бөлмөсүнө кирип уйкудан ойготкондо ,беш алты жаш курагындай эркелеп,жуурканга көмүлө жатып алчу.Эми анын бөлмөсүнө да уруксат менен кирип калдым.Мага бул көрүнүшкө көнүү үчүн бир топ эле убакыт керек болот...
Аялдар дүйнөнү кооздукка бөлөп,баарына жылуулук,мээрим чачып турабыз.А эркектер тескерисинче ,ошол мээримди,жылуулукту аялдан күн санап алгылары келет. Өздөрүн сүйүктүү, керектүү , күчтүү экенин сезгиси келет.Келин алып,кыз берген кезде биз көйгөйлөр менен алаксып,жакын адамыбызга анча көңүл бөлбөй калабыз.Негедир аларды,"Келиндин себи кандай экени,кызга канча төшөк бериш керектиги" ,кызыктырат деп ойлоп,күнү эле эмес,түнү да ошол жөнүндө айта беребиз.
Курбуларымдын көбүнүн күйөөлөрү ошол келин алып,кыз берген куракта,башка аял күтүп алышкан....Залкар күзгүгө каранып эмне жөнүндө ойлонгону,эмнеге жаш жигиттердей булчуңдарын чыгарып ,денесин караганы мен үчүн табышмак болуп турду...
Жашоо кызык.Бирок адамзат эмнеге жашап жатканыбызды билбейбиз.Сүйүшүп, күйүшүп үйлөнгөн жаш жубайлар,ашып кетсе он жылдай көңүлдү жашайбыз.Наристе бөбөктөр төрөлөт.Алардын биринчи күлкүсү,басканы, сүйлөгөнү,мектептин босогосун аттаганы чоң бакыт эмеспи ар бир ата эне үчүн.Бала чоңоюп,чоңдорго аралашып баштаганда, жомоктогудай жашоодон чыгып баштайбыз.Жаштыгыбыз, күчүбүз барында иштеп,балдарды бутка тургузалы деп ,бири бирибизге деле анча көңүл бурбаган учурлар болот.Бирок ошол жаштык менен кошо,таттуу кыялдар,тунук махабат өчүп,ыссык денелер муздап бараткандай сезилет.Бири бирине көнүп калгандыктан, жалгыз жашоону элестете да алышпайт,ошондой эле чогуу жашоо да жалындуу эмес.Балдарды уядан учургандан кийин,алар ошол эле уяда эч өзгөрүүсүз күнүмдүк жашоо кечирип калышат,же эркектер башка,жаңы,жылуу ,эч жеринен шамал өтпөгөн,кагылып согулбаган уя тандайт.Бул жашоо...
Аял назик,эркектер аялдын көңүлүн оорутпай, ,аярлап,эркелетип, кам көрүүсү керек деп ойлойбуз.Бирок, эркектердин дене түзүлүшү эле айырмаланбаса ,жүрөгү биздикиндей эле болсо керек.Алар деле ооруйт,ыйлайт, ааламдан өтөт...Бизге эле окшош.Бизге канчалык мээрим,жылуулук керек болсо,аларга да ошончолук керек.Көпчүлүк аялдар,бара бара өздөрү көңүл бурбай,кайра ошол көңүлдү эркектерден талап кылат.Менимче эки жактан бирдей жылуулук барса,бирөөсү башка жактан издебесе керек...
Бүгүн эмнеге мындай философиялык ой жүгүртүп калганыма таң калдым.Азат менен болуп,көптөн бери Залкарга көңүл бөлбөй калганымды сездим.Жаштарды өз жайына коёюн,азырынча үй жумуштарына да,тамак ашка да күчүм жетет,Айдай деле эртең төрөсө үйрөнүп кетет деп ойлодум.Күндө эле Залкарга ,шыпыргыны туура эмес койду,табакты тескери көмкөрдү деп айта берсем да үйдөн качаары турган кеп эле.Өзүмдөн бир топ жашка кичүү кыз менен айтышып,кадыр баркымды да кетиргим келбеди.Негедир азыркы жаштар баарын билебиз деп ойлошот.Бирок интернетке жазган адам,ошол жазганын көзү менен көрүп,колу менен жасаган.Окуп койсоң эле жашоо жөнүндө толук түшүнүк ала албайсың .
Жашоо узун жол.Адам өмүрүнүн аягына чейин ошол жолду жылаңаяк буту менен басып өтөт.Кимдин жолунда көп таштар,тикендер болсо,алар өздөрүнөн кийинкилерге, ошол таш тикендин киргендеги оорусун эстеп,ошону баспаса экен деп,туура жол көргөзүп кеп кеңешин айтат. Көпчүлүк аны түшүнбөйт деп ойлойм.Мисалы Айдай.Ага эч кандай кеңештин кереги жок.Маанилүү нерсе жөнүндө айтып түшүндүрүүгө аракет кылып баштаганда эле,жактырбагандай, кашын серпип баштайт.Менимче бул жаш келин үчүн эң терс сапаттардын бири.
Түн бир оокумда Залкардын жылуу кучагына кирип жаттым.Бери оодарылган Залкар жылуу кучагы менен кыса кучактап,көзүмдөн өөп койду. Түбөлүккө бирөөнүкү болгон кандай жакшы!-деп ойлоп ширин уйкуга кеттим.
********************************
Күндөр күнгө алмашып,анча мынчада казан аяк кагышып жатып ,кыш өтүп жаз айы келип калды.Айдай айы күнүнө жетип баратат.Эмне болсо да мейли,неберебиз аман соо жарык дүйнөгө келсин деп тиленип калдык.Азат мен айткандай эле үй бүлөөлүк жашоонун кызыгынан чыга баштады.Кээде келсе кээде келбейт.Досторунун арасында жалгыз менин уулум гана үйлөнгөн.Албетте аларга суктанат да.Айдай деле Азатка анчалык сүйүүсү жанганын байкабадым. Экөө тең жаш турмуш кургандыктан, экөөнүн айырмасы бир жаш болгондуктан, Айдай да кээде Азатка окшоп, оюн күлкүгө баргысы келет эле.
Айдай айы күнүнө жетип,уулду болду.Бирок бул кубанычка,алар эмес,биз көбүрөөк кубангандай сезилди.Кичинекей ымыркайды колума алганда,жашоом жаңыдан башталып,жаштыгым кайтып келгендей болдум.Атасына окшош экен.Үч күндөн кийин үйгө алып келдик.Залкар экөөбүз тең бирибизден бирибиз талашып ,кичинекей Байзаттын ууз денесинен жыттап жаттык.Азатка уйкаш болсун деп,Байзат деп атадык.Бирок менин жүрөгүмдү ооруткан нерсе,Айдайдын балага анча мээрими жок эле...Түн ичинде Байзаттын ыңаалаган үнү чыкканда эле оордумдан турам.Коридордо ары бери басып,акыры чыдабай,алардын бөлмөсүнө баш багам.Телефонду караган Айдай,эмчегин салып коюп,бешикти катуу силкилдете тербетип жаткан болот.Мен өзүбүздүн бөлмөгө алып барам,сен эс ал дейм.Ал каршы болбойт.Мен болсо жүрөгүмдө оор таш бардай үшкүрүнүп алам,ага билгизбей.Келиним мейли жаман болсун,колунан эч нерсе келбесин,эмне болсо дагы,ал менин неберемдин энеси эле...Мен кичинекей Байзаттын энесиз өсүшүн каалабайм.Айдайдын кареги менен тең айланып,төрөттөн кийин өзүнө келе албай жатат,бир аз убакыт өтүп,анан энелик мээрими пайда болот деп ойлодум.Кээ бир энелер балдарына бара бара тартылат деп окуган элем.А Азат болсо өзү жаш бала эле...
Байзаттын кыркы чыккан убакта,Орусиядан Айдайдын ата энеси келишти.Биз үйгө чакырганыбызга да көнбөй,өзүңөр келип конок болуп,кызыбызды калтырып кетесиңер бир топ күнгө деп чакырышты.Азат бир айга башка шаарга практикага кеткендиктен, өзүбүз бармай болдук.
Төрт саат жол жүрүп,алардын айылына кирип бардык.Эч кандай өзгөчөлүгү жок кадимки эле айыл.Дарбазасы күрөң түскө боёлуп,айланасы жапыз болуп тосулган үйдүн астына келип токтодук.Ичкериден орто бойлуу,сары жүздүү,бир караган адамга ак көңүл маңдайы жарык,колундагы бар нерсесин кармата коё турган, киши чыгып тосуп алды.Айдайды кучактап өпкөндө эле анын атасы экенин байкадым.Залкар менен кучакташа көрүшүп,мени менен да жылуу учурашты.Жөнөкөй, жакшы адам экен.Ичкериге кирдик.Эшиктин асты кең болгону менен көптөн бери адам жашабагандай кумсарып турду.Бирөөнүн үйүнө киргенде сырттан эркегине,ичкериден аялга баа берет эмеспизби,булардын экөөнө тең анча баа бере албадым.Балким көп жылдан бери чет жакта жүргөнгөбү. ..
Айдайдын апасы чыкты.Баарыбыз менен учурашып,ичкериге баштап кирди.Бою узун,толук келген аял экен.Кашын кара калем менен керме каш кылып боёп алганы анча жакпай турду.Дасторконго отуруп бата кылгандай кийин,чай куйуп баштады.Түкүрүгүн чачырата балпаңдап сүйлөп баштаганда эле,чайга табитим тартпай баратты эле,пиаланын ичин колун түкүрүктөп аарчып койгондо Залкар экөөбүз тең тамагыбызды оңдоп алдык.Эки бутун эки тарапка кере бүктөп ,үч адам отурган жерди ээлеп отурган аялды,бир сыйра баштан аяк сындай карап койдум.Дүйнөдө ар кыл аялдар бар экен.Чай ичпедик.Биз үйдө көбүнчө суу ичебиз,ден соолукка пайдалуу деп кутулдук.Айдай көрүнбөдү.Залкар атасын чакырып,сыртка чыгып кетишти.Биз алып келген койду ичкериге алып киришип,сойгонго даярдап жатышты.Аңгыча төрт беш аял эркек келишип,шарактап кече тойго айланып кетти.Айдайдын ата энеси экөө тең ичимдикке жакын кишилер экен.Байзатты бир көргөндө эле колго алып коюшбаса,кийин кармаган жок.Турмуштан ажыраган эки кызынын балдары бар экен.Бир кыйла отуруп,сый көрүп бүткөндөн кийин биз үйгө аттандык.Айдай неберем экөө калышты.Жол бою Залкар экөөбүз үн катпай бүгүнкү окуяларды эстеп бараттык.
Мен ойлогом,Айдайдын ата энеси,эл катары той кылгыла деп айтат деп.Ага деле даяр турат элек.Бирок алар эч нерсе сурабады . Көптөн бери катташып жүргөндөй эле мамиле түзүп отурушту.
Окуу жылы аяктап,эгзамендер башталган кез эле.Азат таң эрте кетип,кеч киргенде келип жүрдү.Байзаттын күлкүсү ,кылыктары чыгып баштагандыктан биз ал менен алаксып,беркилерге анча көңүл бурбай калдык.Байзат апасына барса ыйлайт.Мага жакын.Андайда Айдай кайра сүйүнүп мага берип,интернетке кирип кетет.
--Апа ,ата биз Москвага барып иштеп келебиз..
Кечки тамактын үстүндө сөз баштаган Азаттын оозун карап,Залкар экөөбүз катып калдык
-Кимдер биз?
--Айдай экөөбүз ..
-Байзатчы?
--Апа сизге жакшы көнүп калды го,..биз да эл катары иштеп келсек эмне болуптур..Чоңураак машина алабыз..
Айдай сөзгө кошулду
-Эл жер көрүп дегендей...
Мен эмне деп айтаарымды билбедим.Залкардын оозун карайм,же ал унчукпайт.Бир топко ойлонгон Залкар сөз баштады
--Азат уулум,сен өз алдыңча акча табам дегениң жакшы,бирок бул жерде деле иштесең болмок.Москвага эмес,Сургутка баргыла.Менин жакшы досум тиш даарылай турган клиника ачкан.Ошол менен келишип ,сени жумушка алдырам.Окууң да бүтө берет.
Азат Айдайды эмне дейсиң дегендей карады.Бир аздан кийин экөө макул болуп,барабыз дешти.Анда даярдана бергиле деген Залкар оордунан туруп,бөлмөгө кирип кетти
-Байзат эмне болот?--анын артынан кирип жанына отурдум
--Байзатка өзүң эне болосуң...Айдай го көнүп калган,уулуң чыдабайт.Даяр тамакка көнгөн бала андай жашоого чыдай албайт.Бул жерде кеңири чапкылап жатат,бөтөн элдеги жашоону да көрүп келсин..Байзат эс тартканда энесине керек эмес экенин сездиргим келбейт...Башка өлкөдө бир аз жашап көрүшсүн.Алыста сагынып мээрими ойгоноор...http: //[moderated]/group/54622242013196

#8 12 February 2017 - 19:21
Заманбап келиндер .....7-акыркы бөлүмү
Кээде туруп заман кайда баратат деп ойлойм.Биздин чоң энелерибиз, апаларыбыз,аталарыбыз бактылуу карылыкты көрүп,сый урматта төрүбүздө отурушат.А бизди кандай карылык күтөт болду экен?Балким биз карыганда ,ыссык чайды кандайдыр бир европалыктар ойлоп тапкан робот берип жүрбөсүн?.Келин кыздарыбыз биз көргөн күндү көрбөгөнүнө, биз жасаган иштерди кылбаганына кубанабыз,бирок баарибир күндөн күнгө илим техниканын өнүккөнү өкүнүчтүү... Адамдын мээримин,жылуулугун сезбей калабызбы деп корком.
-Ата биз Сургутка барбайбыз,Москвага эле барабыз.Сургутта аба ырайы суук,келиниңиз ал жакка көнө албайт.
-А сен Москвада эмне жумуш кыласың?
Эрте менен ата баланын маеги ушинтип башталды.Байзатты кучагыма кысып,сүтүн берип отургам,унчукпадым. Ата баланын сөзүнө кийлигишким келбеди.
-Официант болуп иштеген досторум бар.,
-Хм,менин уулум официант болуп иштейт бекен...
Колундагы китебине үңүлүп отурган Залкар мыскылдап жаткандай сүйлөдү
-Байзатты да алып кетесиңерби?
Мен эмне дейт экен деп Айдайга суроо бердим
-Апа ,ал жакта кыйналабыз го бала менен,сиз карап турсаңыз акча салабыз да ,.--Айдай чай куйуп жатып жооп берди
-Азаттын окуусу эмне болот?
-Атам сүйлөшүп коёт да!
Ар дайым атасына ишенген Азат бул жолу да ишенимдүү үн катты
Биз эмне дейт элек?Азыр жаштардын айтканынан кайтарыш кыйын экен .Анын үстүнө Залкар экөөбүз тең жаш эмеспизби?Менин неберемди карап алганы алы күчүм жетет.Азырынча мейли,булар айткандай болуп турсун,кийин убакыт көрсөтөт.
Азатты жөнөткүсү келбей кыйылып турган Залкар,менин сөзүмө эле макул болду. Экөөнү ээрчитип барып билет алып берип,үч күндөн кийин Москвага узаттык.
***
Москва келгиндердин шаары...Бакыт ,акча,бийлик, жыргал жашоо издеп келгендердин шаары.Ал шаарда күндүн жанынан жылуу орун алуу үчүн бири биринен өтүүгө,бири бирин түртүүгө даяр турушат.Ал жерге максатсыз келген адам аз.Албетте туристерден башка.Алар деле Кремльди көргөнү келишсе керек.
Ар бир адам ал шаарга бараарда бир нерсени максат кылып,ошону көздөп барат.Алар ошол максатка жеткиче жанын үрөп,убакытка, оорууга алдырбай,баш бербей кыймылда болушат.Ал шаарга иштер менен кээ кээде барып турам.Москва уктабайт.Күнү түнү жашоо айланып турат.Метрого түшсөң эрте кеч элдин көптүгүнөн башың айланат.Адам эмес эле робот болуп калышкандай. ..Бир топ ары баратса,бир топ бери басышат.Баарынын көздөрү айнек сымал.Бопбош. Эч нерсе окуй албайсың . Бирөө бирөөгө көңүл бөлбөйт.Өздөрүнүн ойлору менен алек.Жергиликтүү эл,эптеп күн кечтеп үйгө кайтсам деп ойлошоттур, келгиндер качан ,кайсы күнү Мекенибизге кайтабыз деп ойлошот,же качан күз,жаз,кыш келет экен дешсе керек...Кызыксыз ,кунарсыз жашоонун да аягы болот эмеспи...
Турмуш аты айтып тургандай эле,Тур-Муш жейсиң.!Жаштар эмнеге шашылат түшүнбөймүн. Турмуш бир бетиңе урса,экинчи бетиңди тосуш керек . Ошондо анын соккусун чыдамдуулук менен жеңип,татыктуу жашоого жетишесин.Азыркы эркектер да,аялдар да ,турмуш бир бетине урганда эле артка карай кадам шилтешет.Экинчи бетин тосконду аз эле адам ойлойт.Калгандары жанын ооруткусу келбейт .
Турмуштан ажыраган, жыйырма үч жашка чейинки,кээ бир келиндерди көрдүм.Баары эле көрсө керек.Алар көп да.Сулуулук, жаштык,түрлүү түрлүү кийимдер,акча, эркиндик ,аларда баары бар.Жашоо ушулар менен гана чектелген деп ойлошот.Алар менимче он жылдан кийинки жашоосун Анджелина Джолиникиндей элестетишет. Сүйүктүү жолдошу,таттуу бөбөктөр,заңгыраган ак өргө,чет элдик машиналар... Кыялында жашаган үчүн,аларга жөнөкөй жигитке турмушка чыгып,мээримдүү эне,сүйүктүү жар болуп айылда отурган кызыксыз. Алар өздөрү акча таап,баарына жетишем ,келечек менин колумда деп ойлошот.Бирок мээде эч нерсе жок болсо,акчанын оордун табыш кыйын экендигин билишпейт.Айдай да ошондой аял затынын катарына кирет эле.Жалгыз эрке келин болуп,үйдө отурган ага жакпады.Көнгөн Москвасына барып,мурдагыдай акча кармап,кенен жүргүсү келди.Эгер Азаттын жашы бир топ улуу болгондо,экөө эч кайда барбай,бактылуу жашап калышмак.Уулум өзү жаш бала да....
***
Арадан бир ай эмес, бир жыл өтүптүр...Кээде күзгүдөн жүзүмө тигилип,өзүмө өзүм кайгылуу көздөрүм менен жылмайып аламын.Капкара чачымда бир эки ак чач болсо,эми саамайым билинбей эле агара баштагансыды. Көзүмдүн асты бир аз карайып,чарчаганым жүзүмө чыгып тургандай.Ананчы? Жаңы төрөлгөн баланы ,эмчектин сүтүсүз бир жашка чыгаруу да оңой иш эмес экен.Бирок эми гана оордуна тик туруп,каз каз басууга даяр болуп калган Байзатты көрүп,уйкусуз түндөрүм,кыйналган күндөрүм эсимден чыгат.Залкар экөөбүз үчүн бакыттын кушу жаңыдан конгондой... Башта ,кээде сүйлөшөөргө сөз таппай калсак,азыр сөзүбүз,күлкүбүз түгөнбөйт.Албетте неберебиз жөнүндө!Анын күлкүсү,кыймылы, кылыктары,деги койчу баары баары бизди айтып бүткүс керемет бакытка бөлөйт.Баарын унуттурат.Азатты гана ойлоп кээде кабатыр болбосок,Айдайды эстебейбиз .Алар өздөрү бир айда бир коңгуроо кылып коюшат.
--Маам,мен жакында барам!
Эрте менен шыңгыраган телефонду көтөргөндө эле Азаттын үнү угулду.Жылмайып алдым."маам" деген сөздү көптөн бери уга элек элем.
-Айдайчы?
Кече эле телефондон сүйлөшкөнбүз. Уулум бир нерседен кабатыр болуп тургандай сууз сүйлөгөн эле
--Биз көптөн бери чогуу жашабайбыз. Кече кийимдерине келгенде силерге чалганбыз.Ал Туркияга кетип жатат.Түрккө турмушка чыгат экен.
Эч нерсе болбогондой жай сүйлөшүп жаткан уулума таң калдым
--Сенчи?Байзатчы? Байзатты алып кетет бекен?
Мен неберем үчүн чоочулап турдум.Аны азыр эле бирөө кучагымдан жулуп качып кете тургансып боорума кыстым
-Байзатты талашпайм деп тил кат жаздырып алдым.Кыргызстанга бир айдан кийин келет.Ошондо загсты кыркабыз..... ..Азат көпкө унчукпай ойлонуп туруп калды.Менин жүрөгүм сайгылашып кетти.Уулума боорум ооруду.
--Мааам...
-Мммм-мен бул сөздөн кийин сөзсүз бир нерсени сунуш кылат го деп ойлоп турдум
--Мен үйлөнөм!Ал жакшы,көрөсүз го сизге жагат!Биз болгону кеч жолуктук да!!
Азат жалынычтуу үнү менен кайрылды
--Чачы сары эмеспи?
-Жок капкара
-Селфиге түшкөндү жактырат бекен?
--Азыр баары эле түшөт го апа!--Азат күлдү
--Ал китеп окуйт ...
--Качан келесиңер?
--Жакында апа жакында!
Мен телефонду өчүрүп көпкө чейин жылмайып жүрдүм.Жашоо кызык ээ?Ажырашса эле болду.Аял да,эркек да даяр.Жакын эле курбум,уулун ажыратып,бир ай өтпөй үйлөп койгондо таң калган элек.Эми ошол нерсе өз башыма келип отурат.Азыркы жашоодо бирөөгө таңыркаштын деле кереги жок.Башкалардын башына түшкөн түйшүк,бат эле өз башыңа келип калат.
Арадан бир жума өтүп өтпөй,эрте мененки саат беш алтыларда эшиктин коңгуроосу узакка кагылды.Залкар экөөбүз сен ач,мен ач болуп жатып,ал туруп ачканы чыкты
--Гүлжан,коноктор келди!--ким болду экен деп тыңшап жаткам.Сырттан Залкардын үнү угулду.Оордумдан туруп,жеңил халатты үстүмө жаап сыртка чыктым.
Уулум кучагыма бой таштап ,беттеримден өөп жатты.Бою өсүп,бир аз денесине толуп,токтонуп калыптыр.
--Таксиде келиниңиз отурат.Биринчи сиздерди ойготуп,анан алып кирейин дедим.
Бул жолу көңүм жай эле.Оюмда эч кандай терс ойлор болбоду
--Тезиреек чыгып алып кир,аны сыртка койбой өзүң менен алып келсең,биз бир нерсе демек белек?
Азат чыгып кеткенден кийин,Залкар экөөбүз шашыла үй кийимдерибизди кийдик.Сандыктын эң төрүндө турган үлпүлдөк жолукту сууруп алдым.
Босогону аттаганда эле,уялыңкы жер тиктеп турган кара тору кызга ичим жылып турду.Саламдашып, ичкериге киргиздик.Башына жолукту салып,бетинен өөп койдум.Жылмайганда чыккан уячасы анын сулуулугуна сулуулук кошуп турат экен.Аңгыча ичкериден Байзаттын ыйлаган үнү угулду.Азат шашыла басып кирип,уулун колуна көтөрүп чыкты.Жарыка чыккан Байзат көздөрүн укалап,эки жакты кызыга карады.Кучагын жайып жылмая караган жаш келинге Байзат да бой таштады.Алар көптөн бери көрбөй сагынып калган эне баладай бири биринин мойнунан искеп турушту.Бул көрүнүшкө Залкар экөөбүз тең кубанып,ичтен ыраазы болдук.
***
Учурда Азат шаарда чакан клиника ачып,тиш дарылайт.Келиним Кундуздун биринчи турмушунан кызы бар.Биз менен чогуу жашайт.Алдырып алганбыз.Сеники, меники дебестен неберелерибиздин баарын бирдей жакшы көрөбүз.Асема менен Байзат биринчи класска барышат.Бир туугандай дайыма ээрчишип жүрүшөт.Кундуз дагы деле ошол биринчи келген күндөгүдөй жылмайганы жүзүнөн кетпейт.Анын уячасын Залкар экөөбүз тең жактыра карайбыз.Ал дагы кош бойлуу.Үчүнчү неберебизди күтүп жатабыз.Кудааларыбыз узаакта жашагандыктан, эки үч айда бир келип,же биз барып турабыз.
Айдай ошондо бир келип,официалдуу түрдө ажырашып кеткенден бери кабар жок.Туркияга кеткени эле маалым,эмне болгонун эч ким билбейт. Ата энеси небересине келген жок.Биз да эстебедик.
Жашоо ар кыл кырдаалдарга карап эмес,адамдарга карап өзгөрөт экен.Аз эле убакытта биздин үй бүлөдө күтүлбөгөн, түшкө кирбеген окуялар болуп кетти.Эң негизгиси азыркы жаштардын талабына ылайыктуу кайын эне болгонду үйрөндүм.Анча мынча кемчиликтерге көз жумуп коём.
Заманбап келиндердин жашоосуна,өзүмдүн келиндик доорумду,жана башка ошол кездеги мен курактуу келиндерди теңей албаймын. Ал башка заман,азыр башка заман.Азыркы келиндердин, дили таза,тили ширин,мүнөзү жумшак , мээримдүү болсо эле жетиштүү экен.Калган үй жумуштарын техника жасайт.Балким мен айткандай биз карыгыча келиндин кызматын аткара турган робот чыгып калаар...Интернет менен алаксып отурган келин кыздарыбызга калакыт бербей,жумшак отургучта отуруп алып,пульт менен үй кызматчы роботту жумшап калсак экен.......http:/ /[moderated]/group/54622242013196
Аягы...

#9 12 February 2017 - 21:22
Аябай соонун жазылганго Азыркы замандын келиндери
Сабак боло турган жери да бар экен.Авторго рахмат, бул жака кочургондорго да ырааазычылыык! !

#12 15 February 2017 - 22:04
Келиндер биз учун тема экен,интернет жонундо жазылган жерлерди окуп,озумо салыштырып уялдым.
#14 17 February 2017 - 13:35
Сонун жазылыптыр ээ.Окуп жатып апамды (кайненемди)эстедим.
Ичимден аяп кеттим байкушумду
#15 18 February 2017 - 20:55
Тарбиялык мааниси сонун чыгарма экен,аябай жакты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#16 19 February 2017 - 10:28
Сонун экен тим эле таппасан сыйпалап кал тарбиянын баары ушу жерде экен
Интернетеги келиндерден тажап журдум эле кантип тушундурууну билбейм

Супер-Инфо
super.kg
видео