Анан
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#123 22 March 2017 - 10:06
Жолдошумун иши мурункудан да жүрүшө баштады чек алган элек экинчи баламы төрөгөндө, эми этаждагы үйдү сатып ошол жерге там салмакчы болдук фундаменти даяр. Кышта сатып жаз алды менен батирге чыктык, батирдин жашоосун жакшы түшүнөм убагында батир издеп жайдын аптаптуу күндөрүндө суусап бирөөлөрдүн үйүн тыкылдатып суу сурап ичеер элек. Азыр балдарым эч качан бирөөнүн эшигин тыкылдатып суу сурабайт апа холодный чай алперин или же сок дешет. Буларды карап ушундай балалык буйруганына сүйүнүп атасы экөөбүздүн өмүрүбүз узун болуп ушул бала чакабыздын маңдайында чогуу бирге болойлу, балдарымдын да өмүрү узуун ден соолугу чың болуп бири-бирибиздин пешенебизге аман болойлу деп тилеп келем. Уста бакмайым башталды колумдагы кызым кичинекей, өзүмүн үйүм үчүн эмнеге кыйналмак элем, кайра шүгүр кылып жаттым усталар до ключа 2015 октябрьда кирип каласыңар деди, 6комната жер үй салдык. Балдарым жайкы каникулга чыкканда айылга жиберип ийгиле дептир кайнатамдар мен жөнөтпөй койдум колдогу келин кыйналбасын дедим илгери апам да авысын кайнежелеринин балдарын бакчу экен кичине шоктук кылып урушуп койсо батырбады дешчү экен. Ошону ойлондум өзүнүн балдары деле жетишет, жайдын күнү эшикте деле ойной беришет бирок тамак ашы бар идиш жууйт, төшөгүн салат. Байкуш мага окшоп кенири жатып да уктай албайт, уктап калса кайната кайненемин чайын ким берет үйдө келди кетти кеп айтор Айпери тикесинен тик туруп кызматта. Айпери бир күн эле саат 10го чейин уктап койсунчу, кайненем саат 10го чейин уктайт деп атака кылып жибербейби.
А мен балдарымы мектепке жолдошуму ишке жөнөтүп түшкө чейин уктай берем каалаган убакта турам кой деер кожо жок. Ар дайым Айперини апама салыштырып келем, байкуш ажырашып кетсе да үйгө ээ боло албайт анткени үй кайнатамын наамында, а мени бир нерсе кылчудай болсо 4бала менен үйдүн жарымынан көбүн алып алам ал закондо бар.
#124 22 March 2017 - 10:26
Өзүмүн апам базарга чыгып жатты, биз шаардын дал центринде турабыз зеериккенде эле коляскага кызымы салып жөнөп калам. Эки чоңум мектепке барып калышкан үчүнчүм садикке барат. Инимин айлыгы 20-22 мин, Кыргызстанда ушунча айлык болот деп Рос кетирбей койдук,кредит алып үйдү кеңейтип варота койдуруп апамдар өздөрүнүн стройкасы менен алек.
#125 22 March 2017 - 10:37
Ииий жакшы жакшы коз тийбесин.Мен дагы ошол ссериалды коргом и Айлин аябай жагат.Буюрса мен да кыз торосом ААйлин коем деп даярданып атам.кайын синдиме Айлин деп мен коюм деп сен айт э деп азыр эле айта берем
#126 22 March 2017 - 11:20
Апам менен ар дайым жолугушканда үйүндөгү колдогу келинди кордобогула,
даяр үйдө калат дебегиле сен чоң келинсин кайненеден кийин эле көп нерсе сенде зависит этет. Ал келинди мен өзүмө окшоштурам болгону анда кайнеже жок экен, мен кайнежелеримин балдарына кичине катыгырак сүйлөп койсом кыялы жаман батырбай атат дешет эле. Сен да балдарыңы шагыратып ал жакка жибере бербе келин кыйналат, бала барыбир бала шоктонот, жыйнаган жерин пытыратат өзүнүн балдарын кайната кайненени күйөөсүн кошуп бир үйдүн тирилигин титиретип жатат, сен шүгүр де күйөөн кечке иште каалаган жагына барасын, каалаганда уктап каалаганда турасын деп акылыма акыл кошуп турат.
Ошентип үйүбүз да бүтүп жатты, күйөөм за границага чыгып кирип иштейт иши ошол. Мунусунда бензинди Россиянын бир шаарынан алып келебиз деп кетти. Усталарга тамагынын акчасын чыгарып берип кеттим
Ошентип үйүбүз да бүтүп жатты, күйөөм за границага чыгып кирип иштейт иши ошол. Мунусунда бензинди Россиянын бир шаарынан алып келебиз деп кетти. Усталарга тамагынын акчасын чыгарып берип кеттим
#127 22 March 2017 - 11:32
Кубаныч кошо көз салганча жардам берип турат. Сен балдарды алып айылга барып жүрүп кел деди. Макул болуп айылга жөнөп кеттим. Барсам келиним атканадагы малдын кыктарын тазалап шыпырып атыптыр эгиздери эшикте ойноп жүрөт, уулун кайненем алып бели ката элек 3 айлык наристени эки жагын жөлөп отургузуп койуп өзү уктап кетиптир. Кандайсыңар деп учурашып ой неге отургузуп койдуңар бели талып калат деп колума ала койдум. Айпери менен учурашып отургузба балаңы десем апам ачуусу келип атам да сүйлөндү биз ушинтип эле бакканбыз дешти деди. Келиним чай растаганы чыгып кетти кайненем 3айлык балага озү жеген тамактан чайнап берип жатты, ой апа бербеңиз ашказаны жок бунун али десем э апасы иш кылыш керек да ыйласа эмизиш керек колун байлайт, ошого өзөк жалгап турсун деп берип койом эч нерсе болбойт деп койду. Мага да чоң энем ушинтип бере берчү экен жаштайыман ашказаным ооруйт ар күздө ар жаз алды менен курс леченье алам. Кеткиче бир нерсе ойлоп табаармын деп ал күнү унчукпадым
#129 22 March 2017 - 12:17
Балдарым жыргап эле калышты кой эчкинин аркасынан кубалап ойноп,үйдү келиним таптаза кылып жыйнап койот экинчи балам буту менен кирип келе жатат баарын эшикке кууп чыктым. Кыш эмес го азыр жай эшикте ойной бергиле чак түштө тихий час болот дедим. Баласын колума алып алдым кызыма кошуп, апама калтырганда эмизип курсагын тойгузуп бешикке бөлөп кет, уйкусу келбесе көтөрүп чыгып кет бала сага керек деп үйрөтүп жаттым эч нерсе жедирбе берип жатышса койун деп эле айт дедим. И так эле ушунча кызмат кылсан деле сен жамансын буларга дедим. Жене сиз болбосоңуз эмне кылат элем, ушундай авысыным бар экенине шүгүр женем эмес менин эжемсиз дейт байкушум. Мен да аны аябай жакшы көрөм келиним эмес сиңдимдей көрөм. Кайненеми айылдап келин деп кошуна айылдагы сиңдисиникине таштап келдим, сиңдиси да болбойт жүрүп кетсин деп ошентип 3-4 күнгө калды. Айпери уктап эс алып ал дедим эч кам санаба үйдү өзүм тазалайм балдарың менен уктап ал дедим же бизге окшоп паркты билишпесе айылда же кино театр же филармония жок, байкуш төрт дубалдын ортосундагы эле кул.
4-күн дегенде кайненем келди, кайнатамы балдарды карап тамак ашын берип турдум кайнатам малга чыгып кетет кайним шаарга кеткен биздин чекке. Мал кайнатама калды Айперинин уктап жатканын байкаган деле көргөн деле жок. Жене уйкум сонун каныптыр келин болуп келгенимен бери мындай уктай элек элем. Апамдар көлгө кеткенде ушундай уктагам деп күлүп калды. Кайненем келгенде Айперини болушунча мактадым, кылган иштерин өзүм кылып койгон иштеримен бери айтып, жаман келиндердин кылыгын айтып алардан Айпери өлсө өлүгү артык деп жаттым кайненем да башын ийкеп унчукпай калды. Билсин дедим мээнетин.

#133 22 March 2017 - 13:04
Кудай сага боору ооруп, айдын жарымын жарык кылыптыр. Ушундай темпте уланып, турмушуңда караңгы күндөрдү көрбөшүңө тилектешмин!
Бактылуу бол!
#136 22 March 2017 - 14:14
Кайненелерге бир нерсе десен эле биз мынча баланы тууп чоңойтуп койгонбуз дешет, кандай болгон күндө дагы баланы өзүнүн энесинен артык эч ким карай албайт.
Айпери байкуш дээрлик бардык жумушту кылат өзү да таза бирок сөз келгенде сүйлөп койот, ким жок жерден күнөөлү болуп калгысы келсин, сен келип үйдө уруш талаш көбөйүп кетти дептир кайненем. Уруш талашты өзү баштаганы менен иши жок. Сен келе электе эле ават жашады дейсиңби адамдар кызык эле эми анда үйдө келиндер жок эле, чалы бала чакасы менен ошондой жашайт да. Келин келсе өздөрү артынан кууп уруш тилеп алышып анан мурунку жашоолорун айтышат дедим. Анын сөздөрүн көңүлүңө алып кыжаалат болбо дедим, сенин ден соолугун өзүнөн дагы балдарыңа керек өзүңдү этият кыл оорукчан болуп калба дедим.
Кайненем сүйлөнөт ии биздин убакта памперс жок эле, кир машина жок колго жууйт элек кирди азыркы келиндерге жыргал. Эки пиала эки гердим менен бөлүнүп чыгып ушунун баарына атаңар экөөбүз жетиштик деп. За то кулак мээңер тынч болгон, өзүнөр каалаган жакка басып каалаганча жашагансынар. Артынан сайгылап турган кайнене кайната болбогон анан күйөөң менен тирилик кыла бересиңда деген адам жок. А келиним бир жакка баса албайт бирөөнүн үйүнө барып да отуруп келе албайт колу тийбейт, кайната кайнененин 4маал чайын берет, бала чакасын карайт күйөөсүн кошо эшик элик кеңири аларды шыпырып тазалайт үйдүн башын жыйнап бүткүчө кайра аягы пытырайт, келди -кетти көп. 2 жума жүрүп тамак өзүм жасайм сен кирип эс алып ал, мен кеткенден кийин деле кыла берип чарчайсын дедим.Айылда кайненемин авысынын кызы бар келип алып Айпери женем кечке телефон чукулайт дейт, өзүн эми 8-классын телефондон башын чыкпайтго дедим ошо вотсапка кирсем Айпери женем кечке онлайн болот келин болгондон кийин авамдарды карабайбы тел чукулабай дейт. Анан баштадымго лекциямды айтканына өкүнүп и аны башка айтпас болуп кетти. Балага окшоп женеңи аңдыбай көчүгүңдү кысып сабагыңды оку, сенин бир тууган жеңен эмес бул жерге келип женеңи аңдый бербей үйүңө барып ишиңди кыл эртен эле сен да эрге тийесин дедим, баары күйөөмү сыйлагандыктан анын апасы да күйөөмөн ыйба кылып турат. Унчуга албады кетти. Апасына айтып барыптыр, апасы кайненеме айтыптыр. Мен да айттым айта турган сөзүмү ошентип жаактары жап болду. Айпери рас кылыпсыз жене, менин не иш кылгандарымы апасына айтат апасы апама айтат ошентип апам мени урушуп кыскасы ушундай деди. Ал кыз ошол бойдон үйгө келбес болду Гүлжан кууп чыккан деп алышыптыр өлүп кетишсин дедим.

#137 22 March 2017 - 14:23
Куйөөм келип, биз кеттик. Үйдүн ичине кирип калышыптыр усталар, иним да үйдү кеңейтип апам уста карап ишинен чыгыптыр. Ошентип алардын үйү да кеңейип мурунку биз жашаган тыпырайган времянка жакшынакай заманбап үйгө айланды. Ата журтубузду спискадан чийип салганбыз катташкыла дешти өткөн күндөрүмү эстеп көгөрүп жашоомон чийип салдым. Иним да болбой койду тааныгым да келбейт өзүм бутума турам. Ата журтум жок экенине раазы болсо тийет болбосо тийбей эле койушсун деп . Иним 92-жылкы 91-дер менен окуган. Достору чекеден үйлөнө башт
#138 22 March 2017 - 14:25
Азамат келин экенсинер!
Баа бердим акылынарга,
апакендин мыкты тарбиясы корунуп турат.
#140 22 March 2017 - 15:01
Достору чекеден үйлөнө башташыптыр,
үйлөнөм дегендей кыла баштады. Ошентип биз октябрьда жаңы өргөбүзгө кирдик, баламы экперментальный лицейге биринчи класска апардым, өзүмүн тагамын кызынын эскисин кийип биринчи класстын босогосун аттаганымды эстедим, калган кийимдерди апам базардан алып берип жатканда арзан столовойдон пирожки менен чай ичкеними эстедим а апам байкуш курсагым ток деген эле. Акчасы жок экенин анда аңдай бербеген экем. Балама торговый центрден кийим кылдык атасы ишинен бошободу акчаны кеңири таштап кетти, балдарды ачка калтырба өзүнө кошуп сен жүрө бермей адатын бар го деп. Балам пицца жакшы көрөт пиццерияга кирдик кызымы алып алгам экөө садикте. Орус садикке барышат частный, кээде орусча туура эмес сүйлөп алсам оңдошот андай эмес мындай дешип. Мен жөнөкөй орто мектептен бүткөм, канчалык жакшы окубагын орто мектепте окуган кыргыз класстар орусчадан аксашат. Окууму да бүтүп алгам дипломум апамын сандыгында турат катар -катар төрөп иштей албай калдым

Супер-Инфо
super.kg
видео