Автор кайда кеттиниз?
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#211 27 March 2017 - 06:49
#213 28 March 2017 - 11:40
Ошентип Айсалкын эженин адамдык сапатына баа берип, сүйлөгөн сөздөрүнө таасирленип ушундай жакшы адамды тагдыр эмнеге сынады экен дечүмүн, көрсө кудай жаманга бакыт берип, жакшыны кыйынчылык менен далай сынайт тура. Апамын тагдырына бир аз окшоп кетсе да, барибир көргөн күндөрүнүн тамыры бир. Апамын кыялы эч кимден коркуп башын жерге салып муңайып кала тургандардан эмес болсо, Айсалкын эже да ар кимдин ушагынын аркасынан түшүп алчулардан эмес тек гана баарын кудайга салып койо тургандардан эле.
Айсалкын эже техникумду бүткөн жылы жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде тайнесинин үйүнө жөнөп калат тээ 80-жылдардын ортосу, а жолдошу достору менен азыр жолуман кемпир чыксада ала качам деп мелдешип үйүнөн чыккан экен. Ошентип аялдамада кезектеги автобусун күтүп турган Айсалкын эже жолунан биринчи чыгып ой -бойуна койбой ала качып кетишиптир. Айсалкын эже таптакыр отурбайм, өмүрү көрбөгөн жерим деп качып чыгып кеткенине болбой рамаатылык кайнатасы айылдагы ак сакалдарды ээрчитип эртеси үйүнө барып чоң той менен алмакчы болушуптур. Айсалкын эженин авасы менен согушта бирге болгон экен кайнатасы авасы эле досунун көңүлүн кыя албай ак батасын берип, кыздын көңүлүнө карабай тойу да болуптур. Кайнатасы ошол убактагы жакшы кызматта экен, 5 уулу, 1кызы бар эн чоң келини болуптур. Кайната байкуш уулун үйлөнсө оңолор деп үмүт кылып ак сакалдардан бери баштап барганы ошол экен. Жолдошу бойдок кезинде эле атасынын байлыгына көпкөнбү же түбүнөн ошондойбу айтор ичкич, анча-мынча уурулугу бар кээде кумар оюунуна башын тыга койгон азыркы тилде айтканда хулиган болчу экен.
Ошентип жылкы сойуп, той көйнөгүнөн бери сатып берип элге аябай эле чоң той берип уулун үйлөптүр.

#214 28 March 2017 - 12:20
Тойдон кийин бат эле жумушка орношуп алыптыр, жолдошунун же окуусу же иштеген иши жок көчөдө жүрүп мас болуп келип урмайы башталыптыр.
Ушунчалык жоош (азыр да жоош)болгонго нары сабырдуу эже канча урсада бир жолу да ата-энесине арызданбаптыр болбосо 4агасы 2 иниси, эже-сиңдилери,
ата-энеси бар тектүү жердин кызы. Ошентип 1 жылдан соң уулду болушуптур.
Ал убакта ичкени күчөп, күндө жаңжал күндө уруш чыгарып жүрүптүр же атасын укпайт экен бир нерсе десе атасын да урганга чейин барчу экен (өткөн адамды жамандап болбойт мен тек гана сабак болсун деген таризде жазып жатам)а апасы мас болуп жаңжал салган сайын бар үйүнө кет деп кетирип жиберет эже барып ата-энесине билдирбей иштен бери келе бердим деп койчу экен. Ошентип бир аз оңолуп, кийинки иниси үйлөнүп алар бөлүнүп эжени кайнатасы алып калып короонун ичине жаңы там салып берип бөлүп койуптур. Бөлгөнү менен бир короодо калган эки кайнисинин,
кайната кайнененин,
жолдошунун кийимдерин тегиз жууп, үтүктөп тамак -ашын даярдап кечиктирбей берип кечиккендерине кайрадан берип, үй жайды жыйнап, уйларын саап анан жумушуна кетчү экен. Жумушу 1сутка иш 3сутка дем алыш болчу экен. Баарына жетишип баласын да карап. Бир кем дүйнө деген ушул экен менин чоң энеме окшогондор кайнилерин башкарып озү таап берген кызга үйлөндүрүп,
өздөрү таап үйлөнгөндөрүн аялын кетирип авысын эмес кайненедей болуп а Айсалкын эже кайнилерин башкарып үйлөндүрмөк турсун аларга тике карай албайт азыр дагы (ар дайым эле көрүп жүрөм). Эми чоң энем өзүнүн кайнисин эки баласын тирүүлөй жетим калтырып ажыраштырып жибергенден кийин өзүнүн баласын соо койобу?! Апама айткан экен авысынымын да кыялы жаман эле ажыратып биздин айылда иштеген бир келин көңүлүмө жагып өзүм тандап алып бергем деп.
#215 28 March 2017 - 12:53
Жолдошу мас болуп келгенде дарбазадан кирип келе жатканда кийим илгичтеги пальтонун ичине кийимдей болуп кирип, 2жашар баласы ушунчалык жоош, акылдуу болгон экен апасына боору оруганбы наристелик жүрөгү сезип же атасы мас болуп келип ыргытып жиберчү адатынан коркконгобу (жолдошу мас болуп келген сайын баласын отурган жеринен көйнөгүнөн кармап үйдүн бир бурчуна ыргытып жиберчү экен, баласына мээрими жок. Эже баласын корголойм десе эжени көк-ала кылып сабап койчу экен)баласын бир сумка болчу экен чоң ошонун артына оозуна соска берип жаткыза койчу экен наристе байкуш коркуп жатып уктап калчу экен андай күндөр далай кайталаныптыр.
Кээ күнү түнү мас болуп келгенде баласын бооруна кысып самандын үстүнө чыгып баласын кучактап экөө өз үй-бүлөөсүн корголой албаган, жинди суунун курмандыгы болгон атадан безе качып кунарсыз өткөн көп күндөрүн өткөрүшчү экен. Мас болуп келе жатканын алыстан сезе турган болуп калгандыктан дагы келе жатат деп баласын кучактап шаты менен жыгылам деп ойлогонго чамасы жок мен го мейли наристе жылуу төшөктө жатсачы деп зар какшап, ийне сайса көрүнгүс желе, чаң толгон тамбашыда бири-бирин бекем кучактап эне-бала далай танды үйдө жылуу төшөктө эмес муздак тамбашыда атырышыптыр.
#216 28 March 2017 - 13:45
Апама окшоп кайнененин курмандыгы аялдар, Айсалкын эжеге окшош күйөөнүн курмандыгы аялдар, чоң энемин авысынына окшогон авысын жененин курмандагы аялдар,келинине кайненедей айыбышкан кайнатанын курмандыгы аялдар, тике карап сүйлөштөн айбыккан кайнеже-кайнысиңдинин курмандыгы аялдар, аялынын тилине кирип авысындай ажааңдашкан кайнаганын курмандыгы аялдар, кайнисиңдини жолдо калтырган кайнилердин курмандыгы аялдар!!
!
Аял жакшы, эр жакшы деген бекер кеп эр жаман болуп ичип турса кантип оңдойсун?! Соосунда жаман-жакшы түшүндүрүп айтсан макул деп башын ийкеп кайра ичип келген кулагына акыл эмес бир сөздүн тамгасы кирбеген эркекти кантип оңдойсун?! Өз баласынын бактысын, күнөөсү жок наристелердин тагдырын ойлобогон кайненени кантип оңдойсун?! Өзүнүн кайната кайненесинин кызматын кылбай бөлүнүп жашаган кайнеженин келинине ата-энеми карабасан кетирем деп өзүнүн башындагы чөптү көрбөй келининин башындагы чөптү чапкан кайнежени кантип оңдойсун?! Айта берсе сөз көп. Аздектеп чоңойткон кыздарыбыздын багы ачылса сонун, минтип тагдыр өгөйлөгөн кыз-келиндерди көрсөн жүрөгүн ооруйт.
Ошентип Айсалкын эженин азыркыга чейин ооруп жүрчү башы ошондогу жолдошунун түн бир оокумда арак эмес наша чегип келип уктап жаткан аялын мастык менен башына ура берген экен, ура берген экен эч нерсеге алы келбей ээси ооп ооруканага жатып, анда да ата-энесине билдирбей сабырдуулугуна салып баласын атасыз калбасын деп, элден намыс кылып жашап калган экен.Асманга чыксан бутунан, жерге түшсөн башынан тартып алам, бирөөгө тийчү болсон экөөнү тең мууздап салам деп коркутканан аябай коркок да болуп калган экен жоош неме, мага окшош митаам болгондо ошондо баарына чыдабайт эле деп ойлоп калам. Ошентип бетиндеги көгү тарагандан кийин нес басып, илең салаң бутун шилтеп ата-энесинин үйүнө барыптыр жөн гана табым айнып жатат деп койуптур жолдошунан коркуп айыбын жашырып анан эртеси күнү эле жолдошу мас болуп бутуна тура албай, өзүнөн биринчи наристе бала бекинип атам келейтат деп ата энесинин айнектерин талкалап, инисин балка менен кубалап, акыры иниси менен агасы столго жип менен байлап. Эне кызынын мынчалык жүрөкзаада болуп калганын ошондо түшүнүп, жумуштагы атасын чакыртып маселени чечмей болушуптур.

#217 28 March 2017 - 13:46
Кечиресиздер маанилүү жумуштар менен кире албай жаттым эле. Эми бошодум.
УЛАНДЫСЫ БАР
УЛАНДЫСЫ БАР
#220 28 March 2017 - 15:16
Кайнененин, кайны журттун баары эле жаман эмес. Баласынын бактысын ойлоп, неберелерине күйүп келечегин ойлоп келинди келин эмес кызындай көрүп үй бүлөөсүнүн сырын бекем сактап, анча -мынча нерсеге көздү жумуп, бир кызмат кылса экини кылды деп баласына мактап, турмуштагы кыздарын келинге аралаштырбай кутту үйдүн акылдуулугу менен кармап турган кайненелер да аябай көп.
Аз жашасам да башыман көп кыйынчылык, ойдо-ылдый окуялар өтүп көптү көрдүм. Заардуу кайненеге тушугуп, аз эмес жыл бирге жашаган кошуналардын көзүм менен көргөн, кулагым менен уккан тагдырлары, классташ кыздарымын жадакалса группалаш же жөн гана эже-сиңдилеримдин тагдыры чоң энемдин каары айтор баары мени ушул чыгарма сыяктуу чыныгы жашоодон алынган окуяларды жазуума түрткү болууда.

Супер-Инфо
super.kg
видео