Жаза бер. Көпчүлүккө сабак болоор. Баарыбызда уул- кыз бар. Ошондой кайненелердин кылыгын кылбоого аракет кылабыз келечекте ...
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#222 28 March 2017 - 16:52
Анан атасы келгиче бир аз соолуккандыктан жиптен чечип бир үйгө төшөк салып жаткызып койуп эженин кайната кайненесин айттыртып жиберишиптир.
Жашоодо ушундай келинден бир айып кетсе бала -саласына карабай жеткизип келишет, эркектен канча айып кетсе да оңолот баласын атасыз калтырбагыла,
жаш, эркекти оңдоп койсо болот айтор айып жугузушпайт кыскасы эркектики билинбейт. Мени менен ажырашсан сени өлтүрүп койом дегендиктен баласын ойлоп кайра эле авасынын, кайнатасынын киришүүсү менен башка кайталанбайт деп баласын кошо алып кетишиптир.
Кайнатасы байкуш күндө иште, кайненеси болсо ар кайсыны тийиштирип сүйлөп кайра ушундай келинди колумдан кетирбейин дегенгеби бүбү -бакшыга тынбай каттап кайра баласына болушуп башы кыз кезинде эле менингит экен эле деген сөздөрдү да айтып айтор ар нерсе боло берчу экен бир чети балдары бейбаш чыккан ал энеге да кыйын болгон чыгар.
Ошентип жолдошу бир аз ичпей калып, кайра иче баштап бирөөнүн үйүнө уурулукка кире койуп 2жылдан ашык убакытка кесилип кетет, ал убакта эженин 2-3 айлык бойунда калат. Ата-энесинин үйүнө бир да барбай кайната кайнененин кызматын кылып жүрө берет (эже өтө жоош, жаштыгында мындан да жоош, токтоо болгон экен)ай күнү жетип дагы уулду болот. Төрөп келип эле үйдүн түйшүгү менен болуп кайненеси наракта балага аралашып мен алтыны тууп чоңойтком жука карма, чеч дей берип баласы 3 айлыгында өпкөсүнө кату шамал өтүп чарчап калат. Ошентип жылдар өтүп күйөөсү абактан чыгып келип ансайын ичкени күчөп, көчөдө жатып келген ойношторунан бери айтып келчү экен, аракка акча таппай калган күндөрү эженин апасы алып берген алтын сөйкөсүн чеч дейт экен, жаңжал салбасын деп коркуп шарт чечип берип, анан үйүндөгү палас килем, идиш-аяктан бери сатып эжени уруп аябай кордук көрсөткөнүнө кайнатасы карап зар какшап ыйлап сенин убалына калдык го деп ак сакалдын ыйлаганын ошондо көргөм дейт. Акыры оорукчан болуп дарбаза тырк дегенде эженин оозу мурдунан көбүк чыгып, колу буту муздап көгөрүп тырышып калчу экен. Ата -энеси бир туугандары чыдабай чоң машина менен келип буюм тайымдарын жүктөп сатканынан калганын, кайната байкуш алакан жайып ак батасын берип өз баласын каргап. Эч качан жамандык көрбө, өмүрүн узун болсун, балаңын урматын көр деп узаткан экен. Ал убакта эженин дагы 4 айлык боюнда бар экен эле.

#223 28 March 2017 - 17:00
Ошентип ата энесинин үйүнөн чыгарбай баары корушуп (аябай коркуп калгандыктан)ай күнүнө жетип кыздуу болушат. Закондуу түрдө ажырашканына карабай, оңолдум жарашалы деп келсе да эженин апасы кату туруп жараштырбай эженин кызын келиндерге каратып 6-7айлыгынан (эже оозунан көбүк чыгып көгөрүп тырышып калчу)больницада жарым жылдап жакшы болбой, ырымын кылып бир табыптан сакайганмын дейт. Ошентип баласы чоң атасы менен кызы тайларында эженин бир буту табыпта бир буту гөрдө болуп араң дегенде өзүнө ата энесинин жардамы менен келет.
Эже ооруп жүргөндө баласы авысындарынын колунда чайналса, кызы эптеп тай жагында чоңойуптур.

#227 28 March 2017 - 20:12
Жолдошу эжени өтө кату сүйгөндүктөн ойнош ойносода башка үйлөнбөйм, бир гана Айсалкын менен гана жашайм деп туруп алыптыр. Эже сакайып келип кызын алып (ата-энеси жибериптир ) Араванга бир тууган эжесинин үйүнө өзүнө келип депрессиядан арылып көңүлү ачылсын, алаксысын деп. Жолдошу эже кеткенден 1-2 ай өтүп отпой боору отказ берип бул дүйнө салган экен. Өлөрүнө аз калганда да аялымы сүйөм, жарашабыз, оңолом деген боюнча кеткен экен. Андан кийин дал апама окшоп бир тууган, ата -энесинин жардамы менен азыркы жашап жаткан үйгө келип жашап баласын алдыртып кызы болуп үчөө жашап, башка турмушка чыкпай, таза жүрүп, эки баланы эрезеге жеткирип азыр уул кыздарга тайне, чоң эне болуп мага окшогон жаштарга акыл насаатын айтып келет. Айсалкын эжеге канчалык окшошкум келсе да эч окшой албай койдум, чоң энемдин канында жаткан лидер сыяктуу кыялы мага да генден өткөн белем
#228 28 March 2017 - 20:13

#230 28 March 2017 - 20:18
#232 28 March 2017 - 21:13
Сенден башка эч ким окубай жатат окшойтго мени)))
Колум бошор замат жазам
Колум бошор замат жазам
Окуп жатышат. Аябай кызык. Ортончу авысыныныз мн канттиниздер. Анан аял жакшы эр жакшы дегенди такыр туура эмес деп айтуудан алысмын. Кандайдыр бир денгээлде чындыгы бар деп ойлойм.
#235 28 March 2017 - 21:49
Окуп жатышат. Аябай кызык. Ортончу авысыныныз мн канттиниздер.
Анан аял жакшы эр жакшы дегенди такыр туура эмес деп айтуудан алысмын. Кандайдыр бир денгээлде чындыгы бар деп ойлойм.
Албетте ошого айтып жатпайынбы беш кол тең эмес деп. Аны мен кебирки гана эркектерге тиешелүүдөй айттым. Аял жакшы, эр жакшы демекчи алдыда ортончу авысыным жөнүндө жазмакчымын. Анткени ал макал авысыныма тиешелүүдөй
#238 28 March 2017 - 23:11
Бул теманы чон энеме кат десе мен чон энеси отуп кетип сагынып,кусалыктан жазган кат болсо керек деп кыйгач отор элем.Бугун негедир ачып окуп жакамы кармаштан башка айла калбады.Ушундай мэрез чон эне бар экенине,турмуш деген татаал экенин,катаал тагдыр адамды эчен сынап сындырып,ийлеп ийлеп ийге келтирерин дагы бир ынандым.Апасы тууралуу жазганда мен да апакемди эстедим.Биз деп айрыкча мен деп балапан башын кор кылып,жаштайынан жесир калып,жаштыгын балдарына арнап курбан кылган энелердин бири апам эле да...
Жаштыгын балдарым деп откоргон,ден соолугун балдарым деп соолуткан энелерин бири менин апам эле да...
Алтын апаларыбыз ай биздин бактыбыз учун оз бактысын курбан кылган алтын апаларыбыз ай...
Кол жеткиз аруу,соз жеткиз баалуу асыл апакелерибиз ай.Козу барда айтып буткуз жомогубуз эгер козу отсо айтып бутпос арманыбыз... .
Журогумду оорутуп апакемди эскерип отурам, анткени менин айтып бутпос арманыма айланганына коп жылдар болгон...сенин жазганын журогумду тилке пара кылды...
Апкемди эскерип сенин апандан мен оз апамды кордум...
Бир айрмачылыгы апам башын аттаган куйосун кечирбей,кетип калган.Бизге атам тууралуу эч жаман жагын айтпаган.Жетим кекчил болот демекчи мен эс тартканы сурамжылап ким кунолуу экенин билип алгам.Мен ата мээримин сагынганда .
-Эже неге биз учун,кечирип жашабагансыз деп суроо берип апакемди кыйнагандарым эсимде...
Сенин жазганынды окуп отуруп неберенин чон энесине айткан каргышындай туйулду.Карыдыр, жаштыр бул тагдыр баарынын эсинде каргыш болуп эсинде калат деген ойдомун.Ракмат кызым жакшы жазыпсын.Жеткиликтуу берилип ичтеги жыйналып,айтылбай калган кек,айтылбай калган армандар дарыядай ташкындап тогулуп,чачылыптыр. ..

#239 28 March 2017 - 23:56
Ото кызыгып окудум. ОЗУ бирааз митаамда болуу керек окшот деп ойлоп калдым. Мен да алсызмын, ишенчээкмин ,ушул сапаттар озумо дайм сокку болот.Окуп алып ото таасирлендим,
сабак алчу коп создор жазылган, ачуу чындык.Улантыныз кызыгуу менен окуп жатам.
Адамга эн кыйыны кун сайын Адам болуу.

Супер-Инфо
super.kg
видео