Автор качан улантасыз кутудобуз
Чоң энеме кат Чоң энеме кат
#62 19 March 2017 - 17:06
Апам бизге, биз апама суу-абадай керекпиз кыйынчылыкта бири-бирибизди кубаттап кыйын кырдаалды бирге жеңип жаттык. Апам биз үчүн башка турмуш курган жок,эркектерге боло берет экен атам өткөн турмушун эки баласын кечип, жаңы турмушка бат эле көнүп, өткөн күнүн көрбөгөндөй болуп кетти. Биттин ичегесине кан куйган, кыйын чоң эне менен жоопкерчиликсиз атанын курмандыгы болуп нечен деген кыйынчылык,
кайгы капаны басып өтүп жаттык. Апам болуп талаада жыйналган эгиндин машагын терчүбүз күнүмдүк тамак -аш үчүн. Үйдөгү тагам аябай жалкоо эле биз барсак балдарына болушуп бизди эшектер деп урушаар эле андайда ар дайым иними корголоп, бирөө бир нерсе десе инимди ура калчудай мойнунан бекем кучактап күчүм эч нерсеге жетпесе да иними коркпо эжен бар дегенсип, ага жан тартып тураар элем. Бир туугандар ушул экен да бир эненин курсагын тээп жатып, бир эненин эмчек сүтүн эмип, бир эне бир атанын мээримине жылынып, бир нанды экиге бөлүп жеп эптеп чоңойуп алып анан ар бирибиз үй бүлөө кургандан кийин үй жай бөлөк болуп өзүбүз батышсак да бала чака батышпай. Тагаман тайнем да аябай коркоор эле балдарына кату сүйлөй алчу эмес, кээде туруп менин атам да тагамдай болгондо биз мындай күндү көрбөй элек деп ойлочумун.
6-7 классымда чоң тагамдын үйүнө бардым жайкы каникуда жүрүп келгени талаадагы эгинине жардам бергени чоң кызы 10-11 класстарда окуйт эле. Жайдын аптаптуу күндөрү тапчанга катар төшөк салып уктачубуз анын сиңдиси мени менен тең эле, бир күнү түнү эми көзүм илинип кеткен экен тагамын кызы (эжем)чачыман тартып жаагыман нары экини чапты, төшөгүмөн чыгарып алып уруп атат уруп атат эмне болгонун же түшүнсөмчү бир нерселерди сүйлөп уруп атат уруп атат, жулкулдатып түртүп бирөөсү келип зорго ажыратып калды ыйлап атам кол көтөргөнү эмес сүйлөгөнү акыбалым жок уктап аткан жеримен урганга анча деле түшүнө бербедим. Эрте менен турсам көзүм шишиген денем бүт көк-ала, ушунчалык ыза болдум ал күн түбөлүк жүрөгүмдө бир күнөөм жок жок жерден эле көчөдөгү иттей сабап салганына аябай ыза болдум. Тайнеме айттым, апам да көрдү эмне дешкенин билбейм бирок урушушту. Эмнеге урду десем берки сиңдиси биздин апабызды чакымчы деп айтты деген экен ачуусун кармай албай урганы ошол экен. Андай сөздү айтыш менин ойума да келбеген эле. Жүрөгүм ушунча муздады. Азыр менин баламды бирөө эч себепсиз ошентип урганын элестетип муундарым калчылдап кетип жатат. Жашоодо ар нерсени көрөт экенсин ким күнөө иш кылса тартсын ошол жазасын! Бирок Аллах мээримдүү экен байлык бакытты жамандан аяп жакшыга берип койбойт экен, анткени бул жалган дүйнөнү сыноо үчүн жараткан биз баарыбыз сыноодобуз бул дүйнө шарт башталып тез бүтчү жомок экен.
УЛАНДЫСЫ БАР..

#63 19 March 2017 - 18:27
Бир күнү кошуна эже кыз берип калды,закс көргөнү бирге ойногон кыздар менен кирип калдым (ал убакта кафе, ресторандарга той бериле баштаган мезгил эле )кичине кызы сенин апан тойго барбайт бир-эки кошуна эжелердин атын айтып ошолор барат Чынара эже (күйөөсү өтүп кеткен)менен Айнур эжени апам кара аяк эрден чыккан алар барса кызым да ошолордой болуп калбасын деди. Кара аяк түшүнбөдүм чуркап эле үйгө бардым апам огородто помидор терип жаткан экен. Айттым. Оор үшкүрүп башын чайкап үйгө кир чай ичели иниңди чакыр той болуп жаткан жакка барбай мага жардам бер деп койду. Азыр ойлосом ошол соз
#64 19 March 2017 - 18:43
апам байкушка октой эле тийген экен. Оор үшкүрүнүп санаа тарткан алда байкуш апам ай. Адамдар кызык болот экенбиз эртенки күн кандай болоорун билбей бирөөнүн өтмүшүнө сын тагып, аны күнөөлөп табалайт экенбиз. Ал айткандай кара аяк барбаган тойдо кыз бактылуу болуп калбайт экен кара аяк аялдар барабы жокпу ал бир гана пешенеден экен.
Каары келсе ашка жаш келсе ишке эмес азыркы заманда бай келсе ашка, кедей келсе ишке болуп калбадыбы. Миллионер болсон аксакалдар баш ийип саламдашат. Апам туугандардын арасында болобу же кошуна кай жерде болбосун апамын орду босогодо болоор эле.
Биз бир гана кожоюн болуп кенири басып каалагандай күлүп, каалаганда жатып каалаганда турган жерибиз бул тыпыйган эки бөлмөлүү времянкабыз эле. Кичине кезимде тагамын үйүнө таштап апам тайкесинин кызынын үйүнө барып бала баккыч болуп да жүрдү акчаны түзүк эле бергендиктен жанагы эле бизди ойлоп ошол жакта жатып баласын карап жүрдү, үйгө ар суботта келет эле. Ал күндү чыдамсыздык менен күтөт элек. Мен кичине кезимде түнү заара ушатып коймойум бар эле шамалдаганданбы же оорубу билбейм аным 5-классымда калды. Түнү заара ушатып койгон убагымда ойгонуп кетип таженемен коркуп түнү менен уктабай кургап калсын деп үйлөп чыгаар элем. Өгөйлөнүп аз тамак көп тамак эмне берсе да бирде ач бирде ток болуп 6 ай толук жашадык. Апам ар суботта келген сайын таженем мени аябай жамандачу.

#66 19 March 2017 - 21:41
Ошентип күндөр айга, айлар ар кандай жакшы-жаман окуялар менен жылга алмашып өтүп жатты. Мен 8класс болуп калганда чоң атам каза болуп калып апам, тайнем иним болуп батага бардык, эң жаман көргөн душманың өтсө да өлгөндөн кийин кек өчөт болуп батага барып келдик эмнеси болсо да ошол чоң атаман жаралганыбыз чын эмеспи байкуш жакшы өтө момун киши болуучу, чоң энем байкушту башына минип башкарат элего. Атам менен апам көп жылдар бирге жашабаганга бири-бирине бей тааныш адамдай бири-бирине болгон мээрими жоктой экөөнүн ичинде тең кимдир бирөөгөдүк кек бардай сезилип турду. Жөн эле эл катары куран түшүрүп кайттык. Ал убакта чоң энем бир аз да болсо карылыкка моюн сунгандай болуп калган эле. Экинчи аялын баласын кызын көрдүм, бактыбызды колдон суруп алгандар деп колуму берип зорго учураштым, мээрим жок жек көрүп жаттым. Албетте аларда күнөө жок. Экинчи аялын да көрдүм апамдан кемисе кемийт ашыгы жок. Азыр эле бир нерсе болсо ошол аялды чоң энемди кошуп бийик аскадан кулатып жибергим келип турду. Ошентип чоң энем өзү айтмакчы ишенген эринен ажырады. Апама сен эрини эр кылып ала албадын адам деген түбөлүк бул өмүрдө кала тургансып менин мына чалым бар деп апамды өтө жаман акыбалга салар эле
#69 19 March 2017 - 23:20
Чоң энем бир туугандарды катташтырайлы дептир эне жактан бир тууганым сен атка мин, ата жактан бир тууганым сен аттан түш делгендей эне бөлөк болгондон кийин, бирге өспөгөндөн кийин катташыш кыйын болот экен. Кыл көпүрөнүн ортосуна эки чүрпөсү менен кыйынчылыкка кептеп кеткен чоң энем эми биз чоңойгондо эл көзүнө катташтырам дегени апамын, биздин ачуубузду келтирип турду. Алар да бизге мээрим бермек түгүл жаман көздөрү менен карап жатышты, үйүн тартып ала тургансып эки сөзүнүн бири биздин үй болуп жатты.Чоң атам тирүү кезинде кемпиринен коркуп неберелерим бар эле деп кыйын күндө бизге бир келип койгон жок.
#70 19 March 2017 - 23:54
Үйгө жөнөдүк көп нерсени түшүнгөнсүп,
аягы жок узун ойлорум менен алпурушуп, өткөн күндөрүмө сарасеп салып үйгө кантип жеткенимди да билбей калдым
#71 19 March 2017 - 23:55
Тынара Назми кызыгып окуп жатканыңыздарга ыраазычылык.
Колум бошогондо эле улантам
#74 20 March 2017 - 11:24
#77 20 March 2017 - 17:36
Башка эч качан катташпайм акыркы барганым ушул болсун деп келдим. Апамы төрөлө элек иними, ак караны ажырата элек мени көзгө илбей ажыраштырып жибергенин эстеген сайын ачуум бул ааламга батпай кетет. Канчалаган адамдар наристе жытына зар болуп жүрсө, чоң энем балам ушул балдарына байланып атат дечү экен. Же балдарың же биз деп атамы жарга такап анан атам ата-энесин тандаган, туура кылган ата-эне эч нерсеге алмашкыс табылбас байлык. А бирок бул жалган дүйнөгө жаңыдан кадам таштап келе жаткан күнөөсү жок наристелер базарда тизилген арзан буюмдай болуп, кай жакка барба атанын же эненин мээримине зар болгон, бөтөнгө кор болгон бактысыз балалыктын ээлери. Келинин кетиреерде озүн гана ойлобостон наристелердин да тагдырын ойлошсо дейм. Бала белде, катын жолдо деген сөздү өздөрүнө же өзүнүн кыздарына койуп көрүшсө балким ойлонушар деген сөз. Ушул макалды ким чыгарса да аркы дүйнөнүн тозогунда азапталсын деп тилер элем.

Супер-Инфо
super.kg
видео