Суперстан: Чоң ата-чоң эне, таята-таенелерибиз тууралуу жазабыз - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоң ата-чоң эне, таята-таенелерибиз тууралуу жазабыз

#1 Пользователь офлайн   Gupa   23 Февраль 2017 - 15:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Мен таята, таенеге карата кандай сезимдер болорун сезген эмесмин, билбейм дагы. Азыр ата-апамдын жээндерин карап эле сезимиш этпесем, башка жок. Аларды, жада калса алар кызы мендей кыздуу болорун билишкен да эмес, билбей кетишкен.

Ал эми чоң атам мен 3 жашка чыкканда дүйнөдөн өткөн. Сүрөттөрдөн анын бою узун, арыкчырай киши экенин көрөм. Эски сүрөттөрдү ачканда эле биринчи көзгө урунат. Чоң атам саяпкер болгон, ат таптап, күлүк салган. Аттын жан дүйнөсүн, башкасын түшүнгөн адам болгон экен. Ал киши 2 жылдай ооруп төшөктө жатты. Энемдин айтымында, мен ошол кезде ага эш болчу жалгыз киши болгон экем. Төшөктө жатып "энеңди чакырчы" десе сыртка чыгып, үйүбүздөн бир топ алыс жайгашкан тамда жүргөн (мал сарайды там дейбиз, киши жашаганды үй) энеме "эне-еее" деп кыйкрып, жооп берсе, башым менен көрсөтүп коюп кирип кетчү экенмин. Кийин кичине тилим чыкканда "эне, чыкатат" дечү экенмин. Муну энем айтып калчу. Менин да анча-мынча "контактарым тийишип" кеткендеги жерлери эсимде калыптыр. Мени Гүкүбай, Гүкү иши кылып Гү... менен ар түрдүү атап эркелеткендеги үндөрү кичинемде даана угулчу, бара-бара унутуп калдым ал үндү. "Бутуңду тос, таманыңды тос, өбөйүн" десе менин бутум диванга жетпей, бутумду көтөрө албай убара тартып жаткандарым эсимде бар. Балким, 3 жаштагы бала кантип эстеп калмак эле дешиңер мүмкүн, буга мен деле түшүнбөйм, кичинерээк кезимде эстеп калчу жашка келгенде кетсе керек деп ойлочумун, бирок кийин билсем 94-жылы, мен 3 гана жашка чыкканда көзү өткөн экен. Көзү өтөрдөн мурун "ушул кызыма эки дүйнө ыраазымын" деп кеткенин кийин эс тартканда уктум. Кичинемде ошол эркелеткен үндү сагынчумун, ошол диванды өзгөчө көрчүмүн, бул менин эч кимге айта элек сырым экен. Ооба, мен чын эле ошол үндү уккум келчү, көрсө, мен ошол диванда эки жыл төшөктө жатып көз жумган саяпкер чоң атамды сагынчу экенмин. Болгону элестете албайм ал кишинин басып, күлүп, кайгырып, каткырганын. Балким, азыр чоң кайнатамды ошон үчүн да аябай жакшы көрсөм керек.

Ал эми энем - чоң энем (кээ бир аймактарда чоң апа делет эмеспи) таза, тыкандыгында айып жок болчу, ошол эле учурда аябай намыскөй болгон. Энемден көбү сестенип да турушчу. Жыйылган жүгү тим эле кыры чыгып чыкыят. Ал жаткан бөлмөнү энемдин үйү деп алганбыз. Менден улуу эжем энемдин кызы эле, коюнунда жатчу. Мени бутуна отургузуп алып "чу-чу" деп ат кылып силкилдетип ойноткону, сыналгыдан жылан көрсө, чыга калчудай "какы-ыый, жогот!" деп кыйкырып бетин жаба калганы, туура эмес нерсени байкап калгандагы кабагы, үшкүрүнүп койсоң, "ок! Жаш эле туруп... Көйнөгүңдү бит жегир, көтөнүңдү ит жегир" дей салганы, чайнегин көтөрүп даарат алганы жөнөп калганы, баары эсимде. Ал кишинин даарат алган өзүнүн чайнеги бар эле, көзү өткөндөн 1-2 жылдан кийин ошол чайнеги менен түшүмө кирди...
Менин энем так, таза, анан "требовательная" болчу. Жаткан жерлери жайлуу болсун!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Monchoshka   23 Февраль 2017 - 16:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 335
  • Катталган: 05 Август 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2017 14:38

Чоң энем менен таененм экөө эки башка, бирок экөөндө тең биринде жок өзгөчөлүктөрү бар! Чоң энеми айтсам тыпылдаган, өзгөчө таза, үй тиричилигинин бүт сырларын билген айым. Таенеми айтсам кругозору өтө кенен, илимдүү билимдүү, кол өнөрчүлүгүн ар тарабынан бар айым.

Экөөнүн тең жакшы сыпаттарын, өзүмө жугузуп алгым келет Ин шаа Аллаh.

Таятам жоош момун киши, бир дагы ачуу сүйлөгөнүн уккан эмессмин. Чоң атам... Намазын эч калтырбаган, өз боюн тыптыкан алып жүргөн соолих инсан болчу. Жаткан жериңиз жайлуу болсун..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   gulira.abarova   23 Февраль 2017 - 19:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 27 Январь 17
  • Соңку аракети: 26 Мар 2017 22:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мен чон эне,чон ата,таята,тайнемдида коргон эмесмин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aisuluu160790   23 Февраль 2017 - 20:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 596
  • Катталган: 01 Июнь 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 15:51
  • Жынысы:Аялзаты

Биринчи чон атам туралуу жазайын. Ал киши ото жонокой момун киши болчу. Эсимде калганы бизди ар дайым бешенебизден суйуп койчу эле эркелетип. Атам жаны каза болгон кезде кунуго бир жолу жоо келип бизден кабар алып кетчу эле менин муздак чайымды ичип мен 6жашта элем анда. Атамдын суротун коруп эле козунон жашы даяр эле.Санжыра туралуу коп айтчу эле. Жомок окуп берчу бизге. Чон энемдин нанындай нан жок болсо керек. Бир башкача даамду эле.Тамагы да бир сонун очоко жасай койчу эле биз барганда.Арык чырай сулуу аял заты эле. Аты Калипа болчу. Каймагы эсимден кетпейт кеде сутту чогуу тартчу элек. Экоон тен сагынам. Бир арманым экоо тен коздорунон жашы кургабай бул жашоодон отуп кетишти эки чырактай уулдарынан ажырашып...аттин арман.Таэнем болсо кайраттуу эле чыйрак колу гул адам эле. Таятам берешен ак конул инсан эле. Кандай гана сонун мезгил болгон биз аларга эркелеген убакыт...Туболуктуу жашоодо бейиште болушсун баары. Жакшы тема экен автор..

Билдирүүнү түзөткөн: Aisuluu160790: 23 Февраль 2017 - 20:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   zzari-83   24 Февраль 2017 - 03:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 036
  • Катталган: 25 Январь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2020 19:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ардактуу айылым

Гупа жакшы тема ачыпсың).

Чоң атам мн таятам аябай жакшы инсандар эле.Таятамдын эң чоң небереси болгонума мени башкача эркелетеер эле,үйүнө шаардан ар суббота барчывыз,ошондо дайыма чычалата берчү"чоң атаң та-та-та "деп сүйлөйт"десе ыйлагым келип уруша кетчүмүн,антпейт чоң атам жакшы деп")).Кееде биздин үйгө келет эле тайнемдин салып бергендерин көтөрүнүп алып,кабар алганы келдим деп.Таятам аябай жакшы киши болчу,жөнөкөй, карапайым эле.62жашында баарыбызды таштап кете берди..

Чоң атам бою узун, сарысынан келген киши эле. Дайыма намазын окуп жүрчү,талаа түздө болову белиндеги чарчысын чече салып окуп алчу.Жума намазын ооруп эле калтырбаса, эч себепсиз калтырбайт эле,ал ал күнү атам үйдө болбойт дечүбүз)).Орозо күндөрү иптарлыктан келгиче иним экөөбүз уктавай күтүп отурчубуз түйүн алып келет деп))Үнү аябай бийик эле, жөн сүйлөсө да кыйкырып сүйлөгөндөй эле)))Бетке сүйлөгөн жайы барле,көңүлү ооруйт же жок деп отурбай, шарт сүйлөп салчу. Түндөсү төшөктө жатып уйкусу келбесе бизге(авамдын баласы экөөбүзгө)кыска сүрөөлөрдү, келмелерди жаттатчу.73жашында орозунун 15чи күнү Аллах өз жанына алды...Таятамдын да,чоң атамдын да жайлары жанаттан болсун...

Чоң энем иий соонун адамда)).Экөөбүз подружка элек сырдашып, өз апама айта албаганымды чоң энеме айтчумун.Чоң эне дебей апа деп чоңойдум.Дайыма мектептен келе жатканымда, көчөдөн жаап жаткан наныны жыты келчү.Коңшуларыбыз нан сурашса, кайра токочу мн алып келишеер эле наныңыздар чоң деп)).Инсульт бп ооруп калып,ал нанын жебей калганыбызга көп убакыт болду.Азыр барына шүгүр кылабыз,бактыбызга чоң энем дагы көөп жашаса экен.Кышында үйгө отпускага барсам, Зари жаныма кел деп чакырып алып кокус өлүп калсам алыстан убара бп келбе,жол алыс,андан көрө иштеп ал деп мени ойлоп жүрөт (((жүрөгүмдү оорутуп.

Тайэнем болсо бир башкача аял,аябай пакиза,үйдө чаң эмес кыл жатпайт эле.Качан барсак зымылдап, кийимдер кыры чыгып бүктөлүп турат шкафта.Тайэжемдер баары аны тартышкан,өтөле пухта))Даже апам чарчатып ийет кееде тайнеме окшоп))).Бүүт неберелерин чогултуп алып отурат багып,шоктонушса узун чыбыкты кармап алат)))Барсам эле айланып кагылып береерге ашын таппай калат азыр да.Ал дагы чоң энеме окшоп, эми сен келгинче бармынбы жокмунбу деп ыйлап адамдын жүрөгүн оорутушту.Кудайдан дайыма чоң энем мн тайнемдин аманчылыгын тилейм.Мен кайрадан баргырча эсендикте болушуп жүз көрүшсөм экен деп тилейм.

Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 24 Февраль 2017 - 04:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Guliii   24 Февраль 2017 - 18:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 379
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 11 Авг 2021 16:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Айылым- алтын бешигим!

Менин чоң энем мындан 6жыл мурда жапжаш эле(58ге чыкмак) каза болуп калды. Ооруп жүрчү акыркы түндө энемдеркинде жаткан элем оорусу күчөп араң эле таң атты. Таң атаары мн кошуна медик эжени чакырганы бардым. Көрүнүшү кандай дедиле эрини көгөрүп калыптыр десем кой коркутпа деп койду. Жамандыкты сезгендей жүрөгүм башкача болуп койду. Майрам күн болчу дежурный врачтар болот деп шаарга жөнөдүк. Мен карап жатмай болуп бардык. Энем баса албай замбилге салып көтөрүп кирип кетишти мен машинада калдым. 1-2саат өткөндөн кийин чогуу келген медик эже чыкты, үнүңдү чыгарба энең үзүлдү деди. Ойлоп көрсөм жаш болгон экенмин нес болгондой болуп эле жүрүпмүн. Үйдө чоңу болгонго баары ыйлап отурат мен ким жумшаса чуркап жүргөнмүн. Ооруп жүргөндө тоюңду көрөйүн деп көп айтат эле. Биринчи небереси болгонго энемдин этегинде эле чоңойгон элем. Дайым жанында алып жүрчү. Колунан баары келген чебер эле. Энем тоюмду көрбөй калганы бир арман болуп калды. Ажалга айла жок экен дуба кылгандан башка эч нерсе колубуздан келбейт.
Чоң атам пайгамбар жашынан өтүп калды шүгүр. Энем өткөндөн кийин жалгыз калды. Дагы деле данек кызым деп эркелетет.
Таенем 86га чыгып калды баарыбыз өмүрүн тилеп отурабыз. Каарып көп ооруп калган. Угуусу эле начарлаганы болбосо өзүнө тың аял. Жаш кезинде аябай тыкан,чебер аял болгон экен. Казандары да жылтырап турат экенле. кийимди түрлөп тигет экенле. Азырда апамдар тиккен кийимин мына жерин мындай кыл деп турат. Орусчалап сүйлөп баарыбызды күлдүрүп калат. Тилегеним эле оорубай көп жашап энем көрбөгөн тоюмду көрүп бата берсе экен.
Таятам мен бир жашта каза болгон экен. Сүрөттөнле көргөм бойлуу киши болгон. Чоң тагамды көрсөм таятамды көргөндөй болом аябай окщош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   adil2015   01 Март 2017 - 05:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 01 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 31 Мар 2017 01:36

Окуп алып ыйлап жатам таенемди жакшы элестете албайм ооруганын эле билем чычырканактын майы даары экен кооп ооруга десем сен апкелип бересин ээ дегени эсимде((( таенем отуп кетти деп жездем келип апамды алып кетти куздо алма терип аткан элек кошуналардан мени апам чакыртыптыр келип кетсин деп барсам таятам соорудо ыйлап отуруптур барып эле башын кучактап ыйлап элдин баарын ыйлаткам((( чон ата чон энемди да элес булас эле билем бейиштери болсун таятам мени боксер дейт эле бут неберелер чогулсак эле куроштуро берет эле баарына мени салат эле боксорум деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Syr_sandyk   01 Март 2017 - 16:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 695
  • Катталган: 11 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 20:44
  • Жынысы:Белгисиз

Чоң атамды аябай сагынам,сагынып жүрүп өтөм..8 жыл мурун оорунун айынан,бул жашоо менен кош айтышкан..Ошол учурда жайлоодо болчубуз,өзүм кичинекеймин, кайра кичинекей үкөм экөөбүздү калтырып,баары айылга кетишкен..Ошондо тоону жаңыртып "чоң атама барам" деп кыйкырып,ыйлаган боюнча машинанын артынан жүгүргөн боюнча калгам... Чоң атам менен кошо жайлоонун көркү кетти,анын тиккен алма-өрүгүнүн таттуулугу кетти,төрүбүздүн көркү кетти...

Учурда чоң апамды да сагынып жүрөм,ал айылда бизди сагынып.. Кичинемден чоң апамдын жанында жүрүп,көп нерсени үйрөндүм.Дем алыш күндөрү чооң сандыгын ачып,болгон дүйнөсүн күнгө жайып,ирээттеп салдырат эле..Ал күн мага майрам,каалаган кооз жоолугунан алып калам)))
Мен окууну бүтүп,шаарга узатып жатып "сен жок,эмне кылам" деп ыйлаганын эстесем,айылга жүгүрүп жетким келет.Каникулда барган сайын,ыйлаган боюнча калат..Тилегеним эле,өмүрү узун болуп байкемдин жана менин тоюма күбө болуп,төрүбүздүн көркүн ачып отуруусу...Көп жашап,биздин сыйыбызды көрсө экен..

Таятамды эстей албайм,боз үй жасап,уста болгон деп айтышат..

Таенем каарылыктын доорун сүрүп,балдарынын төрүндө отурган чагы.Айда-жылда, каникулда барганда көп насааттарын, ооз комуз черткенин угуп эс алып кайтам.Өзү ууз,чебер болгон үчүн өз колунан жасалган,токулган буюмдарын берип кубандырат, таенемден көп нерсени үйрөнүп,сактап калуум керек.Өтө акылман аялзаты..Көп жашасын,бактыбызга бар болсун!


Карысы бардын-ырысы бар дегендей,чоң ата,чоң апа,таята,таенелерибиз бар болушсун!
<
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   asko55   09 Март 2017 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 442
  • Катталган: 26 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2024 14:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Таенем менен чоң атамды эле жакшы көрөт элем кичинемде.
Тамекини көрсөм эле,чоң атам эске түшөт. Анткени анын тамекисин уурдап чегет болчум.
Таенем өзгөчө боорукер,баласаак аял болгон. Мен чоң небереси болгон үчүн, таенем жактагылар өзгөчө жакшы көрүшөт))азыр деле.

Чоң энем менен таятам эсимде жок ((.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Tansuluu09   09 Март 2017 - 22:43

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 262
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: Кечээ, 17:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Shorobashat   09 Март 2017 - 23:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Мен чон ата чон энеми корбодум тай ата тай энеме шугур жакшы элее эркеледим. Жайлары жаннаттан болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   zzari-83   10 Март 2017 - 02:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 036
  • Катталган: 25 Январь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2020 19:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ардактуу айылым

Жогорку билдирүүмдү жазганыман туура 5күндөн кийин чоң энем бизди таштап кете берди.Кудайым тилегин берген экен,баралбай отуруп калдым,атаганат(((

Кадырман карыяларыбыз үйүңөрдүң төрү бп жүрө беришин тилейм баарыңарга.

Үйгө барсам тосуп алчу чоң энем жок,аттиң....

Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 10 Март 2017 - 02:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Shorobashat   10 Март 2017 - 10:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

zzari-83 (10 Март 2017 - 02:31) жазган:

Жогорку билдирүүмдү жазганыман туура 5күндөн кийин чоң энем бизди таштап кете берди.Кудайым тилегин берген экен,баралбай отуруп калдым,атаганат(((

Кадырман карыяларыбыз үйүңөрдүң төрү бп жүрө беришин тилейм баарыңарга.

Үйгө барсам тосуп алчу чоң энем жок,аттиң....
Аллах Ырайым кылсын жайын жаннаттан Берсин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   mirana9395   10 Март 2017 - 13:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 442
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥

Таенемдин уйуно барсан эле,уйунон озгочо жагымдуу жыт келчи.Кирерин мн эле каймагы мн жумшак нанын алып келип бизди тойгузуп,сорудо калтада курут илинип турат алып жегиле дейт эле дайыма.Биз курут май жеп жыргап эле жатып калат элек.Байкушум таенем сагындым сизди,арабыз да болбосонузда сизди ардайым сагынабыз.Жаткан жериниз жайлуу болсун.Шаарга кетип 2жылдан кийин уйунузго барсам,сиз бизди тосуп алып сиздин элеситериниз жыттарыныз калган уйду бузуп жаны там салышыптыр тагамдар.Коруп алып устумо бироо суу куйгандай шалпыйып калдым.Бир гана нерсениз турат,ысык нан жаап берген тандыр ошол гана сизди эстетип турат таене.Сагындымго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Sezimim   11 Март 2017 - 03:12

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 12 Август 16
  • Соңку аракети: 13 Июн 2017 04:00

Менин тайенемди Туголбай Сыдыкбековго окшотчумун эмнегедир. Ото коп нерсе билчу,айтып берчу. Ар бир барган сайын башка бир дуйного барып келгендей болчумун. Студент кезде апамдан телефон чалып чакыртып,тамагын даярдап жесен,алсан деп,каткан акчаларынан берчу. Кыналып жургонумду сезчу окшойт. Анан барсам эле чачынды ойдо которуп,туйуп журсон сага бир жакшынакай жарашат дей берчу,бошотуп жургонумду жактырбай. Анан да абдан грамотная эле. Айылдагы коп окуяларды айтып кулдурчу. Байкуш тайнем 1жылга жетпей тошокто жатып калды. ОЗУ кыйналып жатса да мен барганда суйунуп береерге ашын таппай калчу. Корсо ошондо оорусуу кучоп бараткан кези экен. Анан мен турмушка чыгып ,уйдон алып кетип жатканда атайын барып,отура албаса да бир Жака кыйшайып жатып батасын берип узаткан. Свадьбама алып келишти машина менен. Куттуктап суйлоду,ошондо акыркы жолу суротко тушуптурбуз. 6 айдан кийин катуу ооруп жатат деп айылга чакыртышты, барсам комада жатыптыр. Бир эсине келип,келбей кете берди. Мени эле кутуп тургандай. Тайнем созмор,тамашаны таап суйлогон,акыл айтканда да уккулуктуу, жагымдуу айтчу. Таенемдин каттамасын, нанын сагынам...(( Анан да коп нерсе билчу. Китеп кылып жазып калсам болмок деп армандамын. ...... Чон апам каранын сулуусу эле. Абдан таза,тыкан журчу. Уйго келгенде курут,сузмо, алмаларын которуп келчу. Уйуно барсак дасторкону жайначу. Азыр анын бир жок. Окунучтуусу менин тойумду корбой кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: Sezimim: 11 Март 2017 - 03:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   lazygirl   11 Март 2017 - 06:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Карысы бардын ырысы бар демекчи, таятам менен тай энем бар кезде үйүндө дасторкон жыйылчуу эмес. Азыр ал үй негедир куту жок, кээде барып калсам түнү уктай албай араң таңды аттырам. Таэнем раматылык өтө өтө пакиза жан болгон. Апам айтып калат, тайэнеңдин үнүн укканда көрүп аткан телевизорду өчүрүп, бирибиз шыпыргы кармап, бирибиз идиш жууп, бирибиз чаң сүртүп калчуубуз деп. Эң кичүү тайакем көздү суктандырчуу жигит болгон кезинде каза болуп калып, ошонун күйүтү менен жүрүп ооруп, кете берди. Азыр тайэнем теңдүү кемпирлерди көрүп, жаш эле өткөн экен деп көзүм күйөт..

Таятам.. Молдо болчу. Ооруган адамдар тынбай келчүү үйгө. Топуракты дем салып, ооруган жерлерине койсо айыгып калчу. Мен да түндө келишин күтүп отурчуумун. Күүндө барчу нике окуганы, дагы башкасына. Түйүн алып келчүү да. ))
Негизи эркектер айтып калат го, аялыман биринчи кетейин деп. Ошол аябай туура деп ойлойм, тайэнем өткөн соң таятам жалгыыз отура берчү. Кээде көзүнө жаш кылгырып калганын байкап калчуумун. Тамактанып бүткөн соң масала айтып берчү, күнүндө. Карыган адам сүйлөшүп отургусу келет го, мен тв га кирип кетсем чакырчу , мени ук деп. )) Ошондо айткан сөздөрү мага эми жетип атат... Өтүп кеткендерге, мен өтсөм мага ду'а кыла жүр деп дуаларды үйрөтчү. Бөлөлөрүм кыска шорта, лямкаларды кийсе кейип калчу, баарына жолук сал десем эч эле угушпады деп...
Сандыктагы Кураан китебин окуп калсам аябай сүйүнүп болбой калчуу. Эхх.. :капамын:

Чоң энем кичинекей кезимде артына көтөрүп жүрчү дайыма. Кыйын аял болгон дейт апам. Кыздары келсе келиним капа болот деп , алыстан келген кыздары менен сүйлөшүп жатчуу эмес деп апам аябай мактайт.

Чоң атам , айылга эле кетип кала берет. Уйум калды, огородум калды деп. Аларды кылбай бул жакта эле эс алып жүрө берсеңиз дешсе көнбөйт. Ашып барса 1 ай турат. Анан мен кете берейинчи, апам да атам да,энеңер да ошол жакта деп жөнөйт.. Мурда уу окуп жүргөн, армияга барган кездерин айтып берчү. Жаттап бүткөм. ) Өзү курактуу аксакалдардан жаш көрүнөт, чоң атам. Орозо убагында орозо кармап, күн өлө ысык убагында да талаа иштерин кыла берет. Өмүрүн берсин..

дастан жазып ийдим окшойт. :nuemoe:

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 11 Март 2017 - 06:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   erketaiko   20 Июнь 2017 - 15:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 228
  • Катталган: 27 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Июл 2024 14:56

Мен бул теманы жон окуп чыгып кете албадым. Чон чон энем,чон чон атам(энемдин ата-энеси),чон чон атам,чон чон энем (чон атамдын ата-энеси) бар болчу... Бирок азыр Кудайга шугур жапжаш энем бар менин экинчи апам эн акылдуу эн кыйын кайраттуу аял деп билем. Ошондой эле таенем жана таятам бар. Таенем эн сонун адам оор басырыктуу аябай сезимтал. Таятам болсо эн сыйлуу аксакалдардын бири. Каникул болгондо эле сиздерге карай шашып калам сагынып. Сиздер бар биз бар. Сиздер бар неберелериниз куттуу уйунуздорго барабыз.Мен эн бактылуу адаммын!! !

Билдирүүнү түзөткөн: erketaiko: 20 Июнь 2017 - 15:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Bek_abad   20 Июнь 2017 - 15:50

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 04:59
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Мени чон атамы даже атам корбогон энеми таята таенеми билбейм дагы таенеми элес элес билем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   aijyldyz   20 Июнь 2017 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Чон атам. Кичинекей кезимде бир да каттуу суйлогон эмес. Коляскага салып алып мени садиктен алып келчу. Кыбырап басканымды кутуп турбаса керек да. Узун бойлуу, кара киши болчу жарыктык. Кээде чон энем урушса унчукпай басып кетчу. Ажылдап аял менен айтышкан эркекти эркек эмес дечу. Жаш кезинде мугалим болуп иштегендиктен мектептен келгенимде уй тапшырмаларына жардамдашар эле.Документ иштери менен а/о барып калсам фамилиямды корушуп чон атамды кобу сурап калышат.
Чон энем. Берекелуу, мээнеткеч, мунозу каттуу, кээде колдой чалкыган бул аял калмак кызы. Балалыгын арман менен эскерип, оз энеси отупкетип огой энеден коп кордук коргонун, ошол заманда ачарчылык болгонун коп айтчу. "Чон атан колунда бар жердин баласы болчу, огой энеден тажап , жакшы адамга жар кыл деп кудайга жалынып ыйлап журуп, турмушка эртелеп чыккам, огой баланы эч качан кордобогула, анын ыйы кудайга жетет" дечу. Дасторкондогу нандын кукумдорун, куручторду тергизип жедирчу, убал болот деп. Тарбияга каттуу болчу. Кочодо кыздар менен ойнотчу эмес. Кобунчо жожо бактырчу. Айыкпас рак оорусуна кабылып 63 жашында бул дуйнодон отуп кетти. Азыр деле нандын кукумдорун, куручту терип жейм. Апам "чон энендин эле озусун, кайненесин мага" деп тамашалапы же чындаппы айтып калат. Жаны тынбай мээнет менен кун кечирчу. Кимдин баласы кыз ала качып келсе тун жарымда келип чон энемди ойготушуп карызга акча алып кетишчу. Колокого карап намаз убактысын аныктап намаз окуп, орозо кармачу. Козу откон сон энемди сагынып коп ыйладым.
Тай атам. Мен тороло электе козу отуп кеткен. Согуштун ардагери, билим беруунун отличниги болгон эле деп апам эскерет. Тай атам тиккен бак бар, дагы деле момо берет.
Тай энем. Азыркыга чейин бир туугандар чогулганда тай энемдин создорун эстеп кулобуз. Бейиши болсун, аябай тамашакой, созду таап суйлогон кен пейил аял эле. Уйуно барып калсан тамагы ушунчалык бат бышчу. Бироо менен айтышып урушчу эмес соз менен эле "олтуруп" койчу. Ачууланганынын коргон эмесмин.
" Уулумдун бир башы экоо болуп, учунчусу кууп келе жаткандыктан тойду эртерээк белгиледик" дегени эсимде атама. 3-ким экен кууп келаткан? эмнеге кууйт тайкеми? деп тушунбоптурмун. Аны эми тушундум. Корсо келини кош бойлуу экен, кууп келатканы ичиндеги бала тура. Ичи билине электе уйго киргизип, той берейин деген тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   aiturgasha   20 Июнь 2017 - 16:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Менин чон атам да, чон энем да кулагы укпайт, суйлобойт. Сакоонун небереси деп кээбири шылдындаса, кээбири кантип тушуносун создоруно деп тан калышчу. Жаш кезимде уялчуу элем. Сакоо чон атам и чон энем бар экенине. Анын устуно алар менен мен кобунчо бирге болчуумун. Ата энем чон энемдерге таштап Россияга кетишкен эле. Бардык созун тушунуп, алар менен мен кобунчо суйлошчуумун. Алар сакоо, керен болсо да, мага жакшы тарбия берип, чонойтушкан. Ата энем келгенде, оз уйубузго кочуп кеткенбиз. Ошондо кадимкидей сагынчуумун. Кобунчо чон энемдердикине келе берчуумун. Мектепте окуп жургондо чон атам каза болуп калды. Ошондо чон энем жалгызсырап атам, мени менен кал деген. А мен универге тапшырып, окууга кетип калгам. Чон энемди кичине авам карачу, женем да жакшы келин болчу. Неберелери болсо да мени озгочо жакшы корчу. Катуу ооруп калганда мени эле сурай бериптир. 3,4 жашымдан баштап чонойтсо, кызындай эле болуп калгамго? А бирок акыркы жолу коргонго жетишпей калдым. Мен келгиче узап кете бериптир. Эн жакын небереси деп кыргыз уйго отургузушкан. Чон энемдин мончогун, кемзирин мага беришкен. Бала чагымды эстесем чон энем кошо эске тушот. Жайыныз жаннаттан болсун!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 00:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: