Учурда ТЭЦтеги коррупцияга байланыштуу Атамбаевдин кол тийбестигин жою керектиги айтыла баштады. Бирок Атамбаевдин КСДПчы депутаттары дароо шефин коргоого отушту, мыйзам жол бербейт деп...
Саясат таанучу Даниел Кадырбеков "Ошол убакта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун президентке кат жазганы жана ошол кездеги президент өкмөт мүчөлөрүнө түздөн-түз буйрук бергени мыйзамга туура келбей турган нерсе. Энергетика,
ЖЭБ, кредит алуу маселелери президенттин милдеттерине кирбейт. Кредит боюнча экс-президент өзүнө жакын белгилүү бир топ менен жасаган операциясына жана формалдуу түрдө эле тийиштүү министрлер кол койгону болбосо, бардык ишти өзү чечип жатканына саясий баа берилиши керек, жоопкерчилиги да бар" деп таамай айтып отту. Демек, ТВЕА менен келишим тузууго Атамбаев менен анын тар чойросу кызыкдар болгон деген тыянак чыгууда. Мунун аныгына (калп же чын экенин) жетуу учун Атамбаев да куноолуулор катарына кошулуп суракка чакырылышы керек, эгер ак болсо акталып чыгат, эгер куноосу далилденсе жазасын алсын! Силер кандай дейсинер?
Ал эми мыйзамда президенттин кол тийбестиги бар дегендин озу абсурд. Анкени андай мыйзам болгону менен, ал мыйзам озгортулушу керек. Ансыз да чан басып иштебей жаткан сапатсыз мыйзамдар канча... Эгер бул жолу Атамбаевге кылмыш иши козголбосо,
анда кийинки президенттерге Кудай бергени ошол эмеспи, кол тийбестигине ишенип коррупцияга белчесинен батышат Атамбаевге окшоп...
Кол тийбестик деген тушунук такталыш керек. Мисалы кол тийбестик дегенди бийликтегилер асолюттук мааниде кабыл алат, эмне болсо да аларды кол тийбестик коргоп, жазасыз калаарына ишенишет. Ал эми менин пикирим боюнча кол тийбестик деген тушунук салыштырмалуу эле нерсе болуш керек. Мисалы турмушта болоор-болбос нерселер бар, мисалы Раим миллионер Исаковду сотко берип журот, ошого окшогон мааниси жок нерселерден алыс болуу учун кол тийбестик керек. Бирок коррупция ж.б.маанилуу кылмыш иши боюнча кимде кол тийбестик болгон кундо да, соттун чечими менен ошол кол тийбестиги бар адам ошол кылмыш боюнча кубо же айыпталуучу катары суралууга кол тийбестиги жолтоо болбошу керек.
ТЭЦтеги коррупция боюнча "Атамбаевдин кол тийбестиги бар" деген жепжутарларга кайрылат элем, мындай чон соттук процессте Атамьаевдин кол тийбестиги эч нерсени чечпейт. Керек болсо Атамбаевди тиги камалган 7-8 адамдын катарына кошуп камап, суракка алуу керек. Анткени ТВЕА менен келишим тузууго Атамбаев менен Сапар Исаков кызыкдар болгону эми сыр деле болбой калды окшойт...
Анан калса айыпталуучулар катарына 5-чакырылыштагы,
ТВЕА менен келишимди ратификациялаган,
б.а. ошол мыйзамды колдоп берген бардык депутаттар да суракка чакырылып кылмыш иши ачылыш керек ошолорго, кол тийбестик деген тушунукту четке суруп...
Силердин оюнар кандай бул темада?...
Баракча 1 - 1
Кол тийбестик түшүнүгү... Же Атамбаевдин кол тийбестигин алуу керекпи?!!
#2 21 Май 2018 - 00:33
Менин оюм - ылдыйдагы кол тамгада жазылып турат.
Алешага ИМПИЧМЕНТ !
Алешага ИМПИЧМЕНТ !
Им-пич-
мееееент!
#3 05 Июнь 2018 - 19:53
Парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин кол тийбестик статусу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап чыгышты. Ага ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдан 12-берене толугу менен өзгөртүлдү.
“Экс-президент президент болуп турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт"
деген норма толук алынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Башкы прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу чечилери көрсөтүлгөн.
Ал эми Конституцияда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес деген норма жок. Эгер мурдагы президентке айып тагыла турган болсо, жагдайды алдын ала изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт. Ошондой эле жаңы мыйзам долбооруна ылайык, экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана саламаттыгы мамлекет тарабынан камсыз болбойт жана алар акысыз медициналык жардам көрсөтүү ала албайт. Мурдагы мамлекет башчы көзү өткөндөн кийин анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык унаа берилбейт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду, документти парламент быйыл күзүндө, депутаттар жайкы каникулдан кайтып келгенде карашы күтүлөт. Айта кетсек, өлкөдө экс-президент деген статуска Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ.
Кочуруп келип койдум...
Оюнуздар кандай? Дегеним, экс-президенттерди "Кол тийбестик" укуктарынан ажыратуу керекпи, же кандай?
Кочуруп келип койдум...
Оюнуздар кандай? Дегеним, экс-президенттерди "Кол тийбестик" укуктарынан ажыратуу керекпи, же кандай?
Билдирүүнү түзөткөн: Mydearzh: 05 Июнь 2018 - 19:55
#4 05 Июль 2018 - 22:38
Кол тийбестик укугунан бир гана президенттерди эмес, бут депутаттарды ажыратып койсо эч ким бийликке жулунмак эмес. Чыныгы иштей тургандар гана келмек деген ойдомун.
#5 11 Октябрь 2018 - 12:10
Кол тийбестик деген ушул бизге окшогон кедей-кембагал,
бирок ашкере куру намысчыл, пафосту суйгон олколордун "артыкчылыгы"
. Онуккон олколордо бул тушунук бар,бирок биздикиндей ашкере артыкчылыктарды беруу менен коштолбойт.
Негизи жонокой,ак, калыс иштесе, кылмыш жоопкерчилигинен тартылуудан коркпойт беле, экс-президенттер.
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#6 02 Январь 2019 - 03:12
Кол тийбестик болгону негизи жакшы эмес бирок ошону алуу маселеси азыр эле которулуп жатканы бул туура эмес да кече Аташ бийликте турганда которбойт беленер.
Баракча 1 - 1