Бул окуя мени менен чогуу иштеген жигиттин башынан өткөн. Авторго тиешеси жок!
Тааныштырган агент
#2 03 Март 2017 - 20:59
Айылдан мектепти бүтүп шаардагы ЖОЖдордун биринде окуган кезим, тагыраагы 1-курстун студентимин.
Ал убакта элдер агент менен ооруп калышкан эле, мен дагы алардын катарындамын.
Жаз айлары болчу, адаттагыдай агентте олтургам. Бир маалда бир кыздан дружба келди, кошуп алдым.
Сүрөтүн ачып карадым, жакшынакай кыз экен. Мактаныш эмес го бирок контагымда кыздар Кудайга шүгүр эле болчу, эч кимиси менен деле серьёзный мамиле кылган эмесмин.

#3 03 Март 2017 - 21:21
Анан ошол кыздын киришин күтүп калдым, бир күнү кечке маал "онлайн"
болуп калды, акырындан таанышып баштадым. Аты Айнура экен, кайсыл жерде окуганын сурасам, менин классташ кыздарым окуган жерде, анысы аз келгенсип ал менен бир группада окуйт экен. Ошентип экөөбүз күндөн күнгө көп-көптөн жазыша баштадык, сулуу кыз болгону менен бой көтөрүү деген жок экен, бирок жанынан көрө элекмин. Көрүүгө ашыга баштадым. Эптеп бир айласын таап, көрүүнүн аракет кылып жүрдүм. Бир күнү Кудай жалгап окуудан эрте чыктым, дос баламды ээрчитип Айнура окууган жерге жөнөп калдык, жолдо баратып ар кандай ойлор мээмди курчап алды, балким мен ойлогондой кыз эмес болсочу, мен ага жакпай калсамчы?
Аңгыча ал окууган университетке жетип калдык. Сыртта бирин серин студенттер, пара болуп жаткан окшойт. Досум экөөбүз аудиторияларды кыдырып жүрөбүз, мен издеген адамды көрө албадым, акыркы аудитория калды. Эшигин акырын ачсак классташ кызыбыз олтуруптур, сыртка чакырып алып ал ахывалын сураштырып калдык. Ал дагы бир нерсени байкагандай "жөн жай эле келдиңерби, биз жака келбейт элеңер" деп калды.
Айнура деген кыз силер менен окуйбу дедим, ооба не жагып калдыбы деп тамаша аралаш күлүп калды. Аудиторияны карасаң, узун кара чач кыз олтурат, ошол Айнура деди.
Эшиктен кирип бир сыйра көз жүгүрттүм, жаллаң кыздар окуган группа экен, 30 кыздын арасынан Айнура көзүмө башкача көрүндү, көпкө тура албадым, сыртка чыктым. Классташ кызым менен коштошуп, досум экөөбүз ал жерден узап кеттик.

#4 03 Март 2017 - 21:42
Ал жерден чыгып түз эле үйгө жөнөдүм, маршруткада баратып Айнуранын жылмайганын,
сүйлөгөнүн эстеп бараттым. Аябай шайыр кыз экен, жүзүнөн жылмаю кетпейт.
Үйгө барып анын агентке киришин күтүп калдым, "Мени көрдү, эгер жакпай калсам, жазбай койсо, же игнор кылса" деп кыжаалатмын.
Бирок мен ойлогондой эмес экен.
Ал аңгыча агентке кирип калды.
Ушуну эле күтүп турган жаным сөз баштадым:
-Кандайсын? Окууларың жакшыбы?
-Жакшы, өзүңчү?
-Шүгүр, сени көрө турган күнүм болот экен ээ?
-Мен күтпөдүм эле, аябай эле серьёзный турбайсыңбы
-Серьезный жигиттер жакпайбы?
-Жок эми да, мен такыр серьёзная боло албайм кечке күлүп жүрө берем.
Ошол күндөн баштап мамилебиз мурункудан дагы жакшы болуп калды.
Ал ортодо мен окуудан сырткары түнүкүсүн иштей турган жумушка орношуп алдым.
Сменде болгон түнү сөзсүз Айнура менен жок дегенде бир саат сүйлөшөм.

#6 10 Март 2017 - 19:59
Ошондой күндөрдүн биринде Айнура мага бир сунуш киргизди:
-Азыраак сүйлөшөлүчү,
-Не болду тынчылыкпы?
-Күн сайын телефондо сени менен сүйлөшкөнүмө жеңем нааразы, азырак сүйлөш, болбосо турмушка чыгарабыз дешти.
-Макул.
Ошол күндөн баштап сүйлөшүүлөр азая баштады, бирок токтогон жок. Бир күндө жок дегенде бир маал үнүн укпасам болбойт эле.
Бирок, көп убакыт мамиле кылып жүрсөк дагы "Сүйүү" тууралуу сөз болбоду, мен ага бир жолу девушкам бол деп предлагать эттим, "Ооба же жок" деп айтпады. Жылмайып гана тим болду. Ошодон кийин мен дагы предлагать этпедим. Күн сайын болбосо дагы бир жумада бир кечкисин жарым сааттан шаар айланып басып жүрдүк, көпкө чыга албайт болчу. Шаарда жеңеси менен тургандыгына байланыштуу көзөмөл катуу эле.

#7 10 Март 2017 - 20:07
Күндөрдүн бирине Айнураны көргүм келди, өзүнө айтпай ошол жашаган районго өттүм. Ал убакта сабагынан чыга элек болчу, канча күткөнүмдү билбейм бир маалда маршруткадан түшүп бейкапар келе жатат. Алдынан тосуп чыктым, көзүмө мурдагыдан да жакшынакай көрүндү. Учурашып ал ахыбал сурашып үйүн көздөй бастык. Анан телефонун сурадым, бербейт, менин телефонумду алып тур десем дагы болбойт. Акыры флешкартасын чыгарып алдым дагы коштошуп келебердим.
Үйгө келип флешкартаны телефонго салып сүрөттөрүн көрүп олтургам, карасам агенти флешкасында экен, обновить этип почтасынан кирдим.
Контагында жигиттер толтура экен, көпкө чукуладым. Группалаш кыздары менен жазышкан смстерин окуп калдым, жазган смстеринин көбү мен жөнүдө. "Мен ал баланы жакшы көрөм, бирок ал сезбейтат" ж.б. ушул сыяктуу смстер. Окуп алып башкача болуп кеттим, неге мага айтпады экен деп өзүмчө ойлоном.

#8 10 Март 2017 - 20:16
Эртеси флешкасын берип жатып мага айта турган сөздөрүң болсо түз эле айта бер дедим, намёк кылсам дагы өзүнөн уга албадым. Акыры бир күн айтаар деп күттүм, жок, такыр айтпады.
Мамилебиз мурдагыдан дагы жакшы болуп баштады, бири бирибизге кызганып, таарынып дегендей.
Бир күнү жумуштан чыгып үйгө келдим, Айнурага чалсам албады, кайра кайра чалдым, албады.
Акыры Айнурадан смстер келе баштады, "Мен унут, мен башкага турмушка чыгып жатам, мени кечирип кой" деп. Түшүнбөдүм, сага эмне болду деп жооп жаздым, "Болду, мага башка чалба" деп смс келди, эмне дээримди билбей отуруп калдым. Ошондо билдим, аны чындап жакшы көрөөрүмдү, байланып калганымды.

#9 10 Март 2017 - 20:33
Ошол күндөн баштап телефонун өчүк боло баштады, аябай кыйналып жүрдүм. Бир нерсе жетишпегендей боло берди. Ошентип жүрүп Айнураны унутууга аракет кыла баштадым, убакыттын өтүшү менен Айнура менин жашоомдон кеткение ынанып калдым. Арадан бир жылдан ашык убакыт өттү, адаттагыдай эле бир күн агентте олтурам, классташтардын конференциясы бар экен, капыстан кошулуп калдым. Алар менен жазышып олтурсам Айнура менен чогуу окуган классташым жүрөт, дароо эле Айнура эске түштү, личкасына өтүп сурап баштадым.
-Кандайсын, группалың Айнура кайсыл жерге турмушка чыкты?
-Айнура турмушка чыга элек
-Кантип эле, мага турмушка чыктым деди го
-Билбейм, турмушка чыкса тоюна барат элек да.
Бул сөздөрдү угуп сүйүнүп алдым, классташымдан номерин алып Айнурага жаза баштадым.
Бирок мурдагы Айнура жок, өзгөрүп кетиптир.
Негедир мурдагыдай көпкө чейин сүйлөшүп олтурбай калдык, как обычно салам беришип эле тим болобуз.
Мен дагы аракет кылбадым, кааласам жазып, кааласам жазбай жүрө бердим.
Бир канча ай ошентип жүрдүк, барып барып бир айда бир жолу эле сүйлөшүп калдык.
Арадан билинбей 7-8 ай өтүп кетти, экөөбүз тең токтолуп жогорку курс болуп калдык. Башка кыздар менен да таанышып жүрдүм, бирок Айнурага эч кимиси жетпеди.

#10 10 Март 2017 - 20:37
Ойлонуп олтуруп Айнура менен кайра мамилени улантууну чечтим. Көп көптөн жазып, күн алыс чалып жүрдүм. Бирок Айнура мурдагыдай болбой мерез болуп калыптыр. Бир ай артынан жүрдүм, дагы деле мурдагы Айнураны көрө албадым. Мерездигинен көңүлүм кала баштады, чалбай да жазбай калдым, бирок үзүлбөгөн үмүт менен Айнурадан биротоло кетүү ушунчалык кыйын болду.
#12 10 Март 2017 - 20:44
Көрбөгөнүмө көп болуптур, бир күнү көрүп келейин деп үйүнө бардым. Менден бир нерсени жашыргандай өзүнө сыгыла берди. Сурасам айтпайт, акыры айтпасаң кетпейм деп туруп алдым. Менин көк беттигимди билдиби, айтоор сөз баштады: мен жакында чындап турмушка чыгып жатам, мурда жеңем смс жазган болчу эми чындап. Үйгө жуучулар келишиптир,
атам кызым чечет деп коюптур деди. Анан сен не дедиң десем, ойлонуп көрөйүн деп койдум. Ата энем аларга ыраазы, мени эле күтүп олтурушат деди.
Көпкө чейин унчукпай олтурдум, демек бул экөөбүздүн акыркы жолугушуубуз экен. Макул, мен кеттим деп бетинен өөп коштоштум.
Эртеси кечке смс жазды, мени кыйнап атышат, не кылайын, менден башкасы баары ал балага турмушка чыкканыма макул болушуптур, мен ал бала менен жашай аламбы албаймбы кудай билет ж.б. ушул сыяктуу смстер келе баштады.
Бир чети кызгандым, борум ооруду. Бирок "өзүң билесиң" деп гана тим болдум.

#13 10 Март 2017 - 20:50
Бир жума тынбай жазып жүрдү, акыры "Мени алып кетчи, бул кыйынчылыктан куткарчы"
деген смс келди.
Менин сүйүүмдү убагында баалай албадың, мени кечирип кой деп жооп жаздым.
Ошол, ошол болду акыркы жазышуубуз.
Бир жума ватсапка кирбей жүрдү, бир жумадан соң ватсапка кирип калды, сүрөтүн карасам бир бала менен жолукчан түшүптүр.
Көрүп алып кызганып кеттим, номерин өчүрүп салдым.
Эмнеси болсо дагы бактылуу болсун!
Кээде ойлонуп калам, балким жаштык кылдым, ага үйлөнүп алсам болот эле деген ойлор келет. Бир чети туура кылдым, бул менен жашоо бүтүп калбайт деп калам!!!

#14 10 Март 2017 - 20:51
Ушул "өзүң билесин"деген сөздү аябай жек көрөмда. Өзү билсе сенден сурайт беле,эмне кылайын деп?!
#18 11 Март 2017 - 14:15
Озун билесин коробузго деген жооптор канчасынын тагдырын талкалады экен. Озу билсе чын эле сенден сурамак беле.
#19 11 Март 2017 - 14:21
+
Агент убагында кобун тааныштырып, табыштырып, таарыныштырып, бири бирин сусуйуштуруп, жада калса уй булоо кутуп, бала чакалуу кылууга шарт тузуп берди.

#20 11 Март 2017 - 15:46
Айнура бут баарынан конулу калып акыркы умуту менен сага кайрылса сенда аны жарга туртупсун.