Суперстан: Маршруттук унаага оролгон сүйүүм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Маршруттук унаага оролгон сүйүүм

#1 Пользователь офлайн   perishte_222   16 Январь 2017 - 23:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Салам баарыңарга! Мен бул жүрөк арманындагы чыгармаларды калтырбай окуп, андагы каармандарга боорум ооруп дайым алардын жашоосунан сабак алганды жактыраар элем. А бүгүн болсо катталып алып өз башымдан өткөн сүйүү баянымды сиздерге баяндап берүүнү кааладым анда эмесе баштай берсем....
Ал убак кычыраган декабрь айы эле, күндөгүдөй эле күндөрүм өтүп сессияга даярданып башым китептен чыкпай жүргөн убак эле. Ал күнү да сабактарым карап олтуруп бөбөгүмдү бала-бакчадан алганды унутуп калыпмын. Бир убакта жеңем бөлмөмө кире калып, бала-бакчага кете элексиңби? Иий кеч болуп кетти го, ал тайпссында жалгыз калса керек, деп айтканын угуп-укпай ордумат ыргып турдум. Эмне колума тийсе кийе калып, сырта чуркап чыктым. Бала-бакча башка кичи райондо болгондуктан 137-Маршруттук унаага олтурдум да, терезе жактагы арткы орундука барып олтуруп кайра эле китебимди ачып окуп бара жаттым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   perishte_222   16 Январь 2017 - 23:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Жаныма бирөө олтурду, көңүл деле бурбадым, байкаган да жокмун. Бир убакта чоң кыз сен Ата-Түрк Ала Тоо университетинде окубайсыңбы? деген коңур үн чыкты, карасам жанымда жаш жигит менден сурап жаткан экен. Кыска гана 《жок》 деп жооп берип башымды ылдый каратып китебимди окуп бара жаттым. Кайра бир убакта анда <Чыгыш университетинде окуйсуң ээ?> деп суроо узатты. Мен ага карап дагы жок деп жооп бердим. Мага удаа эле -Мен сени бир жерден көргөндөймүн деди, а мен анын жүзүнө бир саамга карап туруп, жоок мен сизди тааныбайм адашып жатасыз го мен болгону университеттин жанында жашайм ошол жактан көрсөңүз керек деп жооб бердим. Мага улам суроо берип жатты. Эмнеге мага сүйлөп суроо жаадырып жатканын түшүнө албай бир убакта аны караганымда жүрөгүм башкача согуп бетим кызарып чыкты. Ой тообо эмне болуп жатам деп өзүмөн өзүм уялып кеттим. Терезени карасам бала-бакчага жакын калыпмын түшөйүн деп ордуман турдум, ал да мени менен кошо илешип түштү. Артымдан келип сүйлөп жатты мен болсо кетип калбаса экен деп ичимден туйлап жаттым. Бала-бакчага жетээрде алдымды тороп туруп калды. Кечиресиз деп жылмая карады да, кайра бала-бакчадан чыкканыңызда узатып койсом болобу? А мен жооп бербестен ичкери кирип кеттим. Бөбөгүмдү алып чыккан кезде мени күтүп туруптур. Мен аны биринчи жолу көрсөм дагы, жандай көргөн адамымды көргөндөй сүйүнүп кеттим. Жанымда жандап басып келе жатты, сүйлөшүп жакындан тааныша баштадык. Бир карасам аялдамага да келип калыптырбыз, маршруттук унааны күтүп турууга туура келди. Жаратканымдын буйругубу жарым саат турсак да маршруттук унаа келбей кечигип жатты, ал убакта номеримди алып сүйлөшүп турсак болобу деп уруксаат да алып алган эле. Ар кыл темада сүйлөшүп турдук Ал адамдын ар бир сөзү мага жагып, ойлорумду алыска учуруп жатты. Бир убакта күткөн унаабыз да келип токтоду, коштошуп алып үйдү көздөй жөнөдүм. Эхх кандай соонун адам бул кокус периште болуп жүрбөсүн, ушундай жигитти биринчи жолу көрүшүм деп өз ойлорум менен алпуурушуп үйгө да жетип калганымды байкабай калыптырмын. Кубанычымда чек жок жинди болгон кыздай бир сүйүнүп бир ойлонуп ал кылыгыма кайра жылмайып алып уйдө олтурдум... Жанаа эле башым китептеп чыкпай, убакыттын өтүп кеткенин байкабай олтурган жаным, азыр уюлдук апаратымды кучактап алып, минута санап олтурдум. Бүгүн жазбайт да, чалбайт да окшойт деп ордума жата кеткенимде уюлдук апаратыма кат келди, ача салсам сыйкырдуу жигиттен келген экен мына эми уктап көр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   perishte_222   17 Январь 2017 - 00:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Кайдан уктай алмаксың түн бир оокумга чейин баарлаштык, жүрөгүм дүкүлдөп, башкача сезимдер гүл ачып, кыялдарга оролуп жата бердим. Ошондой таттуу сезимдер менен кошо уйкуга кеттим. Ойгонсом жарык кирип келе жатыптыр. Бүгүн зачётум бар деп туруп, жуунуп, кийинип Университетиме жөнөдүм. Жакшы даярдангандыктан кыйналбай эле тапшырып чыгып кеттим. Арадан эки жума өттү ал убакта жакшы тааныш болуп сүйлөшүүбүз күчөп калган. Сабактан үйгө келгенимде, курбу кызым чалып ролике барып келеличи деп суранды, мен макул деп кийинип алып жөнөдүм. Барып алып ролик тээп жүргөнүмдө уюлдук апараатыма кат келди ачсам 《Кандайсың сулуу? кайдасың》деген билдирүү экен. Мен кайда экенимди жазсам, <мына мен да бара жатам кетпей тур> деп жооп жазылды. Ролерден чыгып курбум м.н коштоштум. Басып келе жатсам алдыман сыйкырдуу жигит жылмайып пайда болду. Учурашып көпкө сейилдеп басып жүрдүк. Жүрү ролерге кирели деди, а мен каалабадым. Кел колуңа кийип алчы деп өзүнүн кол кабын мага кийгизип, шарфын ороп, жылуулап койду. Мына эми ыссып чыкканымды айтпа. Таң калдым мен мындай жылуулукту, мамилени, эч бир жигиттен көргөн эмес элем, жада калса сүйлөшүп калам деп да ойлобогом... Ал күнү өзүмдү аябай бактылуу сезип үйгө чейин узатып келген сыйкырдуу жигит м.н коштошуп үйгө кирдим. Өзүмдөн өзүм толкунданып аны кайра эле көргүм келе берди. Мен аны эртеси күнгө Поэзия кечеге чакырып койгон элем окуудан кийин үйгө китептеримди таштап, экөөбүз кече болчу адреске жөнөп калдык. Кече башталып акындар жалаң сүйүү темасындагы ырларды окуп жатты. Алардын ар бир сөзү мага жана сыйкырдуу жигитке тийешелүү болуп жаткандай туюлду. Күндө жолугушчуу болдук, Бир күнду да жалгыз өткөрүүнү каалабай калдык. Ошондой күндөрдө бири-бирибизди өзгөлөрдөн кызгана баштадык уюлдук апараттарыбызды алып текшерүүгө өттүк мына баары эми башталды. Мен аны шоколадик деп ат коюп алгам )) себеби мен шоколадты жакшы көрчүмүн. Ал да билгендей күндө шоколад ала келчүү айтор мени шоколадка тойгузчу))) Ал болсо мени Момпося деп атачуу себеби ал Момпосуйду жакшы көрчүү) ошол күнбөр бизге эң соонун көз ирмемдер эле Жаңы жылга жакын үйдөгүлөр чакырып мен Улуу Айкөл Манас атам жердеген туулган жерим Таласыма кеттим. Шоколад дагы Ыйык болгон Кыргызстанымдын сыймыгы, бермети, Ысык-көлгө кетти. Экөбүз үйлөрүбүзгө барып 1күн болгон соң бири-бирибизди сагына баштадык. 3 күн араң өткөрүп 31-Декабрь жолго чыгып борборубузга келе бердик. Экөбүз ошол эле күнү жоолуктук түнү м.н күн суука карабай көчөдө бактылуу сейилдеп жүрө бердик. Бири-бирибизге сезимдерибизди ачык айтып, тилектерибизди айтып, ошол күнү кыз жигитке айландык.
Күндөр аябай жагымдуу нерселер менен аяктап жатты. Эртең менен бирге китеп канада, же кечкисин подезде, сабактарыбызды чогу аткарып жүрдүк. Мени карап ишеничтүү, таянычыма айланды. Ошондой күндөрдө кызамык болуп ооруп калдым. Мына эми кантип жоолугаарыбызды билбейбиз мен катуу кыйналдым :( Ал мени эркелетип көңүлүмдү көтөрүп жүрдү бир күнү чалып терезеге жакын келчи бирок терезени ачпа сырт аябай суук деп айтты. Түшүнбөй терезеге жакын барсам, эзилип жакшы көрүп жатты. Мен аны көрө албай жаттым. Шоколадик жинди болбочу, мени кайдан көрмөк элең мен 9-кабаттамын го анын үстүнө эшик карангы десем сыртта каар жаап жатканына карабай үйдүн алдында турат. Аябай алыстан көрсөм да сүйүнүп турдум, телефон менен үнүбүздү угуп карааныбызды алыстаан көрүп турдук. Ал мага бийлеп берип айтор 1сааттай сүйлөшүп алыстан карааныбызды көрүшкөнүбүзгө сүйүнүп тура бердик.Мен бат эле жакшы болдум андан да жакшы, бактылуу, күндөрдү аябай көп өткөрдүк. Ошондой күндөрдө сыноолор сынай баштады мага куда түшүп үйгө адамдар келе баштады. Мен апакеме жактырганым бар экенин, азыр мага турмушка чыгуум эрте экенин, ал экөбүз убагы келсе баш кошоорубузду айттым. Ошондой күндөрдө катуу ооруп калдым, бул жолкусу тубаса оору болчу. Кулагым алсырап, угуусу начарлай баштады. Мурдум гайморити күчөп, бир танабынын ичи кыйшык өсүп калгандыктан дем ала албай оозум менен дем алууга туура келип калды. Баарысын ага ачык айтып, Германия же Турциядан даарылануум керек экенин айттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   JanEka   17 Январь 2017 - 00:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 19 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 26 Июн 2017 13:04

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   aika17   17 Январь 2017 - 04:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 179
  • Катталган: 26 Апрель 16
  • Соңку аракети: 10 Окт 2020 09:41
  • Калаасы:Айтфаа..аайм)))

Суйуунордун унаага оронуп алганы жакшы экенго.)))Тема болбосон кое кал.
Уланта бер автор кутуп атабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   perishte_222   18 Январь 2017 - 01:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Ал мени жалгыз жибергиси келбеди, ал да мени менен кетүүгө даярдана баштады, ал мен барчуу өлкөнүн тилин билгендиктен. Мага тил үйрөтө баштады мен көрүнүп да, тил үйрөнүп да, жүрдүм. Ошол убактарымда кыйналып жүрдүм, ал мени түшүнүп жанымдан чыкпады. Акырындап жылыш болуп баштадыҮйдөгүлөрүм Кыргызстандан эле дарылануумду туура көрүп даарылануумду улантып калып калдым. Бир ай өткөн соң жакшы болуп бара жаттым шүгүр оорум басаңдап баары мурдагы калыпка түштү. ошол убакта үй бүлөөсү менен тааныштым аябай жакшы адамдардын баласы тура, эжеси да мага абдан жакты тарбиялуу интелегент үй бүлөөлөрдүн бири экен. Ий баса ал экөбүздүн туулган күндөрүбүз аябай жакын экен анын туулган күнүн тосууга камындык мен ал үчүн белек издеп магазиндерди кыдырып жүрүп кийим алып берүүнү туура көрдүм. Ал дайым менин вкусумду аябай жактырчууүошондуктан эч кыйналбай өзүмө жаккан кийимди алдым да подарочный каробкага салып таң атпай үйүнүн алдына барып телефонуна коңгуроо кылып келгенимди айттым. Менин шоколатигим жаңы гана уйкудан турган экен аны куттуктап белегимди берип катуу кучагыма кысып, коштошуп алып окуума кете бердим. Кечинде достору менен чогулуп мени келип алып кетти, берген белегимди кийип алып келиптир, аябай соонун кылып майрамдап өткөрүп алдык. Андан соң менин өздүк майрамым да келди. Ал күн да эстен кеткиз кылып майрамдадык шоколатик менин үйүмө кучак толо рооза гүлү менен келип машина менен алып кетти ал күнүмда өзгөчө күн соонун болду. Андан соң Нооруз кирип келди, ошол күнү менин шоколатым досунун үйүнө барып майрамдайлы ошол жака түнөйбүз достор менен деп мени чакырды, мен башка үйгө такыр тунөбөгөм бир ааз ыңгайсыз болуп, үйдөн сурана албай жаттым бирок шоколатыма дайым ишенчүүмүн. Эптеп шылтоо таап сурандым экөөбүз кечинде маршрутка менен жаңы конуштардын бирине бара жаттык, бир убакта түшүп алып жөө басып бара жатсак, бир үйдө адамдар топтолуп сүмөлөк кайнатып жаткан экен. Мен аябай кызыгып карап калсам, алар бизди чакырып алды, барып учурашып сүмөлөк аралаштырып каалоолорубузду айтып жаттык, андан соң даам ооз тийип алардын батасын алып жолубузду уладык. Алардын меймандостугуна, кичипейилине, аябай ыраазы болдум, чынында бир айыл жергесине келип калгандай эле сезимде калдым. Ноорузду аябай жакшы майрамдап, түн бир оокумда жатып калдык. Мени шоколадым бир бөлмөгө өзүнчө жаткырып жакшы жат деп чекемен сүйүп чыгып кетти. Чарчагандыктан уктап калыптырмын ойгонсом күн чыгып келе жаткан экен, кийинип алып чачымды оңдоп жатсам шоколатым эшик ачып кирип келди, кучагына бекем кысып, Алтыным уйкуң кандыбы? баары жакшыбы? деп мээрим төгүп карап турду. Мен жылмайып адатымча башым ийкеп, кучагында эркелеп турдум. Тамактанып алып, үйдү көздөй жөнөдүк. Мындай таттуу күндөрдү көөп эле өткөрдүк кээ бир түндөрү уктай албай жатып төмөндөгү ыр саптарды жазып койчуумун албетте сүйгөнүм шокого арнап....
"БАКЫТ"
Мен кабылдым чыныгы махабатка
Журогум да тартуулады жалгыз ага
Ал ак суйуу тутанып жанып жатса
Кандай адам тоскоол болот бактыбызга

Коздор кээде тигилип шыбырашса
О бул дуйном кетет ээ жаркып анда
Айланам да кооздука чулгап анан
Балын оозго тамгызгандай сезилет да

Сен болсон жанымда жаркып кундой
Ой санаа арабыздан болунгондой
Туйшук баскан бул дуйно сыноолору
Эч эле ойлорумду болбочудой

Буткон боюм бакытка малынгандай
Учуп журом асманга чалкып айдай
Сендик болуп бул жашоодо калсам экен
Ээрчишип Эгиз козу улактардай )))

24.01.2016жж 02:46


《Ашыгыма》

Сүйдүм сенин карагаттай көзүңдү,
Кыялданып ар бир айткан сөзүңдү.
Кол кармашып жүрсөк көчө аралап,
Жашоо мага балдай таттуу көрүндү.

Асыл жаным арбап алдың өзүңө,
Кирип алып жан дүйнөмдүн төрүнө.
Жашасам дейм жомокторго окшошуп,
Сени менен жашоом кооз да өзүнчө.

Сенсиз жаным жашай албайм көрүнөт,
Уйкусуз түн ай шооласы төгүлөт.
Ойлой берип жалгыз гана өзүңдү,
Оюм онго санаам санга бөлүнөт.

мындан тышкары көп эле ырларды жазгам бирок аларды жүктөш мага өтө оор болуп жатат... эхх тагдыр дегенге айла жок тура, бир заматта баары ойроң болду да калды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   briliant87   18 Январь 2017 - 11:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aika17   18 Январь 2017 - 11:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 179
  • Катталган: 26 Апрель 16
  • Соңку аракети: 10 Окт 2020 09:41
  • Калаасы:Айтфаа..аайм)))

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Shipshirinka   18 Январь 2017 - 12:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 557
  • Катталган: 09 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 19:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Ойроң болду да калды дегени эмнеси?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Shipshirinka   18 Январь 2017 - 12:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 557
  • Катталган: 09 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 19:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Ойроң болду да калды дегени эмнеси?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Bazana   18 Январь 2017 - 14:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Кыйрады деген
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   perishte_222   18 Январь 2017 - 14:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Ошондой таттуу күндөрдүн биринде мага куда түшүп кыйбас адамдар биринин артынан бири үйгө келе баштады, башында баарын апакем тыйып коюп жүрдү, бирок бир күнү Апам жок деп айта албачуу адамдар келип, болгондо да бир тууганынын баласына алып берүүнү көздөп келишиптир. Апам а деп ооз ача албай аларды эптеп жөнөтүп эле мени чакыртыптыр. Эч нерсе оюмда жок баягыдай эрке мүнөз чунак кыз үйдү көздөй жөнөдүм. Үйгө барып эле баары менен учурашып апакем менен чайга олтурдум. Эмнегедир жадырап тосуп алчуу апам бүгүн капалуудай көрүндү.
-Апа эмне бир жериңиз ооруп жатабы? же байкемдер капа кылдыбы? деп суроо салдым. апакем баары жакшы экенин айтып, болгону мени сурап келген адамдар жөнүндө айтып баштады эле мен, -Апа билесиз го окуумду аяктайын анан ойлонуп көрөм, эгер үйгө батырбай куусаңар анда жигитимдин колун кармап турмушка аттанам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   perishte_222   18 Январь 2017 - 14:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Жазганымдын баары өчүп калып жатат күтүп окуп жаткандар кечиресиздер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   perishte_222   19 Январь 2017 - 12:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Деп тамашалай сүйлөп жаттым
-Кызым сени сурап алдыбызга кимдер келгенин билесиңби? Асыл эжең күйөөсү менен келишиптир бологондо да инисинин суранычы менен келиптир. Деген апамдын сөзү, күлкүмдү тып токтотту. Мындан 6жыл мурунку биздин үй бүлөөбүздөгү болуп өткөн окуялардын баары көз алдыма тартылды. Мен үй бүлөөдө алты бир тууганмын. Бир эжем, төрт байкем жана эң кичүүсү мен элем. Ал убакта мектеп окуучу секелек кезим. Үй бүлөөбүз менен жакшы эле жашоодо жашап жаткан күндөрдө байкем катуу ооруп калды. Ата-Энем улуу байкем аны ооруканага көргөзсө өпкө оорусу менен ооруйт деген диагноз коюшуптур. Аны өзүнчө ооруканада даарылай башташты акча деген күнүңкү даары-дармегине эле суудай кете баштады даарылардын кымбатын айт, бирок эч жардам бербей эле бир боорум күндөн күнгө алсырай баштады. Ал жактагылар ар шылтоону айтышкандыктан башка ооруканаларга алып барышты алар да карай алышпады, андан соң Москвага алып барып келишти кыскасы эч жыйынтык жок болуп жатты. Бир тууганым көз алдыбыста буттары баспай, арыктыгы сөөгүнүн сыртынан эле тээриси калды, эч бир тамак иче албай жалаң пюре менен жашаган ахыбалга келди. Улуу байкем эки көзүнөн кан аккыча ыйлап алып аны жонуна көтөрүп алып Ооруканалардын эшигин каккылап көпкө аракет кылып жүрдү бирок жыйынтыгында адам болбойт деп үйгө чыгарып коюшту. Ата-Энемдин көз жашын көрүп, бир тууганымдын кан кусуп кыйналганын көрүп мен жараткандан ыйлап-ыйлап бир тууганымды сакайтып бер башка эч нерсе каалабайм айтканыңды аткарайын деп жалбарып дуба кылып жүрдүм. Мурункудай мал жан жок бар нерсебизди саттык, акча бизге аябай керек эле карызга малындык бирок Апакемдин бир туугандары материялдык жардам эмес ахыбалыбызды да сурап койгон жок. а Атам болсо жетим өскөн эле таянары жок болуп кыйынчылык көрүп жүрүпчоңойгон экен бизди кем кылбайын, мен көрбөгөндү балдарым көрсүн деп бизди баардык жактан кем кылбай өстүргөн экен. Ошондой оор сыноо күндөрдө ушул Асыл эжебиз бизге чооң жардамын берген. Асыл эжемдин бир жакын тааныш врачы бар экен улуту башка, чынында аябай кыйын врач болчу. Башка өлкөлөрдө да жеке клиникалары бар аябай тажрыйбалуу врач экен. Ал келип байкемди кайра башынан баардык органдарын УЗИ, Реңгенге тартып, Толтура жеринен кан алып Лабараторияларга жөнөтүп жыйынтыгы чыккандан баштап катуу киришип даарылай баштады. Асыл эжем сүйлөшүп баарын бекер кылдырып берди бир гана анда жок даарыларды гана саттырып алып жатты. Бирок ал даарылардын баасы асман чапчыйт эле, аларга Асыл эжем жардамын аябай берип жатты ошентип жүрүп байкем аз аздан жакшы болуп келе жатты так 1жыл дегенде өзү басып, каалаган тамагын ичип түнү тынч эс ала турган болуп калды. Ата-Эне үчүн бала ушунчалык кымбат тура, Сүйүнүшкөндөрүнөн көзүнө жаш алып, сакайышына себепчи адамдарга кандай ыраазычылык айтаарын биле алышпай жүрүштү . Чынында Асыл эже болбосо биз ал врачка көрсөтө алчу алыбыз калган эмес эле Кабыл алып бейтапты көргөнү үчүн эле 1000 сом алчуу экен мындан 6 жыл мурун анда акча күчтүүрөөк кези эле. Асыл эженин бизге эч кандай туугандык жайы деле жок эле, болгону Ата-Энемдин жакшы тааныштарынын бири болчу.... Мен алардын инисин таанычумун бир жолу жаз айында Асыл эжемдинн үйүнө жумуштап бара жатканымда менин Шоколадым чалды, алып жооп берсем кайда баратканымды сурады, Асыл деген эжемдикине десем аябай суранды барбай эле койчу жүрөгүм бир башкача болуп жатат андан көрө жоолугалычы сага бир нерсе болуп кетчүүдөй сезилип жатат деди, эхх ошондо эле басып кетип калбайт белем жумуш бүтөт эле да адам баласы жүрөгү менен сезет экен бирок элес албайт турбайбызбы мен адатымча күлүп барбасам болбосумду айтып жөн эле ойлоно бербе деп кетип калгам. Үйүнө барсам так ошол иниси бар экен көңүл деле бурбагам. Мына балээнин баары ошондон башталып кетти. Сүйүү бирөөнүн сезими менен эсептешпейт тура бирин-бирин сүйдүрүп кайра даагы бирөөнү сүйдүрүп бизди туңгуюка такап салат тура үч бурчтуу сүйүү десем болчудай

Билдирүүнү түзөткөн: perishte_222: 19 Январь 2017 - 12:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   sumaya   19 Январь 2017 - 13:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кызыктуу экен уланта бериниз автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   perishte_222   19 Январь 2017 - 15:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Эхх кыйналып ыйлап жаттым, ал иниси эмнеге эле дайым коомдук жайлардан жалгыз жүргөнүмдө алдыман чыга калат десе көрсө менин ийизимден жүрчү тура... Апакеме жөлөнүп алып аябай ыйлап жаттым Апа апаке мен эмне кылуум керек? ал баланы жакшы көрбөсөм кантип? Атама айтып түшүндүрүңүзчү менин сүйгөн жигитим бар апа кыйнабагыла апа Бактымды байлабагылачы суранам... деп жалынып жаттым ал күнү эч ким эч нерсе дебеди мен кайрадан борборго келе бердим... Күндөр айга алмашып өтө берди. Окуу үй болуп жүрдүм Шоколад экөбүз дагы да жакшы күндөрдү өткөрүп жүрө бердик а тиги жигит баарын билип туруп артымдан калбай жүрө берди артымдан. Бир күнү үйдөгүлөрүм катуу киришти.Агаларымдын баары мага турмушка чыгасың ал адамдардын жакшылыгын кантип четке кагабыз? анын үстүнө алтындай болгон үй бүлөнү чанып кайжан бакыт табасың? Сүйүү никеден кийин башталат деп карама-каршы туруп алышты Атам да бир сүйлөгөн адам ал башында кызым жаш десе, эми атакем да мага ушул эле сөздөрдү айтты. Апам байкуш эмне кылсын ал да мага акыл насаат айтып мени жок дебе деп жалдырап жүрдү. Бир гана улуу эжем мага бир жол айтты. Эгер көңүлүң башкада болсо ал адамга айт сени алып качып кетсин мен сен тараптамын деди. Эхх мына эми кандай чара кылаарымы билбедим Шокого айта албадым... себеби ансыз да анда толгон токой проблемалары болуп жаткан мени алып качканга даяр эмес эле. Ошентип жүрүп Ата-Энем кудалар менен кыз узатуу күнүн белгилешти да мени даярдан үч күндөн кийин алып кетет деген сөздү айтышты. Кечке ыйлап жүрүп күнүм өтүп жатты акыркы күнүм калганда гана жеңемдер менен даярдык көрдүм. Өзүмө келдим, баары кудайдын буйругу экен деп кетээрге даярдана баштадым арга жок эле, жүрөгүм сайгылашып ооруп сыздап жатты. Бирок мага баары бир болуп калды. Намысым моңгүрөгөнгө жол бербеди, себеби ата энемди бир туугандарымды жер караткым келген жок аларды да кыйнагым келбеди. эртең той деген күнү телефонумду күйгүзүп шокомо чалып алып боздоп ыйлап жатып акыр түшүнүктүрөөк айтып мени кечиришин суранып сүйгөнү чын экенин, дайым жүрөгүмдө сакташымды айтып коштошуп жаттым. Бирок ал жулкунуп түндөп алып качып кетейин таластагы адресинди айтчы деп жалынып ыйлап жатты бирок баары кеч болуп калды биз алардын тескери батасын алып бактылуу болуп кете албасыбызды айтып өчүрдүм...

Билдирүүнү түзөткөн: perishte_222: 19 Январь 2017 - 15:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Shipshirinka   19 Январь 2017 - 15:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 557
  • Катталган: 09 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 19:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Иии чындап жаман болуптур
Тиги ооруган байкеңизге эмне болду?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Mumu1986   19 Январь 2017 - 15:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 23:01
  • Жынысы:Аялзаты

Эххх, элестетип жаман болуп кеттим...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   perishte_222   19 Январь 2017 - 16:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 16 Январь 17
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 21:29

Эхх мына ый менен таң атты. Мына той да башталып менин болочоктогу кайын журтум келишти баары жайдары а мен түшүндүрө алгыс абалда болдум бирок сыр бербей күлүп жүрдүм мына той да бүтүп мени Самара Каримованын "Кыз узатуу" ыры менен жолума ак килем төшөп үйдөн жетелеп чыгып жолдошума кошуп узатты Ыйлап жатсам баары сооротуп узатып кала беришти... А менин жүрөгүм канап жатканын билишпеди... Мына түбөлүкө жашай турган үй жайыма келдим Никебизди Чубак ажы Жалилов кыйды, дүңгүрөп той да болду андан соң чыныгы жашоо башталды. Мен жолдошумду эч эле жакшы көрө албай жүрдүм байкушту дайым кагып салчуумун, ага да капа болбой көзүм менен тең айланды. Кээде өзүн аябай күнөөлөп мен сени капаска салып койгондой болуп жатам эркин жүрчү, ыйлабачы деп көөп жолу айтты. Ошондо да шокону унута албай кыйналып жүдөп кеттим. Бирок жашоо, убакыт акырындап баарын ордуна коёт тура, убакыт өтүп боюмда болуп калды сүйүнгөнүмдү айтпа ушунчалык бактылуу болуп сүйүнгөнүмдү жолдошум көрүп алып көзүнө жаш алды. Демек мен эне болом менин канымдан жаралган балам болот, деп баламдын камын көрө баштадым. Ошол күндөн баштап жолдошума жакшы мамиле кылганга өттүм аны сүйбөсөм дагы жакшы көрүүгө аракет кылып анын жакшы жактарын көргөнгө аракет кылып ага көңүл бура баштадым. Себеби балама акыл эс киргенде бизди көрүп алып капа болбосун. Менин ата энем эмнеге мындай мамиледе? деп суроо берип кыйналбасын деген максатта. Чынында жолдошум, кайын журтум эң жакшы адамдар. Мага эмне жетпейт деп көп өзүмдү урушам. Жолдошумду жакшы көрөм бирок сүйө албайм... Жакшы эле жашап жатам бирок.... баары бир Шоколатыма арналган сүйүүм өчпөй келет.

Сүйүү, сүйүү демекчи, бул баардык адам затына бакыт алып келип, же болбосо акылынан ажыратып, бактысыздын торуна түшүрүүчү улуу сезим экен.
Мен да бул сүйүүнүн кулу болдум. Акылыман ажырап, сүйүүгө мас болуп жүргөн кезимде, мына минтип Жараткандын тагдырына аргасыз баш ийип, өз сүйгөнүм менен өмүр жолун улап кете албадым.
Мен бул тагдырым үчүн өкүнгөнүм да туура болбос.
Жашоо биз каалагандай аппак барак эмес, бир жери капкара, бир жери жыртык, ал эми бир жери гүл төшөлгөн керемет тура.
Менин жүрөгүмдүн дарты күн өткөн сайын ырбап барат, себеби махабат деген улуу сезим эч качан тынчтык бербейт тура.
Мейли махабаттын кулу болсо болоормун, мейли бир өмүр аны жоктоп өтөөрмүн, бирок мен билем, Чыныгы жашоомдо сөзсүз бакытыма жетемин

"ЖАШАЙСЫҢ СЕН ЭЛЕС БОЛУП
СЕЗИМДЕ"

Тааныштык биз кечинде
Маршурт унаа ичинде
Табыштадым сүйүүмдү
Махабаттын ээсине

Жоолуккан күн эсимде,
Жаратылыш кыш эле.
Жоодураган көздөрүң,
Жалт-жалт этти тигиле

Үшүп турган жүрөкө,
От жактың сен тез эле
Бүлүк салып сезимди
Эч койбодуң эркиме

Ыссымыңда өзгөчө
Ыраа көрбөйм өзгөгө
Сени сүйүп жашаймын
Бир өмүрүм өткөнчө

Мейли тагдыр кошпосун
Мерээзине жол болсун
Сени такыр чыгарбайм
Жаның менде, жан болсун!

Капа болбой жашай бер
Болом дайым жаныңда
Элесиңди туу тутуп
Жашайм жаның жанында

Ырларымды сунам сага
Жан сурасаң берем мына
Ак сүйүүнү булгабайлы
Мына баары бул сага!

"Сени эстеп"

Суук түшүп ак каар басты калааны
Мен издеген ийиздер жок баягы
Ошондогу аппак каарды элестеп
Быйыл дагы дал ошондой карааны

Суйүүбүзгө көркүн кошкон бак дарак
Жолду бойлоп келе жаттым жалт карап
Өзгөрбөптүр ошондогу жолдор да
Баары мени ак суйүүмө алып барат

Жүргөндүрсүн эстеп сенда баягы
Биз табышкан декабырдын аягын
Мен чынында кубанамын дайыма
Жарыктыкта сен жашайсын аярым

Тагдыр экен ажырадык тирүү туруп
Экөөбүз тең чын жүрөктөн сүйүп туруп
Жолдор башка жашайм эми чынында
Жолдошумдун бакыты үчүн тике туруп.

бул ырлар менин калемиме таандык шокого арналган

Байкем жөнүндө айтсам ал азыр эң жакшы абалда даарыланып 2жыл өткөн соң кунандан соо болуп айыгып кетти. Эки жыл мурун үйлөндү өзүнүн сүйгөн кызына, азыр бир баласы бар Ата-Энемдин колунда турушат башка бир туугандарым да буттарына турушуп Ар кими өзүнчө үйлүү, бала чакалуу, бир гана кичүү агам Моссквада окуйт жакында бүтөт буйруса. Кудайыма шүгүр Ата-Энем бир туугандарым беш маал намаз окуйбуз азыр боюмдагы балама алты ай болду баары менин көзүмдү карап жаткан учуру))) Аягына да келип жеттим окшойт мына менин сүйүү баянымдын аягы автор:örtü Мелек (Жоолукчан Периште)

Билдирүүнү түзөткөн: perishte_222: 19 Январь 2017 - 16:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   sumaya   19 Январь 2017 - 17:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Бири кем дуйно дегендей телегейи тегиз болсо жашоо кызыксыз болуп калбайбы?Ансыз да баары козуну карап турушат экен,коз тийбесин бактына.Суйууну, шоколадигини журогунун бир бурчуна сактап кой да жашоонду улай бер.Эн негизгиси эркектин суйуусу бул жашоодо роль ойнойт куйоон сени суйуп козуну карап турса,сен аны колунан келишинче урматтап сыйласан жашоон оз нугу менен кетет деп ойлойм.Эсен аман коз жарып,наристенин жытына балкып бактылуу болушуну насип этсин Аллахым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 21:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: