Суперстан: Апрелде окко учкан досума кат - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Апрелде окко учкан досума кат

#1 Пользователь офлайн   Aza79mat   08 Апрель 2017 - 20:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Авг 2017 00:33

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге
окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?
Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
"Өзгөрбөптүр. .. Өлдүм эле эмнеге?"

Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,
Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз.

Свет кымбат, бензин баасы асманда,
Азыр бийлик элге жаман кастан да.
"Камбар-Ата- 2" калган курулбай,
Байлап кеткен "Бакиевдер" качканда.

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
Депутаттар "Ак жол" менен бир өскөн.

Ошол эле сын айтканды камамай,
Ошол эле журналистти сабамай.
Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
Ошол эле коррупция, таламай.

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
Эки сөзүн "Кудайлаган" каапыр көп.
Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
Азыр бизде "Апрелдик Баатыр" көп

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,
Жататтырсың түшүналбай сен деле?
Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
Апрелде өлдүң эле сен неге?

Алмашпаган өзүң көргөн система,
Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

Азамат ТокоровПрикрепленное изображение: 714EE914-8AE5-48F9-BFE8-9F30DEA5EAAD_mw800.jpg9F30DEA5EAAD_mw800.jpg]
7-апрель. 2017-жыл. Москва.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   atai9292   09 Апрель 2017 - 01:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 17 Июл 2025 02:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Aza79mat (08 Апрель 2017 - 20:15) жазган:

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге
окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?
Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
"Өзгөрбөптүр. .. Өлдүм эле эмнеге?"

Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,
Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз.

Свет кымбат, бензин баасы асманда,
Азыр бийлик элге жаман кастан да.
"Камбар-Ата- 2" калган курулбай,
Байлап кеткен "Бакиевдер" качканда.

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
Депутаттар "Ак жол" менен бир өскөн.

Ошол эле сын айтканды камамай,
Ошол эле журналистти сабамай.
Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
Ошол эле коррупция, таламай.

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
Эки сөзүн "Кудайлаган" каапыр көп.
Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
Азыр бизде "Апрелдик Баатыр" көп

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,
Жататтырсың түшүналбай сен деле?
Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
Апрелде өлдүң эле сен неге?

Алмашпаган өзүң көргөн система,
Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

Азамат ТокоровПрикрепленный файл 714EE914-8AE5-48F9- BFE8-9F30DEA5EAAD_mw800. jpg
7-апрель. 2017-жыл. Москва.



5 эмес 105 кеттим е ушул ыр саптарына зор жазыптыр
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Aza79mat   09 Апрель 2017 - 19:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Авг 2017 00:33

Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Mahabat84   09 Апрель 2017 - 19:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 128
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 14 Мар 2024 22:48
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Aza79mat (08 Апрель 2017 - 20:15) жазган:

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге
окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?
Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
"Өзгөрбөптүр. .. Өлдүм эле эмнеге?"

Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,
Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз.

Свет кымбат, бензин баасы асманда,
Азыр бийлик элге жаман кастан да.
"Камбар-Ата- 2" калган курулбай,
Байлап кеткен "Бакиевдер" качканда.

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
Депутаттар "Ак жол" менен бир өскөн.

Ошол эле сын айтканды камамай,
Ошол эле журналистти сабамай.
Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
Ошол эле коррупция, таламай.

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
Эки сөзүн "Кудайлаган" каапыр көп.
Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
Азыр бизде "Апрелдик Баатыр" көп

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,
Жататтырсың түшүналбай сен деле?
Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
Апрелде өлдүң эле сен неге?

Алмашпаган өзүң көргөн система,
Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

Азамат ТокоровПрикрепленный файл 714EE914-8AE5-48F9- BFE8-9F30DEA5EAAD_mw800. jpg
7-апрель. 2017-жыл. Москва.

Жазган кат журөкө жетет экен,досунуздун жаткан жери жайлуу болсун :cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Oylonkyrgyzym   09 Апрель 2017 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 793
  • Катталган: 08 Январь 16
  • Соңку аракети: 15 Май 2018 15:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтуу Ала-Тоо...

Соонун жазылыптыр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Babi.   09 Апрель 2017 - 22:23

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 141
  • Катталган: 20 Июль 16
  • Соңку аракети: 02 Фев 2025 23:33
  • Жынысы:Аялзаты

Досунуздун жаткан жери жайлуу болсун:(
Ичим туз сепкендей эле ачышып кетти.. арнаган ырыныз да соонун жазылыптыр, мазмуну терен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   sumay2015   09 Апрель 2017 - 22:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 23 Июн 2019 16:28

Ушуну бийликтегилер окуп онолсо экен ылайым. Талантынызга таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aza79mat   10 Апрель 2017 - 22:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Авг 2017 00:33

Ал менин эле эмес, баарыбыздын досубуз. Бул ырда мен айылдан шаарга барган, кыйынчылык турмуш көрүп, турмуштун оор запкысын тартып жүргөндө "апрель революциясы" болуп калып, ал жерге жакшы тилек, асыл үмүт менен барып окко учкан айылдык карапайым кыргыздын образын бергени аракет кылдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aruu_2010   11 Апрель 2017 - 02:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 28 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 09 Сен 2017 06:50

Жайлары жаннаттан болсун,эн сонун жазылган ыр саптар! Журокту ыйлатат го,талантынызга таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   nurka85   11 Апрель 2017 - 10:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 15 Январь 13
  • Соңку аракети: 07 Май 2018 12:49

Атамбаев бир окуп койо турган ыр экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Aza79mat   11 Апрель 2017 - 12:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Авг 2017 00:33

Жол четинде өскөн гүлдү үзбөсөк,
Жыгылганды колдон тартып түздөсөк.
Чатак куубай, улуу-кичүү сыйлашып,
Чырдан качып, ынтымакты издесек.

Адашканды салган болсок оң жолго,
Акча тапсак чачпай жүрсөк оң-солго.
Ар бир ишти закүн менен бүтүрсөк,
Пара бербей, бара берип чоңдорго.

Оозу менен орок орбой бет келди,
Чоңдор билсе шыр маселе чечкенди.
Саясаттын сормосунан суурулуп,
Койчу койду, дыйкан билсе кетменди.

Көчө таптап, чылым чегип түтөтпөй,
Кары-жашың боло бербей пикеткөй.
Жалган менен ушак кууган өнөрсүз,
Жаңы муун өсүп чыкса китепкөй.

Таштанды жок, таза болсо көчөбүз,
Талашпастан ынак болсок экөөбүз.
Тилде эмес, дилде сүйсөк өлкөнү,
Ана шондо өнүгөбүз, өсөбүз.

АЗАМАТ ТОКОРОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   11 Апрель 2017 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   mega777   12 Апрель 2017 - 17:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Өнүгөбүз" темасы менен бириктирилди.
Автор,ар бир ыр үчүн жаңы тема ача берүүнүн кажети жок.Авторлук ырларга бир тема жетиштүү,ушул темадан улантыңыз.Теманын аталышын өзгөрткүңүз келсе купуяга кайрылсаңыз болот.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 12 Апрель 2017 - 17:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 20:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: