Суперстан: Өлкө реформаларга муктажбы? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өлкө реформаларга муктажбы? Элдин көйгөйү качан чечилет?!

#1 Пользователь офлайн   frunze12   13 Май 2017 - 14:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Кайсы шайлоо болбосун, Жогорку Кенешкеби же президенттиккеби, баарында талапкерлер куру убада бергени берген, аларга ишенсен Кыргызстан аз убакытта Швецарияга айланат, олкодо коп иш жасалып экономика онугот, айлык-маяна, пенсиялардын суммасы кобойуп элдин жашоосу онолот ж.б.ж.б. Аларды угуп отуруп асмандагы айды алып беруу да колдорунан келет экен деген тыянакка келесин...

Бийликке келген сон баары унутулат, баягы эле кор турмуш, жардынын жамаачы жуурканындай, жогору тартсан бут ачылат, бутту жапсан тош ачылат сыяктуу, копчулук эл кыйналып эптеп кун кечиришуудо. Эл жакыр, жакыр болгону учун да миллиондон ашык мигрантыбыз бар. Алар кыйналып тапкан акчасына машина алып уйундогу ата-энесине мингизип койсо бул байлыктын корсоткучу эмес. Анын устуно Кыргызстандагы машинелердин орточо жашы 10-20 жылды тузот, онуккон олколордой 0-5 жыл эмес.

Айтор баягы эле жумушсуздуктун айынан тентиген мигранттар, (алардын саны жылдан жылга артууда, азаюнун ордуна), олкодо жумуш аз, маяна да аз, орточо маяна 8-10мин сомду тузот, Окмот айткандай 14-15 мин сом эмес! Мамлекет элди ойлоп бир завод-фабрика курганын корбойсун, тыштан миллиарддап карыз алып жол курат, 2-3 жылда жаны жолдор жамаачы жолго айланат.

Мына президенттикке талапкерлер белгилуу боло баштады. Алды угут кампаниясын да баштап жиберди эл менен жолугуп. Бирок эл менен жолукканда баягы эле угуп жургон куру убадалар: экономиканы которомун, айлык-маяна, пенсия колому осот, бизнес салыктан бошотулат, тиги тармак реформаланат, бул тармак реформаланат ж.б.ж.б. кантип, качан деп сураган эч ким жок. Бул убадаларды алар мурун да беришкен, бугунку талапкерлер учурунда жооптуу мамлекеттик кызматтарды жетектеп да келишкен, Окмот башчы, спикер, акыйкатчы, президенттик аппараттын жетекчиси, партия жана фракция жетекчиси ж.б.ж.б.болуп, ошондо бул реформаларды жасоого, убадаларын аткарууга ким тоскоол болгону тушунуксуз. Чынын айтуу керек, бир дагы талапкердин конкреттуу саясий платформасы жок, айткан-суйлогондору популисттик куру создор. Арасынан бири чыгып мындай мындай кадам жасап реформа жасайм дегени табылбайт. Ошол эле Бабанов электр энергиясын оз наркында, 7%тен кредит ж.б.коп убада берди эле, баары жомок бойдон калды. Учурда копчулук эл электр энергиясына 2 сомдон ашык акча толоп келет.

Эми аранарда кимдин оригиналдуу идеясы, сунушу болсо болушкуло, ал же бул тармакты кандай кылып рефармаласа болот, ж.б. Кечке бийликти сындаган менен эч нерсе онукпойт. Мен президенттикке татыктуумун деп тош каккан талапкерлердин озундо да, аны шайлоодо колдоп берген ири штабы-армиясында да акылдуу кеп айткан кенешчилери жок ондуу...

Макул биз айтып королу ой-пикирлерибизди, эл ичи онор кенчи дешет, онор эле эмес акыл да кенчи. Супердин окурмандары арасынан да тиги талапкерлерге караганда эли-жери учун кобурок куйуп бышкан патриот, тигилерге караганда президенттикке кобурок татыктуу элдин уул-кыздары бир топ эле бар деп ойлоймун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   frunze12   13 Май 2017 - 17:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Акыркы учурда жол кырсыктары байма-бай катталып, анын кесепетинен каза болгондордун саны кобойуудо. Айрым фактылар статистикага кошулбай да калууда. Окмот миндеген адамдын омурун алган, дагы он миндеген адамдар ар кандай жарат алып, айрымдары бир омур майып болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алып бул тармакта реформа жасайын деген ниети билинбейт. Мен бул жерде жол кырсыктарынын себептерин санагым келбейт, алар ото эле коп, ошол эле мыйзамдын иштебеши, айдоочу куболукторунун сатылышы, жаман жолдор ж.б.ж.б. Мен болгону бул тармакта реформа керек деген тыянакка келдим. Ал учун эмнелерди жасоо керек?

Мен мисалы жол коопсуздугу долбоору боюнча реформатормун. Бул реформаны ишке ашыруу учун бир топ ыйгарым укуктар берилди мага.

1- Жол коопсуздугу жана башка тиешелуу мыйзамдарга толуктоолор киргизуу керек. Айрым жаны мыйзамдар кабыл алынуусу керек.

2- Документ, протокол ж.б. РЕО ГАИлерде единый база данныйга киргизилуу керек. Документ алуу иштери жонокойлотулушу жана тездетилиши керек.

3- Олко боюнча жол козомолдоочу камералар орнотулуусу керек.

4- Тергоо, сот кызматтары мыйзамга ылайык иш алып баруусу керек.

5- Эл арасында, окуучулар арасында жол эрежелери менен тааныштыруу иштери жолго коюлуусу, оркундотулуусу керек.ж.б.

6- Автоунаалар милдеттуу камсыздандырууга отууго тийиш. Аны мамлекеттик жана жеке менчик камсыздандыруу компаниялары ишке ашырат.

Билем, тушунуксуз, угуп айтылып жургон кептер. Бирок зерикпегендер учун кенири тушундуруп берууго даярмын.

Мисалы учурда мен уккан-билген кабар боюнча Сокулукта (?) бир камера коюлган, бирок Окмот айып кагаздарын кимге жонотоорун билбей коп жылдан бери баш катырып келет. Эмне кылуу керек?


Мен (мисалы) тиешелуу мыйзамдардын баарын карап чыктым, коп мыйзамдарга озгортуу киргизилди, айдоочуларга болгон талаптар кучотулду, эреже бузгандарга шарттар катаалданды. Мыйзамдар Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынды. Эми буга чейин болуп келгендей адамга оор жаракат жеткирилген же адам омуруно алып келген фактылар катталса айдоочуга (автоматический) кылмыш иши козголот, тосмо арыз деген тушунук жоюлат, айдоочу жабыркаган тарапка мыйзамда корсотулгон олчомдо компенсация толоп берууго жана мыйзамда корсотулгон моонотко абакка тушууго, мыйзамда каралган моонотко айдоочулук укугунан ажыратылууга тийиш. Учурдагыдай тосмо арыз жазып же сотто акталууга мыйзам жол бербейт. Баары мыйзам алдында бирдей болуусу керек.


Учурда копчулук машине ээлери ген.доверенность менен журот (ишеним кат деп жассам копчулук учун тушунуксуз болуп калбасын деп доверенность деп эле жазууну эп кордум). Учурдагы доверенносттор жоюлат. Анын ордуна 3 айлык довенность киргизилет (мооноту узартылбайт). Бардык машине кожоюндары автоунаасын оз атына каттатуусу керек. Машине алып саткандарга 3 айлык ген.доверенность убактылуу тех.паспорту менен берилет (ал тех.паспортто унаа ээси корсотулбойт, бул документ машине алып саткандар учун женилдик иретинде каралган). Мисалы Акмат машине алып сатар, ал машине сатып алганда убактылуу тех.паспорт менен 3 айга озунун атына ген.доверенность алды. Бир айдан кийин машинени Ташматка сатты, ал да унаа алып сатар. Ал ошол эле убактылуу тех.паспортко 3 айга ген.доверенность жасатты (жаны ген.доверенность эскисин жокко чыгарат). 2 айдан сон Эшматка сатты. Эшмат бул унааны коп жыл айдамакчы, ал 3 айлык ген.доверенность жасатканы менен 3 айдан кийин унааны оз атына каттатканы туура келет, ген.доверенность узартылбайт. Эшмат унаа сатып алган сон дароо унааны оз атына каттатып тех.паспорт алганы он.

Эми, мыйзамдарга озгортуу толуктоолор киргизилип, база данныйлар иретке келтирилген сон, реформанын негизги этабына отобуз. Массалык маалымат каражаттары аркылуу элге, коомчулукка кайрылуу жасалат, 2017-жылдын биринчи сентябрнан тарта (мисалы камералар иштей баштайт, ар бир айдоочу унаасын 1-сентябрга чейин оз атына откорууго тийиш, кимде ким откорбогон болсо 100 мин сом айып пулун толойт же 3 жылга айдоочулук укуктан ажыратылат. 1-сентябрга чейин олко боюнча 500 камера коюлат, анын 200 даанасы Бишкек шаары, жаны конуштар жана шаар айланасына коюлат. Алар 1-сентябрдан тарта ишке киришет, айып кагаздары унаа ээлерине же ген.доверенность ээлерине жонотулот. Рейддер жургузулот. Учурдагы доверенносттор баары жокко чыгарылат. Жонокой жарандар 30-августка чейин РЕО ГАИден оз атына унаа катталып катталбаганын текшертиши керек. Эгер анын атына унаа катталып бирок ал унааны сатып жиберген болсо, РЕО ГАИге арыз менен кайрылышы керек. Мындай учурда 30-августка чейин ошол унаанын учурдагы ээси унааны оз атына откоруу учун келуусу кутулот. Келбесе 30-августтан тарта унаага убактылуу тех.жасалат (ээси жазылбаган). Качан унаа ээси табылганда ага 100 мин сом штраф салынат, аталган убакыт ичинде унааны оз атына откорбогондугу учун жана 1-сентябрдан кийинки штрафтарды ал толоого милдеттендирилет.

Демек жол козомолдоочу камералар коюлду, штрафтар оз дарегине жетип толоно баштады, бул камералар жарым жыл-бир жыл ичинде оз баасын (себестоимость) актайт. Камералардын коп жерде коюлушу айдоочуларды жол эрежесине баш ийууго, жол кырсыктарын алдын алууга чон жардамы тиет. Айдоочуга штраф кагаздары келе баштаганда ал да ойлоно баштайт. Штрафтарды толоодо РФ ж.б.мамлекеттерге окшоп 20 кунго 50% женилдик каралганы туура эле болот, бул штрафтардын 80-90%нин алгачкы 20 кундо казынага толонушуно алып келет. Штраф суммасы кайсы бир суммага жеткендерди айдорчулук укугунан 1 же 3 жылга ажыратуу мыйзамда каралат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   frunze12   13 Май 2017 - 17:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Камсыздандырууну киргизуунун артыкчылыгы ДТП боюнча талаш-тартыштарды оной чечуу ж.б.

Ар бир ДТП атайын базага киргизилип коп жолу ДТПга себепкер болгон айдоочулар (адам омуруно коркунуч алып келбеген) айдоочулук укугунан белгилуу бир моонотко (мыйзамда корсотулгон) ажыратылат. ..


Айрым шаарларда жоо жургунчулор арасында жол эрежеси тууралуу тушунук жок. Мисалы айрым жерлерде жоо жургунчулор светафор жарыгы жашыл жанып турабы же кызылбы, карабай ото беришет. Андай жерлерге ГАИ кызматкерлерин кою керек, жарым ай-бир ай ошол жерде жол кыймылын козомолдоп, кызыл жарыкта жолдон отууго аракет кылган жоо жургунчулорду тартипке чакырып. Айрым жерлерде жолдо пешеход жок жерден жоо жургунчулор кесип отот, аларга да айып пулу каралышы керек, жол эрежесин бузган жоо жургунчу токтотулат, айып акчасын толойт да, чек алат. Жашы жете электер болсо, болумго алып барылып оздоруно да, ата-энелерине да тушундуруу иштери жургузулот. ..

Билдирүүнү түзөткөн: frunze12: 13 Май 2017 - 17:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   frunze12   13 Май 2017 - 19:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 27
  • Катталган: 28 Январь 17
  • Соңку аракети: 20 Июн 2019 02:24

Мен жол кыймылы жана жол коопсуздугу боюнча реформа жасалууга тийиш деген ойлорумду болуштум. Мага реформа жасоо укугун эч ким бергени жок, ошол учун МИСАЛЫ, ЭГЕР деп жаздым. Эгер чындап эле жогоруда мен жазган ой-пикирлер сунуш катары кабыл алынып ишке ашып калса, жол кырсыктарынын баарын алдын ала албаганы менен, жол кырсыктарынын санын азайтууга салымын кошмок, балким ондогон-жуздогон адамдардын омуру сакталып калмак. Анткени кырсыктардын копчулугу айдоочулардын мас абалында унаа айдоосунун же чон ылдамдыкта машине айдоосунун кесепети... Жол кырсыктарынын копчулугу шаар ичинде, айыл арасында болууда. Айдоочулар эрежеге баш ийип, мыйзамда корсотулгон максималдуу ылдамдыктан ашпаса, жол кырсыктарынын саны кыскармак. Ал учун жолл эрежесин козомолдоочу камералардын жардамын пайдалануу туура кадам...

Кызуу абалда унаа айдаган айдоочуга чон штраф (мисалы 5-10 мин сом) айып салынып, мас абалында унаа айдагандарга 20 мин сом штраф менен айдоочулук укугунан 1-3 жылга ажыратуу керек. Кызуу деп бир кружка пиво ичкен айдоочуну, мас деп кадимки мас абалындагы жургунчуну айтып оттум, булар учун мыйзамда атайын нормалар каралган, жаза да каралган, бирок иштебейт. Кармалган мас айдоочулардын 99%ти кайра кое берилет, биртке штраф толотушуп же пара алышкан сон...


Бул жазылгандар менин бул тармакта аткарылышы тийиш деп эсептелген, оюмда калыптанган реформанын болгону бир болугу. Калган болугу олкодогу бугунку бийликти эске алуу менен ишке ашпай турган сунуштар. Алар ишке ашуусу учун бийлик, система алмашуусу керек.

Мисалы Жол кыймылын, коопсуздугун козомолдогон кызматтын озун реформалоо керек, аларга катуу талап кою керек, коррупцияны жою боюнча конкреттуу кадамдар жасалышы керек. Коррупция менен курош бардык тармакта ишке ашуу зарыл, бир гана ГАИ тармагында эмес. Ошол эле сот, медицина, архитектура бут бардык тармакта. Ал нерсе бугунку шартта бизге утопия, б.а. кол жеткис кыял болуп корунот. Бирок жакынкы эле СССР, учурдагы Кытайды карап туруп коррурция менен курошсо болот экен деп тыянак чыгарса болот, 100% болбосо да, 90-95% жок кылууга болот коррупцияны, бийликтин эрки жетсе, кучтуу каалоосу болсо...

Ал эми бугунку бийликтин "коррупция менен курошуп жатабыз" дегени, карышкырдын "болду эми эт жебеймин, вегетарианец" болдум дегениндей эле кеп да, бийликте коррупционерлер оздору отурса...

ГАИ тармагы ото коррупцияланган тармактардын бири, бул тармакты созсуз "тазалоо" керек...

Анан да айдоочу куболуктордун баарын алмаштыртып чыкмакмын. (Мисалы "2018-жылдын биринчи мартына чейин айдоочулук куболуктор жаныланууга тийиш, 2018-жылдын 1-мартынан тарта бардык айдоочулар жаны айдоочулук куболук менен журушот, эски айдоочулук куболук менен кармалгандар 1 жылга айдоочулук укуктан ажыратылат" деп). Керектуу база тузулгон сон, бардык айдоочулар жарым жыл ичинде башынан сынакка (теориялык-тест жана практика-вождение) катышуусу керек болмок. Мисалы тестте 100 суроо, сынактын теориялык болугунон ийгиликтуу отуу учун минимум 80 суроого туура жооп беруу керек. Акмат 63 суроого туура жооп берди. Акмат сынактан отподу, ал сынакка даярданып башынан экзаменге катышат, бирок 1 ай убакыттан кийин гана. Ал эми Эшмат сынакта 56 суроого туура жооп берди, 60 суроого чейин туура жооп бергендер башынан автомектепте окууга милдеттендирилет. Автомектептер катуу текшеруудон отуп мамлекет лицензия бергендер гана окута алышат. Ошондо да автомектепти окуп бутургондор айдоочулук куболугун алуу же алмаштыруу учун баары бир сынакка катышуусу шарт болот. Теориялык (тест) сынактан откондор машине айдоону жакшы оздошиургонун практический далилдоосу керек. Ошондо гана айдоочулук куболук берилет. Бул дегени айдоочулар жол кыймылы эрежелерин жакшы билет, копчулугу жол эрежелерин сактайт, кырсыктар азаят дегенди тушундурот. Бирок бул идеялар бугунку реалдуулукта, учурдагы бийликтин тушунда ишке ашпайт...

Билдирүүнү түзөткөн: frunze12: 13 Май 2017 - 20:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   02 Январь 2019 - 05:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Реформа бул таза адамдар менен гана болот таза адамдарлы озуно душман эсептоо бул жакшы эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Авг 2025 08:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: