Салам кандайсыздар жардамыныздар керек. Уйдо ун бар бирок дрож менен духовка жок нан калбай калды магазинге чыгышка кичине алысыраак балам менен чыгайн десем жамгыр жаап атат пирожки бышырайн десем ага да дрож керек ошого эмне бышырсам болот жаны кочуп келгенибизге азырынча эч нерсе ала элекпиз жумуртка картошка кошуп бир нерсе бышырса болобу айтып коюнуздарчы
Баракча 1 - 1
Камырдан эмне жасасам болот?
#3 13 Апрель 2017 - 11:12
САламатсызбы камырды жука кылып тегерек нан формасында жайып тамак жасай турган(казан,
каструль, скаворотка) идишке бышырып алын май куйуп кааласаныз май токоч, майсыз деле даамдуу сонун болот.
#8 13 Апрель 2017 - 14:56
Эхх апам жасаган пошкалды сагындым.Барсам жасатып жейм го буюрса.Автор,
кантип жасалат азыр жаза албайм го убактым ото тар чет жактамын.Менден башкалар жазып койсо жакшы болмок.
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 13 Апрель 2017 - 14:57
#9 14 Апрель 2017 - 10:28
Казанга нан жабууну былтыркы жылы жайлоого барганда кордум , сонун даамдуу болот экен. Бир аз уйронуп да алдым ))). Анда аракет кылып жаза кетейин коргонумду.
...Очоко отту коп жагуу керек экен чогу тушкон сон казанды комкоросунон очоко асып кызытып алабыз, кызыган казанды очоктон тушуруп туздуу суу чачат экенбиз, казан аппакай болуп калыш керек кара жери калса кайрадан туздуу суудан себелейбиз ошентип казанды даярдап алган сон (туздуу сууну казан сууп калбаш учун мумкун болушунча ылдам себуу керек) нанды тандырга жапкандай эле казанга жабып комкоросунон очоко асып коебуз. Тандырда бышкан нандан да кооз, даамдуу, кыпкызыл нан болот экен ))) .
#10 14 Апрель 2017 - 18:47
Дрож жок болсо камыр жууруп,картошка менен пиязды кууруп,суу куюп кулчотай жасай бериниз. Баардык продукт.менен жасаганга караганда жасасаныз даамду сезилет. Илгери жоктон бар чыгарып эле камыр тамак жасай бергенбиз деп коп айтчу чон апам
Баракча 1 - 1