БИЛЕМИН САГА ДЕГЕН СЕЗИМ ЫЙЫК
Билемин намыс менден улуу, бийик.
Кол жеткис аруу таза, мөлтүр ыйык.
Мертинип жүрөк сокпой калса дагы,
Сакталат сага деген сырым туюк.
Көмүскө жүрөгүмдө жашай берет,
Сен бардай сезим кушу күндөй күлүп.
Билемин сен деп азап тартаарымды,
Күтпөймүн олутуу сөз айтаарыңды.
Билемин бир өмүргө кыйналаарым,
Бирок билбейм сенден артка кайтаарымды.
Туңгуюк тороп турсун туш тарабым,
Билемин сенин атың айтаарымды.
Билемин, келе албайсың колуң сунуп,
Эсиме түшө калсаң көңүл жылып.
Өзүмдү алдап койуп күн санаймын,
Эх аттиң келип -кетеер өмүр күлүк.
Боз жорго туу көтөрүп даван ашат,
Жүрөктө сага деген сезим ыйык.

Супер-Инфо
super.kg
видео







