Суперстан: АТА деген ким? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

АТА деген ким? Ата, ата жана ата

#1 Пользователь офлайн   ZHYRGAL.balalaika   04 Май 2017 - 21:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН БИШКЕК шаары

Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап…
Эми анын айтканын силерге айтпасам, силердин да, өзүмдүн да ичкеним аш болбос…
Анын жообу мындай болду:
Ата – бул, сен кичинекейиңде…
Анын чокоюн бутуңа илип, бутуң кичине, чокойдун чоңдугунан чалынып жыгыласың…
Анын көз айнегин тагынып, өзүңдү кыйын сезесиң…
Анын костюмун кийип, өзүңдүү олуттуу, сүрдүү сезесиң…
Оюңа келгенди андан талап кыласың, ал аны кубануу менен аткарат…
Каалаганыңды сурайсың, ал аны таап келет…
Кечинде сени моюнуна мингизип ары-бери чуркап ойнотот, сен кыткылыктап күлөсүң, бирок бүгүн ал жумуштан кандай чарчап келгенин билбейсиң…
Ата – бул, сен чоңойгондо…
Анын көөнөрүп, бозоргон чокоюна көңүл бурбайсың…
Анын эскилиги жеткен кийимдери эми сени кызыктырбайт…
Анын кыймылы сага жакпайт, сөздөрү кыжырыңды келтирет…
Сен кечигип, ал кыжаалат болуп, кечиккениң үчүн сени урушумуш болсо, сен аны көтөрө албай, эркин болууну самайсың…
Ага үнүңдү көтөрөсүң, аны кагасың, ал унчукпай калат… бирок сенден корккондугу үчүн эмес, сени жакшы көргөндүгү үчүн, сени кечиргендиги үчүн…
Эгер бели бүкүрөйүп сени менен жанаша басса, сен аны колуна жетелебейсиң, анткени сенин боюң эми андан узун…
Кечээ сенин тилиң чулдурап, туура эмес сүйлөгөнүңдө, ал күлүп, сени кучагына кысчу эле, бүгүн ал тили булдурап түшүнүксүз сүйлөсө, сен аны уккуң келбей тескери карайсың…
Негизгиси, ал кичинеңде да, чоңойгонуңда да сага өмүр тилейт, сен болсо анын батыраак өлүшүн тилейсиң…
Ал сени ымыркайыңда көтөрөт, бала бакчага көтөрөт, мектепке көтөрөт, оорусаң көтөрөт, соо болсоң да көтөрөт, өмүрү сенин түйшүгүңдү көтөрүү менен өтөт, а сенчи, сен аны табытка салып көтөргөндөн башка көтөрбөйсүң…
Ата мына ушундай, кимдин тагдырына ата болуу бактысы жазылса, бул айтылгандар анын башынан өтөт…
Атаңарга жакшы мамиле кылгыла, бир кезде атаң жаныңда турганда, жети баштуу желмогуздан коркпойт элең, ал сенин кубатың эле, мына ошол кубатыңдан кайсы бир күнү айрыларыңды унутпа…
Ата деген мына ушундай…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Mumu1986   04 Май 2017 - 22:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 395
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 25 Июн 2020 23:01
  • Жынысы:Аялзаты

Сонун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   scorp   04 Май 2017 - 22:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

Эхх... атасы жок чонойгом, атанын мээрими жок менде... ммм...
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Adiee   04 Май 2017 - 23:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 401
  • Катталган: 18 Июль 15
  • Соңку аракети: 30 Апр 2021 03:50
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Интернет

Эми аркыл аталар барда,аталардын баары эле жакшы болсо кана
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Oceana   04 Май 2017 - 23:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Ватсапта популярдуу болуп атат эле ушул смс. Таасирдүү экен. (((
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kyialkech2016   04 Май 2017 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 769
  • Катталган: 04 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 18 Июн 2017 16:18
  • Калаасы:Апамдын журогундо

Соц тармактарда жайылып кетти бул
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   ZHYRGAL.balalaika   05 Май 2017 - 00:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН БИШКЕК шаары

Мен дагы бир аз болсо да салым кылайын деп киргизип койдум бул катты.Таасири бизге тийсин,аталарыбыз аман болсун жараткан узак өмүр берсин .....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   ZHYRGAL.balalaika   05 Май 2017 - 00:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН БИШКЕК шаары

ак нерсе жайыла берсин ар дайым,кара нерсе караанын алыс алып жүрсүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   nargis   05 Май 2017 - 00:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 796
  • Катталган: 02 Апрель 16
  • Соңку аракети: 08 Июн 2020 21:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бул макаланы жазган адамдын атасы кайтыш болсо керек, себеб канча ушундай окуяларды угуп да коруп да коом тартипке келбеген, качан гана козу отуп анда да жардамына муктаж болгондо эстешет эх адамзат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   05 Май 2017 - 03:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Ээх атанын баары ушундай болсо кана,кундо мас болуп келип жанжал кылып сени ойломок тугул аракты балдарынан артык коргондорчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   BaysalRoma2014   05 Май 2017 - 22:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 10 Июл 2018 19:18

Эхх жаным атамы сагындым... Атанарды козу барында сыйлап алгыла,кийин кеч болуп калат... Атакем менин...жайыныз жаннатта болсун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   MoltirJan   05 Май 2017 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Ата эн ыйык адам.Бул жарык дуйнодо коро турган жыргалдуу азаптуу кундорубуздун себепчиси.Жаман коздон жаман создон ар убак коргоп турган темир канатыбыз... Болгон умут ,кайгы-капа, асыл тилек,арман мундарыбызды жуктоп алган таянган тообуз.Эч ким тен келе албаган аскадай бийик зообуз...Аталар коп жашасынчы ылайым....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   MoltirJan   05 Май 2017 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Атакем менин.Сизди омур бою кадырлап отууго биз милдеттуубуз. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Durdana01   07 Май 2017 - 19:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 19 Январь 17
  • Соңку аракети: 14 Апр 2018 01:53

Алтын атам атакем мандайыма бар болунуз!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Nariste...12   07 Май 2017 - 20:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Атакемдин ордун эч ким, эч нерсе баса албайт тура!!! Атакемди эстесем бут денем бошоп, козум жашка толот. Уйго барсам тордогу ордунуз, орунунуз бош турат Атаке! Кантейли Кудайым сизге ченеп омур берген экен да....жаныныз жаннатта болсун ! Жаткан жериниз жайлуу болсун! Баары бир Жаратканга, бир сизге гана белгилуу. А бизге , Апакеме, туугандарга табышмак бойдон калды...
Сиз жок жашоо кечиргенибизге жакында саналуу айлардан кийин жыл толот. Баарын билгим келет! Бирок билген кундо эмне озгорот. Баары бир сиз кайтпайсыз да..... Сагындым, жаным Атакем!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   seli   07 Май 2017 - 22:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Алтын атам.



Сагындым аябай сагындым...



Билинбеген менен беш жыл отуптур...



Азыр барсам алдымдан тосуп атам чыкса адаттагыдай бешенемден ооп кел кызым деп айтса дейм......



Кенеш сурасам колундан келсе мен сени дайым колдойм дечу элениз... Туура эмес иш кылсам бир коз карашыныз жетишерлуу болот эле... Бир караган адамга сурдуу болгонунуз менен аябай мээримдуу элениз Ата...



Ата сагындыыым. .. билбейм жазылган цитаттаны окуп озумду кармай албадым.... бир аз да болсо женилдегим келди.... Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   07 Май 2017 - 23:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Мен үчүн табышмак жан..

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   chyrok   08 Май 2017 - 00:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 23 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Сен 2021 11:00

Бардык ата АТА болсо кана.Кээ бир аталар баласы бар экенин да унутуп калып атышпайбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   MoltirJan   08 Май 2017 - 15:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 072
  • Катталган: 04 Апрель 17
  • Соңку аракети: 11 Янв 2019 10:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алыс экен

Ата болуу оной аталык кылыш дегендей...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   waiting   09 Май 2017 - 08:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 01 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2017 08:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ шаары..

Эээ мынча бактылуусунар ээ??? Кана менда атамы мактасам, кайдаан, журогумо муз тондуруп буткон,ар бир созу,кыймылы, кыскасы тажап кеттим.. ;(( Ооруп болсо да, тытынып, эшиктин ,огород, уй, нан, кир бут нерсени кыласын "Эжене баары бир,бир иш кылбайт"- азыр уккан созум.. Кундо, ушул маалга чеин уккан созум. Сабыр гана кылып журом, кичине чыдасам ушул уйдон кетем! Ар дайым экинчи келбейм деп айтам ичимен .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: