Суперстан: Кальян жөнүндө - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кальян жөнүндө Кальяндын пайдасы, зыяны, түрлөрү жөнүндө жазгылачы

#21 Пользователь офлайн   Begai_kg   04 Февраль 2018 - 21:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Кальян, тамеки, алкоголь мн организмими травить этким келбейт и так экология жаман.
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   zaman00   04 Февраль 2018 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 915
  • Катталган: 11 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2021 22:08

Просмотр сообщения Begai_kg (04 Февраль 2018 - 21:49) жазган:

Кальян, тамеки, алкоголь мн организмими травить этким келбейт и так экология жаман.


Ушу сен молодец кызсында
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Medinaa   05 Февраль 2018 - 00:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Кээ бир кыздар жигиттерге караганда кыйын тартат экен;)
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Bek_abad   05 Февраль 2018 - 02:22

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2025 15:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Жаш маалда ушу кальянды көрүп чекким келет эледа %) жакшы азыр чекпейм.)
Эгер пайда болгондо Чубак ажы акем айтат эледа!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   ALMAAAN   05 Февраль 2018 - 07:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 28 Январь 15
  • Соңку аракети: 30 Авг 2020 03:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер инфо

Бироодон корсом берчи деп бир эки тартып коем тутун кооп чыкканы эле кызык болбосо зыян болуш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   alibekova94   23 Февраль 2018 - 01:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Момо жемиштер менен жасап чексе анча зыян болбосо керек, бирок кальянщиктердин айлыгы сонун)

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   brunette   24 Февраль 2018 - 04:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 08 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:59

Жолдошум ушул боюнча мыкты жасайт. Бойдок кезибизде иштеп жургонундо жасап берген, ошондо 1 2 жолу татып коргом. Озумчоле кыжаалат боло беремда ушуну ар ким оозуна салып чегет, жийиркенишпейби деп.))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   MIRlan   24 Февраль 2018 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения brunette (24 Февраль 2018 - 04:06) жазган:

Жолдошум ушул боюнча мыкты жасайт. Бойдок кезибизде иштеп жургонундо жасап берген, ошондо 1 2 жолу татып коргом. Озумчоле кыжаалат боло беремда ушуну ар ким оозуна салып чегет, жийиркенишпейби деп.))

Учундагы оозго салгычы ар кимдики башка болот. Аны алып башкага берсе, анысы өзүнүкүн салып чеге берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   brunette   24 Февраль 2018 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 08 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 08:59

Ааа..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   jonokoi.bala   26 Февраль 2018 - 10:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 842
  • Катталган: 11 Июнь 17
  • Соңку аракети: 20 Янв 2024 20:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош облусу

Группалаштарым, дос балдарым түтөтүп чегип калышат..
Негедир түтүнүн көп чыкканына деле кызыкпапмын)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   -LEO-   26 Февраль 2018 - 16:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 02 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Апр 2019 15:01
  • Жынысы:Эркек

Соңку учурларда Бишкектин кафе-ресторандарынын басымдуу бөлүгү өз кардарларына кальян (коркуратма) сунуштайт. Кыргызстандагы жаштардын арасында коркуратма алгач мода катары чегилсе, учурда адатка айланганын байкоого болот. Чөйчөктөн бир нече түтүк чыгып, сорулуучу тамекинин бул түрү, жөнөкөй тамекиге караганда зыянсыз деген пикир коомчулукта кеңири кулачын жайган. Бирок дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, кальян чегүү саламаттыкка олуттуу коркунуч келтирип, көз карандылыкка жетелейт.

Кальянчы аптасына 40тай ирет чегет

Учурда калаанын дээрлик бардык кафе-ресторандар, клуб-барларында кальян— эң популярдуу товар. Өзгөчө акыркы эки жылда Бишкекте “My Shisha”, “Кальянная №1”, “Угли” сыяктуу атайын кальян сатууга багытталган эс алуу жайлары популярдуулукка ээ болгон. Мындай жайларда бир кальяндын орточо баасы 500 сом.

Соңку кезде жаштардын клуб-ресторандарда кальянды көп колдонгону чынында кеңири жайылганын кафенин ээлери да моюнга алышат. Шаардын мындай көңүл ачуу жайларынын биринде Марат (аты өзгөртүлдү — М. С.) кальянчы болуп эки жылдан бери иштейт. Анын айтымында, кыргыз жаштарынын, айрыкча кыздардын, кечкисин кальян чегип отурганы көнүмүш адатка айланган.

—Эс алууга канча кардар келсе, ошолордун жарымынан көбү же 80 пайызы деп коелу, кальян чеккени келет. Биздин клубга көбүнчө жаштар келгендиктен, кальянды чеккендер да ошолор. Көп учурда 17-18 жаштагы кыздар буркуратып отурганын көрүүгө болот. Бир жумада бир кардарды эле бир нече жолу көрүп, эстеп каласың. Менин милдетим кальянды даамдуу кылып даярдап берүү. Андыктан кардарга алып баргыча коркуратманы бир нече ирээт өзүм соруп даамдап көрөм. Ошентип, менин ишим аптасына орточо эсеп менен алганда 40тан ашуун кальян чегүүгө мажбур кылат. Кээде үйгө мас сыяктуу темтеңдеп келем. Бир жолу эки сутка уктабай жүрүп, кальян чеккен соң башым айланып ээсим ооп жыгылгам. Ден соолукка зыян экенин билем, бирок маянасы жакшы. Дагы бир аз иштеп контракт төлөсөм, балким, бул жумуштан кетем.

Адилет, кальян чегет: “Кальяндан жыргам калам”

Ал эми жыйырма сегиз жаштагы Адилет башкалардай эле достору менен кечкисин клубдарга барып кальян тартканды өнөкөт кылып алган. Анын пикири боюнча, коркуратма чегүү чыңалган нервди жазуунун эң зыянсыз ыкмасы.

—Курбуларым менен туулган күндөргө чогулганда дайыма кальян заказ кылабыз. Азыр аны чегүү үчүн атайын кафеге баруунун кажети жок. Башында жакын досум чегип баштап, аны көрүп мен да тарта баштагам. Мен үчүн кальян нормалдуу көрүнүш. Көңүлүм чөгүп же жөн эле эс алгым келсе, кальян чегем. Кадимкидей жыргап калам. Алгач чеккенде башың бир аз айланат, кийин көнүп кетесиң. Кальяндын түрүнө жараша кайф алса болот. Анын зыяны тууралуу ар ким ар кандай айтышат. Бирок мага жагат.

Билдирүүнү түзөткөн: -LEO-: 26 Февраль 2018 - 16:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   -LEO-   26 Февраль 2018 - 16:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 02 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Апр 2019 15:01
  • Жынысы:Эркек

Зыяны тамекиникинен да күчтүү

Ал эми кальян сүйүүчүлөр арасында кальяндагы зыяндуу түтүн суу аркылуу чыпкаланып, ден соолукка зыян келтирбейт деген пикир жаңылыш экендигин көптөгөн медициналык мекемелер айтып келет. Колбада калган зыяндуу заттарды суу менен жууп кетирүүгө болбойт, ал эми кальян түтүнүндөгү бериллий, хром, кобальттын жана никелдин саны тамекинин түтүнүнө караганда бир топ эсеге жогору. Анын үстүнө, кальян тарткан адам чылым чеккендерге караганда бир кыйла көп көлөмдөгү тамеки түтүнүн сорот.

Адатта коркуратма уй мүйүз тартып отурган достор, топтор арасында чегилгендиктен, шилекей аркылуу учук, кургак учук, вирустук гепатит сымал жугуштуу дарттардын жайылуу коркунучу бар. Ошондой эле, тамеки тарптпагандар үчүн коркуратма чегүүчүлөрдүн арасында болуу чылым чегүүчүлөр менен отургандай эле, зыяндуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   -LEO-   26 Февраль 2018 - 16:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 362
  • Катталган: 02 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Апр 2019 15:01
  • Жынысы:Эркек

Бермет Эстебесова, Өпкө оорулары боюнча врач:

“Зыяндуу заттар түздөн-түз өпкөгө барат”

Өпкө оорулар боюнча адис Бермет Эстебесова кальян чегүүнүн кесепети чынында коркунучтуу ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн айтып берди:

—Терең дем алуу менен тартылган түтүн өпкөгө терең кирет да, организм үчүн зыяндуу заттар тез арада өпкөгө сиңет. Демек, кальяндагы ысып күйгөн заты бар көмүрүндөгү ар кандай аралашмалар, зыяндуу чөптөр сууга аралашпай түздөн-түз өпкөгө барат. Узак убакыт бою аны чеккен адам ага көз каранды болуп, кийин чылым чеккенге өтүүсү мүмкүн. Мындан тышкары, анын курамында никотин бар. Никотиндин зыянын бардыгы билет.

Сингапурдагы Menshealth журналынын маалыматына ылайык, кальян тамекисинин химиялык курамына чайыр – 802 мг, никотин – 2, 96 мг жана көмүртектин кычкылы (CO) – 143 мг кирет. Кальяндагы никотин менен чылымдагы никотин окшош болгондуктан, кальян көз карандылыкты пайда кылат.

Мындан 2-3 жыл мурда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын кафе-ресторандарында кальянга чектөөлөр коюлушу керек деген демилгелер айтылган. Бирок кандайдыр бир тиешелүү мыйзам кабыл алынган эмес.

Ал ортодо 2014-жылы Казакстанда жана Россияда кальян бериле турган коомдук жайларга пландан тышкары рейддер өткөрүлгөн. Натыйжада санитардык- эпидемиологиялык экспертиза көрсөткөндөй, тамеки тартылуучу түтүктөрдө, кальян суюктуктарында жана идиштеринде ичеги карын жана көк ириңдүү таякчалар, алтын түстүү стафилококктор, ачыткылар жана грибоктор табылган. Азыркы учурда Казакстанда коомдук тамактануу пункттарында жана оюн-зоок жайларында кальян тартууга тыюу салынган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келтирген тыянактарга караганда, кальяндын бир эле сеансынын зыяны бир пачка тамеки зыянына барабар. Демек, 40 мүнөттүк кальян чегүү бир топ куту чылым чеккенге барабар. Кальяндын тамекиден бир эле артыкчылыгы, чеккенден кийин ооздон жагымсыз жыт чыкпайт. Тескерисинче, жыпар жыт келип турат. Анда, ушул артыкчылык организмди ууландырууга тетеби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 13:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: