(Этюд)
Жан-дүйнө... Эч нерседен бейкапар уктап аткан, айланасы чайыттыка бөлөнгөн, бир адамдын муңдуу дүйнөсү... Капысынан ал дүйнөнү алаамат курчап, асманга кара булут каптап келди да, кадимки жаш баладай эреркеп муңун төгүп баштады. Жан-дүйнөмдүн ыйлаганын угуп турган кирпиктер чыдабай бир ирет силкинип, жүзүмө мөлтүр тамчыны тартуулады.
Бул кезде чыдай албай эрксизден сыртты көздөй агылдым...
Сырткы жаратылыш да ыйлап, бак-дарактар,
саргайган жалбырактар анын кайгысын кың этпей тыңшап, бөлүшүүдө...
.
Бул кереметке тигилип турган мен жан-дүйнөмдүн ыйын сезген ал жанды жоготуп алганыма оор үшкүрүнүп, көөнүмдөгү ага болгон сагынычымды көз жаш менен тазалап, жолумду уладым...
Каяка, кантип, эмнеге кетип жатканымды өзүм да билбей, кадамды шилтеп жөнөдүм. Бир билгеним менин жолум багытсыздык жолу эле...
Мен багытсыз бараткан дербиш болдум.
Асман улам күркүрөгөн сайын жан-дүйнөм урушку уккансып, өзүн күнөөлүү сезет да, ыйын жашыруу үчүн кайдадыр бир санааларга тумчугуп кетип жок болот. Ырас, жан-дүйнөмдүн бул жасаганы карегиме оор таасирин тийгизип, кирпик тамчылары күбүлөт. Ушулардын баарына күбө болуп, мени аяп, мага кошулуп ыйлаган бир гана жаратылыш. Менин ызамды коштогон жамгыр үнү...
Кейпини кербендердин кийип алып,
Баратам сени издеп, багытым кыш.
Буулуккан жан-дүйнөмдүн ыза-муңун,
Коштогон ыйлап турган жаратылыш.
Жаш агып жүрөгүмдөн,
ооруп турат,
Жол таппай максатыма жетүү үчүн.
Жеңе албай башка келген азаптарды,
Жектеймин тагдырымдын эстүүлүгүн.
Күчүмдү басып ичке жым боломун,
Күйүттөн келсе дагы айгайлагым.
Күн болуп жанчу эле каректерим,
Кыйырсыз, күмүрөй түнгө айландым.
Илинип азаптардын тузагына,
Дүйнөмдү көз көрүнгүс кара басты.
Дербиштей үмүт жибин сүйрөп алып,
Издеймин. Издеп келем махабатты.
Ушинтип үн салган жан-дүйнөм серүүндөп каякадыр бир жака жок болот. Макул. Байкуш канча ирет эзилди, эми өз каалаган жагына бет алсынчы. Анын муңдуу авазын өз кучагыңа ал да, менин көз жашымды жашыра көр жамгыр үнү...
Автор: Рахат Боркоева
04/11/2017
Жамгыр үнү
#2 04 December 2017 - 23:53
(Этюд)
Жан-дүйнө... Эч нерседен бейкапар уктап аткан, айланасы чайыттыка бөлөнгөн, бир адамдын муңдуу дүйнөсү... Капысынан ал дүйнөнү алаамат курчап, асманга кара булут каптап келди да, кадимки жаш баладай эреркеп муңун төгүп баштады. Жан-дүйнөмдүн ыйлаганын угуп турган кирпиктер чыдабай бир ирет силкинип, жүзүмө мөлтүр тамчыны тартуулады. Бул кезде чыдай албай эрксизден сыртты көздөй агылдым...
Сырткы жаратылыш да ыйлап, бак-дарактар, саргайган жалбырактар анын кайгысын кың этпей тыңшап, бөлүшүүдө... .

Жаш агып жүрөгүмдөн, ооруп турат,

Журогууум((((

Супер-Инфо
super.kg
видео