Табылбас бир сендей...
#22 22 Май 2017 - 00:36
Практикант бар үчүн, кеңири басып-туруп калдым. Бул учурда аны көп байкачумун.
Эшикте тамеки чегип көп турат. Байкатпай аны артынан карап турчумун. Анан дагы көп жолу ашканада же, эшикте бет алдынан чыга турган болдум, ыңгайсыз болуп кетем, атайын кылып жаткансып, кээде байкамаксанга салып коем. Анын шериги бар болгон үчүн ал дагы кеңири басып, турат. Ага болсо жалкоо экенсиң дейм, көп учурда шеригине иштерди буюруп койгонун көрүп. Ал болсо актанып, жалкоо деле эмесмин. Мен деле башында келгенде көп иштерди мага кылдыртчу дейт мурунку шеригин айтып. Эми бул жаңы кылып, үйрөнсүн деп коет.
Түштөнүү убагы болчу. Ашканада отурганбыз. Маанайым жок олтурган окшойм, аны байкаган мени жакшы деле таанып биле элек практикант бала маанайыңызды түшүрбөңүз деп көк түстөгү роза гүлдүн сурөтүн кошуп билдирүү жазып карап олтурат маңдайымда. Мен ага жооп кылып эмнеге көк түс?- деп койгом. Практикант бала кызыл гүл элеби деп көп кызыл гүлдөрдү жиберди. Мен күлүп койгом. Аны тиги жанаша отурганга көзү түшүп көрүп калганбы, кечинде;
- Хм. Тигинин гүлү жактыбы?
- Жакты )).
- Дагы кызыл гүлдү суранып коет.
- Суранып....
- Намек кылып атпайсыңбы сен ага.Анан ал кызыл гүлдөрдү жиберип...
- Аиий, ал болгону сүрөт го?
- Сүрөт болсо деле. Сен күлбөгөнүңдө жибермек эмес.
Ушунун баарын байкап олтуруп кечинде тырыштырганын)).
Андан кийин дагы бир кесиптешим, тиги болуп олтурганбыз. Кесиптеш;
- Бир күнү жаратылыш койнунда эс алып келбейлиби? - деп, мени кошуп айтып калды. - Жоок, мен барбайм деп айткам жылмайып.
- Барып келсең эч нерсе болбойт - деп,мени көндүргөнгө аракет кылып, алдын ала пландап атат эс алуучу күндү. Тиги аны да байкап унчукпай олтуруптур. Кечинде тиги болсо;
- Ии. Эс алып кел.
- Барбайм дедим го.
- Сен ага үмүт берип койдуң го.
- Аиий, барбайм деп эле айттым го.
- Сен ага "жок!" - деп айткан жоксуң, башка тон менен жоок) деп жылмайдың. Сен жылмайып, сүйлөгөн тонуңан үмүт берип атасын сен ага - дейт. Ушунун бардыгын байкап, талдап олтурганына бир чети күлкүм келсе, бир чети таң калдым.

#26 23 Май 2017 - 00:29
Бул теманы, ал жөнүндө жазуумдун максаты ал менен өткөргөн күнгө өкүнүп, кеңеш суроо эмес. Арадан аз убакыт өткөнүнө карабастан ал менен өткөргөн сонун күндөр күндөн -күнгө эсимден өчүп бара жатканына байланыштуу бул жерге жазып калтыргым келди. Ар бир көз ирмемдер толугу менен эсимде калбагандыктан,
кыйынчылык туудурганына карабай, болушунча жеткиликтүү кылып жазууга аракет кылдым.
Учурда 86га (жигитиме) турмушка чыгып, кудайга шүгүр турмушум жакшы.

#28 23 Май 2017 - 08:01
Ааай мынча сонун
)) Жумушта болуп турат да андай кесиптештер.
.. Эмнеси болсо дагы жигитинизге турмушка чыгыпсыз,счастье вам .

Билдирүүнү түзөткөн: waiting: 23 Май 2017 - 08:01
#30 23 Май 2017 - 11:40
Буттубу бактылуу болун
Билдирүүнү түзөткөн: mawa.32: 23 Май 2017 - 11:42
)
#32 26 Май 2017 - 22:52
Апеей тез эле бутуп калдыбы? Дагы бардыр го калган катканы. Анан не болду тиги жигит?
#33 27 Май 2017 - 12:20
#37 28 Май 2017 - 00:24
Сен дагы мага окшоп, өткөн күндү эске салып, ойлодуң бекен мен жөнүндө...?
... Бир убакта көргөн кинону көргүм келди, ал кино дагы сени эстетет, балким сени эстеткен үчүн дал ошол кинону көргүм келгендир. [moderated]ка кирип кинону издесем жок экен. Одноклассники сайтында бар экен.
Эсимде.. Түн бир убак, бардыгы ширин уйкуда , а мен бөлмөмдө ватсапка кирип-чыгып , жалгыз кино көрүп олтургам:
- Уктай элексиңби дагы деле?
- Уктай элекмин.
- Эмне кылып атасың?
- Кино көрүп олтурам. Көптөн бери кино деле көрө элек болчумун.
- Кайсы жанрда, эмне жөнүндө экен?
- Мелодрамма, сюжети өзгөчө экен, мага жакты.
- Кызык бекен?
- Ооба кызык экен.
- Кандай аталат, мен дагы көрөйүн?
- Аталышы "Красота внутри".
- Мм көрөм го.
Эртеси жумушта олтурсам ушул сүрөт келди ватсап аркылуу.
png]
Жакшы түшүнбөй бул эмне?-десем, кинону көрүп олтуруп, скриншот кылып алдым, кызык экен дейт. Анан гана түшүндүм, тообо, көрүптүр да деп ичимден ойлоно. Кинонун сюжетин талкуулап; Ал болсо, кинодогу башкы ролдогу жигитти татынакай кыз болуп калганын десе, мен болсо байкуш жигит жактырган кызына жолугам деп уктап калганына боорум ооруду деп күлүп, маектешип алдык жумуш арасында.
Азыр дагы ошол кинону көрүп олтургам сени эстеп, токтотуп коюп бул жакка жазып олтурам. Эми кинону улантайын).

Билдирүүнү түзөткөн: Rain..: 28 Май 2017 - 00:40