Табылбас бир сендей...
#1 17 Май 2017 - 18:04
Мезгил сызып ирмемдей,
Өтөт жылдар бир келбей.
Бүт айлансам ааламды,
Таабылбас бир сендей...
Сени ким деп аташымды деле билбей турам кесиптешим, же иним... жок же досумбу?
Адаттагыдай эле зээригичтүү окшош күндөр өтүп жаткан, жумуш-үй, үй- жумуш. Сен айткан " сен менин ишиме кийлигишпе, мен сага тийишпеймин" - деген принцип менен жүрөсүн жумушта деп айткан сөздөрүнөн кийин ойлонсом чын эле, жумушка барып өз ишиме гана көнүл бөлүп кесиптештерим менен тегиз саламдашып, ал-акыбал гана сурап койгонум болбосо башкалар менен ишим деле жок экен. Негедир кийинчерээк сен экөөбүздүн мамилебиз жакындап баратты. Сенин элесиң.. көбүнчө экинчи кабаттагы иш бөлмөмүн терезесинен көрчүмүн, сыртта, артыңды карап, тамеки түтөтүп тураар элең.Чечилбей жүргөн көйгөйүн бар сыяктуу, чарчап, тажап жүргөндөйсүң.

#2 17 Май 2017 - 18:27
Бул убакка чейин деле сени тааныйт элем. Мен башка тармакта, сен башка тармакта иштечүүбүз.
Жумуш себеп болуп көп эле жолу жолугуп жүргөнбүз. Убакыт өтүп бир жерде иштеп калдык. Чогуу иштеп жүргөнүбүзгө жарым жылдан ашып калган. Жакындан сүйлөшүп баштаганыбызга кантип, кандайча, кайсы убактан баштап, эмне себеп болгону анык эсимде жок. Эсимде, бир жолу кесиптештер менен 8-март эл аралык аялдар күнүнө карата банкет уюштурулуп олтурганбыз,
калоо-тилектер айтылып, шаңдуу олтурган кесиптештердин арасынан мен жакты карап турганыңы көрүп, көздөрүбүз чагылыша түштү, бул жолкусунда сүрдөнүп, башкача болуп кеттим, буга чейин дагы бир-эки жолу көргөнмүн тигилип турнаныңды,
бирок көңүл бурган эмес элем.
#3 18 Май 2017 - 00:35
Жаз убагы болчу.Айлана жашылданып баштаган убак.Күндөрдүн биринде эрте менен жумушта олтурсам, жетекчибиздин орун басары мени кабинетине киришимди айттырыптыр.
Кабинетине кирсем жогору жактан келген буйруктун негизинде 4 тиешелүү адистерден турган комиссия түзүлүп, районго караган бөлүмдөрдү текшерип келүүбүз керек экендигибизди айтты. Ал аралыкта комиссия курамында сен бар экениңди билдим. Ошентип орун басар, сен, бир кесиптеш, мен болуп кечке чейин ар бир бөлүмгө барып текшерүүгө жетиштик. Орун басарыбыз тамашөкөй болгону үчүн текшерүү учуру көңүлдүү эле өткөнсүдү, бөлүмдөрдүн иши анча деле канаатандыраарлык
эмес экендигин эске албаганда. А сен болсо ар дайымкыдай бир калыпта, аз сүйлөп, же маанайың бардыгы же жоктугу билинбейт.

Билдирүүнү түзөткөн: Rain..: 18 Май 2017 - 00:36
#5 18 Май 2017 - 18:45
Ишканага келгенибизде жумуш убактысы эбак бүткөн болчу. Үйгө кетүүгө камынып жатсак орун басар сага карай :
- Сен экөөнөр, ( мени көрсөтүп) азыр калып бүгүнкү аткарылган иш боюнча АКТ түзүп, даярдап коюп кеткиле деди.
- Бүгүн кеч болуп калды го?
- Түндө такси жок үйгө кантип кетем мен? – дедим сөзгө кошулуп.
- Эрте мененкиге даяр болуш керек,сени бирөөсү ала кетет үйүнө ( менин айылымда жашаган кеситештер) - деп жооп бергенде түшүндүк айла жок даярдап кетишибиз керек экендигин. Мындай учурлар көп эле болчу жумушта жетектөөчү адистер түнгө чейин калып иштеген күндөр.
Экөөбүз тен кабагыбызды чытып, нааразылана кабинетке кирип АКТ жазууга камындык.
- Сен жазчы… мен жардам берип турам.
- Аиий, качан бүтөбүз эми дедим, ар бир бөлүмдү текшерүү учурунда ар кимибиз жазган баракчаларды кармалап.
- Бардыгын жазып отурбай кыскача эле кылып жазалы, боло берет дедиң адатыңча. ( боло берет деген сөздү көп колдончусуң).
Мен жазууга кириштим, сен ары бери басып жүргөнсүң, кабинеттен качан чыкканыңды деле байкабаптырмын, адатыңча тамеки чегүүгө чыкса керек деп ойлоп койдум.
Бир аздан кийин кирип келди колунда суу, жегени бир нерсе, эмне экени эсимде жок. Жаныма стол жылдырып олтуруп;
-Курсагың ачкандыр, жеп ал деди суудан куйганча.
- Рахмат. Суу ичкенче ага карай,баш жагынан эми гана бир аз жазып баштаганымды көрсөтө бир сыйра окуучу кандай, болобу? Кантип жазышымды билбей үлам өчүрүп кайра жазып кичине эле жазган болчумун. Бир сыйра көз жүгүртүп..
- Болот. Азыр дагы мындай кылалы, бул жерине антип, бул жерине мынтип деп экөөлөп кошумчалап, оңдоп жазып жаттык. Экөөлөп жазган жакшы экен деп ойлоп койдум.
Терезеден эшикти карасам капкарангы эшик. Кесиптештерден эч кимиси калбаган окшойт деп кыжаалат болуп тынчсыздана баштасам, мен жеткирип коем деди. Үйү мен жашаган тарапта эмес, демек мени таштап, кайра үйүнө кайтып убара болот.
Бири-бирибиздин оюбузду толуктап атып, акыры жазып бүттүк. Эрте менен орун басар дагы текшерип көрсүн деп 1 экземпляр гана чыгарып коюп, үйгө камындык. Жолдо бара жаттык анда санда гана сүйлөшүп,ал суроо берип калды;
- Үйүңдөгүлөр эч нерсе дебейби жумуштан кеч барсаң?
- Жумушумду билишет эч нерсе деле дешпейт алдын ала айтып койсом . Үйдөгүлөрдөн кыжаалат деле болбойм, мени билишет да. Кошуналардан кыжаалат болом.
Эмнеге?
- Баланчанын кызы түндөлөрү каяктан келип атат дейт да көрсө ).
- Аа . Кошуналар )). Менин да апам кошуналар, элдер эмне деп ойлойт күйөгө тий эртерээк деп эжеме көп айтаар эле. Акыры күйөөгө да тийди. Сени дагы күйөөгө тий дей беришеттир?
- Азыр айтышпайт деле, мурун көп айтышчу, тажашса керек).
- Өзүң качан чыгайын дейсиң анан турмушка?
- Кудай буйурган күнү... ушул сыяктуу сөздөрдү сүйлөшүп келгенче үйгө да жеттик. Эки жагымы караап, кошуналар жокбу дегенсип машинеден түшүп, жакшы эс ал деп үйгө кирип кеттим.

Билдирүүнү түзөткөн: Rain..: 18 Май 2017 - 18:49
#6 19 Май 2017 - 09:24
Жумуш үй болуп күндөр өтүп жатты. Ал көбүнчө түшкө чейин офисте, түштөн кийин ишине байланыштуу офисте болчу эмес. Офисте болбогон учурларда телефон чалып анча-мынча иштер боюнча информация сурап турчу. Телефон чалуу башында иштер менен гана чектелчү.
Бир жолу кечинде үйдө олтурсам телефонума смс келди;
- Кандайсын?
- Жакшы.Андан аркы сөзүбүз ишке байланыштуу эле болуп,диалогдорубуз кыска эле болчу.
Бир аздан кийин дагы смс келди.
- Бир нерсе сурасам болобу?
- Сурачы...
- Туура түшүнүп эле, жаман көрбө э?
- Мм. Айта бер.
- Көгүштөргө көз карашың кандай?
- Кандай десем).. Эркек эркектей эле болгону жакшы го. (аябай таң калдым суроосуна).
- Туура, эркектей эле болгону жакшы.
- Эмне, сен көгүш эмессиңби иши кылса..
- Жок. Эмне ошондой көрүнөмбү?
- Андай көрүнбөйсүң, сурооңон улам күмөн ойлоп атпаймынбы. ( көгүштөрдүн жүрүш-турушунан байкалат болчу да, андай сапаттарын байкаган эмесмин деп ичимен ойлоп койдум).
- Аа жок. Негизи мен сенен күмөн санап жүргөм да, кантип сурашымды билбей, сөздү айландырып суроо берген болчумун. Капа болбойт бекен деп ойлонуп жатып.
- Кандайча?- дедим суроосуна жакшы түшүнбөй.
- Сен башкачасың. Башка кыздарга окшобойсуң.
- Эмнем окшобойт?
- Эркек балдарга такыр көңүл бурбайсың.

Билдирүүнү түзөткөн: Rain..: 19 Май 2017 - 09:26
#8 19 Май 2017 - 12:55
Автордун ордуна өзүмдү коюп окудум. Мамлекеттик жумуш, жетекчилер,
орун басарлар...
Уланта бериңиз, автор, окуп атабыз...
Уланта бериңиз, автор, окуп атабыз...
#9 19 Май 2017 - 18:14
- Эмне үчүн көңүл бурушум керек?
- Эмии... кыздарда болот го айланасындагы эркек балдарга көңүл буруп, мамиле кылып дегендей.
- Жигитим бар болсо эмне кылам башкаларга көңүл буруп.
- Мм. Жигитим бар де. Жигитиң бардай дагы көрүнбөйсүң.
- Аябай эле ойлонтургам окшойм сени, мени тигиндей кыздарга окшоштуруп жибергениңи, тообо.))
- Чын да )). Сенин эч кимге көңүл бурбаганыңа таң каламын. Бирок ушул мүнөзүң жагат мага.
- Мм. Дагы кандаймын?..
- Дагы.. Жумушта "сен мага тийишпе, мен сага тийишпеймин" деген принцип менен жүрөсүң. Эч ким менен ишиң жок. Өзүңдүн гана ишиңди кыласың. Башкадан дагы жардам сурабайсың.
- Аа ошондоймунбу. (Негизи бирөөлөр сөз баштап, бир нерсе сураса кыска гана жооп айтып коем).
- А мен кандай көрүнөм?
- Сенби.. Сен анча деле пунктуалдуу эмес, боло берет, эч нерсе болбойт дей тургандардансын )), - дей салдым ага анык мүнөздөмө бере албай.
Ушинтип, бир аз тамашалашып сөзүбүз да бүттү ал күнү.

#10 20 Май 2017 - 00:08
Эртеси жумушта күндөгүдөн башкача саламдаштык күлүмсүрөп,
кечиндеги сүйлөшкөндөрүбүздү эстеп.)) Күндөн күнгө сөзүбүз көбөйүп, телефондо сүйлөшүүлөр уланып жатты. Бир мүнөз, токтоо болгонум үчүнбү күндөрүм бир түстүү окшош болуп өтүп жаткан экен, жашоом бир аз өзгөргөнсүп,
негедир ал менен сүйлөшүү кызыктуу болуп жагып жатты. Жумушта да башкаларга сыр бербей бири-бирибизди карап коебуз күлүмсүрөп.
Дагы бир күнү смс жазып калдың;
- Жигитиң кайсы жерден болот?
- Ушул эле айылдан (өзүм жашаган айылды атап).
- Аа. Канчанчы жылкы?
- 86
- Ухуу дагы деле үйлөнбөй эмне кылып жүрөт анда.
- Убакыт сааты келгенде үйлөнөт да.
- Ушул убакка чейин үйлөнбөй жүрсө анда бир маселеси бар го..
- Билбейм, шарты жок болуп атат болуш керек.
- Ушул жашка келгиче үйлөнгөнү шарты болбосо анда качан болот?
- Акырындап болот да.
- Ал азыр бул жакта эмесби?
- Россияда...
- Үй-жайы барбы?
- Жок.
- Кызыксын го, ушул убакка чейин эч нерсеге жетишпесе анан качан жетишет, анан сен ошого тийем деп жүрөсүңбү?
- Негизгиси өзү жакшы адам, калганы кийин болот да.
- Россияда кантип жүргөнүн сен кайдан билмек элең, сен ага ишенип жүрөсүңбү э?
- Мен билем аны, ага ишенем.
Негедир жигитимдин абалына нааразылана, мага күйүп жатты.

#13 20 Май 2017 - 11:25
Мен ага көнө түштүм. Эрте менен жумушка баргандан баштап аны кесиптештер арасынан эч кимге байкатпай көз менен издеп бир көргөн соң өзүмө келип, башкача сезимдер ээлеп алчу болду. Бул сезим эмнеси?.. Өзүм деле жактырып, сүйлөшүп жүргөн жигитим бар болсо. Же ал жигитимди сүйбөй калдымбы? Жок андай эмес. Кыскасы өзүм деле түшүнбөй калдым.
Аны менин курагымда деп билчүмүн. Мен эле эмес кесиптештердин бардыгы эле ошондой деп ойлошчу, көрсө менден 3 жашка кичүү экен. Жетекчи гана билет, башка эч ким билбейт, башкаларга айтпагын бир гана сага айттым.
- Сен "братишка" болот турбайсыңбы) - дедим чычалатайын деген ойдо. Ал болсо чычалап деле койгон жок, токтоо гана;
- Сени, менден улуу деп такыр элестетпейм, менден кичүү деп эле ойлой берем улуу болсоң деле деп коет.

#14 20 Май 2017 - 19:34
Ар дайым жумушка кечигип келүү адаты бар болчу. Орун басар ар дайым ооз эки эскертүү берип жүрүп тажаган өңдүү. Бул жолкусунда ачуусу келип урушуп, мени кабинетине чакырды, жумушка кечигип жүргөндүгү үчүн мыйзам чегинде чара көрүү жөнүндө жогору жакка билдирүү жазуум керек экендигин угуп, милдеттенме алып чыктым. Билдирүү жазып олтурсам, жаныма басып келди мыйыгынан күлүп;
- Сага жаздыртып атабы?)
- Ооба.
- Билдирүү бербей эле койсо болмок эми..
- Кечикпей жүрсөң болмок сен дагы.
- Ушу.. дайым эрте эле турайын дейм, тура албай калып атам. Дагы жакшы билдирүүнү сага жаздырып атат, бир жолу өзүмө жаздырткан. Өзүңүн атыңа жазсаң өлө кызыктай болот экенсиң.)) деп, сөз аягында дагы "эч нерсе эмес", болуп турат деп коет.
Ошол күндөн кийин эрте менен мага чалып ойготуп коюп турчу деп суранды. Мен дагы эрте менен жумушка барып эле аны ойлочу болдум. Келди бекен, же дагы деле келе элекби деп тынчсыздана кабинетине көз жүгүртөм. Анын эрте менен чалып ойготуп койчу деген сөзүн эстеп, чалып жүрдүм кээ бир күндөрү, такай эмес. Биринчи жолкусунда аябай ойлонуп атып чалгам, чалып койчу десе эле чаламбы, ал эркек болсо... кайра кеч калбоосун ойлоп араң, ыңгайсыздана чалганым эсимде.
Мен деле эрте менен шашып атып,араңдан гана жетишип барбасам, кечигип барган күндөрүм деле болот. Мен жактагы айылдарда жашаган кесиптештерим оң келип калсам, жумушка ала барып, ала келип жүрүшөт. Болбосо такси менен каттамай.
Бир күнү жумуштан чыксам бир кесиптешим жөнөп жатыптыр айыл жакка, унаасына чыгып алдым, дагы 2 кесиптеш бар экен унаада. Телефонума чалуу келди;
- Кетип калдыңбы үйүңө.
- Ооба.
- Жаныңдагылар ким? (Өз ара сүйлөшүп баратышкан, угулса керек).
- Кесиптештердин атын атадым.
- Мм. Мен экеними айтпа.
- Макул.
- Каерге жеттиң?
- Жарым жолдо баратканыбызды айттым. Маанилүү деле эмес сөздөрдү сүйлөшүп бараттык. Бир аздан кийин;
- Жетейин деп калдыңбы?
- Жеттим,- дедим унаадан түшүп жатып.
- Макул анда - деп телефонду өчүрдү.

#17 21 Май 2017 - 18:36
Кечинде үйдө олтурсам смс жазды;
- Эмнеге уктай элексиң?
- Уктайын деп атам эми.
- 86 ( жигитимди ушинтип атачу)менен жазышып олтурдуңбу?
- Жок.
- Алдабачы...
- Ал жазбайт деле смс, чалып турат.( актанып коем дагы).
- Эмнеге өчүп, жанып атасың?
- Ватсапка кирип чыгып атканга окшойт.
- Чыкпай турсаң. 1 саат сүйлөшөлүү, анан уктайбыз макулбу?
- Макул.
- Сага кандай типтеги балдар жагат?
- Токтоо, түшүнүктүү, чечкиндүү, пунктуалдуу, сөзүнө турган болсо...
- Мм. Идеалдуу де.. Ошондо.. мисалы биздин жетекчидейби? ))
- Жоок. Жетекчи такыр эле кабагын ачпайт го )).
- Биздин арабызда (кесиптештер) бардыр сага жага тургандайлар. ..
- Мм..Эч кимисин деле "как мучжина" карабапмын. . бардыгы бирдей кесиптеш.
- Менчи )...
- Сенби... Эч ким менен сенчелик ачылып сүйлөшкөн эмесмин, сен досумсуң.
- Мен деле эч ким менен сырдашчу эмесмин. Досум десең анда кличка коем сасык. Досторумдун бардыгынын кличкасы бар
- Сасык ))... (чычалап)
- Ы сасык, жакпадыбы? Анда Пепе))
- Анда сен жираф (чычалатайын деген ойдо, бою узун болчу).
- Жираф жакшы эле- дейт чычалабай.
- Анда маймыл дедим - ватсаптагы сүрөтүн кошо жиберип.. Жаныбарлардын сүрөттөрү калбады, бири-бирибизди жаныбарларга салыштырып сенсиң деп )). Таң калганым ал менен сүйлөшкөндө чоң эле кыз экенимди унутуп калчумун. Экөөбүз тең чектен чыгып тамашалашып, жаш баладай жыргап калаар элек.

#20 21 Май 2017 - 19:33
Жумушта эч ким жок мезгилде сасык деп алат, мен аны жираф дейм эч кимге билгизбей. Бир жолу жумуш учуру, түштөн кийинки убак болчу, кабинетке кирип калды иштер боюнча, иш столума колу менен таянып бир аз эңкейип турган,атыры бир укмуш жагымдуу жыттанып жатты. Мурун жыттанчуу деле эмес, же аралык жакын болгон үчүн сездимби... Билбейм негедир аябай жагып жатты, ичимде кечке эле тура берсе экен деп ойлонуп коем. Башкача сезим эле, сөз менен жеткире албайм.
Анын караанын издей турган болгом жумушта. Бир көрүп албасам көңүлүм ордуна түшпөйт. Ошондой күндөрдүн биринде ал жумушка келбеди. Күнүм күнгө окшобой суз өтөт андайда. Кечинде адаттагыдай эле смс жазышмай, көрсө досу үйлөнгөнүнөн жооп сурап тойго барып, тойдон келгенин айтты. Ал күнү уктабай турчу түнкү саат 1:00гө чейин (мындай учурлар көп эле болду 12ге чейин жазышалы, дагы 1 саат- 2 саат, жазышалы анан уктайбыз деп) смс жазышчы деп суранат. Азыр барам, чыкчы ушундан көрө, сүйлөшүп олтуралы дегенине көнбөдүм . Ал, уктап калсам эрте менен тура албай калам, сенин үйүңүн жанына барам, уктабай тур деп кайра-кайра эскертип, кайра жазышын айтты. Ошентип ал күнү түнү менен уктабай ал менин үйүмүн жанында, мен үйдө жазышып таң атырдык. Эрте менен 7де чыктым үйдөн, чогуу жумушка бардык. Ал күнү ишемби болчу, жумуш убагы түшкү 12:00гө чейин, бирок биз бул жолу дагы бүтпөгөн ишибизге байланыштуу кечинде кетмей болдук. Менде практикант бар болчу, бир аз колум узарып калган, үйрөнсүн деп ага көрсөтүп, кылдыртып коем иштерди. Түнү менен уктабаганга чыдабай калдым. Аны эч ким билбейт, тиги экөөбүз гана айласыз күлөбүз, уйкусурап. Тымызын смс жазып коет, мен 2 күн уктабадым го тойдон бери, чыдап эле жүрөм го деп. Практикант болсо кеңири уктап алыңыз деп коет менин абалымы көрүп. Акыры тиги унаасынын ачкычын берди, кичине уктап ал деп. Унаанын ичинен бекитип, 2 саатка будильникти коюп, эч нерсе билбей жыргап уктапмын.

Билдирүүнү түзөткөн: Rain..: 21 Май 2017 - 19:48