Суперстан: Чырагым... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чырагым...

#21 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 12:36

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

28.04
Ар дайым оюмдасың. Сенин сезимдериңди окуй алсам кана. Мен жөнүндө кандай ойдо болдуң экен.
Билесиңби? Мен азыр өзүмдү куурчактай сезип турам. Каалаганда ойноп,каалаганда таштаган куурчактай. А мен сага ишенгем. Сөздөрүңө,көздөрүңө турпатыңа ишенгем. Сени катуу сүйүп турам.

29.04
Мен эч качан жигит үчүн жаш төгөм деп ойлогон эмесмин. Бирок сени менен жүргөн күндөрүмдү эстеген сайын көзүмдөгү жаштар мага эрк бербей тамчылап жатат. Сени эстеген сайын жинди адамдай ыйлап жатам. Ушунчалык да алсыз боломунбу? Сенсиз жашоо канчалык оор экенин билсең.
Мен сага "Мени эч качан таштаба,мындай абалга калтырба" деп сурангам. Бирок сен ал сөздөрдү унуткан сыяктуусуң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   beru   29 Май 2017 - 12:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 29 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 10 Май 2018 14:40

уланта бериниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 12:42

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

30.04
Сен мага сүйүү эмне экенин үйрөттүң. Махабат,сагынуу эмне экенин үйрөттүң.
Жаным,мен азыр экөөбүз жолукчу бакта олтурам. Айланам капкараңгы болсо да,жалгыз олтуруудан коркподум. Азыр мага сенден башка эч нерсе кереги жок...эч нерсе.
Кучагыңа катуу кысып турууңду каалар элем. Сенин кучагыңда өзүмдү бактылуу сезем.
Азыр болсо жалгызмын...
Сен экөөбүз апрель айын жакшы көрчүбүз. Анткени ушул айда биринчи сүйүүңдү билдиргенсиң. Биринчи жолугушуубуз апрель айында болгон. Анын баары эсимде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 12:52

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

1.05
Бүгүн апрель бүтүп майдын алгачкы күнү башталды. Биз сүйгөн апрель.
Бул айда экөөбүз бирге боло албадык. Себебин да түшүнө албадым. Сүйүүбүзгө 2 жыл болгонун белгилеген жокпуз.
А мен белгиледим. Өзүм жалгыз. Сени менен болууну каалагам. Бирок сен келген жоксуң. Бул эмнени билдирет? Ойлорум чачырап кетти. Азыр да биз жолукчу дарактын жанындамын. Сени менен өткөргөн бактылуу күндөрүм көз алдыма тартылып жатат..

Бул күндү эч качан унута албайм.
Мен адамдарды жек көрөм! Мага азап бергендерди, жашоомо тоскоолдук кылган адамдарды жек көрөм! Жалгыз экенимди бүгүн дагы бир жолу түшүндүм.
Ал бакта канча олтурганымды билбейм достор. Ыйлай берип көздөрүм шишип,даже ачылбай калды. Ошол убакта үй-бүлөөлүк проблемаларым да ашып жаткан. Баары кошул ташыл болгон. Ушул моменттеги абалымды көрсөң Белегим кантээр экенсиң?
Эмне кылуунун айласын таппайм. Бул жашоодон кошкошкум келди. Жанымда эч нерсе жок болчу. Айлана капкараңгы. Сыйпалап жатып бир шише таап алдым. Ташка уруп сындырып,жинди адамдай колдорумду кескилеп баштадым. Же ал бир өтсөчү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 13:09

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Колдорумду ойду келди кескилей бердим. Ичимдеги букту бир нерсе кылып чыгарышым керек болчу.
Эч кандай ооруну сезген жокмун. Жүрөгүмдүн оорусунун жанында бул чымын чакканчалык да эмес болчу. Колдорумдан кан агып жатты.Жылдыздарды карап жата бердим. Бир аз жеңилдегендей боло түштүм. Өзүмдүн эмне кылып жатканымды элес ала албай калдым.
Балким ишенбейт чыгаарсыздар. .
Ордумдан туруп чоң центральный жолго карай жөнөдүм. Ал жакка неге барганымды да билбейм. Чачтарым жайылган,колумдун таза жери жок кан. Көчөдө сербеңдеп басып бараттым. Түн бир оокум окшойт. Көчөдө же адамдар жок,же машина жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 29 Май 2017 - 13:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 13:24

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Качан гана бир машина жаныма келип токтогондо өзүмө келдим окшойт.
-Карындашым кай жакка барасың?
-Эч жакка.
-Жүрү айткан жериңе таштап коем.
-Кете бериңизчи! !!
-Туура болбой калат го. Сага жардам бербесем мен өзүмдү күнөөлүү адамдай сезем.
-...........унчукпай тура бердим.
-Азыр келем ушул жерден жылбай тур.
Машинесин айдап нар жакка кетти. Артымды карабай өйдөңкү көчөгө чуркадым. Столбага жашындым. Артымдан чыгып издей баштады. Ооо кудай көрбөй калса экен деп турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 13:37

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Издеп,издеп кетти. Аябай коркуп калдым. Үйгө барып саатты карасам 3 болгон экен. Ушунча убакыт өтүп кеттиби деп ойлонуп уктап калыптырмын.
Колум кескенде оорубай,эми аябай оорутуп жатты. Ата-энемден жашырып узун жеңдүү кийим кийип жүрдүм. 1 айда араң кетти окшойт.
Бир канча күт өтүп Белектин айылга келгенин уктум.
Бакка барууну токтоттум. Арыктагандан арыктап бараттым. Эч нерсе жакпайт. Тажадым баарынан.
Белек көргөн жерден карабай өткөн адаты дагы деле бар. Үйрөнүп деле калдым.

Убагында чакчаңдаган, уруш-мушташтан башым чыкпаган кыз болчум.
Балдар менен да мушташып кетээр элем. Мектепте талпа группа болоор эле. Күндө же аптасына чогулуш болуп турчу. Өзүбүздөн чоңдор менен да,кичинекейлер менен да мушташчубуз. Мугалимдер артыбыздан жүрүп чарчашкан. Мен Белек үчүн оңолгом. "Өзүмдүкү гана туура" деген принцип менен жашайсың. Башка адамдардын да оюн сыйлаганды үйрөн деп айтчу.
Кантип ушунчалык алсыз болуп калганымды түшүнбөй олтурдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 13:45

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Белек менин бүт каприздериме чыдаган. Ал мн сүйлөшүп жатып,башка балдарды да көз жаздымда калтырбайт болчумун. Анын баарын билсе да чыдады.
Билем мени эч ким Белектей сүйө албайт. Мен да андан башкасын каалабаймын. Ойлоп кетем аны тажатып алган окшойм деп.
Июнь айында жайлоого эс алууга барабыз деп камданып калышты классташтар. А менин көңүлүм эч тарткан жок. Белек да албетте барат. Анын маанайын,өзүмдүн маанайымды бузгум келген жок. Барбай эле коюуну чечтим.
Барсам тескери карап жүрсө мен ага чыдай албайт болчумун. Ар дайым онлайн. Же барасыңбы деп жазып койгон жок.
11-июнда эрте менен кетишти.
А мен кыздардан сурап турдум. Эмне кылып жатасыңар? Качан кайтасыңар? Тиги кандай жүрөт деп.
Вацаптан сүрөттөрүн жөнөтүштү. Тим эле эч нерсе болбогондой күлүп жүрөт. Менсиз да бактылуу экени көрүнүп турат. А мен ансыз кандай күндөрдү өткөрдүм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 13:53

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Ал күнү жайлоодо калганын айтышты. Эми бир жерде олтура алсамчы.
Кызганыч ичимди кемирип жатты. Андай жерлерде эки-экиден кетишерин билесиздер да.
Белекти башкасы менен элестетип алып жаман болуп кеттип жаттым. Түнү менен уктай албадым. Жаан жаап баштады. Чырагым үшүбөдү бекен? Бир жыл мурунку жайлоого барганды эстеп,көзүмдөн жаштарым падушкама тамчылап жатты.
Эртеси түштөн кийин келишиптир. Вацаптан сүрөттөрүн жөнөтүп,группада сүйлөшүп олтурушса жиним кайнап чыкты. Жөн жерден кыздар мн урушуп да кеттим. Өзүм күнөөлүүмүн баарына.
"Сен жазбайсың,мен да жазбайм,экөөбүз тең гордыйбыз" деп,көк беттигибизден ушунчалык кыйналып олтурабыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 29 Май 2017 - 13:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 14:12

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Өзүмдү аппак кылып көрсөткүм келбейт албетте.
Балким Белек менден өтүп кыйналган чыгаар. Ал да мага окшоп сагынып,ыйлаган чыгаар.
Эмнеси болсо да ал кайгылуу,азапка салган күндөр артта калды.

Андан көп өтпөй эч нерсе болбогондой сүйлөшө баштадык. Эмне болгонун мен да сурабадым,ал да айтпады.
Биздин жолугушчуу жерден күтүп туруусун айтты. Чуркап барып кучагына бой урдум. Мага тааныш жытын абдан сагынгам. Кучагын сагынгам. 3 айдан ашуун көрүшпөдүк. Айтууга оңой болгону менен мен үчүн азап болгон.
Ушул бак биздин бактылуу да,кайгылуу да мүнөттөрүбүзгө күбө болду.
Шаркыраган дарыя,жымындаган жылдыздар,жаркыраган ай,сыдырым жел,жанымда сүйүктүүм. Биздин бак. Баары бири-бирине көрк кошуп,биздин биринчи өбүшүүбүзгө күбө болушту. Денемди ток ургандай сезим пайда болуп,жетинчи асманда учуп жүрдүм. Өткөргөн кыйын күндөрүм заматта унутулуп,өзүмдү бактылуу сезип жаттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 14:21

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Убакыт өтүп 11-класс болдук. Бүтүрүүчүбүз деп кетерээбизди ойлогондо ичибиз тымызын ачыша түшөт. Белек адаттагыдай мектепке октябрдан барды. Анын мектепке келгенин,келбегенин буркураган атырынан билчүмүн.
Ноябрь айында вечер уюштурабыз деп калды б классыбыз. Негизи алардыкына кошулбайт болчубуз. Бирок бул жолу баргым келди. Белек сыртта жүргөн. Мен да барам дегенде келип калды.
-Эмне болуп жатат Айжан? Маанилүү нерсе болбосо менин атымдан айтчу эмес. Ар дайым жаным,кымбатым, ханышам деп кайрылчу.
-Вечеринка болуп жатат.
-Сен да барасыңбы?
-Ооба.
-Жүрү сүйлөшүп алалы. Колумдан жаш баладай жулкулдатып жетелеп,сыртка алып жөнөдү
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 14:25

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Көзүмө жакын келип карап.
-Эч жакка барбайсың.
-Эмнеге?
-Өзүбүздүн вечеринка бар.
-мммм
-Түшүңдүңбү? Эч жакка барбайсың! Эч жакка. Колун кезеп айтты. Демек барбайм.
-Макул.
Жанатан бери сайрап жаткан кыз заматта токтоо болуп калды го.
Барам деп жатып,кайра барбайм деп олтуруп калдым. Баары түшүнүштү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   beru   29 Май 2017 - 14:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 29 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 10 Май 2018 14:40

уланта бериниз, окуп жатабыз, жакшы жазат экенсиз анан коп коптон.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 14:49

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Клаасташыбыздын туулган күнүнө бардык. Бир аз отурган соң балдар баары чыгып кетишти. Кай жакка бараары белгилүү да. Башка жактын балдары мн бүтпөгөн проблемалары. 3 кыз 3 бала калдык. Отура берип зээригип кеттик. Аларды күтө берип эки көзүм төрт болду. Өзүң жок болсоң мени неге алып келдиң деп сүйлөнүп жаттым.
Музыканы жаңырта коюп,бийлеп жатышты. Акыркы чарчашты окшойт. Вальс бийлеп баштады. Бийлебейм деп отуруп алсам,бирөөсү келип тартып кетти. Күчүм жетмек эмес баары бир.
Белектен башка эч кимдин колу тийүүсүн каалабайт болчум. Колу тиймек турсун кучагында бийлеп жаттым. Белек тезирээк келип мени алып кетчи деп тиленип жаттым. Музыканы кайра,кайра коюп,бири бийлеп бүтүп,наркысы келип алып кыскасы өзүмдү куурчактай сезип кеттим. Көзүмдөгү жаштарым даяр. Эмнеге келдим эле? Ушулар менен вальс бийлеш үчүнбү? Мен Белек үчүн келгем ал жок болсо мен не кылып жүрөм?
Чайнектеги чайга бутумду да күйдүрүп алдым. Болду кетем деп баштадым.
Балдар келишсин анан кетесиң,ана келет мына келет деп жатып 2.3 саат өттү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 15:20

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Эч нерсе болбогондой жылмайып келе жаткан Белекти көргөндө нервим кайнап,барып жеп салгым келди. Көздөрүмдө огум болсо атып жиберчүдөй карадым. Бир нерсе болгонун түшүндү. Жаныма келип олтурду.
-Эмне болду жаным?
-Эч нерсе.
-Кечир,ишибиз чыгып калды.
-Жүрө бербейт белең. Мен балдарың менен мазза кылып вальска бийледим.
Чекеси тырыша түштү.
-Эмнеге алып келдиң мени бул жакка а? Ушулар мн бийлетиш үчүнбү? Келгениме өкүнүп кеттим Белек!
-Азыр кетебиз.Сага баарын түшүндүрүп берем. Тиземе башын коюп ыйлап жатты.
Бир аздан соң чыктык. Балдар калышты. Жолдо сүйлөбөй,жетелешип келе жаттык. Колумду бекккем кармап алган. Кыздарды таштап,өзүбүздүн бакка карай жөнөдүк.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 16:15

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Тез эле кайтабыз деп чыгышкан экен. Көпкө кармалып калышыптыр. Кайра кайра кечирим сурап жатты. Анын кучагында бүт нерсе унутулат. Болуп өткөндөрдү унутуп,каткырышып ойноп сүйлөшүп калдык. Биз өмүр бою бирге болобуз. Сен мендиксиң,мен сендикмин деп кайталап убада берип жаттык. Көп өтпөй жаңы-жыл келип,мектепте белгилеп 31 и күнү адаттагыдай 00:00 дү бирге тосуп алдык. Көпкө асманды тиктеп,жылдыздарга суктанып карап жаттык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   beru   29 Май 2017 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 29 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 10 Май 2018 14:40

Автоор кайда кеттиниз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   rozabeku   29 Май 2017 - 23:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 17 Март 17
  • Соңку аракети: 27 Сен 2020 23:30

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   asi.gulum   30 Май 2017 - 13:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Улантың.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 14:28

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Рамазан айында баштап алып,бүтүрө албай өзүм да кыжаалатмын. Маанилүү окуяларды гана жазып бүтүрүп салайын.

Биздин 3-жолку сүмөлөк уюшулду. Кыздар бака-шака болуп буудай тартып,кечинде сүмөлөк боло турчу үйгө жөнөдүк.
Баарыбыз тамактанып, сыртка чыгып бийлегенге жөнөдүк.
Башка жактын да балдары келип турган экен. Белек сыртта жок экен. Издеп да таба албадым. Баары көңүлдүү бийлеп жатышты. Эки көзүм Белекти издейт. Эки жакты алаңдап карап жатып,мени бир каректер тиктеп турганын көрдүм. Байкасам жанатан бери карап жаткан. Маани деле бербей бийлей бердим. Ал көз караганын токтотподу. Уже өзүмдү ыңгайсыз сезе баштадым.
Үйгө кирип ар бир комнатаны ачып Белекти издеп баштадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 02:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: