салам форумчулар.
2015 жылы ушул айда баламы суудан агып кетип жаткан жеринен бир киши сактап калган эле.адеп асфальтка буту мн отура калып кармайын десе бетондун ортосунан отуп кетет каайра артынан чуркап дагы отура калып тутуп алат.баягы акенин тизеси канап кеткен.кармап апчыкса балам жоок экен коокмок болуп ичи шишип сууга.жерге жаткызып алып ичин басса да болбойт экен.анан жанындагылар бутунан кармап силк деген экен ошентсе.оозу мурдунан суу кетип чынырып озуно келиптир.ал маалда мен эчнерсени билбей магазин карап отурган болом.эми ошол аке ачыгын айтсам алкаш эле.ошол окуядан кийин кундо келет.баламы сактап калдыныз рахмат деп нан май тукум пияз дегеле койчу ар нерсе берип журдум магазинибизден.
кийин арак куюп берчи деп арак да ичип жатты.акчам жок деди эле акча да берип журдум.500-300-
200 ошентип.эми эки уч кундон бери жиним келип журот.эмне кылышты билбейм каттык айтсам конулу ооруп калабы дейм
Баракча 1 - 1
Эмне кылышымды билбей калдым...
#2 20 Май 2017 - 14:43
Ммм алкашпы,башкабы,
сиздин баланыздын сактап калыптыр.Кудайым да атайын ошол кишини себепкер кылып жон жерден жонотпогондур .Сиз майда чуйдо кылбайт,уй булоосуно барып колдон келишинче,чонураак жардам берип койсонузчу.
эгер жардамга муктаж болсо,муктаж болбосо жон Гана ыраазычылык кылып.Жакшы кенештерден айтып,ичкич болсо,ичпей бул ишти кылыныз деп.мечиттерге ээрчитип барып,.Кандай болгон кундо дагы ал сиздин баланыздын сактап калды,демек омур боюу карыздарсыз.
Анын кылган жакшылыгына мумкун ичирбей коюп,жооп кайтарарсыз.
#3 20 Май 2017 - 15:41
Бактыңыз бар экен уулуңуз аман калыптыр да.Аллахым ошол сиз айтып жаткан алкаш деген байкеңизди уулуңуздун өмүрүн куткарууга себепчи кылыптыр.Ал байке сизге өтө эле чоң жакшылык кылыптыр."
Жакшылыкка жакшылык ар кишинин колунан келет"дегендей сиз ал чындап жардамга муктаж болуп турса жакшылык кылыңыз.Бирок,
жамандыкка алып барчу арак,сыра деги эле жинди суу берип жакшылык кылбаңыз.Бирок,
ал адамга бир өмүр ыраазы болсоңуз болот экен.Жашоодо ушундай биз коомчулуктан четтеп салган адамдар:алкаштар,
селсаяктар кээде биздин эркибиз,күчүбүз жетпей турган иштерди жасап,жакшылык кылышат.Бирок,
аларды адам катары маани бербегендиктен алардын жакшылыктары көз жазымда калып кете берет."Эмне деген кийим көрдүм-ичинде адам жок,эмне деген адам көрдүм-үстүндө кийими жок"деген туура да...
Жашоо бар,жашаш керек!
#4 20 Май 2017 - 20:19
ооба жардам берип жатам.бирок арак куюп бер дей берет.ошондо жиним келет.эки уч кундон бери соо журуп калды.ичимден суйуном.магазинге кирип калса.жегени бирдемкениз барбы деп сурап турам
#6 20 Май 2017 - 20:51
Спирт ичимдиктерин оболу сиз сатпаныз, арам болот. Арам тамак аш болбойт демекчи. Бирок кантсе да Аллах аркылуу себепкер ошол киши болуп жатат. Демек ага омур бою ыраазы болуп журунуз.
#7 20 Май 2017 - 20:56
aliadeli (20 Май 2017 - 20:19) жазган:
ооба жардам берип жатам.бирок арак куюп бер дей берет.ошондо жиним келет.эки уч кундон бери соо журуп калды.ичимден суйуном.магазинге кирип калса.жегени бирдемкениз барбы деп сурап турам
Сен кандай жансын?Башка бироо келип 20 сом берип 100 грамм куй десе жинин келбей куйасын.Баланды куткарып калдым бекер 100 грамм куй десе жинин келет.Сен жакшысы магазининден арактарды алып сал.Арак сатпа.Ошондо соопко каласын.Тиги байкен дагы келсе мен бүгүндөн баштап арак сатпайм,арак сатканда алып ичкенда күнөөкөр болот экен.Мен башкалардын аракеч болушуна арак сатып себепкер болушту каалабайм.Эми аракка келбениз менде арак жок десең чооң сооп иш кылган болосун.Анан арак саткандан жинин келбей бекер куюп бергенден жинин келип жатса анда билбедим бул жагын өзүң ойлонуп кор
#10 21 Май 2017 - 00:00
Кээ бир адамдарга жакшылык жакпайт да өзү.
Сөз жазгым деле келген жок,сөз жок авторго!
Сөз жазгым деле келген жок,сөз жок авторго!
#11 21 Май 2017 - 07:42
Эри ичкен же балдары ичкен аял дайыма эки каргыш айтат.
1) Э аракты ойлоп тапкан адам,корундо окуруп калсын дейт
2)Э арак саткан адамдын уйу куйсун дейт.
Менин бир келиним ( тууган) 4-5 жыл арак саткан базардын чок ортосунда.Жылдар отуп ооруп калды.Жан далпас учун эмнеге барбайт.Табыпка барыптыр.Ал адамдын атагы кучтуу экен.Табып дагы бир жерге алпарып койго кочуртмо дейт экен ошол жерге барышат.Ал жерде уч торт аялдап кишилер болуп отуруп тагдырын айтканча,кылган куноолорун санап айтышат экен.тизелетип отургузуп Алладан кечирим суратышат экен.Ошондо келинимди арак сатыпсын,ошол арак саткан кундорунда канча эркек ичип уйундо жанжал кылса,уй- булоосунун ыйы,аялынын ыйы,энесиники, балдарыныкы баары сага каргыш болуп калган дептир.
Эми буга окшогонго ишенбе дешет го бирок арак сатканы чындык эле.Ошон учун араксыз деле соода кылсан болсо керек.Биздин жаныбызда супер маркет бар эле бир болумунодо жалан арак сатат эле.Магазиндин ээси Мекеге барып келип эле арак сатырбай койду.Банкрот болот дешти эле.3-4 жыл болуп калды банкрот болбой эле береке кирип соодасы дуркуроп эле атат.
Эми баласы коркунучта болгондо эне баласына жанын беришке да таяр болот го.Сен жанынды бербе бирок алкаш болобу башка болобу сен дайыма жардам бер.Сен айтышын керек Байке мен арак менен сизди сыйлай албайм бирок тамак аш,кийим менен сыйлай алам деп каттуу эскертип арак бербей кой.Балана жакшылык кылган адамды сен арак менен турмуштун коруно туртуп атпайсынбы.
Ошол адамын барына шугур кыл,баландын тируу калганына шугур кыл.Олумдон башкасынын баарын тапсан болот,женсен болот.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 21 Май 2017 - 07:43
#12 21 Май 2017 - 11:17
кеңештеринизге рахмат.ооба менин жолдошум бар.ал билет ошол киши сактап калганын бирок жардам бербейт.анын аялы балдары жок алыста экен ажырашып кетишкен экен.эми арака келсек мен деле саткым келбейт.магазинибиз чон.аны кайнатам кайненем болуп иштетебиз.мен чыкпайм сатпайм десем жини келишет.ошонун айынан да канча уруштук.ушул жерден курсагын тоюп жаткандан кийин кара магазин деп.жолдошум да акыркы кундору арака берилип кетти.мен да ойлоном бизге келген клиенттердин каргышы тийип жолдошум да ичип жатат деп.бирок мунун баары пешене экен.адал эмгек кылып тапканын арамга жумшайт.арам сатып тапканын адалга жумшайт.бирок баары сиздер айткандай жугумсуз.кайындарым бай баары бар.бирок уйдо ынтымак сый урмат жок.себеби арак сатылат.келин болуп келгениме 11 жыл болсо.ошол кундордун баары эле уруш жанжал.сиздер айткандай бизге келген клиенттердин уйундо да ушундай кайгы капа болсо керек.бирок мен бул уйдо келинмин.арак сатпагыла десем эле сатпай коюшпайт да
#13 21 Май 2017 - 23:14
Жардам кылып бере бериниз, бир куну ал дагы уялаттыр, же болсо тушунгон адамга айтып корунуз болду эми алчунду алыпсын, кайра-кайра сурай бербе деп, айттырып корунуз мумкун ошондо тушуноттур .
#15 22 Май 2017 - 13:35
Эх,менин да баламды ошентип сактап калган адам болгондоо...
...
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
#16 22 Май 2017 - 14:14
Азыр мечитке барган кишилер айылдарда арак саттырбай коюштат экен, силер мечитке барып имамга айткыла. Алар кайндарына айтып аракты магазинден оздору эле жок кылып коюшат. Дилинде чындап саткын келбесе бир жолун табат элен кайындарына шылтабай. Баландын сууга тушуп кеткени да арам акча тапканынардын айынан. Эгер токтотпосонор мындан да кейиштуу иштер болуп кетиши мумкун? Биздин айылда бир кишинин куну-туну арак саткан магазин бар экен, кызы сатуучу болуп иштейт экен эле. Ошол кызы асынып олуп алыптыр. Элдер айтышат жаман журуп кеткен деп. Арак саткандан эч кандай береке болбойт экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Aygul777: 22 Май 2017 - 14:20
Аллах-кудуреттуу зат!
#17 23 Май 2017 - 16:14
Эмнеге эмне кылышынызды билбей калдыныз? Баланызды куткарып олумдон алып калганына ыразы болуп сураганын берип турсаныз эч жериниз кемибейт. Озунор бар жашоодо жашап кайдагы 100грам учун ушул жакка жазып отубай уят. эгер ошо сиз айкандай алкаш болбогондо баланыз жок эле. Ушу адамдар болгон сайын саран болуп дагы болсун деп калат экенбиз.
#18 24 Май 2017 - 17:55
Жанындагылар бутун кармап силк дебей чуркап келип силкип койбойбу? Алкаш болсо да адамдык сапат бар экен куткарып калыптыр. Жараткан аны себепчи кылып перзентиниз бир олумдон калыптыр. Арак ичсе эле тозокко билет алып койгондой корушот. Балким ошол алкаш баланы сактап калганы учун бейишке чыгаар? Менин да иним кичинекей кезинде чана тээп ойноп каналга тушуп агып кеткен. Соо адамдар кормоксон болсо бир араккеч кошунабыз кыштын куну суу боюнда арак ичип отуруп коруп калып белчесинен суу кечип алып чыккан. Уй булообуз менен ыразычылык билдиргенбиз.
Аны баары жаман корушчу. Тим эле тозокко тушоорун гарантия менен соз кылышаар эле. Орозонун кунундо коз жумду. Бейишин берсин деп арадан 20жыл отсо да апам куран окуйт ошол адамга.
Эх менин да баламды бироо сактап калганда...
Автор ал адамды жаман корбонуз
Эх менин да баламды бироо сактап калганда...
Автор ал адамды жаман корбонуз
#19 28 Май 2017 - 15:31
азыр да магазинимде отурат.нан дюшес берчи дейт бердим.арапа куну аш токоч кылып апчыгып бердим.жиним келгени ичип алып келе берет.соо болсо андан эчнерсе аябаймын.кайнатаман бир штук сигарет сураган экен бербей коюптур.ошондо неберенизди сактап калбай койсом болмок экен деп айтыптыр.аны озу мага айтып жатат.бала меники кайнатамыкы эмесго.мен эчнерсе аябай берип жатам.бергенимди бир жолу да бетине салып милдет кылган эмесмин.
Баракча 1 - 1