Суперстан: Сатира жана юмор - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сатира жана юмор

#1 Пользователь офлайн   vais   10 Декабрь 2010 - 22:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Кой- ал-ит-с-ия?

Кыргызстанды 2 айдан бери коалициянын карааны аралап журот...Ооба, кыр-кырларда Кыргызстан обондору эле жанырбастан, саясаттын шамалы аркырап жүрүп турган кези.

Жада калса жайыттагы койлор да жөн маарабастан “ма-га!” -“ма-га!” деп маарашчу болду. Куйруктуу ак койдун самаганы жайлоонун жашыл тулаңын жалгыз майкандоо болсо, кара кочкордун каалаганы -короодогу токтуларды конкурентсиз жеке өзү имерүү. Таштан-ташка секирген кызыл козу энесинин эмчегин эмгенине эле сүйунбөстөн, тек гана кимдир бирөөлөр менен сузүшүп ойноого да кызыкдар. Баарысы жакшы деңизчи, бирок жалгыз жүрсө карышкырга оңой жем болоорун ушу жаныбарлар да жакшы түшүнүп калганбы, жайлоого чыгаарда топтошуп, өздөрүнчө коалиция түзүп анан жол алышат . Болгону аларга мүйүздүү Эркеч керек, кечүүнүн тайыз жерин таап, жаан-чачын, бороон-чапкында адаштырбай, оттуу жайыттарга жол баштаганы...

Демейде көлөкөдө тилин саландатып баш көтөрбөй жатчу иттер да шайлоодон кийин активдешип, тимеле жер жаңырта абалашат. Алар да жөн үрүп жатышканы жок. Балтек там айлана чычкан кубалаган мышыктан бир нерсе шекшип борс –борс үрсө, Кумайык кечээги сөөктөн бир тиштем артпай калганына нааразылана ауу-аууулайт. Бөрүбасар карышкыр тийгенде чогуу мизин кайтарууга үндөгөнсүп ваф-вафф десе, Актөш жөн гана тилектештигин билдирип (компания үчүн) анда-санда үн салат. Мунун баарын азыркы тил менен алганда коалиция деп койсо болот да! Анткени, бирөөсүнүн эле короосуна чоочундар келип, ууру тийсе жабыла чогуу үрүп чыгып талап салышаары анык эмеспи. Бирок, тайгандар кандай гана алгыр болбосун ууга салып, аң алдыраарда аларга команда берип турган бир Кожоюн керек болот го...

Кыскасы, Кыргызстандагы турмуш көңүлдүү эле уланууда, Койчу качып кеткенден бери эркечтер көбөйүп, оторду майда-майда топторго бөлүп, өз кокту-колотунан алысты көрө албай, тулаңдуу көк майсаңга жолду таппай атышканы эле болбосо...


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Барс   10 Декабрь 2010 - 22:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ии де. Анан?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   vais   10 Декабрь 2010 - 22:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Просмотр сообщения Барс (10 December 2010 - 22:48) жазган:

Ии де. Анан?

Каймана маанидеги сатиралык-публицистикалык чыгарма жазышка аракеттенип атпаймбы азыркы ситуация боюнча. Бирок адабиятчы эмесмин, билесиздер. . ошол учун оркойгон кемчиликтер болсо айып этпейсиздер. Анан Эркеч, Койчу десем мени Президенттик башкаруунун жактоочусу деп тушунбонуздор. Болгону, лидерлерибиз кучтуурок болсо экен дегеним...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   SubAz   11 Декабрь 2010 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Жакты!

Анда эмесе ошо калему курчтар муну уланта тушсо болмок!

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   vais   15 Декабрь 2010 - 08:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Үй- булөлүк коалиция

Кыргызстанда Уй-булөлүк башкаруу системасы абдан күчтүү өнүккөн эмеспи. Во-от, мектепте саясат тууралуу ар кыл сөздөрду угуп келген баласы атасына айтат дейт: -Азыр мамлекетибизди башкаруу үчун коалиция тузулуп атат экен, биз деле ойлонуп көрбөйлүбү. Десе атасы башын кашып туруп минтет: "Балам, уй-було деген да кичинекей мамлекет сыяктуу, силерди башкарыш мага да кыйын болуватат. Келгиле анда биз дагы коалиция түзөлү. Биерде атаң-Президент, апаң-Парламент, а силер балдар-Эл болосуңар, чоң атаң- Прокурор, чон энен болсо -СНБ"-деп жооп берет дагы жумушуна кетет. Бир топ мезгил откондон кийин балдары атасынын жумушуна звонок кылат имиш: -"Жолдош Президент, Парламент жаны Президент тандоодо, СНБ уктап калды, Прокурор көз айнегин жоготуп алып эч нерсе көрбөйтат, Эл толкундап атат! ".

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 15 Декабрь 2010 - 08:36

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mikasa   15 Декабрь 2010 - 09:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 05 Апрель 07
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КР

Жакты... Ийгилик сизге. Дагы кутобуз :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Elvira Karaeva   15 Декабрь 2010 - 09:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

:good:"Банкеттин" уландысын талап кылабыз! :D
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   yahaha   04 Январь 2011 - 16:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 27 Июль 09
  • Соңку аракети: 28 Сен 2015 16:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кубулма чал.

Жомок аты чал кубулма,
Кышында аның тубулма,
Бар экен а жок экен,
Ач экен а ток экен,
Илгери-илгери заманда,
Жер каймактап калганда,
Түркүн-түркүн мүнөздөр,
Ар кандай көп адаттар,
Адамзатты коштоптур,
Ар кай жакка түртүптүр,
Ары бери кагылып,
Нары бери агылып,
Бирде күлсө бирде ыйлап,
Адамдар өмүр улантып,
Ушул учурга жетиптир,
Көксөгөнү ар башка,
Журтка бөлүнүп калыптыр,
Ар кайсы журт ар башка,
Адатуу болуп калыптыр,
Ойлогону ар башка,
Тилегени бир башка,
Журттагы ар бир адамың,
Ар нерсени эңсечү,
Ар кай жакты карачу,
Ар нерсеге ишенчү,
Эч нерсеге ишенбечү,
Бири макоо бири соо,
Бир бирине окшобой,
Болуптур тири укмуш ой!

Ушундай бир заманда,
Ар пейилдүү адамда,
Болгон экен шуму да,
Ошол эски убакта,
Ызгаар болгон маалда,
Кыш көргөзүп кылычын,
Көгөрүп ооз-мурунуң ,
Жерге жетпей түкүрүгүң,
Ыргыганда муз болуп,
Жылынарга оту жок,
Жашынарга үйү жок,
Кийинерге тону жок,
Сууктан журту корккондо,
Жазды эңсеп турганда,
Жылуулуктун баркына,
Эми жетип калганда,
Көксөгөнүм көктөм деп,
Кыштан аман чыксам деп,
Арманга батып жатканда,
Жазмасы да болбосо,
Аты-жөнүн ким билсин,
Кат тааныган болбосо,
Жанагы шумпай кеп айтат,
Балким андай эместир,
Айтса да саз cөз айтат,
Калтыраган калкына,
Укчу журтум деп баштайт,
Ырайымсыз ызгаар суукту,
Чыйрыктырган шумдукту,
Башкарганы чал экен,
Айдактаганы чал экен,
Ал бир сыйкыр чал экен,
Айдаса да суукту,
Тоңдурса да сууңду,
Актырса да мурдуңду,
Жоошутар бар бир айла,
Жарап берер ал чалга,
Ушинтип айтат ал шумуң,
Үмүт берди бул шумуң,
Аның эмине болчу деп,
Айткын эми болчу деп,
Биз да эми тоңбойлу деп,
Тороп алды шумпайды,
Чыдамы жок шашмасы,
Эзелтен жок чарыгы,
Таман турса муз болуп,
Чыдап карап турабы,
Качан айтат амалды,
Күтүп анан жатабы,
Тоңуп анан калабы,
Жакасынан кармады,
Айтпаса томолок шум башты,
Томолото анан чаппайбы,
Өлтүргөн соң тоңбойбу,
Андан кийин өлбөйбү,
Коркуп кеткен шумпайың,
Айтып салды соогалап,
Биз жеткендин жакшысы,
Баалагандын кымбаты,
Кыйбагандын сымбаты,
Ошондойдон берели,
Көңүлүн таап алалы,
Аянбай союп малыңды,
Алгыла да чучугун,
Өпкө, боор, жүрөгүн,
Ичиндеги бардыгын,
Тетиги турган арчага,
Кызыл жаян илгиле,
Ошондо аяз айдар муз чалдын,
Көңүлү кичине жибийт деп,
Ызгаар кичине басаңдайт деп,
Ишендире салганы,
Айласы кеткен адамың,
Бекинер тамы жок болсо,
Кийинер кийими жок болсо,
Ишенбей анан койчубу,
Тоңуп өлүп калчубу,
Илип бүтүп баарысын,
Ушунча болду эми деп,
Баалууну биз илдик деп,
Кыйбаганды биз илбедик,
Сулуу сулуу селкиден,
Эң сымбаттуун карайлы,
Эң ажарлуун табалы,
Эч бир жан тиелек,
Эң бир аруун берелик,
Картайган бул муз чалдын,
Тоңгон экен жүрөгү,
Чырайлууну көргөндө,
Эрип кетер жүрөгү,
Ошентип анан баарысы,
Таап жашын сулуудан,
Жылаңачтап аны да,
Байлап салды арчага ,
Эми кызык башталды,
Күткөн ысык келбеди,
Андан дагы кызыгы,
Аяз чал да келбеди,
Анда шумуң дагы айтат,
Көз ирмебей муну айтат,
Чакыргыла ал чалды,
Тегеренип арчаны,
Кел эле кел деп чакыра,
Тегеренген сайын даракты,
Жылыгансып баратты,
Кыймылдаса адамың,
Туйбады дене ысыырын,
Билбеди өмүр кызыырын,
Чал жоошуду эми деп,
Жакшы болду эми деп,
Баласына берилбей,
Курсактары тоюлбай,
Малы арчага асылды,
Ырыскы текке чачылды,
Ченегенин аныңды,
Эстегени чыкпады,
Шакка асылып байланган,
Наадандыктан ыйлаган,
Мерездиктен туйлаган
Айласыздан сыздаган,
Мөлтүрдү баары унутту,
Убалды эч ким билбеди,
Кабарды эч ким албады,
Жибители деп муз чалды,
Жүрөктөрдү муз каптады.

Өттү кетти замандар,
Келбес болду бабалар,
Үңкүрдөн чыгып адамың,
Үйдөн уктап калганы,
Жылаңач калбай адамың,
Чапандуу болуп алганы,
Тамандары жоорубай,
Чокойлуу басып жатканы,
Кээ бирлери айга барса да,
Жанагы чалды таппаса да,
Ошентсе да бул ылаң,
Кубулмалыгын койбоду,
Көпчүлүктүн оюна,
Муз чал деген абышка,
Илешмелигин койбоду,
Бары жогун ким билсин,
Чын төгүнүн ит билсин,
Бекем орноп алыптыр,
Көңүлүнө кызыктай,
Кирип дагы алыптыр,
Чыкпай дагы калыптыр,
Кары-жашы баарысын,
Аял эркек жалпысын,
Кыш келгенде арчасын,
Чимирилте турган болуптур,
Чоң бир капты көрсөтүп,
Белек суратчу болуптур,
Капта бечкек түгөнгүс,
Анын түбү көрүнгүс,
Укмуш сыйкыр кылыптыр,
Дүнүйөңдүн жарымын,
Ишендире алыптыр,
Баягы чучук, өпкө, боорду,
Акылмансып акылдуу,
Оюнчуктан жасатты,
Баягы токой арчаны,
Аягансып чөйрөнү,
Жасалмага айлантты,
Мөлтүрөгөн сулууну,
Уялгансып кызарды,
Тондуу кыла калды,
Денесин жаба салды,
Бир заматта ушинте,
Ылаң өрчүп кеткенби,
Көңүлчөөк элдерге,
Таркабай жатып калабы,
Эчен дагы бүлүктү,
Салбай анан кетеби,
Калптан куралса бардыгы,
Атам бербес белекти,
Муз чал келсе берет деп,
Атадан ал артык көрүнөт,
Тилинет ко жаш жүрөк,
Муз болот ко эт жүрөк,
Көпчүлүкө тоң жүрөк,
Мынте берсек акыры,
Атадан бала качпайбы,
Муз чалды сүйүп калбайбы,
Издеп кетсе талаага,
Издеп барса муздарга,
Муздан музду табам деп,
Тапканча музду казам деп,
Түндүк жака барбайбы,
Чөгүп өлүп албайбы.

Жомок бүттү балдар уктаңар,
Түш көрүп балдар жыргаңар,
Тоңбосун жүрөгүм десеңер,
Муз чалга качып барбаңар,
Калганы буюрса анан уланар.

Билдирүүнү түзөткөн: yahaha: 04 Январь 2011 - 16:26

үмүтсүз - шайтан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   vais   22 Ноябрь 2011 - 00:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

МАИшникти сабап салдым.. эми турмого камаламбы

Ал куну жумуштан кеч кайткам. Эртереек уйго жетип ысык чай ичишке ашыгып, боз жоргомду 60тан ашыра алкынтып келаткам. Куугум талаш болуп калгандыктан жол анча жакшы корунбойт эле. Дом бытанын жанындагы светофордон отуп он жакка Юго-Востокту коздой бурула бергенде, мектептин жанынан жолдун ортосунан ала таягын которуп МАИ кызматкери жолуму тороп калды. Тепселеп кете жаздап барып...тормозду аран басып улгуруп 1 метр калганда токтотуп калдым. Эрежени бузганымды сезсем -сезбесем да ачуум келди, аз жерден аны коюп кете жаздаганыма жиним келип :
-Ай, акмак! Ачка калсан да жолдун четинде туруп эле тоссон болбойбу? Алчунду алат элен го баары бир...жулкунбасан деле, -деп демитсем бетин тостойтуп унчукпайт такыр эле, куноосун сезгенсип. Кечке иштеп чарчаган жаным озумду кармана албай калдым...энеси эгиз туугансып жолдун ортосуна чуркап чыгып эсирген сенби деп туруп тумшук талаштыра коюп жибердим. Бечара , женил неме экен, камгактай эле учуп тушту, бирок, дароо кайра секирип ордунан турду. Денеси катуу экен, колум ооруй тушконуно ачуурканып, бутум менен да тээп жибердим. Бул сапар ордунан тура алган жок, чалкасынан кулады. Карасам, батинкеси чо-он олчомдо экен, машийненин донгологун салчу дискке окшоп. Моокумум кана тушту...Бирок пендебиз да, боорум ачып кайра ордунан тургузуп, жолоп-таяп медициналык жардам берип койойун десем бети калы-ын, фанерадан жасалган экен...
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   vais   22 Ноябрь 2011 - 19:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

5 жаштагы таможенник

Кун сайын кечке маал чек арадан отуп уйго кирип баратканда бир бажы кызматкеринин жосунсуз жоруктарына кабылам:108: . Босогону аттаарым менен: Кана, бугун эмне алып отуп баратасыз, документтеринизди корсотунузчу деп бурчка такайт :капамын:
. Документти корсотсон же тамга тааныбайт... же мыйзамды билбейт:dance: . Же бир "бармак басты, коз кысты" менен кепке келсечи...:80: Аны жумушка ким алганын билбейм, бирок жашы эми аран 5 ке толгон...Бирок кундо посттон ото берип анын сырын деле беш колдой билип калдым. Кээ бир паракор бажычыларга окшоп "жашылынан" деле албайт. Болгону "Киндер сюрприз", же "Сникерс " талап кылат. :smoke:Кечинде уйго баратканда документтеримди "мыйзамга" тууралап алганды унутпасам эле болду:nono: . жумуштан кайтып келатып уйдун жанындагы дукончулорго "таможняга" документ тууралап бергилечи десем :88: мени тушунбой калыша турган болду. Анын устунон арызданып жумуштан бошотуп ийиейин дейм.. бирок тууганчылыгыбыз кучтуу да...анткени анын атасы мен иштеген жерде чон кызматта иштейт.... :70:


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   sternchen   22 Ноябрь 2011 - 19:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 864
  • Катталган: 03 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 10 Окт 2021 11:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Mars

:applause: Azamatsyz!Kaleminiz kur4ui bersin!Dagy kutovus...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   belka   03 Октябрь 2016 - 15:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Просмотр сообщения vais (15 Декабрь 2010 - 05:34) жазган:

Үй-булөлүк коалиция

Кыргызстанда Уй-булөлүк башкаруу системасы абдан күчтүү өнүккөн эмеспи. Во-от, мектепте саясат тууралуу ар кыл сөздөрду угуп келген баласы атасына айтат дейт: -Азыр мамлекетибизди башкаруу үчун коалиция тузулуп атат экен, биз деле ойлонуп көрбөйлүбү. Десе атасы башын кашып туруп минтет: "Балам, уй-було деген да кичинекей мамлекет сыяктуу, силерди башкарыш мага да кыйын болуватат. Келгиле анда биз дагы коалиция түзөлү. Биерде атаң-Президент, апаң-Парламент, а силер балдар-Эл болосуңар, чоң атаң- Прокурор, чон энен болсо -СНБ"-деп жооп берет дагы жумушуна кетет. Бир топ мезгил откондон кийин балдары атасынын жумушуна звонок кылат имиш: -"Жолдош Президент, Парламент жаны Президент тандоодо, СНБ уктап калды, Прокурор көз айнегин жоготуп алып эч нерсе көрбөйтат, Эл толкундап атат! ".



Ушунун орусчасын жакында эле бир сайттан окудум эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kaidasyn   04 Август 2018 - 21:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 14:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: