Эрди-катын жөнүндө
Бир айтканын миң кайталап аял кажыйт күйөөсүн:
"Жашообузду ойлогондо ичтен сызып күйөсүң!
Көрөр күнүм ушул беле алым кетип жүдөдүм,
Ачык күн да айсыз түндөй, сыздап ооруйт жүрөгүм."
"Жок жеринен күнөөлөбө сен деп жүргөн кишиңди,
Деди эркек, мен да жасап колдон келген ишимди
Ач-жылаңач кылбайын деп, болбойлу деп элден кем,
Бекер жүрбөй иштеп жатам, таппасам да жерден кем."
Аялдын го өзгөрүлбөс начар болду кыялы,
Бир күнү ал айрылды дейт көйнөгүмдүн тиягы.
Дагы туруп айтып калат, жаңыртпадым кийимди,
Бир алганым ошол бойдон жыртылганча кийилди!
Эркек айтат: "Бай эмесмин, жетсем андай тилекке,
Жашообузду оңоп, сени оромокмун жибекке.
Ошондуктан ойлоп көрчү, сөзүң кандай жүйөөсүз,
Жашоо абдан кыйын болмок жалгыз жүрсөң күйөөсүз.
Эри менен ажырашып, жалгыз калып эсирген
Аялдардын тагдырынан көйнөк жакшы эскирген.
Ажырашуу, жалгыздыктан жардылыгың жүйөөлүү,
Ошондуктан кесирленбей, тобо кылып жүрөлү!"
Которгон: Кубанычбек Басылбеков.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 20 Июль 2017 - 00:27