Суперстан: Бул сезим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бул сезим Келем дедиң, күтүп жүрөм...

#101 Пользователь офлайн   NIkalike   21 Июнь 2017 - 03:12

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Уч кундун ичинде озумду болушунча корсотууго аракет кылдым. Он эки саат бою бир отурбай чуркап иштедим. Кафе жаны ачылгангабы айтор кардар ото эле коп келет, ичип жеп бутуп ордунан тургандардын столун тазалап, идиштерин алып, суртуп кетем. Туштон баштап, кечке чейин тикемен тик тура ушул жакта калып калсам экен деп тиленип жаттым. Акыры уч кун да бутту. Эжем менин иштегенимди каалаган жок. Негедир уй жыйнап, тамак жасашымды талап кылып жатты. Балким окуума тоскоол болот дегениби? Жылдыз деле жазап койсо не болот, и так кечке уйдо уктайт го? деп айтканга тил кыска да ото кыска.
Учунчу куну жумушка бардым. Алминистратор паспортумдун кочурмосун сураганда суйунгонумду жеткирип бере албайм. Мени ишке кабыл алды, кир идиштерди ташыгыч болуп иштейм, кунуно 250 сом, ураааа!! ! Мен кандай бактылуумун! Кудайыма шугур. Таак уч кун иштеп отук алсам, эки кун иштеп чачымды боетуп, учтарын тегиздетип прическа кылдырып алсам, дагы эки кун иштеп жакшы койнок сатып алсам, а то бир кийим менен жудоп кеттим, анан дагы бир эки жумада иштеген акчама сотка сатып алсам эл катары, соткана оло кызыгып атам иииийййй... анан дагы эки жума иштеп айылга апама салсам)))) оозу ачылып эле калса керек. Биринчи айлыгымды ала элек жатып эки айдын айлыгын алдын ала эсептеп койдум))) Ооо... кудай сен мага дайым жардам бересин, шугур.

Окурман сабыр кылыныздарчы. Уланат. Болуп откон нерсени жазып коюууга убакыт жок ишенесиздерби? Мен сиздерди сурантып коюп эргуу алып жаткан жерим жок, кудай сактасын. Болгону уланат, буюрса. Чарчап жатам, калганы эмкиде э? Таарынбаныздар. Кызыгып окуп жатканыныздарга рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   NIkalike   22 Июнь 2017 - 19:30

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Окуу андан кийин жумуш.... ишимден кечикпей, так, туура аткарганга аракет кылам. Бирок окуума жетишпей убараланып жаттым. Курбум Наргиза кээ бир уй тапшырмаларыма жардам берет. Бирок ушунчалык чарчаганым менен сотка алганга ЦУМга жонодум. Озумдун мандай тээрим менен тапкан акча кандай жагымдуу. Наргиза экообуз тандап журдук. Мурун жонокой эле телефондор болсо азыр камерасы менен чыгып баштаптыр. Айылга салганга деп болуп койгон акчамды кошуп туруп камерасы барынан сатып алдык. Кубанганымда чек жок. Суйунуп уйго келдим. Мага чалган, мен чала турган деле эч ким жок. Аябай корсотуп уйдогулорго мактангым келбеди. Жон гана жаныма алып жургонум жетет. Группалаштарым суктанып бир сыйра кармалап чыгышты))))
Окуудан жумушка шашып бараткам. Наргиза менен коштошо бергенде алыстан Мединаны кордум. Жон турбай Наргизага карап:
-Наргиз тээтиги кызды кордунбу, кып кызыл пальточон.
-Иии... кордум, жакшынакай экен. Не болду?
-Менин классташым, азыр жанына барып учурашабыз. Анан созду айлантып отуруп Эрмек деген бала жонундо сурайт, ишенесинби?
-Кызык го. Журсон королу да.
Наргиз менен жанына барып ал абал сурашып, шашып жатканымды тушундурдум. Жарым саатка кечикпей жумушта болуп калышым керектигин. Айткандай Эрмек жонундо сурады. Билгизбей курбумду карасам ал да козунун кыйыгы менен мени карап бир кашын которуп коет. Кулкум келип кетти.
-Медина, Эрмекти билбейм. Чын, аны неге менден сурайсын? Айылга барып келдин, уйуно барып тайкесинен сурасан айтып бермек.
Уялып кетти окшойт. Мукактана тушту.
-Назик эми, тиги.... анын менде бир буюму калып калган. Берип коеюн дегем.
-Кызык, айттым го тайкесине таштап кетсен болбойбу?
-Ал буюм атамдыкы деп аткан.
Дагы бир нерселерди тушундуруп келе жаткан, анын мындай оюнуна чыдабай кеттим.
-Медина мен сени билем, Эрмекти жактырасын. Балким жолуккун келеттир же коргун бардыр. Аны неге жашырасын? Мен чын эле кабарым жок. Сен мындай умуттуу караганын мени бир нерсе жашырып жаткандай абалга калтырып жатасын. Эгер Эрмек жонундо кичине кабарым болсо мен сага айтам. Анын телефон номерин да сурап бергенге аракет кылам. Баарынан да Эрмек учун калп эле мени менен учурашууга келгенин жакпай жатат. Кечир, менин жумуштарым бар, шашып жатам. Номеринди берчи, мен сага чалам.
Дагы бир нерселерди суйлоп жаткан, терс бурулуп Наргиза менен коштошуп маршруткага чуркап кеттим.




Кыш да бутуп бара жатат. Жумушка киргениме эки ай болуптур. Эжем ары айтып, бери айтып акыры унчукпай калды. Кудайым буюрса эмки жылы жатаканага чыгып алсам болчудай.Баары ушундай темпте кетсе кандай сонун болмок. Орто жолдон чыга калган кутуусуз сюрприздер. ..... Акча чогулуп жатканы менен ушунча чарчап калып жатам. Бир болмодо уктаган Жылдыз менен корушпойм. Дем алыш кун болчу. Дайымкыдай уйлорду жыйнап, вокзалга барып эки мин сомдон ашык чогулткан акчамды айылга кетчу тасиситтерден апама салып жиберууго камынып жаткам. Ал ортодо Наргиза экообуз жолугуп гамбургер жесекпи дегенбиз. Уйдон чыгаарда Наргиза чалып калды. Аны менен жолукчу жерди белгилеп, сыртка жонодум. Мени тиктеп отурган Жылдыз:
-Назик телефонду каятан алдын?
-Иштеп алганыма коп болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   NIkalike   22 Июнь 2017 - 20:17

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Колун сунуп, берсен дегендей ишарат кылды. Бир сыйра чукулап карап коруп:
-Жакшы, жакшы, онук, ос, оркундо. Каяка жонодун?
-Жумуштарым бар. Курбу кызым экообуз бир жака барабыз.
Мыйыгынан куло, телефонумду сунуп жатып:
-Хе, баягы мырка мененби?
Ушул жерден кулкум келди. Жиним да келди. Бирок ачууга алдыргым келген жок.
-Жылдыз баарыбыз бирдейбиз. Мырка болсо да ар ким озуно эмеспи. Медина эмес, башка менен барам, кааласан журу чогуу кеттик.
-Еще чего? Мне не до вас. Сузуло ордунан тура ашканага жоноду.
Ичимден жиним келсе да, сыртымдан билгизбей кете бердим.

Салган акчамды апам алыптыр. Катка ороп салгам. Суйунуп ошол эле таксисттен кайра кат жазып жибериптир. Баары жакшы дейт. Атамдын бир аз ичкени эле болбосо.....

Кундор отуп жатты. Жылдыз атасына жаны телефон алып беруусун суранып жатканын угуп, озумчо жыргап алам)))) Тим эле мактангансып. Жумуш, окуу деп журо берип торт айдын ичинде ушунчалык арыктап, кээде козум карангылашып кетчу болду. Андай учурда акырын жерге отура калам.

Жумуштан келгем. Акырын болмомо кирип баратсам ашканада эжем уктабай журуптур. Мени коруп бери кел дегендей ишарат кылды. Негедир кабагы буркоо, оюмда дагы тамак жасап, уй жыйна деген создор болсо керек дегем. Жанына отурган мени карап:
-Назик жакшылык кылгандын уйуно орт кой дегендей, бугун коноко барам деп, алтын чынжырчам менен шакегимди таппай калдым. Ага кошуп Жылдыздын да алтын сойкосу жок.
Таак, ошондо менден коруп жатабы? А мен алган жокмун. Эми айтсам да ишенбейт.
-Айылдагы апана айтпай эле коеюн, жезден да билбесин, эртен ордуна коюп кой, сени бут текшертем. Бул уйдон эч нерсе жоголчу эмес. Мага актанып, бырылдаганындын кереги жок. Коруп эле жатам, айылга акча салып, телефон алганынды да коруп атам. Сен мынтип отурсан оспойсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   NIkalike   22 Июнь 2017 - 22:28

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Ал алтындарды албаганымды тушундуруп айтканымдан майнап чыкпады. Деги, мындай учурда кээ бир адамдарга соз жетпей калат. Эми чын эле менден корот да, башка кимден? Акыркы учурда уйго чоочун эч ким деле келген эмес. Анын устуно уйго акча салып жатсам, телефон которуп журсом. Менин иштегеним кимди кызыктырат дейсин? Жалган жалаадан душманымды да кудай сактасын. Ошол кундон тарта уйдо мен учун тынчтык жок. Ыйладым. Эмне чыгат? Ууру деген ат туугандарга да тарап кетти. Оз ара кубур шыбыр тез жайылат экен. Баарынан кызыгы эжем мени козу ачыка жетелеп барганында. Бардым. Ушул козу ачыктар онгулуктуу бир нерсе айтсачы. Бирок алтындарын уйдо эле, табылат деп койду. Мейли дечи, ушуну менен токтоп калган жок. Иштеген жериме барып кесиптештерден сураштырды менин алтын алып келгенимди, группалаштарга барды. Байкуш эжем бул урууга жакшылап сабак корсотойун деп аябай аракет кылып жатты ондонот. Ызаа болдум. Таарындым, капа болдум(((. Баарынан да кесиптештерим менен окуума келбей эле койсо болмок. Эми мени коргондо билгизпесе да оздорунчо сак болуп калышат. Алардын ичиндеги болгон сый урматымды жоготуп койдум. Негедир Наргиза да алыстай баштады. Билдим дароо эле билдим ким алганын. Бул сокурга деле маалым эмеспи. Ар кимдин оз баласы аппак дегендей, эжем Жылдыздан шек санаса кун тободон чыкмак.

Бул уйдон чыгып кетейин десем бара турган жерим жок. Эми бир ай чыдасам айылга кетип, эмки жылы басып келбейм деп коем.
Ачууга алдыра мага кылган жакшылыктарын эсептеп, ага кошуп адеп сабагынан узунду, аягында анча мынча каргап шилеп алып отурган эжемдин мандайында отурган мени озун болуп корбогондой жакшы сезе Жылдыз кайф кармап отурду. Болмобузго кирдик. Артымдан кирген Жылдызга карай:
-Эргуун жакшы ырахат тартуулап жатабы? дедим.
-Укмуш, соз жок! дейт жылмая.
-Мен го мейли, апанды карачы нерв болуп жатканын карачы?
-Жини келет да алтыны жоголуп жатса.
-Жылдыз акылын жеткени ушул экен! Алганынды акырын ордуна коюп кой. Чыдасан мен кетем. Жон гана сендей акылсыздарга тенелгим келбейт.
- Ах, сен дагы коробуз. Ким акылсыз экенин. Мага мындай оюндар жагат.
-Мен сени менен ойногонго убактым жок, озун айткандай мне не до тебя.
-Коробуз, коробуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   NIkalike   22 Июнь 2017 - 22:42

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Жылдыздын мынчалык эрке, эгоист, текебер, оюндагысын кылган мунозуно ким куноолуу? Албетте ата энеси. Мынча оюндагысын кылып, ашыкча козун караганын себебин кийин билдим. Корсо Жылдыз Чынгыз деген эгиздин тугойу экен. Экоо биринчи класска барып калган кезде Чынгызды машина сузуп кетиптир. Жылдыз эгизин жоктоп ото кыйын кунду кечирсе керек. Эжем менен жездем ошол себептен козунун кареги менен тен айланып калган тура. Чектен чыга оюна келгенди кылганы ушундан. Мындай эпсиз мунозу менен бардар жашоодо жашап, жашоонун чыныгы жузун коро элек Жылдызды кийин турмуш озу тарбиялап койду. (Бул жонундо алдыда окуйсуздар).

Кунуго кечинде эжемден мага бир буркум, Жылдыздын жыргай турган маалы.
Бир кун, эки кун, уч, кыскасы бир жарым ай. Мээмди кагып эле алышты. Нерв болуп калчылдап кетчу болдум. Жумушумдан да чыгып кеткем. Администратор негедир мага мурункудай болбой шекшине бергенинен. Анын устуно сессия да башталып калды. Ойлогом Жылдыз алтындарды ордуна койсо ызы чуу бутот деп. Бирок андай болбоду. Кунуго кечинде эжемдин адеп сабагы башталат. Акыры эжем:
-Ушундайынардан атанар ичип журот да! деген созу менин чучугума жетти ондонот, шашпа Жылдыз, шашпа, менин да сага болгон сюрприздерим бар. Бул оюнга мени озун коштун, эми артка жол жок!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 01:17

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Уйдо эч ким жокто айланып тегеренип, озгочо Жылдыздын буюмдарынын арасын тинтип чыктым. Алтындарын сатып жибербесе эле уйдо. Анын устуно козу ачыка ишенбесем да анын уйдо эле деген созуно кошулгандаймын. Бирок тапкан жокмун. Унчукпаган тоодой балээден кутулат деп эки айдан бери акыры чыдабай калдым. Табылат, билинет акыры ким алганы.
Бирок Жылдыздын мага кылган шылдыны менин ичимдеги болгон чыдамды туготту. Кандай кылсам? Омуру адамга жамандык кылбайм дечумун. Бирок бул жолу жиним кайнаганын айтпа. Кандай айла кылаарымды билбей, сырымды ким менен болушоорумду билбей ото кыжалаат абалдамын. Оч алуу, жек коруу, кыянаттык сапаттар ушундай болот турбайбы. Биз эмне кылып атамды арак ичирип жатыптырбыз? Азап менен откон бала чагыма кошуп эми калганын бизге шылтаганы эмнеси? Башымда ойлор айланууда, бат баттан, ар кандай, жакшы, жаман.... акыры бир ой кылт дей тушту.

Мени чындап сыйлаган бир эле адам бар. Ушул убака чейин мага менин жашоодогу статусума, сырткы келбетиме карабай мени тушунгон жалгыз Эрмек.
Эрмек доктур болгонду кыялданчу. Демек мед.академия же мед. училищеде окуйт. Биринчи курсту бутуп жатат. Расписание боюнча биринчи курстардын аудиториясын карап чыксам, аты жонун издесем да табам. Андан жардам сурайм, керек болсо жалдырайм.

Айткандай Эрмекти эки кун кечке издеп журуп аран таптым. Алыстан мени коро кол булгалай жаныма келди:
-Ооо..кандай классташ? Кайдан?
-Жакшы Эрмек сени издеп келдим.
Ыйлагым келип кетти. Бозоро озумду аран кармай:
-Журчу Эрмек сенден жардам сурап келдим, мен аябай жаман абалда калдым.
Мени тиктей, тан кала:
-Не мынча арыктап кеткенсин? Журу, тигиндей барып тынчыраак суйлошолучу.

Чакан чайканага кирип, бирден суусундук алып абал сураштык. Коздору мээримдуу, ичинде кири жок сонун бала. Бою дагы рсуп кетиптир. Кыска футболка кийип жургонго булчундары болунуп, оголе сымбаттуу корунду. Спорт залга барып жатканын айтып отту. Болгон окуяны айтып бердим. Мени болбой кунт коюп угуп турду да:
-Ото жаман болуптур. Сен озунду анча куноолобо. Нерв болбо, нерв клеткаларын кайра калыбына келбейт. Эми менден кандай жардам керек?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 01:25

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Оюмду айтсам так секире макул эместигин айтты. Бирок менин абалымды карап отуруп боору ооруду окшойт. А мен аны макул кылуу учун болушунча жалдырап жаттым. Жан дуйномдо ушунчалык жек коруу оч алууну каалап жатты. Ичим куйгону Жылдызга мен болок бироо эмесмин го, менин чон атам менен анын тай атасы бир киши эмеспи. Эрмек ото боорукер, тушунуктуу. Макул болду. Эртенден баштап менин оюнум башталды.
Ал эми бул оюндун акыры мен тап такыр кутпогон жыйынтык менен аяктаарын билсем баштабайт болчумун. Баштап алган сон артка жол жок болчу.


Эртеси Мединага чалдым. Эрмеке жолукканымды айттым. Ал Эрмекти озу издеп эмес, кокустан жолугуп калган сыяктуу коргусу келип жургон.

Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 23 Июнь 2017 - 01:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 01:35

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Менин оюнума Эрмек макул болбойт го дегем, бирок жардам берээрин айтканда уйго конулдуу келдим. Жылдыз адатынча уйдо телевизор тиктеп отурат. Мени козунун тобосу менен тиктеп коет. Ичимден шашпа, эрке кыз, жан дуйно, сезимдер менен ойногон кандай болоорун аз кундо озун да сезесин деп коем. Бул жолу чынында ото ызааландым, ардандым атам аракеч болсо, жакыр турмушта жашап, сырткы келбетим сулуу эмес болсо эле ушинтип баары кемсинтип, кошпой, жалаа жаап, менин ички дуйном менен эч ким эчептешпей калабы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 14:15

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Уйундо бир жыл жашап алып, акыры кетээрде мынтип оюн уюштурганым тап такыр туура эмес экенин билип турдум. Эжем чынында ичи куйуп жатса керек. Уруулукту ким жактырат? Мага тарбия ирээтинде насаат айтып жатып, арасына ачууга алдыра менин жашоодогу ордумду, ата энемди, тарбиямды кошуп кеткени ото жаман болууда. Озгочо мандайымда мыйыгынан жылмая, болгон нервимди кашайтып Жылдыздын отурганычы! Куйдургу ий. Эркелигинен эмне кылаарын билбей калган турбайбы.

Мединага чалдым, бугун Эрмек жана дагы башка классташтар менен жолугаарыбызды айттым. Дароо макул болду. Жолуктук. Беш алтообуз. Жанылыктарыбыз менен болушуп бутпойбуз. Классташ деген кандай жакшы. Арасынан кээ бироолор шаардыктарды туурап орусча аралаштырып суйлогону аз келгенсип, деги бир кызыктай кийимдерди кийип алгандар да бар))))
Медина айланчыктап, кылыктанып Эрмектин жанынан чыкпайт. Суйот. Баарыбыз эле байкадык)))

Кечке маал уйго келдим. Жылдыз душтан чыгып жатыптыр. Болмого кируусун отундум. Мандайына отура:
-Жика, болоору болду. Сени тушунуп турам. Ар дайым элдин конул борборунда болуп конупсун. Эми мен кетем жакында. Баарын ордуна коюп койчу суранам. Эгер сени капа кылсам кечирип кой, макулбу?
Мени тиктей башын чайкай:
-Озум билем, менин жиниме тийбешин керек болчу. Сен учун досторума уят болгом эсиндеби? Анысы аз келгенсип эжемдин тойунда сейилдоого чыкпай калдым. Деги менин жашоомо бир пайдан тийген жок. Анысы аз келгенсип апам менен атам "Жылдызды карачы, ошондой болуп тамак жаса, уй жыйна, тря-ля-ля.." кыскасы кетчи уйдон козумо мазоль корунбой, макулбу?
Унчукпай башымды ийкедим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 14:29

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Жаш экенбиз да))) Козго эч нерсе корунбой баарын кинодогудай элестетип алганбыз. Азыр эстесем айла жок кулкум келет. Озгочо Эрмек экообуз ошондо кылгандарыбызды эстегенде боорубузду тырмап каткырабыз. Озунчо эле план тузуп алганбыз. Бул пландар жон гана Медина менен Жылдызды "Я самая, самая" деген креслосунан кичине жылмыштырып тушуруп коюу болчу. Бул оюн бир кун эмес, бир ай эмес, беш жыл уланды. Акыры тап такыр мен кутпогон жыйынтык чыгып, демимди баса отуруп калдым.

Эн эле биринчи Жылдыз менен Эрмекти тааныштыруу анан ортосуна Мединаны кыпчып коюу. Эрмек болушунча идеалдуу мырзанын ролунда болмок. Жылдызга атайын Эрмекти мен да жактырып бетимден кеткен тур корсотушум керек болчу. Медина экообуз бироонун аркасынан ат салышабыз. Ал эми Эрмек Жылдызга карай сезимдердин копуросун курамак. Албетте кызыгына жеткенде Жылдыз озуно тиешелуу порциясын алмак. Ушул эле болчу план. Анан эле ал ортодо чыныгы сезимдер, тагдырды чечуучу кадамдар, байлык, бийлик, сулуулук, оч алуу ж.б. кулкулуу, коркунучтуу окуялар аралашып кетээрин билбегем.
Оюндан от чыгат болуп, ал отубуз ортко айланып кетсе болобу. ))) Анын учкундарын бирден басып очуруп отуруп Эрмек экообуздун жаштыгыбыз отту окшойт. Ошондуктан "от менен ойнобогула" деген соз бекер айтылбаганын тушундум. Кээде Эрмек мени "Кайсыл шайтан айдап сага макул болдум экен" деп наалыса, мен "Сен токтот деген жерден токтобой койдун" деп урушканга чейин барчубуз. Эми силерге айтаарым, жаштык кылып сезимдер менен ойнобогула, а то жаман болот. Андан коро пайдалуу иш менен алектенгиле жок эле дегенде китеп окугула)))

Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 23 Июнь 2017 - 14:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 17:08

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Эптеп сессия жабылгыча чыдап турсам анан кетем бул уйдон. Болок бироонун уйундо журуп, алардын козун карап жашагандар коп эле болсо керек. Эртеси окууга жонодум. Кечке маал Мединага жолукмакмын. Ал эми мени издеп Эрмек уйго келмек, бир нерсесин мага бергенин шылтоолоп. Уйдо Жылдыз бар. Эмне кылса да, бир ыгын таап таанышмак. Таанышуундан сон паркта сейилдеп жургон Медина экообузго келип жолукту. Медина озунчо бир башкача боло, потерия болуп жатты. Мединаны узатып келген сон, жолдун жээгинде кутуп турган мага келди.
-Ии... Озунчо эле Мачо, эмнени кыйратып келдин?
Адатынча бетиндеги эки уячасын кашкайта жылмайып алып Эрмек:
-Бардым, кордум Жылдызды. Сени жок деди анан...
-Жок, жок. Мага мындай толук турдо айтып берчи Эрмек, майда чуйдосунон бери.
Биртке ойлонуп турду да, колуман жетеле отургучка отурдук. Кулкусун тыйып, жылмайып соз баштады Эрмек:
-Кыскасы айтылган дарек боюнча бардым. Мурун мындай эч кылып корбогом. Эшиктин алдында ары бери басып копко турдум. Акыры болгон демимди чогултуп конгуроону бастым. Копко ачкан жок, глазоктон шыкалап турду. Анан ачып мени суроолуу тиктеди, жакшынакай кыз экен.
-Билем жакшынакай экенин, бул жеринин мага кереги жок, анан?
- Сени сурадым, жок экенинди айтты.
-Сиз кимиси болосуз? деген суроомо кабагын буркоп алып:
-Не кыласын? дейт. Кыскасы тааныштык.
Эркек эмеспи ото канчалык сураганым менен майдаланып айткысы келбей койду. Таанышуунун жыйынтыгын уйго барганда кором.

Кечки тамакты жасоого киришкенде Жылдыз ашканага кирди. Столдун устундогу жангактардан чагып оозуна салып отурду. А мен сыртымдан унчукпаганым менен качан баштайт деп жарылып калайын дедим го))) Баштады:
-Назик сени бироо издеп келди.
-Ким? Анткорлонуп.
-Билбейм бир бала Эрмек деди го...
-Кандай бала экен?
- Ммм... кандай десем, бою узун, накаченный, козу кашы кара.
Суроттоп берип отурду. Азамат бир коргондо коп нерсесин байкаптыр.
- Ааа... тааныдым. деп койдум. Негедир ашыкча эч нерсе сураган жок Эрмек жонундо, сураса оло мактайын дегем.

Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 23 Июнь 2017 - 17:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   asi.gulum   23 Июнь 2017 - 17:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Аттарын алмаштырып салгансызбы автор че то түшүнбөй калдым..
Жылдыздай тамак жаса деген жерин анан үйдө Медина бар дегенин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 18:17

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Кыскасы Эрмек бир жолун таап Жылдыз менен телефон аркылуу суйлошууну адат кылды. Туну менен телефону ысып кеткиче суйлошушот. Ар кандай комлименттер, кооз создор, кутуусуз сюрприздер. .. Орто жолдон Мединаны да куру койгон жок. Ооба, бул менин максатым болчу. Эрмек мага боору ооруганынан жардам берип жатат. 16-июнь Жылдыздын туулган куну болчу. Арзан бирок жагымдуу белек керек болду. Фантазияны болушунча иштетип, Жылдыз жашаган подьездти киреберишинен баштап, уйго чейин журокчолорду чаптап, розанын гулдорун (лепестки) тошоп, жарыкты очуруп шамдарды куйгузуп койдук. Дубалга тустуу кагаздарга "Туулган кунун менен" деген кооз жазуулар. Улам магнитофонду текшерип коебуз. Анткени "туулган кунун менен" деген мелодияны жаздырып алганбыз. Шашыла жасап жаткан Эрмек экообузго кошуналар ийгилик каалап отушот)))). Кайра жыйнап, тазалап коюшубузду эскертип жатышты. Балкондон шыкаалай Жылдыздын келе жатканын коруп, Эрмеке чуркап жонодум:
- Эрмек келе жатат.
Шамдарды акыркысын куйгузо,Магнитафондун унун чонойто колуна кечээ терип келген гулдорду кармай даярданып калды. Эрмектин жакасын туздоп, чачын ондоп, парфюмдан сээп, ийгилик каалап уйго кирип, эшикти бекитип, глазоктон шыкаалап турдум. Журогумдун турсулдогону озумо угулат го. Коп отпой Жылдыз тепкичтер менен которулуп Эрмектин жанына келди. Эки колу менен бетин жаап толкунданып алган. Ыйлап жатабы? Жок, жок.... толкунданып жатат. Бир убакта магнитафондун унунон бир эки кошуна сыртка чыгып Эрмек менен Жылдызды карап, куттуктап кол чаап калышты, а кошуналар планда жок болчу. Аларга кошулуп менда сыртка чыга калп суктанып кол чаап турам. Жылдыз чындап эле ыйлап алыптыр. Анын бактылуу жузун коруп коркуп кеттим. Мен ушунчалык жаман адам окшойм. Болду, токтотуш керек! Мындан ары жол жок, озгочо сезимдер менен ойногонго акым жок!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   NIkalike   23 Июнь 2017 - 18:44

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Жылдыз озгорду калимкидей жоошуй, назик кызга бир заматта айланып бара жатты. Эрмек менен менин байланышым болгонгобу айтор мага башкача мамиле кыла баштады. Кээде мага жардамдашып Эрмек жонундо сурап калат. А мен болушунча мактайм. Артынан канча жылдан бери Мединанын чуркап жургонун айтсам чырагына май тама адатынча жыргап алды. Ага кошуп мага да жагаарын когумчалап койдум.
Мединага болсо Эрмек Жылдыз менен жакшы мамиледе болуп жатканын айтсам чынында жаман болду. Акыркы зачетумду алып Эрмеке жолуктум. Мага балмуздак сатып берип элден далдоо жерде отурдук. Баардыгы биз ойлогондой бирок журогум тынч албай жатты:
-Эрмек мен сага жардам сурап кайрылгам. Рахмат... бирок суранам балким токтотоорбуз? Мен Жылдыздан мынтип оч алам деп жанылышыптырмын. Аны да мендей жаман абалга калтырсам кокурогумдогу ызаа басылат деп ойлогом. Анткен жок. Тескеринче бул кылыгым мени уктатпай калды. Озумду озум жемелеп, куноолуу сезип, ичкен ашыма тукургондой болуп жатам. Токтотолучу, суранам. Ойлоно берип кылган ишимден улам озумду ото жийиркеничтуу сезип, керек болсо кечинде коркунучтуу тушторду коро баштадым.
Менин жалооруй суйлоп жатканымды карап Эрмек:
-Хе,хе байкушум десе. Жинин тарап кеттиби? Эсиндеби мага кандай абалда келгенин? Ыйлагын кеоип, таарынып, кичинекей баладай болуп ызаланганынды коруп жок дей албай койгом. Эми ушунча болду чыда, аягына чык, макулбу? Озуно жакшы болот.
Башымдан ийинимден кармап, чачымды уйпалап, мурдума бал муздактан тийгизип, качып, кубалашып ойноп мени уйго узатып жиберди.


Уйдо Жылдыз ото бактылуу боло кечинде Эрмек менен жолугушууга даярданып жатты. Улам бир койнокту кие кузгуго каранат. Экоо эч жака деле барбайт жон эле сейилдешет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Aidani   23 Июнь 2017 - 19:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 26 Март 17
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2018 15:17

Экоо эч жакка деле барбайт жон эле сейилдешет дененин жакты да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   NIkalike   24 Июнь 2017 - 03:21

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Окуу бутту. Биринчи курс ушундай кызыктар менен аяктады. Айылды ушунчалык сагындым. Апам акча салса эле айылга жонойм. Кечинде кийимдеримди салыштырып жатып чемоданымдын арткы чонтогунон баягы жоголгон алтындарды таап алдым. Демек, каткан жери ушул экен да. Издебеген жерим калган эмес. Эгер эжем коруп калса мени тируулой кууруп жемек го.
Кечке маал Жылдыз ото конулдуу келди. Коздору жайнайт. Аны ушунчалык жек коруп жатсам да жылмая, жолугушуу кандай отконун сурадым.
-Кечке сейилдедик, балмуздак жедик, анан эмкиде дагы жолугушууну сунуштады.
-А сен макул болдунбу?
-Албетте. Эххх... Эрмек мага чындап жакты. Акылдуу, келбеттуу, басканы, кыймыл аракети... деги койчу менин идеалым. Сага рахмат Назик сен болбосон жолукпай калат белек.
Ах, Эрмек, сен десе... бугунку жолугушуу менен аягына чыгаруусун суранганыма карабай эмкисине умтулганы эмнеси? Телефон чалсам албады.

Кечинде эжем менен жездем келишти. Дасторкон устундо отуруп кетээримди айттым. Жездем жакшы, барбаландап аман эсен барып келуумду соз кылып отурду. Эжемдин жини дагы деле тарай элек ондонот. Ага карап столдун устуно алтындарын койдум. Мени бир карап, алтындарды карап баары нес боло отуруп калышты. Озгочо Жылдыздын козу чанагынан чыгып кетейин деди. Мен ото довольный ун менен:
- Буларды менин чемоданымдын артына ким салганын билбейм, айылга кетем деп кийим кечемди салыштырып жатып таап алдым. Демек менден башка да шектуу бироо бар, эмкиде сак болунуздар.
Ордуман туруп болмого кирип жатып алдым. Эрмеке чалсам албайт. Мединага чалдым, эртен жолугалычы деп отунуп терен уйкуга кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   NIkalike   24 Июнь 2017 - 15:11

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Эртеси Мединага апам салган акчаны вокзалдан алып, Мединага чалсам телефону очук. Смс жазып кетирип, уйго келдим. Тунку автобус менен айылга чыгам. Эрмек ошол бойдон чалган жок, мен да кайра издебедим. Эн башкысы алтын табылды. Калганы оз жолу менен кетсин. Чемоданымды чогултуп, душка тушуп, даярданып жатсам Медина чалды. Телефонунун заряды очуп калганын тушундурду. Уйумдун дарегин айтууну отунуп, жарым саатка жетпей эшиктин алдында балдар аянтчасындагы селкинчекте отурдук.
Медина Кок Жарда кыздар менен батирде турат, кузундо жанына мен да кошо чыксамбы деген оюмду айттым эгер жатакана болбой калса. Канчалык оозумду таптап Эрмек менен Жылдыз жонундо айтайын десем негедир абийирим жол бербей койду. Анткени мен туура же туура эмес кылганымды билбей бушайман болуп кеттим. Созубуз копко узарды. Ар бир классташыбыздын касыл жерде, ким менен эмне кылып жургонун кеп кылып отуруп. Ангыча Жылдыз келип калды койкондоп. Медина экообузду коруп атайын жаныбызга басып келип мага карай:
- Кетем деп жатпадын беле бугун?
-Жылдыз уйдон суйлошобуз, корбой жатасынбы мен элдер менен отурганымды?
-Хе, эл дегендеби? Ушул беле Эрмектин артынан жургон?
Медина мени бир карай, Жылдызды бир карай тушунбой туруп калды. Ага болбой Жылдыз:
- Мага Эрмек сен жонундо айтып берген так жалко, тебя потом бросил...
Дагы бир нерселерди суйлоп баштады. Уффф, ушул Жылдыз бироону кемсинтип, жинине тийбесе журо албайт. Мен антип-минтип экоону тыйгыча Медина ордунан атып тура:
-Ах, ты тварь.... унчукпай койсо...
Колундагы кичинекей сумкасы менен Жылдызды башка чаап калды. Жылдыз башын бир саамга кармап турду да, Мединанын чачынан кармап тепкилеп кирсе болобу. Балдарды ажыратыш оной экен. Ал эми кыздар тырышып, биринин чачын бири кое бербей болушунча жулмалашып жатышат. Ажыратууга кылган аракетим текке кетти. Ары бери откондор токтотмок турсун тескеринче тегеректеп туруп алышты. Кимисинин эмнесин канап жатканы белгисиз жер кызыл жаян экоо бири биринен кем калышпайт.

Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 24 Июнь 2017 - 15:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   NIkalike   24 Июнь 2017 - 15:34

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Бир Жылдызды, бир Мединаны тарткылап жаткам бойлору, буттары узун алым келчудой эмес. Мага кошулуп бир кошуна байке чуркап келе кыйкырып жатты. Жылдызтын бети корунбойт мурду канап жатса керек. Айлана ызы чуу. Экоо жулкунуп ажырачудай эмес. Тутамдап каршылаша чачтарын кармап алыптыр. Туш келди жерге тепкилешип жатышкан. Кошуна байкеге таянып жакын барып ажыратууга аракет кылгам. "Тарс" дей эле тушту. Козумон чок чыгып кетти. Желке жагыма бироосу тээп калды окшойт. Денем ысып, козум карангылашып бара жатканын билем.
Козумду ачсам торт тарабым аппак дубал, колумда ийне сайылган, аран дем алам. Апам жанымда козу шиший отуруптур. Ыйласа керек. Буту колум алсыз.

Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 24 Июнь 2017 - 15:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   NIkalike   24 Июнь 2017 - 16:37

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Деги бир мага ушул эле жетпей жатты эле! Озубуз аран жургондо башымдан операция болуптурмун. Мындан уч жыл мурун болсо керек, атам ичип келип мени кичинекей отургуч менен башка чапканы. Башым шишип, канап басылып калган. Ото деле ооруганын сезбегем. Айылда эмне кайдагы ренген? Канаган жери карт болуп сыйрылып, бутуп калган. Бирок негедир жургогум айланып, кээде кулагым тунуп, козум карангылап калчу. Каным азайып кетсе керек деп жооруп койчумун. Корсо ошол атам чапкан жылы сотресения алып, башыма кан уюп калыптыр. Кыскасы коп нерсени айтышты.

Белимден ылдый оскон чачымды кырып салышыптыр(((. Эгер дагы убакыт откоруп журо берсем уюган кандын кесепети жаман болоорун тушундурушту. Жакшы болуптур. А то майып болуп же жаш кетмек экенмин))). Кызыгы Медина менен Жылдызды ошол жерден тез жардамга кошуп алып келип андан ары милицияга откоруп беришиптир. Ошол жакта коргондор экоо биригип мени сабады деген коргозмо бергенине айла жок кулдум. Анткени кобунчосу жаш балдар болчу.

Ооруканада жаттым. Апам айланчыктап журот. Эжем менен жездем анда санда келип кетет. Балким ошол убакта ушундай беле ким билет? Ооруканада жегенге эч нерсебиз жок. Апам экообуз оорулуларга жасалган тамактан болушуп жеп жатып алабыз. Жаныбызда жаткан эжелер деле тан калды. Кара курсакты тойгузуш керек экен айла жок. Курсагын сенин акчан барбы, абалын кандай экенине карабай ача берет турбайбы. Кечинде апам экообуздун ичибиз курулдап сыртка чейин угулат, бири бирибизди карап алып айла жок кулобуз))) Апам "Меникиби же сеникиби курулдап жаткан?" деп бышкырып кулот. Корсо, апакем ал убакта менин маанайымды которуп жаткан турбайбы.
Ал куну ачка жаттык. Эртен менен башкы дарыгер келип, абалымды сурап, тамакты кучтоп ичип жатканымды сураса, башымды ийкеп коем. Ооба, эт жеп атам, кунуго)))
Эртен менен апам экообуз сонун тамак жедик. Кызык, кайдан алганын акырын сурасам:
- Чушш... унчукпай жей бер. Тундо элдер уктаганда залда турган общий холодильнике ууруга киргем.
деди кулагыма шыбырай.
-Апааа... билип калсачы? козумду алайта.
-Мен ар биринин тамагынан бир кашыктан эле алып атам, билинбейт. Сен кучтуу тамак жешин керек. Элдер и так тамагын тогуп атышат. Бешоонон беш кашык тамак алсам сага жетет.

Кекиртегимден отпой калды. Бирок арга барбы?
Коркконум менин операцияма акчаны кайдан алганын сурай албай бушайман болдум. Кайдан алды?

Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 24 Июнь 2017 - 17:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   NIkalike   24 Июнь 2017 - 18:43

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Албетте уйубузду сатабыз да. Дагы жакшы ошонун акчасы жетип бергенине. Апам эжемдикине кеткен, душка тушуп келейин деп. Кечке маал Эрмек келди. Жер жемиштерди которуп алыптыр. Жылуу учураштык. Тамашалап, конулумду которууго аракет кылып жатты. Он беш кундон бери жата берип ойчул болуп кетсем керек. Соз аралаш Жылдыз менен кандай болуп жатканын сурадым. Мени бир топко тиктеп турду да:
- Жолуга элекмин, сыйрылган бети башы айыга элек.
-Мен сенден суранган отунучумду кайра алдым. Эгер жолуккун келсе биздин пландарды аралаштырбай жолук макулбу? Ансыз да мына кылган ишимдин жазасын алдым. Чынынды айтчы, Жылдыз жагып калдыбы? дедим тамашалай, кашымды ойдо ылдый кыймылдатып.
-Койчу эй, деги эмне деген кызсын? Бир туруп Мединаны же Жылдызды айтасын. Мага андай куурчактардын кереги жок.
-Алдааайсын, кимге жакпасын андай кыздар, сага эмес кыз башым менен аларга мен да суктанам го.
- Билесинби менин журогумдо бир озгочо кыз бар, ал кызды бетимден кетип суйбосом да, ар дайым журогумо жакын. Бирок ал мени карабайт.
Кабагын туйо отурган Эрмеке карай:
-Ээк... деги бир озгочо кызынды озун ойлоп таап алсан керек. Аракет кыл, эркексин го. Же дагы озгочо кыздын уйун айланта шам жагалыбы? Туулган куну канчасы?
Жылдызга арнап подьездге жаккан шамдарды, шашып кагаздарды илип жаткандарыбызды айтып, боорубуз эзилгиче кулуп жаттык. Озгочо менин чыгып кол чаап турганымчы. ..)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Авг 2025 03:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: