Суперстан: Бул сезим - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бул сезим Келем дедиң, күтүп жүрөм...

#481 Пользователь офлайн   ibadat2005   10 Июнь 2019 - 00:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Июнь 19
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 08:16

Просмотр сообщения NIkalike (04 Июль 2017 - 22:18) жазган:

Эрмектин каты. Кыскача эле жазайынчы э? Очуруп да салгам, эсимде калганын окшоштуруп берем.


Барсынбы кок бет? Тируусунбу? Мени кандай журот болду экен? деп коройун дединби? Сен жиндисин! !! Дагы кирип карап коет суротторумду. Кордунбу? Уйлондум, балалуу болдум.
Убакыт уча берет экен. Сен кеткенде озумду эн алсыз адам сездим. Балким азыркыдай абалым болсо ме сага деп бир уй белек кылып, сени жаныма алып журо бермекмин. Ал кезде студент болчумун. Жинди кеткен сон кабарлашып койсон болот беле?
бир.. эки... беш... жыл дагы канча кутушум керек эле? Вдруг жок болуп кеттин. Ата энен башка батирге кочуп кетиптир. Сыйпалап эле калдым.

Акылсыз мен сага таарынгам. Сен суйууну эмес карьераны тандадын, мен сени талаага таштап кетчудой болуп. Багат болчумун. Эхх, эми эски жараны эстегенде эмне? Бактылуу бол. Озун коргондой мен журом ушинтип. Аялым, баламды карап. Мен учун дуйнодогу эн сонун кыз бойдон каласын. Бактылуу бол. Бирок бир нерсе сурагым келди. Сен каалаган уй, машина менен бактылуусунбу?
Жанында болсом "Жиниме тийбечи, нервимди кашайтпачы! " демексин))) Балким бактылуусун чынында, менин суротторумду сынап карап отурасын.

Мен неге сага жазып жатканымды озум да билбейм. Жакында бир ыр уктум, "Мен сени сагынган бойдон журом" деген. Ошол ырды мен учун жазышкан окшойт.

Не дээримди да билбейм. Бир гана нерсе, алдымдан чыга корбо. Анда созсуз жакшы же жаман нерсе болот. Мен балам менен бактылуумун, сен да балалуу бол. кыздуу болсом атын Назик деп эле коюп алам, билгендер айта беришсин "Суйгонунун атын коюп алыптыр" деп, сага окшош болсо жаман эмес.

Ишенем, менин жоготкон тентегимдин, кок бетимдин, тантыгымдын, маймылымдын ошол эле учурда чыныгы суйуумдун ордун озумдун канымдан чыккан "Назигим" толтуруп, ордун басат. Ал мен эч качан уулум менен Назикти эч качан таштабайм.

Жинди, сен таш боорсун! Сени менен мурункудай хаха тепким келип кетти. Ладно давай, жакшы кал. Улам-улам гостиге кирип мени кыйнабасын деп сени черный списоко киргиздим. Мейли анда тентек пока. Бактылуу бол.






Мына ушундай кат болчу. Конул бурганыныздарга рахмат.

Экоонор калсанар болмоок!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#482 Пользователь офлайн   karakyz23   19 Август 2019 - 16:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 24 Авг 2023 16:26


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#483 Пользователь офлайн   turmus   21 Сентябрь 2019 - 02:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 26 Июл 2024 15:58
  • Жынысы:Эркек

Саат 3ко жакындаптыр. Бактылуу бол замандаш. Не деген сонун жазгансыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#484 Пользователь офлайн   elisbek84   21 Сентябрь 2019 - 12:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 25 Август 19
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2021 19:50

Авторго ийгилик бактылуу болсун ылайым. Жакшы жазылыптыр чынында. Башында аябай созмо соз ийне жибине чейин жазып келип аягында кыскача бутуруп коюпсуз. Эс тутумунарга ар бир нерсени суроттоп жеткиликтуу жазганынызга тан калдым. Аягында бирге болбогон ашыктарга кыйын аябай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#485 Пользователь офлайн   Armin_97   21 Сентябрь 2019 - 21:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 20 Август 19
  • Соңку аракети: 13 Янв 2021 22:53

Ай вый иий Назик эже, сулуу эмесмин дейсиз, бирок, сизди супасулуу эле элестетем да. Ийгилик каалайм. Ар дайым бактылуу болуң..!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#486 Пользователь офлайн   -Kuzya9613   21 Сентябрь 2019 - 22:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 11 Июнь 19
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 09:26

Азыр эмне болушту экен?Мага кызык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#487 Пользователь офлайн   Kyrgyz-jigit.com   21 Сентябрь 2019 - 23:06

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 439
  • Катталган: 31 Январь 19
  • Соңку аракети: 11 Фев 2022 18:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош, Журогум бош))

Бул тиги "жыртык журоктун" 1-сериясы да далай далилдерди келтирип жазса темамды тазалап койгулачыыы деп дата калган. Ал далилдерди силер да окуганынарда мынтип жазмак эмессинер жомокко.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#488 Пользователь офлайн   Jadyrashka   30 Сентябрь 2019 - 23:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 08 Июн 2025 19:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

Аялы кыйналып кыз төрөйт экен дагы ал кыйын суйгонунун атын коюп алат бекен.
Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#489 Пользователь офлайн   NIkalike   18 Ноябрь 2019 - 00:27

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

СУЙУНЧУ!! ! Уулдуу болдук.)))) Кудайыма рахмат, шугур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#490 Пользователь офлайн   Stervashka   18 Ноябрь 2019 - 00:45

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 26 Апр 2025 02:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения NIkalike (18 Ноябрь 2019 - 00:27) жазган:

СУЙУНЧУ!! ! Уулдуу болдук.)))) Кудайыма рахмат, шугур.

Бешик боонор бек болсун! Омуру узун бала болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#491 Пользователь офлайн   jalguzum   31 Март 2020 - 21:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 06 Февраль 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:38

Назик эже куттуктайм эки дуйно бактылуу болунуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#492 Пользователь офлайн   Serenada   17 Февраль 2022 - 22:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Мар 2025 00:29
  • Жынысы:Аялзаты

Канча жылдар отсо да ушул теманы жанылык болду бекен деп карай берем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#493 Пользователь офлайн   NIkalike   25 Июль 2023 - 01:18

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 08 Дек 2024 01:20

Арадан канча жыл өттү. Ал жылдарда эмнелер гана болгон жок. Көп эле жолу көптүн арасынан кезигип калабыз. Ананчы классташ, бир айылдан болсок. Сен бир кыз, бир уулду болдуң. Эң кызыгы кызыңдын аты Назик. Кичинекей Назиктин ысымы мага сенин чексиз сезимдериңдин белгиси.
Кеттиң. Ырас эле кетип калдың э? Үй бүлөң менен АКШга көчүп кеттиң. Алыс... Эми биз көрүшчү күндөр болбосо деле ыраазымын. Көз менен сүйлөшүп, жүрөктөр менен сырдашып тажап кеттик. Сен акылдуусуң. Ортобуздагы эбегейсиз сезимди экөөбүз тең акыл менен башкарып жүрөбүз. Түшүнгөн адамга бул кандай кыйын! Жүрөктөгү лүпүлдөгөн сезимди шырп эттирбей басып, демин чыгарбай тумчуктуруу. .. Канчалык аба жетпей кысылып, кыйналып бараткан күндө да сен үчүн, мен үчүн өзүбүздүн тандообуз, балдарыбыз, үй бүлөбүз биринчи орунда экенин далилдеп келдик. Ушунча жылдан бери мен сага бир сөз айтпадым. Сен мага үн катпадың. Ананчы түтөп турган сезимди бир сөз менен үйлөп алоолонтуп алсак, илебине ээ боло албай, ал отко бей күнөө канча адамды куйкалап жибермекпиз? Жоок, биз деген акыл эстүү адамдарбыз. Мен жолдошумду сүйөм, сен жубайың менен бактылуусуң((( Башка эмне керек э? Сени айылга келип баары менен коштошуп кетти деп уктум. Жүрөгүм бир башкача толкуп алды.
Экөөбүз сырдашчу булак дагы эле шырылдап муздак, тунук бойдон агып турат. Бүгүн кечке биздин булакты тиктеп отурдум, негедир бир нерсемди жоготкондой эки жагымды карап коем. Биздин аруу сезимдерибиздин күбөсү. Бир убакта биз отурчу таштын түбүндөгү "Назик, өзгөчөм 2023" деген өтө чоң эмес ташка чегилген жазууну окуп калдым. Билинбегидей кылып чегип чыгыптыр. 2023... быйыл...мүмкүн эмес. Мени дайыма "Өзгөчөм" дечүсүң! Сен жаздың э? Сен... башым айланып кетти. 20 жылга жакындап калган сезимдерим. Майда калтырак баскан колдорум менен бетимди баскан бойдон ыйлап жаттым. Эмнеден жаздык? Кайсыл жерден тайдык? Жок, мен бул белгини көрбөшүм керек, бул мага жазылган жок! Ал өзүнүн кызынын атын жазып койду. А мен өзүмчө эле не болуп атам? Балким башка бирөө жазып койду. Калп эле белги, символ издеп жинди боло бербечи! Мен эмес...мен эмес... колума тийген таш менен жазууну чапкылап өчүрүп баштадым. Жоок...кайкырып алдым. Жин кирген немедей чоң таштын боорун колумдагы таш менен чапкылап, өксүдүм, толуп калган көкүрөгүм бошочудай эмес. Канча ыйладым, боздодум билбейм. Бир убакта колумдагы ургулап аткан кичине таштын бир бөлүгү сынып, башыма "каңк" деп бир тийип, көзүмөн от чыгып эсиме келе түштүм. Ылдыйды көздөй ысып аккан канды сууга жууп, колум менен бассам токточудай эмес. Демейде жанымда жүргөн бет аарчы да жок. Жалбырак менен бассам болбоду. Бутумдагы эки байпагымды чечип, так төбөм канап жатыптыр, башыма коюп, өпкөм көөп, көзүм шишип,кызыл ала кан болуп үйгө бет алдым. Албуутанып жаткан балдарды энеси бир койгондо эсине келе түшөт го. Мен да так ошондой болдум. Көзүм умачтай ачыла, декилдеп байпагым менен төбөмдү кармап жолдо келатам. Баарынан да үйдөгүлөргө эмне дейм? "Жыгылып түштүм" дейин десем, "Так төбөң менен сайылдыңбы? " дешет. "Тайып кеттим" дейин десем, эшикте жай, жамгыр да жок. "Тоголонуп барып ташка бир тийдим" десем да окшошпойт. Не десем? Өкүрүп, бакырып таш чапкыладым деп кантип айтам? Бирөө башка чаап качып кетти десем да болбойт. Не десем? Жаман өзүнчө драма болуп атсам, бул жагы ит эле болду. Оорукчан немедей байпагым менен башымды кучактап, шишип-көөп үйгө кирип бардым.

Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 25 Июль 2023 - 01:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#494 Пользователь офлайн   Stervashka   30 Июль 2023 - 20:35

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 26 Апр 2025 02:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Сонун!Алгачкы сүйүү болуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#495 Пользователь офлайн   Serenada   31 Июль 2023 - 14:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Мар 2025 00:29
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения NIkalike (25 Июль 2023 - 01:18) жазган:

Арадан канча жыл өттү. Ал жылдарда эмнелер гана болгон жок. Көп эле жолу көптүн арасынан кезигип калабыз. Ананчы классташ, бир айылдан болсок. Сен бир кыз, бир уулду болдуң. Эң кызыгы кызыңдын аты Назик. Кичинекей Назиктин ысымы мага сенин чексиз сезимдериңдин белгиси.
Кеттиң. Ырас эле кетип калдың э? Үй бүлөң менен АКШга көчүп кеттиң. Алыс... Эми биз көрүшчү күндөр болбосо деле ыраазымын. Көз менен сүйлөшүп, жүрөктөр менен сырдашып тажап кеттик. Сен акылдуусуң. Ортобуздагы эбегейсиз сезимди экөөбүз тең акыл менен башкарып жүрөбүз. Түшүнгөн адамга бул кандай кыйын! Жүрөктөгү лүпүлдөгөн сезимди шырп эттирбей басып, демин чыгарбай тумчуктуруу. .. Канчалык аба жетпей кысылып, кыйналып бараткан күндө да сен үчүн, мен үчүн өзүбүздүн тандообуз, балдарыбыз, үй бүлөбүз биринчи орунда экенин далилдеп келдик. Ушунча жылдан бери мен сага бир сөз айтпадым. Сен мага үн катпадың. Ананчы түтөп турган сезимди бир сөз менен үйлөп алоолонтуп алсак, илебине ээ боло албай, ал отко бей күнөө канча адамды куйкалап жибермекпиз? Жоок, биз деген акыл эстүү адамдарбыз. Мен жолдошумду сүйөм, сен жубайың менен бактылуусуң((( Башка эмне керек э? Сени айылга келип баары менен коштошуп кетти деп уктум. Жүрөгүм бир башкача толкуп алды.
Экөөбүз сырдашчу булак дагы эле шырылдап муздак, тунук бойдон агып турат. Бүгүн кечке биздин булакты тиктеп отурдум, негедир бир нерсемди жоготкондой эки жагымды карап коем. Биздин аруу сезимдерибиздин күбөсү. Бир убакта биз отурчу таштын түбүндөгү "Назик, өзгөчөм 2023" деген өтө чоң эмес ташка чегилген жазууну окуп калдым. Билинбегидей кылып чегип чыгыптыр. 2023... быйыл...мүмкүн эмес. Мени дайыма "Өзгөчөм" дечүсүң! Сен жаздың э? Сен... башым айланып кетти. 20 жылга жакындап калган сезимдерим. Майда калтырак баскан колдорум менен бетимди баскан бойдон ыйлап жаттым. Эмнеден жаздык? Кайсыл жерден тайдык? Жок, мен бул белгини көрбөшүм керек, бул мага жазылган жок! Ал өзүнүн кызынын атын жазып койду. А мен өзүмчө эле не болуп атам? Балким башка бирөө жазып койду. Калп эле белги, символ издеп жинди боло бербечи! Мен эмес...мен эмес... колума тийген таш менен жазууну чапкылап өчүрүп баштадым. Жоок...кайкырып алдым. Жин кирген немедей чоң таштын боорун колумдагы таш менен чапкылап, өксүдүм, толуп калган көкүрөгүм бошочудай эмес. Канча ыйладым, боздодум билбейм. Бир убакта колумдагы ургулап аткан кичине таштын бир бөлүгү сынып, башыма "каңк" деп бир тийип, көзүмөн от чыгып эсиме келе түштүм. Ылдыйды көздөй ысып аккан канды сууга жууп, колум менен бассам токточудай эмес. Демейде жанымда жүргөн бет аарчы да жок. Жалбырак менен бассам болбоду. Бутумдагы эки байпагымды чечип, так төбөм канап жатыптыр, башыма коюп, өпкөм көөп, көзүм шишип,кызыл ала кан болуп үйгө бет алдым. Албуутанып жаткан балдарды энеси бир койгондо эсине келе түшөт го. Мен да так ошондой болдум. Көзүм умачтай ачыла, декилдеп байпагым менен төбөмдү кармап жолдо келатам. Баарынан да үйдөгүлөргө эмне дейм? "Жыгылып түштүм" дейин десем, "Так төбөң менен сайылдыңбы? " дешет. "Тайып кеттим" дейин десем, эшикте жай, жамгыр да жок. "Тоголонуп барып ташка бир тийдим" десем да окшошпойт. Не десем? Өкүрүп, бакырып таш чапкыладым деп кантип айтам? Бирөө башка чаап качып кетти десем да болбойт. Не десем? Жаман өзүнчө драма болуп атсам, бул жагы ит эле болду. Оорукчан немедей байпагым менен башымды кучактап, шишип-көөп үйгө кирип бардым.Кайрадан пайда болгонунуз кандай жакшы жанылык толук жазып отсонуз жакшы болмок уй булонуз инилериз жонундо?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#496 Пользователь офлайн   karakyz23   19 Август 2023 - 16:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 24 Авг 2023 16:26

Просмотр сообщения NIkalike (25 Июль 2023 - 01:18) жазган:

Арадан канча жыл өттү. Ал жылдарда эмнелер гана болгон жок. Көп эле жолу көптүн арасынан кезигип калабыз. Ананчы классташ, бир айылдан болсок. Сен бир кыз, бир уулду болдуң. Эң кызыгы кызыңдын аты Назик. Кичинекей Назиктин ысымы мага сенин чексиз сезимдериңдин белгиси.
Кеттиң. Ырас эле кетип калдың э? Үй бүлөң менен АКШга көчүп кеттиң. Алыс... Эми биз көрүшчү күндөр болбосо деле ыраазымын. Көз менен сүйлөшүп, жүрөктөр менен сырдашып тажап кеттик. Сен акылдуусуң. Ортобуздагы эбегейсиз сезимди экөөбүз тең акыл менен башкарып жүрөбүз. Түшүнгөн адамга бул кандай кыйын! Жүрөктөгү лүпүлдөгөн сезимди шырп эттирбей басып, демин чыгарбай тумчуктуруу. .. Канчалык аба жетпей кысылып, кыйналып бараткан күндө да сен үчүн, мен үчүн өзүбүздүн тандообуз, балдарыбыз, үй бүлөбүз биринчи орунда экенин далилдеп келдик. Ушунча жылдан бери мен сага бир сөз айтпадым. Сен мага үн катпадың. Ананчы түтөп турган сезимди бир сөз менен үйлөп алоолонтуп алсак, илебине ээ боло албай, ал отко бей күнөө канча адамды куйкалап жибермекпиз? Жоок, биз деген акыл эстүү адамдарбыз. Мен жолдошумду сүйөм, сен жубайың менен бактылуусуң((( Башка эмне керек э? Сени айылга келип баары менен коштошуп кетти деп уктум. Жүрөгүм бир башкача толкуп алды.
Экөөбүз сырдашчу булак дагы эле шырылдап муздак, тунук бойдон агып турат. Бүгүн кечке биздин булакты тиктеп отурдум, негедир бир нерсемди жоготкондой эки жагымды карап коем. Биздин аруу сезимдерибиздин күбөсү. Бир убакта биз отурчу таштын түбүндөгү "Назик, өзгөчөм 2023" деген өтө чоң эмес ташка чегилген жазууну окуп калдым. Билинбегидей кылып чегип чыгыптыр. 2023... быйыл...мүмкүн эмес. Мени дайыма "Өзгөчөм" дечүсүң! Сен жаздың э? Сен... башым айланып кетти. 20 жылга жакындап калган сезимдерим. Майда калтырак баскан колдорум менен бетимди баскан бойдон ыйлап жаттым. Эмнеден жаздык? Кайсыл жерден тайдык? Жок, мен бул белгини көрбөшүм керек, бул мага жазылган жок! Ал өзүнүн кызынын атын жазып койду. А мен өзүмчө эле не болуп атам? Балким башка бирөө жазып койду. Калп эле белги, символ издеп жинди боло бербечи! Мен эмес...мен эмес... колума тийген таш менен жазууну чапкылап өчүрүп баштадым. Жоок...кайкырып алдым. Жин кирген немедей чоң таштын боорун колумдагы таш менен чапкылап, өксүдүм, толуп калган көкүрөгүм бошочудай эмес. Канча ыйладым, боздодум билбейм. Бир убакта колумдагы ургулап аткан кичине таштын бир бөлүгү сынып, башыма "каңк" деп бир тийип, көзүмөн от чыгып эсиме келе түштүм. Ылдыйды көздөй ысып аккан канды сууга жууп, колум менен бассам токточудай эмес. Демейде жанымда жүргөн бет аарчы да жок. Жалбырак менен бассам болбоду. Бутумдагы эки байпагымды чечип, так төбөм канап жатыптыр, башыма коюп, өпкөм көөп, көзүм шишип,кызыл ала кан болуп үйгө бет алдым. Албуутанып жаткан балдарды энеси бир койгондо эсине келе түшөт го. Мен да так ошондой болдум. Көзүм умачтай ачыла, декилдеп байпагым менен төбөмдү кармап жолдо келатам. Баарынан да үйдөгүлөргө эмне дейм? "Жыгылып түштүм" дейин десем, "Так төбөң менен сайылдыңбы? " дешет. "Тайып кеттим" дейин десем, эшикте жай, жамгыр да жок. "Тоголонуп барып ташка бир тийдим" десем да окшошпойт. Не десем? Өкүрүп, бакырып таш чапкыладым деп кантип айтам? Бирөө башка чаап качып кетти десем да болбойт. Не десем? Жаман өзүнчө драма болуп атсам, бул жагы ит эле болду. Оорукчан немедей байпагым менен башымды кучактап, шишип-көөп үйгө кирип бардым.
Эх калп айтпасам дагы бир жолу окуп чыктым. Демек быйыл эле... Калганын эстеп жазуу сизге да оор болуп жатса керек... Окуган сайын ушул окуянын ичинде жашайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#497 Пользователь офлайн   Likvidator   17 Октябрь 2023 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 136
  • Катталган: 26 Август 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2023 19:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Кыргызда сөз бар"атаң доңуз болсо байлап бак" деген
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#498 Пользователь офлайн   Serenada   23 Октябрь 2023 - 20:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Мар 2025 00:29
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул теманын уландысын чыдамсыздык менен кутом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#499 Пользователь офлайн   ISKENDER-ALI   24 Октябрь 2023 - 15:36

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 283
  • Катталган: 04 Май 20
  • Соңку аракети: 24 Фев 2025 18:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Секрет

Просмотр сообщения Serenada (23 Октябрь 2023 - 14:54) жазган:

Ушул теманын уландысын чыдамсыздык менен кутом

Эмненин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 02:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: