Бала чак Бала чак
#341 30 Июнь 2017 - 16:52
-Жур шаар айланып келели.
- Жок сабак окуйм,окууга тапшырып бутолуу,анан шаар кыдыра беребиз.
- Сапар менен убактын бар экен го.
-Оба кыштан бери коро элек болчумун,жок дей албадым.
- Менчи ?
- Сен экообуз дайыма биргебиз.Соз кобойтуп убактымды алба,сураныч мени кыйнабагын. ..
Ал таарынган бойдон чыгып кетти.Коля тушунбой кала берди.
#342 30 Июнь 2017 - 17:32
- Оба,конулу жумшак жакшы жигит.Назик. Экообуз бирге болгондо карап туруп,орто бойун,тармал чачын,кара тору онун,барбайган мурдун коргондо кулкум келет.
Эжем бир жолу.
- Ал баланын эмнеси жакпайт дегенде.Муштумдай мурду деп шылтоо айтканымды эстеп дайыма мурдун корсом кулкум келет.Суйлогон созу ото назик.
- Гулум сен тоодогу байчечекдей назик,шудурумдой сулуусун десе ичимен кулуп эгер мен байчечекейдей болгонумда эчак соолуп жок болмокмун.шудурумдой болгонумда эчаак жерге синип ,жер болуп кетмекмин.
Ал дайым кетип атып.
- Гулум жакшы тушкоруп жат,бугун мени тушкорчу,эртеге мага айтып берчи...
- Оба мен аны туш кором,тушумдо эмес онумдо коргум келбейт анан кантип туш кором.
Жок дедим убара болбо,менин жакшы коргон адамым бар дедим ага жетпеди эми эмне кылам,озум деле билбейм.Башымды ийдим,макул болдум бирок кантип жашайм билбедим...
Эн акыркысы Коля менен салыштырам. Коля менен бир мектепте окуп бирок бир ооз соз суйлоп,жада калса саламдашпамын. Ошол жигит деле конулумдуу таап тентуш болуп калды.Неге мен Доку менен жан дилим менен суйлошо албайм,чекелеп турам,озум да билбейм.Экообуз бирге журсок да ал суйлоочу,мен угуучунун ролун кана аткарам.
Ал бир кезде биз 5-6 жашар кезибизди эстейт.Мен ак койнок,кызыл пенжек,башыма укусу бар шуру допу,бутумда ак носки,ак туфли кийип жургонсун деп айтат.Сен кичине арык кыз болчусун,мен сенин колунан жетелеп журуп ойнотком дейт.Торт бала элек деп элестуу кылып айтып берет бирок менин чынында эсимде жок...
Мектепке киргенде мени издегенин бирок таба албаганын,качан кана мен жаны жылда форма кийип чыканымда издеген арык кыз мен экенимди билет.Ошондон бийягы суйуп келгенин,дайыма журогундогу суйуусуно жетпей суусап келгенин айтат.Ал айтса мен эмес башка бир сулуу кыз коз алдыма келет,бойлору кичинекей арык сулуу кызды элестетем,акылдуу назик кызды элестетем,журогу багынбаган бир кыз деп когоруп женип келген кучтуулугуно тан калам...
Бирок ойлорум чачырап озумо келгенде каап,жанылышып журогумдун эшигин какысы келип турганга.Конул башка,журок башка экенин сезбегенге капа болуп таарынып калам...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 30 Июнь 2017 - 17:32
#344 01 Июль 2017 - 07:41
- А абутиренттер ал кандай,ысыкта кыйналып атасынарбы?
Бир кезде биз да кыйналганбыз ысыка чыдай албай,кол козубуздон отуп ушу кетип эле калгым келчуу да айла жок чыдайсын.Силер деле конуп кетесинер.И баса бир сонун жер бар аны эч ким деле биле бербейт.Панфилов паркында ортосунда фонтан бар,карсанар живой изгирид бар ошонун ичине кирсенер скамейка бар ошондо окуусанар зор.Силерди эч ким корбойт.Силер деле корбойсунор. Колоко салкын ошо жерге барып китеп окуусанар зор болот деп калды.
Экообуз эрчишип барып жездем айткан жерди оной эле таап алдык.Экообуз эки башына отуруп,бутту узунунан сунуп койуп,китеп окуп отурабыз.Чындап колоко анан да фонтандан чачырандысынын учкундары анда санда тиер тийбес болуп сергитип турат экен.Бул жер биз учун жайлуу салкын уяча болду.Дайыма эрчишип келип сабак окуп,кечирек кетебиз.Кундузу тынч болгон менен кеч адам коп болуп,шум болуп кетет.
Бир куну Коля кетип атып жаны карта алды.Мен тан калып муну эмне кыласын деп калдым.Анткени эжем менен жездем бош болуп калса карта ойношор эле.Уйдо карта дайыма столдун устундо турар эле.
- Мен сенин тагдырынды коргум келет.
- Кантип.
-Ушу карта менен.Жаны картада тагдыр жакшы айтылат.
- Гулкайыр эн жок десе мен сенин тагдырынды айтып цыганын болуп калгым келди.
- Экообуз гурупалаш болобуз го.
- Билбедим сени тооругандар коп,сени окутушпайт го...
Мен ичимен Докуну угуп калган го деп кыжаалат болуп ойлонуп бирок унчукпадым.
Уйго кирип адатыбызча бети колдорубузду жууп,чай ичтик.Мен кечки тамак таярлап атсам.
- Гулум бери келчи деп ички уйдон чыкырып калды.
Барсам карталарды жайып тиктеп турган экен.
- Гулум,мобул жигитерди кара уч картаны корсотуп.ушул учоо тен сени укмуш суйот бирок сен бироону кана суйосун бирок жолунар башка,тагдырынар бир эмес.Азыр ал мамлекттик иш менен алыс чет жерде журот.Сени ойлоп эле турат бирок жолу тозук.Мобул жигит харектири ото чорт экен бирок сенин астында койенек,сени укмуш суйот экен бирок сен бул жигити суйбойсун жолунар башка.Мобул жигит сага колу жетип эле турат бирок негедир ортонордон бир соз отот жолунар башка.Сен бул жигитти деле суйбойсун бирок билбедим сен макул болуп турасын.Ортонордо эки эркек уч аял турат,ошолр силеди байлап турат айрыкча сени.
Дагы карталарды аралаштырып кайра жайып.
- Опа,мына сени ала турган бактылуу жигит.Жакшы жигит,узун бойлуу,келишкен жигит.Ушул сенин жолдошун болот.Бирок сен аны деле суйбойсун бирок ортонордо сый урмат болот.Жигит бирок сени суйот.Сени алыс,алыс алып кетет...
Мен да анын созуно муйуп угуп турганыма кулкум келип.
- Болду цыган.жомок айтпай токтот,иштен калтырып атасын.
- Жок,Гулум чын бул сенин тагдырын.
- Мен мындайларга ишенбейм.
- Гулум бир кезде,биз карып калганда менин цыганым бар эле деп издеп,мага бир звонок кылып баягы айтканын чын болду десен эле болду менин башым асманга жетет...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 01 Июль 2017 - 07:44
#345 01 Июль 2017 - 08:11
Бир кездеги тушум эсиме тушуп.Жакшы коргон адамым аска зоодо байланып,мен узун бойлуу жигит менен кеткеним эсиме тушуп кыйналчуу болдум.Озум каалаган адамыма жетпегенден кийин,эжемин шартын аткарышым керек деп озумду озум сооротом.Кылдан кыйкым таап Докуну капа кылгандарым туура эмес деп ойлоном.Кайра туруп бойлорубуз тен болуп,кыялдарыбыз башка болуп турганы иренжитет.Коп суйлогону да жакпай кетет.Кукуш эжем айтмакчы.
- Баарына козунду жум,жалан кана жакшы жагын ойло.Эмнеси жакпайт сага бир жакшына жигит.
- Билбейм мага эч жакпайт да.
- Карачы келсе козунун кареги менен кошо айланат,чайда отурсак деле астына нан жылдырып аткан,чайына сахар салып аткан бечара бала сага кор болгон.
- Экообуздун жада калса бойлорубуз тен.
- И эмне болуптур?Жезден экообуздуку деле тен.Кэче кетип атсанар экоон тен арык,белдеринер бир тутам,жезден кулуп.
- Экону кара али бала бойдон,окшошкон эгидер деп арканардан суктанып карап калдык.Бири бирине жарашып эле турасынар.Сага эмне озунон эки келген куйо керекпи? Бир урса бир муштумдан чыкпай турган жанын бар.Бойу узунду эмне кыласын кыскасы эле жакшы.Жини келип келе атканда туртуп койсон туртулуп кеткендей болсун болбосо токмок жеп кунун отот.Жездендин чындап жини келгенде аркасынан келип бекем кучактап туруп алам байкушум мага кучу жетпейт,бошоно албай аргасыз Кукуш деп жалынып атып кучагыман чыгат деп эжем каткырып кулуп калды.Мен да элестетип кулом да...
#346 01 Июль 2017 - 08:50
Акыркы экзамен эртен анан жыйынтык чыкса анан,анан дем алат элек...
Бугун да Коля экообуз дагы уячабызга бардык.Негедир чарчадым кетели дейин десем Коля сонун окуп отурат.Демейде ал кетели деп калчуу эле.Аны коз астыман карап чындап цыгандарга окшоштурдум. Бойуу эле кичине болбосо чачтары капкара,кашы тутойт,кирпиктери узуун,илептери ичке,мурду кырдач болгондо сулуу кыз болмок деп китеп окуубай аны карап ойлонуп отурам.Коздору да тептегерек чон,бир нерсе болсо коздору аландап кетет.
Курсагым ачты,кетели десемби? Кетели десем,ал эмнеге дейт,курсагым ачты десем ээ.ал шылдындап кулсо керек.
Ага чейин шагырап жаштар биз отурган жердин артына отуруп калышты.Бакылдашып ундору тааныш арасында Доку да журот.Булар В класс.Мен Коляны карадым,ал да мени карады эле мен эрдимди тиштеп,акырын деп белги бердим.Негедир аларга корунгум келбеди.Чыны уялдым досторуна биз жонундо айтса керек.Кыздар балдар болуп кызуу создор айтылып оздорунчо эле бактылуу.Коля А да мен Б да окуугам.
Бир убакта Доку Нуризага колу менен тийишип калды окшойт
- Жон ай шоктонбо,болбосо Гулкайырга айтам.
- Айта бер,корко турган жайым жок.
- И де канчадан бери?
- Кыйын болуп калгансын го,кечээ эле аркасынан жугуруп журчу элен го деп бир кызы кетти.
- Ал сага тийерине деле козум жетпейт алганда эмдигиче алмаксын деп жигитерден бироо кетти.
- Аркасынан чуркаганына жараша алсан болду.
- Азыр мен чуркабайм,эми мага Гулкайыр чуркайт.Мен аркаман чуркай турган кылып койгом,кааласам алам,каалабасам таштап койом...
Кандай скамейкага чыканымды билбей калдым эгер Коля кармап калбаса жыгылып кетер белем.
- Эй акмак эмне деп атасын?
Кантип учуп тушуп,айланып чуркап жанына жетип барганымды билбей калдым
- Акмак экенсин,тишин тилине кубо болсун,той болбойт.Мен сени суйбосом да экообуздун ата энебиздин жузу учун макул болгом.
Эгерде мен сага тийген болсом демек сен айтмакчы менин абийирим жок болгону.Мен олсом олом бирок абийири жок деген созго татыктуу боло албайм...
Дедим да кандай жандарына келсем,ошондой тездик менен кетип калдым жада калса баскан басыгыма жанымда жургон Коляга де жеткирбедим.
-Ох башымы кайсыл ташка урайын,кайсыл жерге барып жанымы катайын,карасам трелобус келип калыптыр ошого тушо качтым.
Мен эсиме келсем чоочун жерлерге келип калыпмын,биринчи эле ойум адаштым...
Оба азыр жолдон адашып турам,тагдырымдан адашып атам го...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 01 Июль 2017 - 08:51
#347 01 Июль 2017 - 09:19
Ага чейин кеч кирип баратат коркуу деген нерсе деле ызаамды кетире албады.Козумон чык этип жаш чыкпады бирок журогум жаман ыйлады.
Бир остонвкада отурам адам аз,ээн жер экен.Бирок кайра эле баягы создор кулагыма жанырып,Докунун шылдын аралаш тиктегени коз алдыма келет.Жанымы койрго жер тапайм.
- Гулкайыр сенсинби? Карындашым тун бир убакта эмне отурасын?
-Байке мен адашып калдым ордуман турайын деп бирок тура албай сендиректей туштум.
Байке жыгылта койбой которуп таксисине салды.Тааныш адамды коргонгобу козумун жашы чууруп,опко опкомо батпай ыйлай баштадым.
Байке машинасын токтотуп.
- Гулкайыр,сени ким капа кылды?
- Жок байке эч ким мен жон эле адаштым...
Уйго келсе атсак жездем,Коля, Доку кочодо журушуптур, эжем астоновкада ыйлап отуруптур.Эжем мени коруп эле басып жыгылды...
- Эже тетигини кетирип жиберин,экинчи козумо корунбосун.
- Болуптур алтыным болуптур,карачы онунду кара,ооруп калып менин шорумду катырба.Байкем мени олтурот,эжемин бетин кантип карайм деп эжем оз жанынан коркуп журот.Мен келип эле тошоко жаттым,машинадан тушо албай калдым,жездем которуп келди...
#348 01 Июль 2017 - 09:53
Эжем ошо тамаша да ошо тамашага да ошончо капа болосунбу,мына озуно озун кылдын.Эми отпой калсан эми чындап сени куйого беребиз.Ошо созго да ыйлайбы,ал тамаша эркектер ошонтип айта берет.Эгер ал бузуп салып айтса ыйласан жарашат деп эжем женеме окшоп сайрайт
Чындап озумо озум кылдым,озум беш жерде беш жыйырма беш дегендей билген,озум суйгон адабиятан уч алып калдым.Озумдун ойумду топтой албай ызаа мени бууп атты.
Жакшылыктуу жооп бере албадым...
Баа койуп атып агай.
- Кызым сен окууга шашылбай,ден соолугунду карап кийин келбепсин.
- Агай былтыр да ден соолугум учун тапшыра албай калгам.
- Жакшы эле жооп бергенсип атасын бирок ойунду жеткире айталбай атасын.Анын устуно ооруп турасынбы,сенде он деген жокко,мейли кызым уч койуп берем,тортко татыктуу эмессин...
Омурумдо адабиятан уч албаган жаным,минтип уч алып калдым...
#349 01 Июль 2017 - 10:14
Баары эле жон эле тамаша кечирип кой...Кокуй Темир укпасын... ушул соз.
Мен эч тамаша катары коро албадым.Мен озумду кордолгондой, оз тентуштарымдын астында басынгандай сезим эзип турду.Атасы келип машинасын уйго токтотуп эжем менен жездемди,мени мейманга чакырып туруп алды.
- Кызым,айланайын кызым сени мен чыкырып атам дегенде жок дей албай айласыз эжесинин уйуно бардым.Бизди жакшы сыйлады кетерибизде баласын устубузго киргизип кечирим суратып,астыма отургузду.Улуу кишиден ыйба кылып кечиримине кечирдим дегенсип,башымы зорго ийкедим бирок озумду озум басынтканыма чыдабай козумон жашым агып кетти.Мынча алсызмын,мынча, мынча...
#350 01 Июль 2017 - 12:43
Ошонтип дагы экообуз бир уйго байланып калдык.Негедир мурункудай болуп суйлой албайт бирок унчукпай да койбойт.Бирок мен кечире албасымды сезип,кандай жол тутушумду деле биле албай кыйналам...
Бир куну кокусунан бир жигит менен таанышып калдым.
Биз саат 6 га чейин иштейт элек.Начальник аял пенсияга чыгып калган кемпир эже.Баласы жок жангыз жашайт.Уйго барада сыгылып,уйуго баргым келбей калганын байкап Гуля сен ким менен жашайсын деп сурап калды.Мен тааныш эжемдикинде десем ал жаман аялбы деди.Жок жакшы аял дедим.Куйосу жаманбы деди жок жакшы эле дедим.-
- Гуличка сен мага чынын айтчы,сен ал уйго баргын келбейт ээ.
- Оба.
-Эмнеге сени мен байкап журом кечке чейин кулуп жайнап журосун да кетерде кабагын ачылбай,вот вот эми ыйлап жиберчуу акыбалга жетип каласын.
- Анын уйундо иниси бар мен ошону коргум келбейт.
- Эмне учун?
Мени зордоп берип атканын,мен аны жаман корорумду айтым.
- Кызым,кел мени менен жаша мен озум жангыз торт комнатада жашайм.Билбедим эжем менен жездем эмне дейт.
- Алар менен озум суйлошом.
- Болуптур мен аларга бугун айтып келейин.
Иштен чыгып кийим алмаштырганы оз эжемкине бармак болуп жолго чыктым.Трелобустан тушуп жолдо кетип атсам эле аркаман эки бала тушту.Жаманчылыкты журогум сезип каттуу бастым.Жолдо мыдыр эткен жан жок.Экоо эки жагыман кармап токтотуп калды.Бироо сумкамды колуман жулуп алды.Биро кулагыма асылды.Озум чечип берем,кулагым ооруп кетти деп озум чечип атсам,колумдагы жашыл козду шакегимди коруп колуман суруп алды.Ага чейин эле бир бала келип учо мушташып кетишти.Мени биро кач деди эле,чуркап баратып жерде жаткан сумкамды которо качтым.Уйго деле жакындап калыпмын,эшикти тарсылдатып урсам иниси чыкты.
- Ади эшикти тез жап деп чуркап барып озумун эшигмди ача албай калтырайм.Ачып корконуман ичинен илип отуруп калдым.Бир убакта Ади келип сураштыра баштады да
- А просто майда уруу,чон уруу болгондо озунду урдамак деп карап отурат.Булар учо болуш керек,сени тоноп буткондо жон эле сага жардам берген болуп экоону кууп жиберет деп калды.Сени трелобуста корушуп сойконо кызыкан,балким шакегинди да коргон ага кошуп сумканды да тазалады.Сумкамды карасам паспортум анан ишке кирген пропускам жок.бир аз акчам бар эле ал да жок.Ади жур карап келели паспортунду жон эле ыргытып таштап кетет деп калды.Экообуз эрчишип бара атсак узун бойлуу бала турганын коруп калдым.Адиге айтайын деп эгер экоо мушташып кетсе мунун кучу жетпейт деп унчупадым.Чындап нарыраактан паспортуму таап алдык.Канча издесек да пропускамы тападым.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 01 Июль 2017 - 12:46
#351 01 Июль 2017 - 16:35
Иш буто электе эле Зейнеп эже кирип келди.Начальик эже менен суйлошуп,мени уйго алып кетти...
#352 01 Июль 2017 - 17:17
- Гулкайыр синдим кел экообуз аялдарчасынан аялча сырдашалы.Бала кезде кыял,фантазия кучтуу болот.Мен озум алсам эч качан шаардык болом дебегем.Мен тоодо оскон кызмын,атам малчы болгон.Ветеренар болом дегем,Мен дайыма тоодо жашап,тоолордо журом дегем.Суйгон жигитимди да лесахозайства жагына тапшыртып лесник болсо дегем. к орсо турмуш андай болбойт экен.Мен суйгон жигит групалашын суйуп,шаардык кызга уйлонду.Мен ортодо калып кеттим.Ушул жезден 30 дан ашып уйлоно элек жетим бала экен.Кандидат наук анысын го тийгенден кийин билдим.Берки жигитим шайыр шум теке бала эле ошон учунбу коп суйлобогон ушу жезденди тандадым.Менде суйуу деле болгон жок бир кана жездене болгон урматым бар эле.Жетимдигин аядымбы эч нерсени ойлобой жездене чыктым.Турмушум жаман болгон жок.Келгенден бери карасам кандайдыр санаан бар,коп ойлонот экенсин.Эгерде соз бекитип,бата журбосо мен деле сени кыйнагым келбейт эле.Кордунбу экоо таарынышып калыптыр десем атам жетип келди.Ошондо сеин кадырын атама ото кучтуу экенин сездим.Сен атам кадырлаган кыз экенсин ошон учун да сени менен суйлошуп отурам.Иним кандай жигит экенин озун билесин.Бир аз мактанчагыраак анысы эр жеткенде калып кетет.Мен жаш кезинен сенин атынды жазып кооздоп,мойнуна илип алганда эле тан калгам.Анда жаш бала эле,азыр деле сени жакшы корот.Азыр сен мажнун Докуну байкабай атасын,корбой атасын,коз тиктеп карап корчу кандай арыктаганын, кандай чунчугонун. Козуно тике карай албай жалтактап турат.Кыргыз элинде соз бар " Озун суйгонго эмес,сени суйгонго тий "деген мен сага как аял катары,как бир тууган эже катары айтып отурам.Синдим дагы бир ойлонуп кор,Докунун катасын кечиргенге аракет кыл.деп озунун турмушунан мисал кылып коп нерсени айтып отту...
#353 01 Июль 2017 - 18:14
Биз достор жолуктук,баарын асып койуп тортобуз чогуу болдук.Мен катарларына кошулганыма эле алардын кубанычы зор.Учо тен эле сен озгорупсун дешет.Бир аз семирипсин дешип шылдындашат, чындап ото эле арыктап кеткем.Эси дартым,арманым озум суйгон адамым болсо,ал ыны жыны жок,жок болуп кетсе...
Ичими эзген той деген нерсе мойнуман басып турса анан кантип семирем...
Бир куну Сапар мени тозуп алды,негедир капа экен.Кандай жини келсе да мен Сапаш деп койсом кулуп жиберер эле.
- Сапаш, мени кара саа не болду?.
- Гулум,мага унчуга корбо,жур мени менен.
- Жок мен тезирек уйго барышым керек,эжем мени кутуп атат бала карашым керек.
- Жур анда мен сени узатып койом.
- Трелобуска тушкондо колуман кармап,аркасына жетеледи.Мени айнек тарапка койуп,бетине кармап,темирди эки жагын эки колу менен мыкчый кармап мени откур козу менен теше тиктеди.Ал коз карашта тарынуу,сагынуу жалындап куйгон чон суйуу бар эле.Мен тике карай албай жер карадым.
- Алтыным жер карабачы,билем сенин эч айыбын жок.Менин козумо карачы?
Менин козумо жаш тегеренди.
- Жок,жок ыйлаба мен сенин ыйына чыдай албайм.Гулум, гулум менин,журогумдо суйуум менин,тегеренип кетемин,сага качан жетемин деп бала кезде ырын ырдап шыбырап калды.Мен кулсом да козумон эки жаш томолонуп кетти.Бооруна кысып алтыным ыйлабачы,баары жакшы болот деп кулагыма шыбырап атты.Бир тууганымдын кучагында тургандай болуп эреркеп ыйлап аттым...
Ага айталбас арманым коп эле...
Жашымы аарчып,менин кичинекейим уйду сагындынбы?
Экообуз жерге туштук.
- Сапаш сен ушул жерден кайт,эжемин жини чукул корсо сени капа кылат.
- Капа кылса деле мейли иши кылып куйо бала кылса эле болду.Кекрек болсо чыныгы куйо бала мен болом деп таанышып чыгам.
- Жинди,болдучу эми кайтчы,мени кыжаалатка койбочуу.
- Ушу сенин жинди дегенин мага алтыным дегендей эле угулат ко.
- Гулум негизи менин сага айтаар созум бар эле бирок сени капа кылгым келбеди...
Ал аркасына сапар алды...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 01 Июль 2017 - 18:17
#355 02 Июль 2017 - 02:40
#356 02 Июль 2017 - 09:23
- Гуку,коркпо мен сага момуну эле берейин дегем деп колун сунду,карасам жашыл козду шакегим,менин жан бирге,эн жакшы коргон белегим анын колунда турат.Колунан алып эле колума салып,мага ошо шакек жылылуук тартуулагандай, ал жигитке суйууну менен жылмая карап
- ракмат дедим.
- Эч теке эмес,ошол кундон бери сени жолуктура албайм.
- ?
- Гуку кел,таанышалы менин атым Нурмуханбет, Оштон болом.юрфакта окуйм.
- и
-Сенин атын ким?
- Гулкайыр.
- Жана байкен Гуку деди эле да.
- Мен эшикти ачпаганыма уялып кеттим.Жездем Гуку дейт.
- А жезденби?
- Оба ракмат мен шашылышмын жездеме чай беришим керек дагы бир жолуу сизге ракмат.деп тез тез басып кеттим.Келе атсам жездем баланы которуп эшикте бизди карап туруптур...
#357 02 Июль 2017 - 10:18
- Мен ушул эле жерде жашайм деп конбодум.Экоо отуруп алып уйдогулорго нааразы болуп кетишти.Тойду бекер артка жылдырды,экоону же бир окууга тапшыртпай деп экоо ар нерсени айтып,кышкы каникулда тойду откоруп,экоону болуп койуш керек болбосо тиги жинди боло берет деп Зейне эже соз бутурду.
- Доку,ме момуну ал да суйгонунду эрчитип кино тиатырга бар же драмга баргыла,жаман чалга окшоп Гулумду кызгана бербей.Кыз дегенге жигит карайт,соз айтат,артынан эрчийт.Гулум эрчибей,карабай турган кызбы.Аппак болуп,бойлору келишип турса,тал чыбыка окшоп солкулдап турса анан саа окшоп ашык болгондор болот да же сенде эле журок болуп,сенде эле суйуу боло бкен.Андан коро Гулумдун конулун таап,чыныгы суйгонуно айлан.деп тамашага салып экообузду астоновкага чейин узатып,трелобуска салып жиберди...
Экообуз бир местада отурган менен эки башка ойдун кучагында сыгылып келе аттык.
Чындап мен эмнеге жинди болуп атам,эжеме убада бергем го.Сапарга жолгуп атам,оштук менен да жон эле суйлошсом деле туура эмес да.Мен конушум керек айлам жок бирок ушул учун мени жакшы коргон адамыман ажыратканы учун эч кечире албайм да.Мен буга жок да дей албайм да.Откон кундорду унутушум керек.Мен Акбарды унутум дедим го бирок журогумдо, аны эч ким билбеши керек. Ох, мен кантип унута алам,оозумда унутум деген менен журогум ал деп сыздап турат го...
- Жур жеттик,колуман кармап жетелеп жоноду.Ала -Тоого келсек билет жок экен.Адашып кетчуудой колуму кой бербей кармап алды.Канчалык итиркейим келсе да чыдоого аргасыз элем.Келечекте мен анын аялымын да.Экообуз шаарды максатсыз эле айланып журдук бул да менин сунушум болду.Жаштар коп,эки экиден жургондор айрыкча коп.
- Гулум кел сен деле мени колтуктап алчы?
Мунусу ашыкча.
- Жок мага жакпайт,бирок азыр эмес кийин.
- Жаным,мен ага деле макулмун.Экообуз кобунчо унчугушпай эле жетелешип журо берип чарчадыкпы, скамейкага барып отурдук.Мен эч нерсени ойлобогого аракет кылганым менен ойум барып эле ага такалат.Ал мени эч качан,колуман кармабаган. Менин конулумо карап,каш кабагыман байкап турат эле,мага жагымсыз нерсени кылбайт эле...Балким бизден чон болгон учундур...Билбедим, балким мен аны жакшы коргон учун да анын ар бир нерсеси мага жакшы сезилгендир.
Кол ийнимен ашып кучактап баратат чочуп кеттим.
- Тарт колунду?
- Жаным эмне боду акыры деп айагына чыкпай мукактанып калды.
- Ошо акыры сенин аялын болгондо кучактайсын бирок кочодо эмес.Мен ордуман туруп жоноп калдым.Аркаман жете келип,астыман торпоп аркасы менен басып.
-Гулум кечирип койчу,мен сени жакшы кором,кучактагым келет,эмне кылайын,сени суйсом эмне кылайын.
- Болуптур он бас мени уятка койбо.
Экообуз элдешип жетелешип кетип,экообуз унчугушпай тумтуйушуп уйго келдик...
#358 02 Июль 2017 - 12:39
Сабактан келе атсам Оштук тозуп алды.Мен кокусунан ал бул жерде жашабасын билип калдым.Ал мени Универден коруп калып,тааныша албай аркаман жруп.уруулар тоноп атканда мага жардамашкан экен.Ошол мушташып журуп тушуп калган шакекти таап алып,мага алып келиптир.
- Сага ошол шакек ото баалуу экенин билдим.Шакекти коргондо козун жайнап,бир башкача жылуу да сулуу да жылмайдын ошол элесин менин жадымымда калды.
- Оба ал шакек мага ото баалуу.
- Чон эненден калганбы?
-?
-Козуно карап ошондой го деп айлондум.Жаштардыкы болгондо козу башкача болмок.
Эмне дешимди билбедим ичимен жакшы коргон адамымдын,жакшы коргон адамынан белек деп улутунуп алдым.
- Кечирип койчу капа болбочу? Саа оор тийерин билгенимде сурабас элем.
-Жок,эчтеке эмес.
-Ой,эжем турат мен эжеми коруп чочуп кеттим кош дегенге жарабай тез тез басып баратым.
- И, ал ким?
- Билбейм.
- Билбесен эмне чогуу келе атасын.Ошон учун Доку кызганат.Сен озу жон журбойсун.Жездендин досу таксис да сени бизден сурап жан ойубузга койбой атат.Бир куну келген жездендин досу летчик да сага ашык болуп калыптыр.Менин эсим ооп эжеми тан кала карап калыпмын
- Оба,оба чын.Эркек деген ошондой.Болбосо сенден 11 -12 жаш чон.
- Мен эмне кылдым.
- Сен эч нерсе кылган жоксун бирок этиет бол.Бир куну сен жонундо соз болду.Летчик эмне болсо да европада жашайт да маданияттуу ал тушунду бирок таксистен корком.Сенин жакында тойун болорун айтым.Бири бирин суйот дедим.Биягынан кутула албай атсам сойройтуп узундан узун бироону эрчитип келе атасын.Экинчи корбойун дагы корсом Зейнепке киргизип берем.деп
эжем эки саат сайрады.
Эки уч кун отпой дагы тушуп калдым.
Мени остоновкадан кутуп туруптур,экообуз чогуу трелобуска туштук места бар экен чогуу отурдук.
- Эжен строгий окшойт ээ,жаман коркуп кеттин.
- Оба.
- Гулум ме деп колума эки билет карматты.
- Жок ала албайм,эжем баары бир жонотпойт.
- Жакшы кино деп атат.Башы жок чабандес.
- И мен китебин окуугам.
- Кыргызчасы барбы?
- Билбедим мен орус тилинде окугам.
- Гулум,эжен тушуп келе атат.Ал шашылыш тура качып баратып саат 12 де Россияда кутом деп аркага кетти.
Эжем баары бир коруп калды.
- И таныбаган жигит жанында эмне отурат.
-?
- Уйго барасын...
Мен тушуп алып эжеме жеткизбей сызып жонодум.Иши кылып жездем болсо экен деп тиленип баратам.Жездем коруп эле чочуп.
- Гуку эмне болду?
- Жезде эжем мени олтурот,качып келе атам.
- Коркпо Кукушун азыр жинин таратабыз.Эжем кирип келди.Жездем ой ичим,ой ичим деп жата калып кыйкыра баштады эле эжем козу алайып мени унутуп жездемди карап калды.
- Ой ичим,Ой Кукуш менин ажалым жетип калган окшойт,апендицитим жарылды бир болсо,оо кокуй деди эле.Эжем байкуш алапйаын тапай калды.
-Эй сен кечке эле апендицит боло бересинби? Аны откондо эле алдырдын эле го.
- И оба десен,анда отровления болгон окшойм ой кокуй ичим тошок сал жата калайын.
Эжем байкуш куйполоктоп тошок салып,жездемди жаткырды.Жанынан жылдырбай.
- Ой Кукуш жаныма жат сен жатсан ооруганы басылып калып атат деп атып эжеми кошо уктатып койду.
Мен кутулганыма суйунуп акырын басып тамак жасадым.Жездемдин шумдугуна бир кулкум келет.Бир убакта жездем туруп эженди алдадыкпы,эми болду сени урушпайт анын жини тараганча эле.деп койду.
Чынында эле эжем келип жайынча эле менден сурады.Мен болгонун болгондой айтып бердим.
Тамак ичип отурсак эжем дагы козгоду.
- Э Гуку сен Ошко кетип бизди бышпаган куручко тойгузба.Оштуктар жаман болчу эле.тамашалап калды.
-Дайыма эле эт жей беребиз,эмне экен мага барып куруч жейсинер.
- Ой ушу сенин мээне ошо Оштук чайды кайнатат го.
-Ошо чайдан сиз барганынызда ыссык,ыссык сизге куйуп берип турам.
Тарс деп чекеме тийип козумон от чагылышып кетти.Жездем менден мурун эле.
- Эй жинди болдунбу?тамаша го.Озун биринчи баштадын го деп эжеми урушуп кетти.
Мен ордуман туруп озум жаткан болмомо кирип кеттим.Экоо кыжындашып эшике чыгып кетишити.Бир убакта экоо кирип,эжем мени карап ыйлап жиберип кечирим сурай баштады.Жездем кокуйлап базарга кетти.Карасам чекем томуйуп копкок боло тушуптур.Эко чийки эт каны менен,муз тартып тан атканча жаман болушту.Мен озум да уйдогу эжеми тамашалагандай тамашалайм деп тилимен токмок жеп калганыма уялып турдум...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 02 Июль 2017 - 12:43
#359 02 Июль 2017 - 13:12
- Каап этиет болбопсун,эми козуно тушпосо болду.Озун аксын да ошого ого бетер когоруп кетипитир.деп болбогон ойума койушпай мандайымдагы чачымы кесип пешенемди жаап беришти.Такси менен бара аттык.Россиянын тушунда кетип баратып,Оштук баланы коруп калдым.Жангыз чекеде жол жакта туруптур.Аны коруп эсиме тушту 12 де кутом дегени.Уйго келгенде да Зейнеп эже жаткырып муз тартып,мазь койуп атты.Доку коруп.
- Чачын сонун жарашыптыр, школьница болуп калдын деп тамашалап ар нерсени айтып жанымда отурду.Ал суйлоп,мен аны угуп жатып уктап кетиптирмин. Пешенемен так ооруп турган жеримен бироо ооп атканынан ойгонуп кетсем Доку экен.Аянычтуу коз карашы козумо чагылыша туштуу,тескери бурулуп жатып алып бир жылдары Акбардын бактылуу жузу коз алдыма келип аргасыз жаздыгыма коз жашым агып турду...