Суперстан: Ыплас шайлоолор - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ыплас шайлоолор дегеле шайлоо элге керекпи же жокпу?

#1 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   24 Январь 2017 - 16:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Бул теманы буга чейинки шайлоолордогу коз коруно мыйзам бузуулар, шайлоонун шайтан оюндары,шайлоодогу ыпластыктар, 2016 жана 2017 шайлоолорго арналган тема болсун деп ачтым. Кыскасы шайлоого байланыштуу коргон-билгенинер, ой-толгоолор жазылуучу тема...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   24 Январь 2017 - 16:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Шайлоо демекчи эгемен Кыргызстан тарыхында канча шайлоо-референдумдар откон болсо, ошолордун баары олуттуу мыйзам бузуулар, административдик ресурстарды колдонуу менен отуп, жыйынтыгы чындыктан ото эле алыс болгону менен, ар бир президент "таза шайлоо откордук" деп уялбай тош кагышчу. 2016 11-декабрда откон референдум менен жергиликтуу кенештерге болгон шайлоо исключение болгон жок, Атамбаев мин мактанган кундо да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   24 Январь 2017 - 17:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Эгер башка мамлекетте болгондо коррупция боюнча айыпталган, болгондо да аты президент чогуу аталган бироо дароо арызын жазып отставкага кетмек. Бизде болсо корпупционер экенин факты менен далилдеп мойнуна койгон кундо да кылы кыйшайбайт. Ошолордун бири Албек Ибраев кайра мэр болууга аттанды. Мэр болууга моралдык укугум барбы деген ой анда болгонуна кумонум бар. Менимче андай ой мээсине келбеген да болушу керек. Анан да шаардык Кенештин депутаттары заранее эле "обработкадан" откорулуп, соодалашуу бутуп, али шайлоо башталбай жатып кимдин мэр болоору алдын ала чечилген менен, Албек мырза жана СДПК мэрди шайлоодо оздорун страховать этуу максатында 50-100 жигитти шайлоо куну Бишкек мэриясынын алдына алып келип колдоруна ун кучоткуч (громкоговоритель) карматып ачыктан ачык депутаттарга басым жасашты. Ал аздай Жогорку Кенештен 2 СДПКчы депутат, ишин таштап Бишкек мэриясында шайлоонун шайтан оюндарын уюштуруп журушту. Ошончо аракет кылып да СДПК Албек Ибраевди мэр шайлоо учун жетиштуу добуш топтой алышпаптыр. Ошондо жарактан чыккан жараксыз шайлоо бюллетендерин жарактуу деп эсептеп туртмолоп жатып Албекти СДПК-бийлик мэр шайлашты. Каршы тарап БШКга арыз менен кайрылса, анын арызын кароодон баш тартышты. Башкача айтканда БШК коз коруно мыйзам бузуп бийликтин камчысын чаап берди.

Бир соз менен Бишкек шаарына мэр шайлоо Атамбаев какшанган "таза шайлоонун" чыныгы жузу, улгулуу орногу болуп берди десек туура болот... Кыскасы бул шайлоо баштан аяк ыпластык менен отту. Мына сага демократия, мына сага таза шайлоо!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Ashka.   24 Январь 2017 - 17:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Мен уч жолуу шайлоого катышыпмын. Учөөгө тең,өз каалоом менен эмес,окуган жердеги эжекелер мажбурлап,жалынып журуп катыштырды. Эми аларды деле тушунсө болот, аларды деле жогорудан мажбурлап ататта.
Мынаны шайлагын деп карап турган учурларга күбө болгонмун. Эч бир шайлоо таза отконун корбодум. Же коро албадымбы билбейм.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Favourit   25 Январь 2017 - 01:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 176
  • Катталган: 03 Апрель 16
  • Соңку аракети: 25 Янв 2017 21:40

Просмотр сообщения Ashka. (24 Январь 2017 - 17:42) жазган:

Мен уч жолуу шайлоого катышыпмын. Учөөгө тең,өз каалоом менен эмес,окуган жердеги эжекелер мажбурлап,жалынып журуп катыштырды. Эми аларды деле тушунсө болот, аларды деле жогорудан мажбурлап ататта.
Мынаны шайлагын деп карап турган учурларга күбө болгонмун. Эч бир шайлоо таза отконун корбодум. Же коро албадымбы билбейм.


Майли деп барып, кошогонун ичине киргенде каалаган талапкеринди ооп коё бербединби Ашикан?)))).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ashka   25 Январь 2017 - 13:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 819
  • Катталган: 06 Январь 15
  • Соңку аракети: 16 Сен 2017 19:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Просмотр сообщения Favourit (25 Январь 2017 - 01:53) жазган:

Майли деп барып, кошогонун ичине киргенде каалаган талапкеринди ооп коё бербединби Ашикан?)))).


Ошенткем.)
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   25 Январь 2017 - 21:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Деги бизге шайлоолордун кереги барбы?! Шайлоолорго деп миллиардка жакын акча болунот казынадан ар шайлоо учун. Эсептей келсе 5 жылда шайлоолорго жумшалган акчаларга бери болгондо 30-50 заманбап мектеп курса болот. Ал эми партиялык система менен шайлоого барып олко онолот деп элди бийлик ишендиргени менен, иш жузундо баары тескери болууда. Учурдагы Жогорку Кенештин курамын карагыла, 90%ти олигарх-бизнесмендер, мафиоздор... Криминал чойросунун окулдору жергиликтуу кенештерге ачык эле шайланып жатышат. Айтор ошол бизнесмен-мафиоздор канчалык "мыкты" иштеп жатканын Жогорку Кенештин мисалында да, жергиликтуу кенештердин мисалында да ачык коруп жатабыз. Мындан жыйынтык чыгаруучу болсок шайлоолордун коомго пайдасын корбой турамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Revolyutsiya   26 Январь 2017 - 00:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2019 20:47
  • Жынысы:Эркек

Ыплас шайлоолор алыскы аймактарда кандай отконунон кеп салалы. Биз кайрылчу айыл Окмотто Камчыбек Ташиевдин аты аздыр коптур тилге алынат. Биринчиден бул "Х" айыл окмоту Ташиевдин кичи мекени. Экинчиден мындан 10-12 жыл мурун Ташиев сунуштаган Доолот деген бирини эл айыл окмот башчылыгына бекиткен. Ал киши Окмот башчы болуп турган убакта айыл окмоттогу коррупция озгочо гулдоп ондогон-жуздогон гектар сугат жерлери жен ичинен уй салуу максатында сатылып кеткен. Канчалаган жаран заранее акча (пара) берип же жерден, же акчадан жок калышкан. Канчалаган сугат жерлер ошол айыл окмотто иштеген бир канча коррупционер- чиновникке караштуу кишилерге катталып кийин онбогондой чон суммаларга сатылды. Кийин ал айыл Окмот башчылыгынан тушкон сон ага кылмыш иши козголгону менен соттук териштируулордон майнап чыкпады же тергоочу-прокурор, соттордун оозун майлаганбы деген ой кетет. Ал киши алтымыш жаштан эбак ашса да дагы эле айыл окмотко депутат шайланып кайсы бир жеке кызыкчылыктарынын артында журот: балким айыл Окмот башчысы болуп турганда "жеп, синирген" миллиондорго "тойбой" калганбы же ошол махинациялары куну бугун да актуалдуу болуп ким бироолор учун пайдалуу болуп жатабы белгисиз. Кыскасы жергиликтуу кенештерден борбордогу Акуйдо отурган чиновниктерге чейин, миллиондон миллиардка чейин элдин казынасын - ырыскысын жегендер соттолуп камалгандын ордуна кайра дагы эле бийликте отуруп "жегенин" улантышууда. Ал эми жокчулуктун айынан тоок же козу уурдап кармалгандар турмодо отурат. Мына сага парадокс! !!


Эми шайлоо процессине келсек шайлоолор менен биз, коом алдыга карай онукпой кайра артка кетип жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Туголбай Сыдыкбековдун чыгармасындагы, 20-кылмышын 20-30-жылдары бозого мас болуп жаат жаат, айыл айыл болуп чабышкан доорго жуз жыл отуп кайрылып отурабыз. Уят да башкалар алдыга карай онугуп жатканда биздин экономикабыз да, озубуздун/элдин ан-сезими да артка карай кетип жатканына...

Айылдарда жергиликтуу кенештерге шайлоолордо баягы эле тааныш-билишке, дос-тууган, классташка же айылдашына добуш таштамай. Ал канчалык татыктуу депутат болуп эмне жумуш жасай алаары менен элдин иши жок. Шайлоо астында тоодой убада беруу, чайханага чакырып сыйлоо, айылдаш, тууган же дос экенин эстетип добуш берууну сурануу, ал учун кандидаттын тууган-досторунан турган целый бригада "чуркап" керек болсо шайлоонун ыплас шайтан оюндарын уюштуруусу конумуш корунушко айланды. Жыйынтыгында жонокой акт жазуу колунан келбеген чала сабат бекерчилер, жарым криминал-черныйлар, бизнесмендер ж.б.болбосо Доолот аксакал сыяктуу карт борулор депутат болуп отурат. Баарынан кызыгы айылдык кенеш депутаттарына торага же айыл Окмот торагасын шайлоодо ошол жаны шайланып келген депутаттар томонку-жогорку айыл/участок болуп болунушуп жаат жаат болуп 2-3ко болунуп торага же Окмот башчы шайлашы - бул алардын интелектуалдык денгээлинин томондугунон кабар берет. Окунучтуусу ушундай адамдардын эл башкарып элдин проблемаларын чечуу умуту - куру умут артылганында. Шайлоолор - коомду илгерки бозокорлор дооруна алып барып таштап, жаны шайланган депутат соройлор бозого мас болуп айыл айыл, жаат жаат болуп чабышкан бозокор-тентектердин жоругун кайталаганы.

Теманын аяк болугундо бугун айыл Окмот башчысы болуп шайланып женишин жууп майрамдап жаткан, Камчыбек Ташиевдин окул уулу Абсатар мырзага кайрылуу жасоону туура кордум. Абсатар мырза: болбой эле жулунуп-жулкунуп талашып отуруп Окмот башчы болдунуз. (Депутаттар 2ге болунуп жаатташып жатып шайлашып). Бирок бул кызматты буга чейин болуп келгендей жеке баю булагы катары корсонор - жанылганынар. Бул силерге берилген сыноо. Эгер кулагыма жаман кептер чалынса, кайсы бир коррупциялык схемаларда атынар тилге алынса же акыркы айыл Окмот башчысына окшоп жарытылуу иши жок, эт менен челдин ортосунда журчу болсонор силерди "атактуу" кылуу эч кыйынчылык жаратпайт. Алмазбек Атамбаевдин ар бир "апенди чалыш" кеби же кадамы коомдо катуу талкууланып нааразычылык жараткан сыяктуу, силердин да ар бир ыплас шахмат журушунор (эгер орун алса) коомчулук назарына сунушталып атынар жалпы Кыргызстанга "дун" дей тушушу турган иш. Жакшы атты куусан жетпейсин, жаман атты жуусан кетпейт деп Доолот аганарга окшоп жаман атты моюнга тагып журуу - бул суктанарлык нерсе эмес го деп ойлойм. Айылдын жолдору кайырчынын мин бир жамаачысына окшоп чекеден оюк-тешик. Таза суу болобу же агын суубу айтор коптогон айылдардын башкы койгойу. Акыркы 9-10 жылдан бери жен ичинен эле жер участкасын сатып алгандар болбосо, мамлекеттен мыйзамдуу жер улушу берилбей келет. Бул 10-20 жылдан бери чогулган айылдын койгойдорунун болгону бир чекеси. Эми айыл Окмот тизгинин колго алып тагдырын жакынкы 4-5 жыл калчай турган болгон сон татыктуу иштерди-кадамдарды кутуп калабыз. Болбосо жергиликтуу жетекчи болобу же 2017 жаны шайлануучу президент болобу, жарытылуу иши жок, кызматын баюнун булагы катары корушчу болсо, буга чейинкидей унчукпай чыдап журчудой сабырыбыз калган жок. Кызматка талашып келдинби - иштеш, иштеш жана дагы бир жолу эл учун иштеш керек!!! !!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   CAPITAL   26 Январь 2017 - 11:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 19 Август 16
  • Соңку аракети: 31 Окт 2019 03:50
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Улуу Ала-Тоо

Демократиялуу олко деп тили менен эле айтышат, бирок диктаторлук олко болуп калды. Шайлоо жазуу турундо эле болбосо ичине кирсен Аша нын шакалдары оздору эле ишти бутуруп коюшат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   -NURIK-   26 Январь 2017 - 15:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 802
  • Катталган: 26 Июнь 16
  • Соңку аракети: 01 Авг 2020 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Германия. Мюнхен шаары.

Хаос да биздин өлкө.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Missing-u   26 Январь 2017 - 16:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 02 Август 15
  • Соңку аракети: 12 Авг 2023 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Айткан менен пайда жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Shorobashat   06 Март 2017 - 01:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Мен 11.12.2016 куну оператор болдум жакшыдай болду бирок дагы билбейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   MIRlan   21 Апрель 2017 - 22:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жакында, күзүндө Кыргызстандын баардык шаар, айылдарында ыссык Ыплас Шайлоо 2017.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Parker   21 Апрель 2017 - 23:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 340
  • Катталган: 30 Июль 16
  • Соңку аракети: 29 Сен 2018 02:27
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения MIRlan (21 Апрель 2017 - 16:47) жазган:

Жакында, күзүндө Кыргызстандын баардык шаар, айылдарында ыссык Ыплас Шайлоо 2017.



Ваще олот.Прям прям Шрекский шайлоо болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   CEO   13 Июнь 2017 - 16:31

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Шайлоодон тажабаган Турсунбай Бакир уулу кайрадан шайлоого аттанат экен. Ал "Сөз жок, шайлоого катышам" деп билдируу калтырыптыр. Анан да ал киши: "бийликтегилерде азыркы учурда "Атамбаевдин кишиси өтпөй калса, кийинки президент сазайыбызды берет" деген чочулоо бар. Ошол эле БШК жана башка мекемелерде. Шайлоо салыштырмалуу таза өтөт деп ойлойм" дейт. Муну кандай тушунсо болот?!! Озу айтмакчы бийлик да, бийликтин камчысын чаап "ляппай" деп турган БШК да Атамбаевдин (СДПКчы) адамын президент кылып откорууго жандалбасташат. Баягы эле элди тундук-туштук, кыргыз-озбек, бакиевчи-атамбаевчи кылып болуп, негизги атаандаштарын шайлоого 2-3 кун калганда КТР, ЭлТР ж.б."шыбап, шайлоодо машине менен шайлоочуларды ташып, добуш сатып алып, ал аз болсо шайлоодо колдонулган электрондук урналарды 1-2 саатка иштетпей, ошол учурда махинация жасашып, айтор шайлоонун шайтан оюндары боюнча шайтандын озун жолдо калтыра турган былыктар кутуп турганда Бакир уулу артынан шайлоо салыштырмалуу таза отот дегенин кандай тушунсо болот?!!

Ачык эле айталы, Кыргызстанда эч качан таза шайлоо болгон эмес, болбойт дагы, бийликке ыймандуу, Кудайдан корккон бири келмейинче. ..

Ал эми бул шайлоо 2011-жылы президенттик, 2015-жылы ЖК шайлоо, 2016-жылы референдум жана жергиликтуу шайлоолордон эч айырмасы болбойт.

Ал эми Турсунбай Бакир уулуна тан калбаска арга жок. Шайлоо салыштырмалуу таза отот деп эмнеге таянып айтты болду экен?!! Баса, бул билдирууну Бакир уулу озу окуп калса суроо: Ош шаарында карындашыныз сауна-сойкукана иштетээрин карындашыныз танганы менен эл ырастап айтып журду эле. Ошондо мен карындашынызга эмес, копчулукту тузгон элге ишенгемин. Ошол сауна/сойкукана жабылдыбы же дагы эле иштеп жатабы?!!

Экинчи суроо: жакында Чубак ажы 2 аял алуу маселесин которуптур. 2 аял алуу менен сойкулук маселесин чечсе болот экен, буга эмне деп жооп бересиз?! Сойкулук Чубак ажы ырастагандай куйоо жетишпегенден келип чыгып жатабы же мен ырастагандай женил ойлуулук, ыймандын аздыгынанбы? ! Эгер сойкулар женил ойлуу, ыйман, намысы аздар болсо, 2 аял алууга уруксат беруу менен сойкулук маселеси чечилбейт. Же Чубак ажы сойкуларды 2-аял кылып алгыла деп жатабы?! Андай болсо учурда 2 аял алгандардын арасынан сойкуга уйлонгондор барбы?!

Мухаммед пайгамбар жесирлерге уйлрнгон экен, учурда 2-аял алгандар Жантай чал карыганда Ак-Моор сулууга уйлонгондой жапжаш энеси оппогон кыздарга уйлонуп жатышат. Бул канчалык туура?! Сизди Жантай чалга салыштыргандарга жообунуз?!!....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   22 Июнь 2017 - 17:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Бизде омуру таза шайлоо болгон эмес и болбойт дагы аны моюнга алышыбыз керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   27 Июнь 2017 - 13:44

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Бугунку Онугуу партиясынын курултайында кайра эле Ташиев менен Келдибеков ээрчишип журот. Кечоо Ак-Шумкардын курултайында да катышып, Сариевге "сен жакшы, азаматсын" деп кайтышты эле, эми бугун Торобаевге "эл сени тандаса адашпайт" деп отурат. Эртен Мотув да талапкер болчу болсо, ага да ушул создорун айтабы?!!

Бул шайлоо алдындагы кызмат соодалашуусубу? !! Мен Ташиевдин ордунда болсом Садыр Жапаровдон кабар алмакмын ар талапкердин сый тамагын жеп, чайын ичип мактап журо бергиче. Жапаров да Ташиев сыяктуу Ата-Журт партиясынын тен торагасы, эски досу, чем туруксуз оома-токмо Келдибековго караганда туруктуу позициясы бар, убадага жана достукка бек жигит Садыр Жапаров.

Анан чет олкодогу Мелис Мырзакматовду таап, байланышып, Мадумаров менен торт лидер биригип, жеке эго, амбицияларды, таарынычтарды унутуп, кыргыз элимдин уламышындагы чалдын тентек ынтымаксыз 9 уулуна бир кун акыл кирип бириккендей булар да биригип, бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып, шайлоого бир талапкер коргозуп арабыздан, калганы ошону колдоп, шайлоого чогуу бармакпыз (эгер Ташиевдин ордунда болсом). Шайлоодо утсак кызмат талашып кырылышпай, бизнестин камын корбой эл учун ак кызмат кылып бермекпиз.

Байлык, мал-мулк тортоондо тен жетиштуу, бирок карапайым эл кыйналып, жаштар тентип журот. Элди ойлосо, эл учун кызмат кылууга даяр болсо аракетин кылышмак ошол эле Ташиев ж.б. ар кимди "сен жакшы" деп журо бергиче. Создорум сизге жетсе ойлонунуз Камчыке, бирок убакыт тар, сиздин коп кадамынызга ичим чыкпай келет, ошентсе да ак журоктугунуз кармаса эл учун омурунузду берууго даяр экениниди да билемин. Уят Камчыке, эл ортосу 50 жашка чыгып калдыныз, эми эл учун биригип, иштеп бергиле, ар акчалууну мактаганды коюп... Бугунку саясатчылар арасынан Мырзакматов- Мадумаров-С. Жапаров-Ташиев тортоону биригип шайлоого бир талапкер чыгарып, шайлоого чогуу аттанышын куткон бир эле мен эмес, элдин копчулугу кутуудо... Кыргызстанды бугунку саздан сууруп чыгат, мигранттарга камкордук болот деп кобу умут менен кутуудо. Терен ойлонуп корунуз бардык нерсени жыйыштырып, катардагы карапайым бир айылдашыныздын козу менен турмушка карап ойлонуп корунуз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   27 Июнь 2017 - 16:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Эртен кимиси президент болсо да бизге бир иш берер деп жургондур да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   CEO   11 Июль 2017 - 11:53

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Ташиев Мадумаровду сатты!!! Кечоо эле Темир Сариев, Бакыт Торобаевдерди куттуктап, аларга ийгилик каалаган Ташиев бугун Мадумаровдун "Бутун Кыргызстанынын" жыйынында жок. 2011-жылы да Мадумаров экоо жеке амбициясынын курмандыгы болушуп, эч кимиси башкасына орун бошотуп бербей, бирикпей, акыры Атамбаевге утулушкан. Булар дагы эле отмуштон сабак алышпаган корунот. Айрыкча Ташиевдин жанында Келдибеков журсо, демек жакшылыктан умут кылып кереги жок, Келдибеков бар экен, Ташиевге шайтандын кереги жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   CEO   11 Июль 2017 - 12:39

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

2000-жылы Жогорку Кенешке болгон шайлоодо фальсификация болуп, шайлоо жыйынтыгына, адилетсиздикке нааразы болгон Ташиев тарапташтары менен митинг откоруп, ошол убакта бизнеси гулдоп онугуп жаткан Ташиевди Акаевдин бийлиги бираз опузалап бирин-экин бизнесин тартып алып коюшкан, адашпасам. Кийин 2005-жылы ЖК депутат болду, анан МЧС министри болду. Данияр Усонов менен тил табыша албай отставкага кетти. Кийин Ош окуясында патриоттуулугун коргозуп, 2010-жылдагы Жогорку Кенешке шайлоодо "Ата-Журт" партиясын биринчиликке суйроп чыккан да озу! Ошондо "Ата-Журтту" колдогон ар 10 шайлоочунун 7-8и Ташиев учун бул партияга добуш берген. Бирок Жогорку Кенешке келген сон фракциясындагы депутаттардан ырк кетип, алары башкара албай, тили отпой Ташиевдин аброю томондой баштады. 2011-жылы президенттик жарышка аттанып утулуп калып озуно чон минус койду. Кийин эмоцияына алдырып, ойлонбой жасаган иши учун, тосмону аттап откону учун темир тор артына тушту. Ал го мейли, копчулук элге шылдын болгонун кантип унутат?! Бийлик турмодон Ташиевди бошотушу бошотту, бирок шарт менен. Ошол шартка баш ийип, озунун жеке намысынан бийлик убадалаган карьераны жогору коюп Бабанов менен бирикти, озунун чынчыл партиялаштарын курмандыкка чалды. Бизнесинин бир болугу бийликтин колуна отту, баарынан да туштук аймагында чон аудиториясы бар 7-телеканалын Атамбаевдин командасына берди! Жакшылык-жамандыкта жолго таштабас досу С.Жапаровдон алыстап, "колоко" досу Келдибековду жандады. Адатынча Мадумаров учоо тандем жарыялап, артынан "эркек айта берет, артынан кайта берет" деп, убадага бекем эместигин дагы бир ирет далилдеди. Ташиевди айылдаштары эле колдобосо, алыс жакындан аны колдоп келген шайлоочуларынын катары жыл санап эмес, кун санап суюла баштады. Колунда аздыр-коптур байлыгы, мурдагы аброюндай болбосо да оз аброю бар адам же саясаттан кетип Кудай деп оз тирилигин кылганы, бизнесин кылдыратканы дурус. Болбосо эл учун кызмат кылам деген изги ниети болсо, шайтанды ээрчибей, жеке амбициясын жыйыштырып, элге чын ниетинен кызмат кылаар элге тобосу корунгондор бириккени абзел. Мен тээ башынан эле айтып келемин, Мадумаров, Мырзакматов, С.Жапаров, Ташиев бириксе жакшы болмок деп... Ар ким оз арабасын тартып, уламыштагы чалдын тентек тогуз уулундай болунуп, бири токмок жесе экинчиси четте табалап карап тура берсе (бугун токмок жеп, б.а.бийликтен куугунтук жеп жаткандар Мырзакматов менен С.Жапаров) бийлик буларды бириндедип сындырат, 2010- 2011-, 2015-жылдардагы шайлоолордо болгон сынары...

Эл силерге ишенсе, силердин жеткен акылынар болгону ушулбу?!! !!! Эл силерден умут кылса, бийлик башына келип Кыргызстанды жокчулуктун сазынан сууруп чыгаар, алыста кор болгон мигрант балдарыбыз Мекенине кайтаар деп Кудайдан тилеп отурса, силер жеке амбициянардын курмандыгы болуп шайлоонун шайтан оюнуна аралашып журосунор! ! Уят, уят баарына тен! Эркектик намыс, алысты коро билген акылынар болбосо, бирикпейсинер да албетте! Уят, уят!!! Эгер бул жолу да бийлик Атамбаевдин командасына же Бабанов сыяктуу бизнесмендин колуна отчу болсо, бирикпей жургон тортоону кунолойм эн ириде!!! Элдин ишеничи, умутун актай албаган адам кантип ЭЛ УУЛУ боло алат, айткылачы?!!

Билдирүүнү түзөткөн: CEO: 11 Июль 2017 - 12:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 06:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: