Суперстан: Экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу Ким макул, ким каршы?

Сурамжылоо: Экинчи аял алууну мыйзамдаштырууга макулсузбу? (54 пользователей проголосовало)

Экинчи аял алууну мыйзамдаштырууга макулсузбу?

  1. Каршымын (44 голосов [81.48%])

    Процент голосов: 81.48%

  2. Макулмун (10 голосов [18.52%])

    Процент голосов: 18.52%

Голосовать Гости не могут голосовать

#101 Пользователь офлайн   Uhtishka.   09 Июль 2017 - 15:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 066
  • Катталган: 05 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МСК

Экинчи мейли дейли ,ден соолугуна байланыштуу же башка себептер менен балалуу боло албай калса ,уруксат берилсе айласыздан макулдугун берет байбичеси. А ,учунчу же тортунчу болуп тийгендер чынын айтсам эркек кишинин "катынпоз "(кечиресинер ачык жазганым учун ) экендиги жана озунун гана жакшы корогондугу болуп калбайбы ?!
Менимче бул
мыйзамды кабыл алуу учун кооптогон мыйзамдарды кошо озгортуу керек болсо керек !
Ошол учун тыынч эле жашай бербейлиби? ))
Сүрөт
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Daud   10 Июль 2017 - 06:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Uhtishka. (09 Июль 2017 - 15:27) жазган:

Экинчи мейли дейли ,ден соолугуна байланыштуу же башка себептер менен балалуу боло албай калса ,уруксат берилсе айласыздан макулдугун берет байбичеси. А ,учунчу же тортунчу болуп тийгендер чынын айтсам эркек кишинин "катынпоз "(кечиресинер ачык жазганым учун ) экендиги жана озунун гана жакшы корогондугу болуп калбайбы ?!
Менимче бул
мыйзамды кабыл алуу учун кооптогон мыйзамдарды кошо озгортуу керек болсо керек !
Ошол учун тыынч эле жашай бербейлиби? ))
Сүрөт



Негизи азыр эркектер бир аялынын көзүн карап подкаблучник болуп кетишкени үчүн, экинчи аял деген сөз аялдарды эле эмес, кээ бир эркектерди да чочутуп жатат. Андыктан сиздин реакцияңызды түшүнөм...

Анан Кудай берген уруксатты эч бир адам тыя албайт. Алчуулар мыйзамы жок эле алып жатышат. Аларга Аллахтын уруксат бергени жетиштүү. Башка өзүнө окшогон адамдардан уруксат алып отурбайт.

Ал эми аялынын такасынын алдында комфортто жашагандарга миң мыйзам чыгарып берсең деле ала алышпайт. Кудайдын уруксаты жетиштүү болбосо, анда жер жүзүндөгү 7 миллиард адамдын уруксаты да ага жетиштүү болбойт.

Анда эмне эле бул мыйзамдын кабыл алуусун каалап жатасыңр деген суроо туулушу мүмкүн. Бул мыйзам, загс, балдарга күбөлүк ж.б. мамлекеттик иш кагаздарын алууга жеңил болуусу үчүн эле керек. Андан башка эч пайдасы жок. Бул мыйзам кабыл алынаары менен эле баары экиден аял алып баштап кетүүсү күмөн нерсе.

Анткени биринчи (жалгыз) аялы, анын апасы любой мыйзамдын күчүн жогото коетСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 10 Июль 2017 - 06:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   happy02   10 Июль 2017 - 11:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Мен каршымын азырынча..

Себеби коом бул нерсеге даяр эмес..

Эки аялды алган эркек, аялдарын иштетпей үйдө олтургузуп, балдары менен кошо бага алууга тийиш..
А биздики азыр тескерисинче да..
Аялдардын, кыздардын көбү Россиялап, көрбөгөн кордукту көрүп, ден-соолугун жоготуп, азып-тозуп иштеп жүрсө кайдагы эки аялдуулукту сөз кыласыңар..!


Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   sister   10 Июль 2017 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул жакта эркектин экинчи жубайлуу болушуна каршы чыгып атасынар, а балким экинчи, учунчу, тортунчу деле болуп турмушка чыгууга макул болгондор бардыр?! Эмне учун озунордун кызыкчылыгынарды алардыкынан ойдо койосунар? Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен, эч ким эч кимди зордоп экинчи жубай кылып куйоого бербейт. Адамдар оз эрки менен эле уйлонушот, силерден сурап этпей эле, каршылыгынарга карбай эле. Анан байагы эле жашоого, турмушка шылтоолойсунар, качан адамзат тогул чачыл, баардык жагынан жетиштуу жашоодо жашаптыр?! Качан?! Тарыхты барактасак деле кулчулук доору болгон - адамзаттын копчулугу кул болуп, азы ошол кулдарды ээлеген; кийин кулчулук феодализмге отту. Анда деле адамдардын копчулугу феодалдарга ( жер ээлерине) кул болушкан. Завод, фабрикалардын доору келгенде деле байагы корунуш: адамзаттын копчулугу байлардын кулу болуп аларга иштешкен. Социализм, капитализм, коммунизм, базар экономикасы деле адамзаттын жагдайын озгортуп ийишкен жок - адамзаттын копчулу калган аз болугуно иштеп беруудо. Жана мындай корунуш озгорбойт. Баары бир башына тартсан, бутун ачылат, бутун жапсан башын ачылат.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   alibekova94   10 Июль 2017 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Бир аялды эптеп багып алышсын адамдар анан экинчи аялды ойлонушсун, эркектер аялдарды эптеп багалабаганынан аялдар дагын иштеп журот 70 пайызы!

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   10 Июль 2017 - 14:27

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения sister (10 Июль 2017 - 11:40) жазган:

Бул жакта эркектин экинчи жубайлуу болушуна каршы чыгып атасынар, а балким экинчи, учунчу, тортунчу деле болуп турмушка чыгууга макул болгондор бардыр?! Эмне учун озунордун кызыкчылыгынарды алардыкынан ойдо койосунар? Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен, эч ким эч кимди зордоп экинчи жубай кылып куйоого бербейт. Адамдар оз эрки менен эле уйлонушот, силерден сурап этпей эле, каршылыгынарга карбай эле. Анан байагы эле жашоого, турмушка шылтоолойсунар, качан адамзат тогул чачыл, баардык жагынан жетиштуу жашоодо жашаптыр?! Качан?! Тарыхты барактасак деле кулчулук доору болгон - адамзаттын копчулугу кул болуп, азы ошол кулдарды ээлеген; кийин кулчулук феодализмге отту. Анда деле адамдардын копчулугу феодалдарга ( жер ээлерине) кул болушкан. Завод, фабрикалардын доору келгенде деле байагы корунуш: адамзаттын копчулугу байлардын кулу болуп аларга иштешкен. Социализм, капитализм, коммунизм, базар экономикасы деле адамзаттын жагдайын озгортуп ийишкен жок - адамзаттын копчулу калган аз болугуно иштеп беруудо. Жана мындай корунуш озгорбойт. Баары бир башына тартсан, бутун ачылат, бутун жапсан башын ачылат.



Сен жогоруда жазгандай кул ээлоочулук доордон капитализмге (социализмди кошпой туралы) чейин копчулук бир ууч азчылыктын пайдасы учун иштеп келген. Азыр базар экономикасы дегенибиз да капитализм. Мына азыр да билинбегени менен бир ууч байлар учун иштеп жатабыз, керек болсо Оруссияда кыйналып иштеп тапкан акчан Кыргызстанда бир ууч байлардын чонтогуно тушот, анткени алар кожоюндук кылган магазиндерден курулуш материалы сатып аласын, алардын дукондорунон азык-тулук, кийим-кече аласын, машинене бензин куясын дегендей... Сен айткандай илгери кул ээлоочулордун да, орто кылымдагы бай-манаптардын да копчулугунун 2ден ашык катыны болгон. Шах, эмир, хандарда гарем болгон, алардын жыргалчылыгы учун деп... Ошол убакта да чон диний аалымдар болгон, бирок эч ктмиси гарем ж.б.динге каршы деп айта алган эмес, айтса балким башы кетмек балким. Мына бугун да 2-3 катын алгандар колундагы байлыгы, бийлигине чиренгендер. Карыганда тошок жаныртып жапжаш кыздарга уйлонгон Жантай чалдар! Эмнеге ошол Жантай чалдар учун мыйзам кабыл алынышы керек?!!

Сен мисалы Куловдун же Турсунбай Бакир уулунун же Мухтар Омуракуновдун биринчи аялларынан сурап кордунбу, жашоо кандай болуп жатат, куйоон мурдагыдай эле конул болобу же унутуп койдубу сени деп?! Эркек 50-60ка чыкканда жаш кыз менен "жаткысы" келсе, анын 50-60таны биринчи аялы эч болбосо озунун ошол чалы менен "жаткысы" келет. Куйоосу жаш токол алып анын "кызыгына" батып, байбичесине бир жумада бир жолу келсе келип келбесе жок журсо, анын укугун ким ойлойт, сен кийинки токолдордун укугун ойлоп жатканда?!

Мисалы Акмат бир омур тытынып иштеп байлык курады дейли, 1-2 чакан ишкана, 3-4 магазиндуу болду дейли. Аялы куйоосунун колуна кол, бутуна бут болуп экоолоп иштеп ушул байлыкты курады. Анан Акмат 60ка чыкканда жаш токол алды. Арадан 3-5 жыл отуп козу отуп кетти дейли. Ошондо силердин мыйзамынар кабыл алынып калса, Акматтын байлыгын 2 катыны тен ортодон болобу?! Калыстык болбой калбайбы сенин оюнда?! Бири куйоосу менен бир омур тытынып иштеп ал байлыкты кураса, экинчиси келип даяр оокат, байлыкка ээ болуп калса.. Турмуштан палан-тукун деп мисал келтиргим келет, айтсам админ келип банга айдабасын деп жазбадым, бирок мындай окуялар турмушта болуп жатат, токол болуп даярына келип, куйоосу олуп, анын байлыгын ээлеп калгандар... Айрым кыздар ошол максатта карыган Жантай чалдарга тийип жатканы да чындык! Буга эмне дейсин?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   10 Июль 2017 - 14:43

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения Daud (10 Июль 2017 - 06:57) жазган:

Негизи азыр эркектер бир аялынын көзүн карап подкаблучник болуп кетишкени үчүн, экинчи аял деген сөз аялдарды эле эмес, кээ бир эркектерди да чочутуп жатат. Андыктан сиздин реакцияңызды түшүнөм...

Анан Кудай берген уруксатты эч бир адам тыя албайт. Алчуулар мыйзамы жок эле алып жатышат. Аларга Аллахтын уруксат бергени жетиштүү. Башка өзүнө окшогон адамдардан уруксат алып отурбайт.

Ал эми аялынын такасынын алдында комфортто жашагандарга миң мыйзам чыгарып берсең деле ала алышпайт. Кудайдын уруксаты жетиштүү болбосо, анда жер жүзүндөгү 7 миллиард адамдын уруксаты да ага жетиштүү болбойт.

Анда эмне эле бул мыйзамдын кабыл алуусун каалап жатасыңр деген суроо туулушу мүмкүн. Бул мыйзам, загс, балдарга күбөлүк ж.б. мамлекеттик иш кагаздарын алууга жеңил болуусу үчүн эле керек. Андан башка эч пайдасы жок. Бул мыйзам кабыл алынаары менен эле баары экиден аял алып баштап кетүүсү күмөн нерсе.

Анткени биринчи (жалгыз) аялы, анын апасы любой мыйзамдын күчүн жогото коетСүрөт



Дауд мырза!

Аллахтын окумуно бой сунуп жашаган жакшы го, бирок мыйзамга да баш ийуу туура го деп ойлойм. Бугун Аллахтын окуму деп Афганистан, Пакистан, Иран, Саудияда адамдарды таш таранга алып олтуруп жаткан фактыларды тана албайбыз. Алардын арасынан жалган жалаа менен олтурулуп жаткандары да жок эмес. Мындайда мыйзамдын иштегени дурус эмеспи?! Мына жакында Ала-Бука, Колдо соок кордоо окуясы болуп отту, ал аялдар баптист болсо да, акыры келип адам го, айбан эмес! Ошол маселени жай чечсе болот го, соок кордобой! Бул да Кыргызстанда диний радикализм баш которуп жатканынан кабар берет. Анан мыйзамдарды аттап отуп оз билгенибизди кылуу менимче акыры-тубу жакшылыкка алып барбайт...

Бизде мыйзам иштебейт, тоок, козу уурдагандар турмодо, миллион уурдагандар бийликте, ошол учун 2 аял алгандар алып жатат, мыйзам жол бербесе да. Бирок Союз жылдары бизде 2 аял алуу деген тушунук жоюлуп, 2 аял алууга эч ким батынбай калганы да чындык. Ошол убакта мыйзам баарына тегиз иштеп, эл мыйзамды сыйлап баш ийгени да чындык. Эртен эл-журт башына темирдей тартипти карманган адам келсе, анда 2 аял алуу маселеси кандай болот деп ойлойсун, эл шариятка баш ийеби же мыйзамгабы? ! Деги эле 2 аял алуунун зарылдыгы канчалык?! Бул жерде "за и против" болуп коптогон ой-пикир, коз караштар орун алды, (Чубак ажы, Озбек ажылардын пикирлеринен тарта ушул темадагы пикирлерли жалпылап караганда) ошолорду да эске алып пикир билдире кетсен?!

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya2: 10 Июль 2017 - 14:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   sister   11 Июль 2017 - 13:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Revolyutsiya2 (10 Июль 2017 - 15:27) жазган:

Сен жогоруда жазгандай кул ээлоочулук доордон капитализмге (социализмди кошпой туралы) чейин копчулук бир ууч азчылыктын пайдасы учун иштеп келген. Азыр базар экономикасы дегенибиз да капитализм. Мына азыр да билинбегени менен бир ууч байлар учун иштеп жатабыз, керек болсо Оруссияда кыйналып иштеп тапкан акчан Кыргызстанда бир ууч байлардын чонтогуно тушот, анткени алар кожоюндук кылган магазиндерден курулуш материалы сатып аласын, алардын дукондорунон азык-тулук, кийим-кече аласын, машинене бензин куясын дегендей... Сен айткандай илгери кул ээлоочулордун да, орто кылымдагы бай-манаптардын да копчулугунун 2ден ашык катыны болгон. Шах, эмир, хандарда гарем болгон, алардын жыргалчылыгы учун деп... Ошол убакта да чон диний аалымдар болгон, бирок эч ктмиси гарем ж.б.динге каршы деп айта алган эмес, айтса балким башы кетмек балким. Мына бугун да 2-3 катын алгандар колундагы байлыгы, бийлигине чиренгендер. Карыганда тошок жаныртып жапжаш кыздарга уйлонгон Жантай чалдар! Эмнеге ошол Жантай чалдар учун мыйзам кабыл алынышы керек?!!

Сен мисалы Куловдун же Турсунбай Бакир уулунун же Мухтар Омуракуновдун биринчи аялларынан сурап кордунбу, жашоо кандай болуп жатат, куйоон мурдагыдай эле конул болобу же унутуп койдубу сени деп?! Эркек 50-60ка чыкканда жаш кыз менен "жаткысы" келсе, анын 50-60таны биринчи аялы эч болбосо озунун ошол чалы менен "жаткысы" келет. Куйоосу жаш токол алып анын "кызыгына" батып, байбичесине бир жумада бир жолу келсе келип келбесе жок журсо, анын укугун ким ойлойт, сен кийинки токолдордун укугун ойлоп жатканда?!

Мисалы Акмат бир омур тытынып иштеп байлык курады дейли, 1-2 чакан ишкана, 3-4 магазиндуу болду дейли. Аялы куйоосунун колуна кол, бутуна бут болуп экоолоп иштеп ушул байлыкты курады. Анан Акмат 60ка чыкканда жаш токол алды. Арадан 3-5 жыл отуп козу отуп кетти дейли. Ошондо силердин мыйзамынар кабыл алынып калса, Акматтын байлыгын 2 катыны тен ортодон болобу?! Калыстык болбой калбайбы сенин оюнда?! Бири куйоосу менен бир омур тытынып иштеп ал байлыкты кураса, экинчиси келип даяр оокат, байлыкка ээ болуп калса.. Турмуштан палан-тукун деп мисал келтиргим келет, айтсам админ келип банга айдабасын деп жазбадым, бирок мындай окуялар турмушта болуп жатат, токол болуп даярына келип, куйоосу олуп, анын байлыгын ээлеп калгандар... Айрым кыздар ошол максатта карыган Жантай чалдарга тийип жатканы да чындык! Буга эмне дейсин?!

Эмне демек элем " да здравствует закон!" - дейм, анткени, корсо, бул мыйзам токолдун эле эмес, байбичелелердин дагы укугун коргойт турбайбы. Абышкасы отуп кетсе мулкунун баары токолунда калбай, байбичеси дагы оз эмгегинин узурун коруп калат экен, анткени экоонун тен загсы болот жана завещаниеси жок болгон учурда, наследование по закону бар. Анан, эркектер каарыганда калжандап жаш токолду энсебеш учун, жаш кезинде эле тортооно уйлонуп алгандары он окшойт. " ойунду обоснуй?" - десениз, обоснуйтетип берейин: биринчиден, " торт аял алам, укугум бар"- дей албай калат, себеби оорун жок. Экинчиден, тортоонун торт кыялына тойуп, башка аял алууну энсемек тугул, ойунда дагы ойлобой калат болуш керек. Учунчудон, тортоо тен ыймандуу болсо жакшы, же жок дегенде бироо ыйманы кучтуу чыкса, каарыганда тестесторонун чачыраттырбай Жаратуучусу менен жолугууга даярдайттыр.
Жана сиз атап кеткен инсандардын биринчи жубайларынан сурап эмне кылам, мага алардын коз караштары кызыксыз. Алардын оз жашоосу, оз тагдырлары. Аллах мындай дейт:" кто не доволен мирским, тот не доволен Мною", аларга озулорунун абалы жакпаса, это их проблемы. Алардын айынан башкалардын бактысы байланып калыш керек бекен?!

Билдирүүнү түзөткөн: sister: 11 Июль 2017 - 13:41


brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   11 Июль 2017 - 15:55

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения sister (11 Июль 2017 - 13:40) жазган:

Эмне демек элем " да здравствует закон!" - дейм, анткени, корсо, бул мыйзам токолдун эле эмес, байбичелелердин дагы укугун коргойт турбайбы. Абышкасы отуп кетсе мулкунун баары токолунда калбай, байбичеси дагы оз эмгегинин узурун коруп калат экен, анткени экоонун тен загсы болот жана завещаниеси жок болгон учурда, наследование по закону бар. Анан, эркектер каарыганда калжандап жаш токолду энсебеш учун, жаш кезинде эле тортооно уйлонуп алгандары он окшойт. " ойунду обоснуй?" - десениз, обоснуйтетип берейин: биринчиден, " торт аял алам, укугум бар"- дей албай калат, себеби оорун жок. Экинчиден, тортоонун торт кыялына тойуп, башка аял алууну энсемек тугул, ойунда дагы ойлобой калат болуш керек. Учунчудон, тортоо тен ыймандуу болсо жакшы, же жок дегенде бироо ыйманы кучтуу чыкса, каарыганда тестесторонун чачыраттырбай Жаратуучусу менен жолугууга даярдайттыр.
Жана сиз атап кеткен инсандардын биринчи жубайларынан сурап эмне кылам, мага алардын коз караштары кызыксыз. Алардын оз жашоосу, оз тагдырлары. Аллах мындай дейт:" кто не доволен мирским, тот не доволен Мною", аларга озулорунун абалы жакпаса, это их проблемы. Алардын айынан башкалардын бактысы байланып калыш керек бекен?!


Систер!! !

Сен туз жооптон качып кыялап жонопсун! Байбиче бир омур чалы менен тен иштеп тапкан мал-мулк, байлык кечоо эле чалына тийген, ал байлыкты топтоого кымындай да тиешеси, салымы жок токол экоо ортосунда тен болунгону канчалык туура деп жаздым?!! Сенин оюнда байбиче бир омур мээнет кылып тапканынын жарымын токол тартып алса, демек ыраазы болуш керек экен да?!!

Кел эми, реалдуу турмуштан суйлошолу, 2-3 аял алгандардын 80-90%ти жашы 50дон откон сон калжандап токол алышууда, 25-30 жаш курагында эмес. Байбичесин башка болуп коюп токолу менен болууда, байбичесине жолобой койсо, анын заар тилинен да кутулат. Мына бугунку кундун реалдуулугу! Силер бул мыйзам менен байбичени, анын балдарын аттап отуп бугунку Жантай чалдар менен алардын акча, байлык учун тийген токолунун укугун коргогунар келгени акылга сыйбас жорук...

Анан сен жазган: "Ар ким оз тагдырына тан берип, ошого ыраазы болуп жашашы керек" деген да туура эмес! Сенин балдарын бир омур бир байдын мал-коюн кайтарып, жемесин угуп, иттин кунун коруп жашаса, кантип тагдырына наалат айтпай кое алат?! Бугун бир ууч жегич-бизнесмен- политикандардын айынан копчулук тышта тентип журот. Уулу же кызы чет жерден олуп келсе, ата-энеси кантип наалат айтпай тура алат тагдырга, бийликке?! ! Уул-кыздары Ррссияда айлап-жылдап журуп, бул жакта ата-энелери, жаш наристелери каза болуп, армандуу дуйно башына тушкон жаштар канча?!! Сен оз созундун салмагын ойлоп анан жаздын беле?!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Uhtishka.   11 Июль 2017 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 066
  • Катталган: 05 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МСК

<div>

Просмотр сообщения Daud (10 Июль 2017 - 06:57) жазган:


Негизи азыр эркектер бир аялынын көзүн карап подкаблучник болуп кетишкени үчүн, экинчи аял деген сөз аялдарды эле эмес, кээ бир эркектерди да чочутуп жатат. Андыктан сиздин реакцияңызды түшүнөм...

Анан Кудай берген уруксатты эч бир адам тыя албайт. Алчуулар мыйзамы жок эле алып жатышат. Аларга Аллахтын уруксат бергени жетиштүү. Башка өзүнө окшогон адамдардан уруксат алып отурбайт.

Ал эми аялынын такасынын алдында комфортто жашагандарга миң мыйзам чыгарып берсең деле ала алышпайт. Кудайдын уруксаты жетиштүү болбосо, анда жер жүзүндөгү 7 миллиард адамдын уруксаты да ага жетиштүү болбойт.

Анда эмне эле бул мыйзамдын кабыл алуусун каалап жатасыңр деген суроо туулушу мүмкүн. Бул мыйзам, загс, балдарга күбөлүк ж.б. мамлекеттик иш кагаздарын алууга жеңил болуусу үчүн эле керек. Андан башка эч пайдасы жок. Бул мыйзам кабыл алынаары менен эле баары экиден аял алып баштап кетүүсү күмөн нерсе.

Анткени биринчи (жалгыз) аялы, анын апасы любой мыйзамдын күчүн жогото коетСүрөт


Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Uhtishka.   11 Июль 2017 - 17:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 066
  • Катталган: 05 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:МСК

Биринчиден суроо сизге ;
Ошондо сиздин оюнуз боюнча эркектердин кобу ,аялынын такасынын астында журобу ??


Белгилеп отконумдой ,бул мыйзам мамлектеттик иш кагаздары учун эле керек болсо ,демек пайдасы аз эле экен .Ошол учун айтканым мен да ,Алланын закону жетиштуу эле болот.


А мен Жок !-деп да каршы чыкпаймын .Ооба колдойм !-деп да ...Копчулук кандай чечим алса ,ошого баш ийип унчукпай калчуларданмын

(Кооп кылып жаздым эле очуп кетти Сүрөт )
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Daud   11 Июль 2017 - 23:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Uhtishka. (11 Июль 2017 - 17:13) жазган:

Биринчиден суроо сизге ;
Ошондо сиздин оюнуз боюнча эркектердин кобу ,аялынын такасынын астында журобу ??


Белгилеп отконумдой ,бул мыйзам мамлектеттик иш кагаздары учун эле керек болсо ,демек пайдасы аз эле экен .Ошол учун айтканым мен да ,Алланын закону жетиштуу эле болот.


А мен Жок !-деп да каршы чыкпаймын .Ооба колдойм !-деп да ...Копчулук кандай чечим алса ,ошого баш ийип унчукпай калчуларданмын

(Кооп кылып жаздым эле очуп кетти Сүрөт )



Оюмду бир аз туура түшүндүрө албай калдым окшойт. Таканын астында деп бирден көп аял алууга каршы чыккан эркектерди айткым келген. Эки аял албагандын баарын эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   11 Июль 2017 - 23:39

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения Daud (11 Июль 2017 - 23:09) жазган:

Оюмду бир аз туура түшүндүрө албай калдым окшойт. Таканын астында деп бирден көп аял алууга каршы чыккан эркектерди айткым келген. Эки аял албагандын баарын эмес.



Бул жерде (форумда) Чубак ажыдан кийинки эле илим-билимдуу, абдан эле акылдуу, дин таанымы да, дуйно таанымы да дениздей терен деп Сиз, Дауд таксыр менен Ханиф таксырды окурмандар мактап жатса, бул жагы "мактаган кыз тойдо осураттан" болду го?!!...

Демек 2 аял алууга каршы чыккан эркектер эркек эмес, подкаблучниктер, юбкачан эркектер экен да ээ, сенин оюнда катынынан корккону учун 2-катын ала албаган?!! Туура тушундумбу? !! Бул темадагы жазылган, айтылган ой-пикирлерди жыйынтыктай келгенде, эркектер катындарынан корккон учун 2-катын алууга каршы деп тушунупсун да ээ?!! Мен сени акылы жетик, билими терен адам болсо керек деп ойлосом, 2-Атамбаев окшойсун, оозуна келгенди "балп" этип "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу" суйлосун болгон... Акылына, тушунугуно баракелде! !!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   11 Июль 2017 - 23:49

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Уккула эркектер, кыргызда эркек саналуу эле болгон экен тарыхта, калганы аялзаты менен подкаблучник эркектер болгон экен... Дауд мырзанардын (Чубак ажынын улгулуу, суйуктуу шакиртинин) ырасташынча, 2-катыны жок же 2 катын алууга каршы эркектердин баары катынынын такасы астында калган же катынынын юбкасына жашынган каблучник эркектер экен, б.а."юбкачан эркектер" !! Силер гана подкаблучник эмес, силердин атанар, алардын атасы, чон атанардын да атасы, деги койчу кыскасы бир убакта 2 катындуу боло албагандар же 2 катын алууну каалабагандар баары чыныгы эркек болгон эмес экен эле!!! Эмне дейбиз, чыныгы эркек Кулов, Бакир уулу, Озубек ажы сыяктуулар болгон болсо баракелде! !! Тизмеге Мотуевди да кошуп койгула, ал керек болсо 3-4 катын алууга да каршы эмес!....

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya2: 11 Июль 2017 - 23:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   MUHLISA   12 Июль 2017 - 00:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Просмотр сообщения Revolyutsiya2 (11 Июль 2017 - 23:39) жазган:

Бул жерде (форумда) Чубак ажыдан кийинки эле илим-билимдуу, абдан эле акылдуу, дин таанымы да, дуйно таанымы да дениздей терен деп Сиз, Дауд таксыр менен Ханиф таксырды окурмандар мактап жатса, бул жагы "мактаган кыз тойдо осураттан" болду го?!!...

Демек 2 аял алууга каршы чыккан эркектер эркек эмес, подкаблучниктер, юбкачан эркектер экен да ээ, сенин оюнда катынынан корккону учун 2-катын ала албаган?!! Туура тушундумбу? !! Бул темадагы жазылган, айтылган ой-пикирлерди жыйынтыктай келгенде, эркектер катындарынан корккон учун 2-катын алууга каршы деп тушунупсун да ээ?!! Мен сени акылы жетик, билими терен адам болсо керек деп ойлосом, 2-Атамбаев окшойсун, оозуна келгенди "балп" этип "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу" суйлосун болгон... Акылына, тушунугуно баракелде! !!!!

Сөз ээсин табат болуптур да ....Дауд байкенин билдирүүсү сиздин безиңизге сайганго ........
Бирок Дауд байке эң туура айткан, аялын акча таптыртып коюуп, камырабай жүргөн эркектерге дагы тиешелүү экен.

Билдирүүнү түзөткөн: MUHLISA: 12 Июль 2017 - 01:18

Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   MUHLISA   12 Июль 2017 - 01:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Темага тиешеси жок болсо да жаза кетейинчи (Революция байке урушпаңыз э аябай көп сөздөрүңүз менен .Негизи бул анегдот биз кыргыздар үчүн айтылган, тамаша иретинде ......


Өзбек, Орус, Кыргыз дардан башчы шайлоо болуп калат экен.Баары эле болгонго ылайыктуу экен, бирок башчы лыкка бирөө гана керек болот.
Орус улутундагылар биз бир башчыга баш иебиз деп арасынан бирөөнү тандап чыгарып коюушат.
Өзбек элинен да ары карап жаман көрүп, өзү болууну самашсада, бир башчыга баш иебиз деп арасынан бирөөну чыгарышат.
Акыркы Кыргыз элине келгенде, айттырбай дедиртбей мен чыгам деп чыга башташат.Неге сен чыгасың, мен ылайыктуумун мен кыйынмын деп бирин бирин буттан тартып, бир бирине баш ийбей,араңдан зорго бирөөсү эбин таап өзү чыгат экен.

Каерде болсун, бир бирибизди чукумай жаман жактарын гана баса белгилемей, бизге (кыргыздарга) гана тиешелүү сапат экенда.
(Сен кыргыз эмессиңби деп талап кетпегиле)

Билдирүүнү түзөткөн: MUHLISA: 12 Июль 2017 - 01:06

Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   12 Июль 2017 - 02:59

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения MUHLISA (12 Июль 2017 - 00:47) жазган:

Сөз ээсин табат болуптур да ....Дауд байкенин билдирүүсү сиздин безиңизге сайганго ........
Бирок Дауд байке эң туура айткан, аялын акча таптыртып коюуп, камырабай жүргөн эркектерге дагы тиешелүү экен.


Сен Дауддун ургаачысы экенсин, мынча болду 3-4 аял болуп тийип анан коммент жазсан жарашмак экен. 2-4 аял алууга мен эле эмес, элдин кобу каршы, эл дегенде эркек-ургаачысы аралаш. Эгер элдин баары колдоп, жалгыз мен каршы болсом бир жон, азыр кайра Чубак ажын, Озубек ажынар баш, Дауд мырза тош болуп 2-катын алууну колдогондор азчылык экенин унутпа! Анан калса подкаблучник эркектерге сенин куйоон, ага-инилерин, оз атан да кирээрин унутпа. Коомдо 2 же андан коп аялы бар эркектер жалпы эркектердин 1%тин да тузбойт. Ошону унутпагыла. .. Ошондо эркектердин 99%ти катындарынан корккондор экен да ээ, 2 катын албаган болсо?!

Мен бир нерсеге тан калам. Диний фанаттардын тушунугу, дуйно таанымы баарыныкы силерлейби же мага жалан ушундайлар туш келип жатабы?!! Дагы копту билет, илимдуу, билимдуу десе ишенип алганымды карасан.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Kg.lady   12 Июль 2017 - 13:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Бул мыйзам биздеги чиновник, депутат деген май-көл,сүт көлдүн үстүндө жашагандардын эле мүдөөсүн кандырчуле мыйзам. Анан жаш,сулуу акчага-байлыкка баарын алмашкан селкилердин гана алтын балыктан сурап алган эң ыңгайлуу шансы болуп кала берет. Мындайча айтканда Золушкалардын заманы тууйт.)) Же ойлоп атасынарбы жарым жан 2,3 баласы бар жесир, же жолдошу м-н эки айрылыш жолго түшкөн кырктын кырынан ашкан айымдардын ажаты ачылып, эркектер карамагына алып, алаканына салып бополотот деген кепилдик барбы? Жок,алар ошол бойдон эле тириликтин куржуну мойнунан түшпөй Россиялап эле жүрүшөт,журуп келген.Же базарга чыгып соода-сатык кылып наристелерин багам деп уй бетин корбой талаалап журушот. Алланын өкүмүнө каршы чыкпайм го, бирок курулай колдойм дей бергендерге таң калып бүтпөйм, кыла албаган нерсеге неге чамынып беребиз Колдойм-колдойм дей бербей, иш жүзүндө да колдогон бироо-жарым арабызда барбы? Духу, материалдык, моралдык жактан чама-чаркы жетеби? Розовый очкилерди чечип алып, коомду мындай кой,үйдөгү атмосфераны карап туруп анан жазсак. Мисалы, токол болуп жашап атам, же жолдошума токол алып бердим, биз аябай ынтымактуубуз. Жашообуз озунчоле малина деген аял заты барбы ушул жерде? Жооок, албетте.)) Же мен, бир бактысыз жүргөн жубанды бала-чакасы м-н экинчиликке алдым, анын балдарын өз балдарымдай карап жатам, байбичем экоо ынтымакта деген мырзалар барбы? Жоок.)) Иш жүзүндө кылалбаган нерсени башкаларга таңуулап кереги барбы ардактуулар? Ошон үчүн, акылыбыз жетип, кол жеткире албаган нерселерге ызылдай бербей, тиги чиновник,депутат, министир дегендерге коюп берсек. Чондор билгенин жей берсин да, и так эле жеп келген, мыйзамы жок эле.))Кудайдын сөзүн аткарам дегендер мыйзамды барактап отурабы, аткара беришет да, же кудайдын сөзүнөн да мыйзамдагы чиймелеген сөздөр маанилүүбу? Биздей карапайым калкка эмес, ошол элитанын эркекмин дегендерине гана мыйзамдуу түрдө керек,себеби байбичелердин каарынан,бала- чакасынын нааразычылык бунттарынан, элдин-ушак сөздорунон психологический калкан гана керек.))Биздин мыйзамдардын элге иштегенин качан көрдүңөр эле? Чондор учун кабыл алынган мыйзамдарды колдобой эле койсонор.Байоолуктун деле жеткен чеги барда.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 12 Июль 2017 - 20:43


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Daud   12 Июль 2017 - 21:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Revolyutsiya2 (11 Июль 2017 - 23:39) жазган:

Бул жерде (форумда) Чубак ажыдан кийинки эле илим-билимдуу, абдан эле акылдуу, дин таанымы да, дуйно таанымы да дениздей терен деп Сиз, Дауд таксыр менен Ханиф таксырды окурмандар мактап жатса, бул жагы "мактаган кыз тойдо осураттан" болду го?!!...

Демек 2 аял алууга каршы чыккан эркектер эркек эмес, подкаблучниктер, юбкачан эркектер экен да ээ, сенин оюнда катынынан корккону учун 2-катын ала албаган?!! Туура тушундумбу? !! Бул темадагы жазылган, айтылган ой-пикирлерди жыйынтыктай келгенде, эркектер катындарынан корккон учун 2-катын алууга каршы деп тушунупсун да ээ?!! Мен сени акылы жетик, билими терен адам болсо керек деп ойлосом, 2-Атамбаев окшойсун, оозуна келгенди "балп" этип "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу" суйлосун болгон... Акылына, тушунугуно баракелде! !!!!



Мынча ызылдадың? Мен теманы башынан окубадым. Убактым болгондо бир баштан аяк окуп көрөюнчу.

Каршы чыгып жаткан "эркектер" эмнеге каршы чыгып жатат болушту экен? Ошончолук эле күйүп-быша турган мен билбеген кандай себептерди билишет экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   12 Июль 2017 - 21:23

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Дауд мырза!!!

Арабдарда эмне дейт билбедим го, кыргыздарда "Озунду эр ойлосон, башканы шер ойло" деген кеп бар. Анан да "Айтылган соз атылган ок", "Намыс олумдон катуу" деген да накыл кептер бар. Акырында "Ойноп суйлосон да ойлоп суйло" , анткени "сутко оозун куйгузгон айранды уйлоп ичет" деген лакаптарды эстей жур Дауд мырза!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 23:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: