Суперстан: Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жыты канча жашка чейин сакталат? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жыты канча жашка чейин сакталат?

#1 Пользователь офлайн   Bella1   05 Июль 2017 - 03:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 505
  • Катталган: 12 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты

Негизи мага мындай суроо абдан кызык болуп жатат?!Ушул суроону көпчүлүктөн сурадым туура, так жоопту алалбадым. :) Жаңы төрөлгөн ымыркайдын өзүнчө бир башкача жыты болот эмеспи? Ошол жагымдуу бөбөктүн жыты канча жашка чейин сакталып турат?
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aijan   05 Июль 2017 - 05:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Бир гана сут эмип жургон маалында жыты кучтууроок сезилет, анан эмчектен чыкканча жыты аз да болсо сакталат. Жеке байкоом боюнча ушундай экен.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala   07 Июль 2017 - 16:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 23 Март 14
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2021 05:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ушул нерсени эч ойлобопмун. Баланын жыты кандай сонун ээ. Азыр балдарым чоңоюп калышты,эстей албайм канча жашка чейин жыты болгонун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Rozhulun   07 Июль 2017 - 17:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 150
  • Катталган: 06 Апрель 17
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 15:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Акырет жолу

Баланын жыты – бейиштин жытындай. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) Хадисинде: "Баланын жыты – бейиш жытынын бир бөлүгү" деп айткан. Бала жытын эңсеп, сагынган адам, бейиш жытын да эңсеп, үмүт кылат, бирок канча жашка чейин жыты болгонун билбейт экем... Чоң энелерден сураш керек экен )))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Marjan90   08 Июль 2017 - 10:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 249
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 11 Мар 2020 10:41

Укам балдарым кыркы ичинде жуунтпай эле коюнчу жытын кетирип койосуз дей берет эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   baktyluuluk   08 Июль 2017 - 14:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 12 Апрель 17
  • Соңку аракети: 09 Дек 2019 11:40

Менин байкашымча 2жашка чыкканча жоголотко жыты,эгерде эмген бала болсо.Себеби, менин кызым 1.6ка чыгып калды,эмет дагы эле,кичине жытынан барда(баарыбыз чон балдарым деле ааххх деп жыттап алабыз).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   leonar   09 Июль 2017 - 12:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 30 Июнь 15
  • Соңку аракети: 01 Авг 2019 13:38

4-5 жашка чейин байкашымча. Кийимдеринде да жыты болот, жыттай берчумун. Наристенин жыты, суттун жыты эмес. Суттун жыты да озгочо болот.

Билдирүүнү түзөткөн: leonar: 09 Июль 2017 - 12:03

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aygul777   09 Июль 2017 - 13:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 02 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 20:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаарым

3 жашка чейин жыты сакталса керек. 3ко чыкканда тиштеринин баары чыгып бутот, тилида так чыгып суйлоп калат го копчулук балдар.

Билдирүүнү түзөткөн: Aygul777: 09 Июль 2017 - 13:06

Аллах-кудуреттуу зат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   HanTegin   14 Июль 2017 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 451
  • Катталган: 01 Август 16
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 13:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Канчага чейин билбейм. Бирок менин 1,9дагы баламды жыты буркурак деп коем. Жыты да сонун, озу да , козу да сонун быйтык бала
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Jamalym   16 Июль 2017 - 04:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Ушул суроо боюнча уктум эле (радиодонбу бирок азыр унутуп атам).Жаш баланын жыты качан учуп кетет деп диджей суроо берип угарман "жаш баланын жыты качан биринчи жолу жалган айтканда асманга учуп кетет"деп жооп берди эле.Бирок диджей жоопту туура деп кабыл алган.Канчалык чындыгы бар бирок билбейт экем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Bella1   19 Июль 2017 - 22:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 505
  • Катталган: 12 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Фев 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты

Көпчүлүгү айтышат экен сүт эмгенге чейин деп бирок,менин эжемдин кызы 5айынан сүт эмбейт.Азыр 1жашта жыты кете элек.Ал эми 4кө кетип жатат улуусу анда уже андай жыт жоголуп кеткен. :)
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Aziyat   11 Август 2017 - 03:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 02 Июнь 11
  • Соңку аракети: 13 Янв 2021 05:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жайлоо!

Эхх...ушул балдардын жытынан,кандай сонун ырахат го жыттасаң.Ошол жыты кетпей эле койсо экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Aytur   17 Август 2017 - 09:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 28 Январь 16
  • Соңку аракети: 04 Апр 2021 01:01

3жашка чейин сакталатго менин кызым 3 то азыр бир аз бар. Балам 8 ай ой жыты магдырататго садагамдын! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Stervamyn   03 Сентябрь 2017 - 22:08

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 14 Февраль 16
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда

Эмчектен чыккыча сакталат
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Emu-Janyl   25 Сентябрь 2017 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 497
  • Катталган: 18 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Мар 2018 21:53
  • Жынысы:Аялзаты

Эжемдикине барсак эле дайым айта берет,меникине келгенде балдарыны жуунтпай алып келчи ,озунун жыты кетип калат экен деп.Чонум 3то уже андай жыт жок анда.Кичинем 1жашта ,жыты соонун.Негизи мага 5-6айлыка чейинки балдардын жыты озгочо жагат,жыттай эле бергин келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   General.kg   11 Ноябрь 2017 - 22:48

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Чынында кызык тема экен. Мен 18жашта болсом деле апам агаларым абжем баарысы тең эле жаш баланын жытындай жыттанасың дей беришет. Аллейдей жыттанасың деп %) эң кичинекейи болсом аларга ушундай сезилсе керек деп коём

Билдирүүнү түзөткөн: General.kg: 11 Ноябрь 2017 - 22:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   bibigul95   30 Ноябрь 2017 - 17:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 16 Июль 16
  • Соңку аракети: 15 Фев 2019 08:52

ТӨРӨЛБӨЙ КАЛГАН БАЛАНЫН АРМАНЫ
(автору Рахман Разыков)

"Билемин үйдөн чыктың, Врачка баратасың.
Эстээрсиң мени бир күн, Агарган кезде чачың.
Эркекмин уксаң, апа, Мен сага керек болом.
Намыска туруп берчү, Карысаң медет болом
Ырыскым Кудай берген, Бар чыгаар, кыйнабаймын.
Алдырбай төрөп алчы, Апаке, ыйлабаймын.

Агам бар бешке чыккан, Мен ага ини болом.
Атабыз башка, билем, Балаңдын бири болом.
Жүрөгүң менен сүйлөш, Ал деле кыйбай турат.
Атасыз төрөбөйм деп, Абийриң кыйнап турат.
Жашоого беш ай мени, Эмнеге жараттыңар?
Тирүүлүк ыраа көрбөй Жүрөктү канаттыңар.

Апаке, суранамын, Кеч болуп кете электе,
Бычактын муздак мизи, Жүрөккө жете электе,
Орунсуз жаңылышкан, Оюңдан кайтып кетчи?!
Колуна шум ажалдын, Таптырбай тартып кетчи?!"
Жараткан бере албаган, Жардамды кимден күтөт?
Чымындай чыркырап жан, Каңырык турат түтөп.

Бычактын курчутулган, Үндөрүн угуп жатты.
Жатында жаткан бала Ажалды туюп жатты.
"Буюрган мени өлүмгө, Апамды көргүм келет.
Бир жолу кош эмчегин, Эркелеп соргум келет.
Мен деле балага окшоп, Төрөлүп көрсөм эмне?!
Оролуп ак кепинге Адамча өлсөм эмне?!"

ЖАН АЛЧУ БЫЧАК КЕЛДИ, ТҮЙҮЛДҮ БАЛА ЖАТКАН.
ТУШ КЕЛДИ КЕСИП КИРДИ, БАЙКУШТУ АЯБАСТАН.
КҮРӨШҮП ЖАШОО ҮЧҮН, КЕСИЛГЕН ТАРТЫП ИЧИН.
КИЧИНЕ КОЛУ МЕНЕН, КАРМАДЫ БЫЧАК МИЗИН.
КЫПКЫЗЫЛ ГҮЛДӨЙ БОЛУП, БОЁЛДУ БАЛА КАНГА.
ЖҮРӨКТҮН КАГЫЛЫШЫ, УГУЛУП АНДА-САНДА.

Жатса да түйүлдүктө, Ажалга тик караган.
Абийрин сатпай турган, Айрылдык бир баладан.
Ажалдын каткырыгы, Жүрөктү тилип кетти.
Жашоонун ааламында, Бир жарык жылдыз өчтү.
Күнөөсүз периштеге, Айланган бала кетти.
Апага таарынычын, Айталбай ала кетти.

"КОШ, АПА, ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК, БАЛАҢДЫ КӨРБӨЙ КАЛДЫҢ.
ЖАРАЛЫП ЖАРЫК КӨРБӨЙ, ЖОК БОЛУП ӨЛГӨН ЖАНМЫН.
БЕЙИШТЕ, ЧЫН ЖАШООДОН, БУЮРСА ЖОЛУГАБЫЗ.
БААРЫ БИР СИЗ АПАМСЫЗ, БАР БОЛУП ООРУБАҢЫЗ"
Төрөлбөй канча балдар, Бейкүнөө шейит кетет.
Эненин таман алдын, Эмнеге бейиш дешет?

Айласыз бул кадамга, Аялды эркек түрткөн.
"Балаңдын кереги жок!" Дегенде жашоо бүткөн.
Атанын сөзү ок деп, Айтылган бир макал бар.
Баланы Кудай берген, Сактайлы биз адамдар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   sds.nurr   30 Ноябрь 2017 - 17:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 20 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 01 Май 2020 07:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ар жакта

Просмотр сообщения bibigul95 (30 Ноябрь 2017 - 11:04) жазган:

ТӨРӨЛБӨЙ КАЛГАН БАЛАНЫН АРМАНЫ
(автору Рахман Разыков)

"Билемин үйдөн чыктың, Врачка баратасың.
Эстээрсиң мени бир күн, Агарган кезде чачың.
Эркекмин уксаң, апа, Мен сага керек болом.
Намыска туруп берчү, Карысаң медет болом
Ырыскым Кудай берген, Бар чыгаар, кыйнабаймын.
Алдырбай төрөп алчы, Апаке, ыйлабаймын.

Агам бар бешке чыккан, Мен ага ини болом.
Атабыз башка, билем, Балаңдын бири болом.
Жүрөгүң менен сүйлөш, Ал деле кыйбай турат.
Атасыз төрөбөйм деп, Абийриң кыйнап турат.
Жашоого беш ай мени, Эмнеге жараттыңар?
Тирүүлүк ыраа көрбөй Жүрөктү канаттыңар.

Апаке, суранамын, Кеч болуп кете электе,
Бычактын муздак мизи, Жүрөккө жете электе,
Орунсуз жаңылышкан, Оюңдан кайтып кетчи?!
Колуна шум ажалдын, Таптырбай тартып кетчи?!"
Жараткан бере албаган, Жардамды кимден күтөт?
Чымындай чыркырап жан, Каңырык турат түтөп.

Бычактын курчутулган, Үндөрүн угуп жатты.
Жатында жаткан бала Ажалды туюп жатты.
"Буюрган мени өлүмгө, Апамды көргүм келет.
Бир жолу кош эмчегин, Эркелеп соргум келет.
Мен деле балага окшоп, Төрөлүп көрсөм эмне?!
Оролуп ак кепинге Адамча өлсөм эмне?!"

ЖАН АЛЧУ БЫЧАК КЕЛДИ, ТҮЙҮЛДҮ БАЛА ЖАТКАН.
ТУШ КЕЛДИ КЕСИП КИРДИ, БАЙКУШТУ АЯБАСТАН.
КҮРӨШҮП ЖАШОО ҮЧҮН, КЕСИЛГЕН ТАРТЫП ИЧИН.
КИЧИНЕ КОЛУ МЕНЕН, КАРМАДЫ БЫЧАК МИЗИН.
КЫПКЫЗЫЛ ГҮЛДӨЙ БОЛУП, БОЁЛДУ БАЛА КАНГА.
ЖҮРӨКТҮН КАГЫЛЫШЫ, УГУЛУП АНДА-САНДА.

Жатса да түйүлдүктө, Ажалга тик караган.
Абийрин сатпай турган, Айрылдык бир баладан.
Ажалдын каткырыгы, Жүрөктү тилип кетти.
Жашоонун ааламында, Бир жарык жылдыз өчтү.
Күнөөсүз периштеге, Айланган бала кетти.
Апага таарынычын, Айталбай ала кетти.

"КОШ, АПА, ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК, БАЛАҢДЫ КӨРБӨЙ КАЛДЫҢ.
ЖАРАЛЫП ЖАРЫК КӨРБӨЙ, ЖОК БОЛУП ӨЛГӨН ЖАНМЫН.
БЕЙИШТЕ, ЧЫН ЖАШООДОН, БУЮРСА ЖОЛУГАБЫЗ.
БААРЫ БИР СИЗ АПАМСЫЗ, БАР БОЛУП ООРУБАҢЫЗ"
Төрөлбөй канча балдар, Бейкүнөө шейит кетет.
Эненин таман алдын, Эмнеге бейиш дешет?

Айласыз бул кадамга, Аялды эркек түрткөн.
"Балаңдын кереги жок!" Дегенде жашоо бүткөн.
Атанын сөзү ок деп, Айтылган бир макал бар.
Баланы Кудай берген, Сактайлы биз адамдар!

Ушул ырды биринчи укканда козумон жаш агып кеткен эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   05 Май 2020 - 12:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения bibigul95 (30 Ноябрь 2017 - 17:04) жазган:

ТӨРӨЛБӨЙ КАЛГАН БАЛАНЫН АРМАНЫ
(автору Рахман Разыков)

"Билемин үйдөн чыктың, Врачка баратасың.
Эстээрсиң мени бир күн, Агарган кезде чачың.
Эркекмин уксаң, апа, Мен сага керек болом.
Намыска туруп берчү, Карысаң медет болом
Ырыскым Кудай берген, Бар чыгаар, кыйнабаймын.
Алдырбай төрөп алчы, Апаке, ыйлабаймын.

Агам бар бешке чыккан, Мен ага ини болом.
Атабыз башка, билем, Балаңдын бири болом.
Жүрөгүң менен сүйлөш, Ал деле кыйбай турат.
Атасыз төрөбөйм деп, Абийриң кыйнап турат.
Жашоого беш ай мени, Эмнеге жараттыңар?
Тирүүлүк ыраа көрбөй Жүрөктү канаттыңар.

Апаке, суранамын, Кеч болуп кете электе,
Бычактын муздак мизи, Жүрөккө жете электе,
Орунсуз жаңылышкан, Оюңдан кайтып кетчи?!
Колуна шум ажалдын, Таптырбай тартып кетчи?!"
Жараткан бере албаган, Жардамды кимден күтөт?
Чымындай чыркырап жан, Каңырык турат түтөп.

Бычактын курчутулган, Үндөрүн угуп жатты.
Жатында жаткан бала Ажалды туюп жатты.
"Буюрган мени өлүмгө, Апамды көргүм келет.
Бир жолу кош эмчегин, Эркелеп соргум келет.
Мен деле балага окшоп, Төрөлүп көрсөм эмне?!
Оролуп ак кепинге Адамча өлсөм эмне?!"

ЖАН АЛЧУ БЫЧАК КЕЛДИ, ТҮЙҮЛДҮ БАЛА ЖАТКАН.
ТУШ КЕЛДИ КЕСИП КИРДИ, БАЙКУШТУ АЯБАСТАН.
КҮРӨШҮП ЖАШОО ҮЧҮН, КЕСИЛГЕН ТАРТЫП ИЧИН.
КИЧИНЕ КОЛУ МЕНЕН, КАРМАДЫ БЫЧАК МИЗИН.
КЫПКЫЗЫЛ ГҮЛДӨЙ БОЛУП, БОЁЛДУ БАЛА КАНГА.
ЖҮРӨКТҮН КАГЫЛЫШЫ, УГУЛУП АНДА-САНДА.

Жатса да түйүлдүктө, Ажалга тик караган.
Абийрин сатпай турган, Айрылдык бир баладан.
Ажалдын каткырыгы, Жүрөктү тилип кетти.
Жашоонун ааламында, Бир жарык жылдыз өчтү.
Күнөөсүз периштеге, Айланган бала кетти.
Апага таарынычын, Айталбай ала кетти.

"КОШ, АПА, ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК, БАЛАҢДЫ КӨРБӨЙ КАЛДЫҢ.
ЖАРАЛЫП ЖАРЫК КӨРБӨЙ, ЖОК БОЛУП ӨЛГӨН ЖАНМЫН.
БЕЙИШТЕ, ЧЫН ЖАШООДОН, БУЮРСА ЖОЛУГАБЫЗ.
БААРЫ БИР СИЗ АПАМСЫЗ, БАР БОЛУП ООРУБАҢЫЗ"
Төрөлбөй канча балдар, Бейкүнөө шейит кетет.
Эненин таман алдын, Эмнеге бейиш дешет?

Айласыз бул кадамга, Аялды эркек түрткөн.
"Балаңдын кереги жок!" Дегенде жашоо бүткөн.
Атанын сөзү ок деп, Айтылган бир макал бар.
Баланы Кудай берген, Сактайлы биз адамдар!

Могу ырды ар окуган сайын ыйлаймын((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   aldap-saya   05 Май 2020 - 18:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Просмотр сообщения _Jalgyzym_ (05 Май 2020 - 12:49) жазган:

Могу ырды ар окуган сайын ыйлаймын((





мнеге суйгогнун жазыпы сага ыйлай турган кылып
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 01:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: