Суперстан: Келиниме кат... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Келиниме кат...

#1 Пользователь офлайн   Gulihanum   22 Август 2018 - 19:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 21 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2023 23:18
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракол

КЕЛИНИМЕ КАТ...

Бул кат сага жетет, билем, анткени гезит барат үйүңө.  Бирок ичимди өрттөгөн эскерүүлөрдөн жазсам гана арылчудай сезип жатам. Сен мындай сезимдерди деле түшүнбөйт болушуң керек деп ойлойм. …Ошол күнү атамды ээрчитип айылга жөнөдүм. Алгач оолугуп үйгө кетем деп жаткан атам айылга жакындаганда негедир тынчсызданып, башкача боло баштады. Үйгө жетип кирсек, сен эптеп учурашып, термосдо муздап калган чайды коюп, анан кошунаныкында той болуп жатканын, барбасаң болбостугун айттың. Бара бер, атамды өзүм карайм деп, кайра өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Атам сени жал-жал карап үнү чыкпайт. Эки ай шаарда жүрүп үйүн сагынган эмес беле деп ичимден ойлоном. Сен той болчу үйгө чыгып баратып кызынды жуун деп суу берип, отургузуп кеттиң. Чоң эле кыз отургандан баштап ыйлады, сооротсом эч басылбайт. Атам кошулуп аны сооротуп, жуунтуп үйгө алып кирдик. 5 бала төрөп, өзүңчө кериле басып, үйгө кожоюн болуп, атамды батырбай, сүйлөнүп, кагынып-силкинериңди кошуналардан ошондо уктум. Бир күнү баласын чыбык менен сабап кубалап урду. Атаң артынан ээрчип, урба деп жалдырап жүрөт. Ого бетер күч алып, бир топко ызы-чуу, болду деди кошуна эне. Атам кан басымы көтөрүлүп такай дары иччү. Сен аны жакшы билет элең. Билип туруп, күндө уруш баштачу экенсиң. Иним бир нерсе десе, атамды жамандап, жек көрсөтүп да коюпсуң. Дагы каякка жөнөдүңүз, отуруң үйдө деп кыйкырчу деди кийин атам. Күнүгө ызы-чуу балдарын башкарган болуп сабап, атаң кошуналарга чыгып кутулат дешти. Иним бечара Бишкекке каттап, күн-түн жолдо жүрөт. Чарчап келет да кайра кетет. Атамдын абалын көрбөйт да, түшүнбөйт да эле. Анан атам отуруп-отуруп, ооруп калып, ар кимдикине кетип калат тура. Атам сага эмес, балдарыңа үнүн көтөрүп сүйлөдү беле бир жолу, эми чыныңды айтчы? Алдынан тоок өтсө, күтүп туруп анан өтчү, койдон жоош момун киши эмес беле, же жалганбы? Бул сөздөрдү ичимден айтып, сени менен сүйлөшө берем. Түндө да түшүмдө сага айтып, ыйлап жатыптырмын. Өпкөм толуп ойгондум. Атамды эстеп сагынып, бук болуп жатам азыр.    …Өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеп, намаз окуган адам апам өткөн соң, жетимсирей түштү. Өз үйүндө чоочун болуп жашап, жатсырап, сенден жалтактап турчу. Канча жолу аны байкасак да, сени актап, балдар менен жүдөп жатат да деп түшүнүп келдик. Бирок атам жылуу сөздөн башка эмне талап кылды эле? Тынымсыз тамак тандап кыйнадыбы? Бир тамак кылып, аны 3-4 күн ысытып бергениңди да уктук. Ошо той болгон күнү келбедиң. Мен атамды карап, балдарыңа кошо тамак берип тынбадым. Телефонуңду унутуп кеткен экенсиң, чырылдаганынан карасам, апаң бир нече жолу чалыптыр. Негизи сенин колуңдан такыр телефон түшпөйт эле, азыр кантип жатасың. Мени не деп сактады экен деп көз жүгүртсөм, атым чоң болуп жазылып туруптур. Эже деп кошуп койсо эмне деп таң кала түштүм. Эртеси келип, кызыңды бир нерседен улам дагы уруп кирдиң. Жинденип, «дарымы бер, бол бат» деп кыйкырып жаттың. Кызың бир дары апкелип, сен ичтиң. Карай койсом, йодомарин экен! «Ушул дары сени тезинен тынчытмак беле, баарыбызды келесоо ойлойт окшойсуң» деп ичимден кыйкырып жаттым!  Инимди коркутуп, зобум бар экен, кысып атат деп ыйлап, догурунуп жүрүп эле 5 ти төрөп алдың го? Мейли аман болушсун, ошолор үчүн иниме сен жөнүндө бир ооз кеп айтпадым.   Эртеси жөнөйүн деп жатсам, атам жаш баладай ээрчип, кошо кетем деп туруп алды. «Качасыз эле качасыз, каякка барасыз» деп дагы кыйкырдың. Кызы келип уруш баштап кетиптир дебесин деп, сөз айтпадым. Атамды жетелеп, берки инимдикине жөнөдүк.     Ошону менен атам ал инимдикинде жашап, коңшу айылдан сөөгүн алып келдик, туурабы?  Элдер наалат  кылып жатышты сени батырбады деп…   …Атам быйыл экинчи жыл кышты көрбөйт. Кышты, карды жакшы көрчү, кар көп болсо, нан мол болот дечү. Өлөөрүндө үйгө кетем деп аябай кыйнаптыр. Сага өчөшкөн иним алпарбай өзү карап, өлүгүн айла жоктон гана алпарды.    … Азыр да кар жаап жатат. Атам карды көргөндө жаш баладай кубанчу. Анан үшүкчөөл эле. Бир жолу меникине  келип, көпкө туруп калды. Өзүнчө бөлмөгө төшөк салып берип, чыгып кеткем. Кайра бир нерсе издеп кирсем, жыйылган жүктөн бир төшөктү алып жатыптыр. Үшүдүңүзбү, дагы жабайынбы десем, мени көрүп чочуп кетти. Уурдаган жокмун, мен партиянын мүчөсүмүн… деп титиреп, калчылдап жатат. «Алыңыз, айланайын ата, ала бериңиз, баарын» деп ыйлап жаттым. Анан эстээр бекен деп, кайсы партияга мүчөсүз деп койсом, «коммунисттик партиянын мүчөсүмүн, коммунисттер төшөк уурдабайт» деп актанып, жүрөгүмдү эзди. Төшөгүнө жаткызып, «сиз жакшы адамсыз, кудайдын эле момунусуз, Алла сүйгөн адамына гана дарт берет, айыгасыз» деп колун көпкө кармап отурдум…    Айтчы, менин атамдан да момун, ак көңүл, жөнөкөй, жаш бала пейил, ичи таза барбы? Сен деле азыр муну моюнга аласың, туурабы?    Неберелерине кошулуп таттууларды жеп, чогуу телевизор көрчү. Ким кирип келсе ордунан ыргып туруп, жалтаңдап турчу. Өз үйүнөн бездиргениң үчүн, жүрөгүн зырылдатып жалтак кылып койгонуң үчүн, мен сени эч кечирбейм. Апаң жакшы аял эмес экен деп калдым. «Эмнеге силер карабайсыңар, менин кызым өлүп кетсинби» деп баарыбызга чалып кыйкырчу…   Карадык, баарыбыз кезектешип карадык, бирок өлөрдө өз үйүнөн кетпегени өмүр бою өкүндүрөт… … Апаң өтүп кетиптир, чалбадым, таба эмес, тобо, эми сен атаңа тамак жасап, нан жаап алып каттап жатыпсың. Келиниң менен иниң башка айылда экен, атаң өзү бир үйдө жалгыз калыптыр. Колуңдан келишинче кара, ата, апа деген конок эле, бүгүн бар да, эртең жок.
Мээрим Султанова
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Bazana   22 Август 2018 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Ыйлаттыго (((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Mydearzh   22 Август 2018 - 20:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Кайтар дуйно...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Merelisha   22 Август 2018 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

эххх.. таш боор,мерез адамга эртен эле келининен кайтат. Жашоо бумеранг.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   defne15   22 Август 2018 - 21:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 367
  • Катталган: 05 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 22:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сонун айылда

Кудайым баарына инсап бер. Эч ким, эч качан бироонун козун карабаса экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   LunaSun   22 Август 2018 - 22:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 16:05

Журогум канап кетти го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   vikidiki   22 Август 2018 - 22:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Журогум ооруп чыкты. Эч кимибиздин башыбызга ушундай кун туш келбесин! Ооо Аллах сактай гор! Не деген таш боордук.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   alisha00   22 Август 2018 - 22:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Эшшшшек эле экенго тазале эшек!
Кантип жүрөгү чыдады наадан десе.
Атамды эстеп жүрөгүм сыгылып кетти кийин менин иним дагы ошондой кадамга барса өлтүрүп эле таштайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Tansuluu09   23 Август 2018 - 00:08

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 12 Июл 2025 21:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

:79: :капамын:
ото таасирдуу окуя экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Feiza1982   23 Август 2018 - 00:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 24 Апрель 18
  • Соңку аракети: 05 Окт 2019 17:12

Эх жашоо жаман менен жакшы , ажал менен өмүр ээрчишип жүргөндөй кээ бир ушундай бээжай , тажаал келиндерге жакшы кайын журт туш келип. Ак көнүл, түшүнүктүү ары түшүктүү келиндерге тескерисинче кайталай канын ичкен кайын журт туш келип калат.
Ар бир үй бүлөөгө ыймандуу, акыл эстүү адамгерчиликтүү бүлөө насип кылсын Аллах
Оомийн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   bikusim   23 Август 2018 - 02:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Чон атам унутчаак болуп, эмне кылганын, жеп ичкенин унутуп калчу. Менин атамды жакшы корчу. Биздин уйдо журду ичээр суусу тугонгучо. Апам бир ооз каттуу айтпады. Жаткан жерине заара ушатып, эчнерени билбей калганда да жууп тазалап апам менен атам карады. Эчкимди тааныбай калган кезде да менин апам менен атамды таанып турчу чон атам. Чон атам каза болду. Апамы баары сыйлашат азыр. Мамуль деп койушат байкелерим. Эне атаман кийинкикилер силерсинер деп турушат. Эн негизгиси Аллахым ыраазы болсун.
Авторго сабыр тилейм. Келинигиз келининен корот. Кайтаар дунуйо деп койот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Supsuluu   23 Август 2018 - 09:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Көзүмөн жаш куюлуп окудум. Эң алгач эле өзүмдүн атамды, келиндерин көз алдыма келтирдим. Андан соң кайнатамды ойлодум. Эч кимди эчкимге көз каранды кылбасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Sonra.94   23 Август 2018 - 10:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 26 Июль 18
  • Соңку аракети: 07 Окт 2018 14:11

мен да зоп ко кымбат даарылап анан йодамарин да ичтим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Akylai_aktan   23 Август 2018 - 11:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 336
  • Катталган: 20 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Мар 2024 15:52
  • Жынысы:Аялзаты

Ушул чыгарманы бардык соц.сеттерге жуктоп койсонор болот экен."МЕН ОМУР БОЮ ОШОЛОРДУ КАРАП ОТУРА БЕРМЕК БЕЛЕМ" деп,баардык нерсеси даяр болсо да чет жакта женил жашоону каалап качып жургондорго сабак болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   CEO1   23 Август 2018 - 11:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 09 Сен 2020 19:10

Айылдын тиричилиги, кайын журттун кызматынан качып, куйоосун ээрчип Россиялап жургон келиндер толтура... Айрыкча колунда кичине баласы болуп, ошону эрмек кылып квартирада отурган кыргыз келиндери кун откон сайын кобойуудо... Куйоосу байкуш иштеп келип баарын багат, келин болсо ошол жашоосуна канааттанат. Мен куйоомо жук болуп отурсам качан акча топтоп качан айылга кайтабыз деген ой жок... Шаар коргон эчки кебетеленип, балдарын прогулкага алып чыгып жашап журушот, как будто оз уйу, олон тошогундо жашап жаткансып... Акылы жок ошол келиндердин. .... Куйоолорунун да...

Билдирүүнү түзөткөн: CEO1: 23 Август 2018 - 11:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   raia   23 Август 2018 - 12:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Кайтар дунуйо дейт...
Карыганда кайтарын коргондо озу коп кор болот.
Апам раматылык да эссиз келинден коп азап чекти.Келининиз начар уй булоодон энеси начар,кетир десе .
- Жок келинимди уч жыл котормолосом онолот деп умут кылып бирок уч жыл эмес омур бойу онолбоду.Омур откончо уй ичин тазалап,тамак бышырып нан жаап отту.Онтоп ооруп тошоко жатпады жаман келиндин заар тилинен инфарк болуп отуп кетти.Келиндин кылгандарын кийин угуп канча журогум сыздабады азыр дагы келинди эле эмес озумду да жек коруп кетем.Жангыз пешенемдеги шам чырагым,жаным апамды таштап алыс кеткениме окунуп келем.Озумду озум жедим,ичимден кан отуп турду,куйгонумдон кундон кунго чогуп бараттым.Ошондо да жылдык куну тушумо кирип балам кайрат кыл,пендеси пешенедегини корот балам кайрат кыл,пешенене тан бер балам деп атыптыр....
Мына жылдар отту баягы желмогуз келин да карыды азыр турмуштун кайтар дунуйосун коруп отурат....
Апам деп зырылдап кан какшап ыйлап атсам тоба жаман жорукту баштап эле ыйлайт,капырай жоругу жаман бул ыйы менен бироону башын жутат деген соз кулагыма угулуп,журогум сыздап кан отуп турса да соз кобойуп кетпесин деп ичимен сабыр,сабыр энем олуп деле олгон жокмун го бул бир дейди соз го деп озумду озум жубаткам.
Кайтар дуйно тез эле келип мага окшоп бир жылда ата энеси отуп кетти.Сиздики да олуптур го деген соз дилиме келсе да тилиме чыгара албай ичимен сызып кала бергем.
Мына кайтар дунуйо...
Балдарынан кыздарынан коруп отурат,эл журтан чыгып отурат.
Бир кезде чебердин уйу болуп уйу толо сайма,терезеси толо кроватары толо сайма эле.анын бири жок.уйу толо курак тошок эле азыр анын бири жок.Китьеп суйгон жан эле этажарка толо китеп эле печкага тутангыч болуп жок болуптур.Гул суйгон пенде эле терезеси толо гул эле,короосу толо гул эле. аттин анын бири жок.Мен бала кезе тереземин тубундо бир туп сирен бар эле жыты анкып портучканы ачсам уйго чейин кирер эле.Ал бакыйган бак болуп жазда шактап гулдоп турар эле.
Аттин ошон учун келиним эстуу болсо,узулгонду улаган,чачылганды жыйнаган деп кайненелер бекер тилек кылбайт экен да...
Эси бар келин турмуштун туткасын бекем кармап,бар нерсени ашырып кетет тура..Эссиз келин болсо барды жок кылып,бир тууганды туш тарапка таратып турмушту уламак турсун чачып ийет тура.тарбиясыз кыздарын,балдарын остуруп тукум курут кылат тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Miladora   23 Август 2018 - 13:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 03 Февраль 18
  • Соңку аракети: 15 Фев 2019 17:54

Кудайга шүгүр элемин Рая апаңар бир нерсе десе эле өзүнүн историясын айтып киреткоо өзүн Курманжан Датка элестетет окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   CEO1   23 Август 2018 - 14:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 09 Сен 2020 19:10

Просмотр сообщения Miladora (23 Август 2018 - 13:52) жазган:

Кудайга шүгүр элемин Рая апаңар бир нерсе десе эле өзүнүн историясын айтып киреткоо өзүн Курманжан Датка элестетет окшойт



Сен ошондой боло аласынбы жокпу убакыт корсотот... Историясы башкаларга сабак боло турган история... Ар дайым чындыкты айтып туура жолду корсоткоеу учун да копчулук жакшы корот ал энени...

Ал эми сага окшогондор жаман корсо оздорунун проблемасы. ..

Билдирүүнү түзөткөн: CEO1: 23 Август 2018 - 14:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Miladora   23 Август 2018 - 15:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 03 Февраль 18
  • Соңку аракети: 15 Фев 2019 17:54

Өз ата энеңердин историясын угуп олтурсаңар алардыкы деле ушундай эле ушу айткан сөздү апаңар деле айтат просто аларга маани бербейсиңер ушуга келип эле ушу силерге тарбия берип аткандай жалпаңдайсыңар

Билдирүүнү түзөткөн: Miladora: 23 Август 2018 - 15:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sonra.94   23 Август 2018 - 15:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 26 Июль 18
  • Соңку аракети: 07 Окт 2018 14:11

Рая эжеге майдай жактыго бул тема.
Тамаша бирок келиндерге кайнене кайнатага деги эле адам заттын баарына ыйман ынсап боорукерлик берсин Аллахым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 23:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: