Суперстан: Шайлоо-2017. Кыргызстандын 5-президенти ким болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2017. Кыргызстандын 5-президенти ким болот? Кыргызстандын жакынкы 6-7 жылдагы тарыхын ким калчайт?

Сурамжылоо: Шайлоодо кимге добуш бересинер? (86 пользователей проголосовало)

Шайлоодо кимге добушунарды берип колдойсунар

  1. Бабанов Омурбек Токтогулович (28 голосов [32.56%] - Просмотр)

    Процент голосов: 32.56%

  2. Жээнбеков Сооронбай Шарипович (9 голосов [10.47%] - Просмотр)

    Процент голосов: 10.47%

  3. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (49 голосов [56.98%] - Просмотр)

    Процент голосов: 56.98%

Голосовать

#41 Пользователь офлайн   Eldiar_   30 Июль 2017 - 00:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 126
  • Катталган: 07 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Июл 2017 00:13
  • Жынысы:Эркек

Эгер таза шайлоо болсо 100% Адахан
Мадумаров президент болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Taranchy   30 Июль 2017 - 02:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Жэээнбековду Атамбаев түртүп жатат. Бирок ал тышкы саясатты кандай жүргүзө алат? Анткени бул негиздүү фактор, мамлекеттин имиджин өзгөртүп, инвестиция тартып келүү, көп вектордуу саясат жүргузүү. Бул жагынан алып караганда Жээнбековдун салмагы жеңил. Ал эми ички саясатта анын артында бийликтин даамын татып калган бир туугандары бар, Жээнбековдор кланы. Азыр бул мырзанын пайдасында бийликтин колдоосу, Өзүнүн жана анын артында турган кландарга таянуу. Түштүк калкы басымдуулук кылгандыктан алардын көп колдоосуна ээ болуу.. Бул жагынан да артыкчылык бар. бирок бара бара Бакиевдик кланга окшошуп кетет дегендер да четтен чыгат жана андай шектенүү дагы жөн эле эмес. Айтылгандардын баарын эске алганда Жээнбековдун азыркы упайы 55 % .

Бизнестин тилинде айтканда Бабанов да реалдуу конкурент . Экономикалык көрсөткучтөргө таянып, аларды каражат менен % менен эсептеген бул мырзанын экономиканын тилин жакшы билгендиктен анын саясатына суроо талап бар. Кыргыз ищкерлери аны шайлоодо ишенимдүү өнөктөшү боло алат. Бизнесмен байкебиздин дагы бир таянычы соц тармактар. Анын бул жаатта дагы алгылктуу активдешүүсүн көрүүгө болот. Бирок бул мырзабыз да буга чейин жооптуу кызматты аркалагандыгы үчүн чулгандуу таржымалы бар. Каралообуу же чыныгы жорголорбу айтор, жорголордун артынан жооптуу кызматтан кол жууган жайы бар. Өзүнүн тажырыйбасына билимине таянып, тышкы саясаттын тамырын тарта турган болсо анда ийгилик жылмаят. Анткени Кызыл Сарай менен Ак Үйгө жолду салууда туура кадам таштоо керек.
Бул адамга 70 % ишеним бар.


Мен жеке оюмда ушул эки адамды шайлоо жарышындагы алдыңкы эки жорго деп эсептейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   King_Messi   30 Июль 2017 - 08:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 25 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 29 Май 2018 15:13
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ак- Суу

Мадумаров
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   CEO   30 Июль 2017 - 13:54

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Просмотр сообщения Taranchy (30 Июль 2017 - 02:11) жазган:

Жэээнбековду Атамбаев түртүп жатат. Бирок ал тышкы саясатты кандай жүргүзө алат? Анткени бул негиздүү фактор, мамлекеттин имиджин өзгөртүп, инвестиция тартып келүү, көп вектордуу саясат жүргузүү. Бул жагынан алып караганда Жээнбековдун салмагы жеңил. Ал эми ички саясатта анын артында бийликтин даамын татып калган бир туугандары бар, Жээнбековдор кланы. Азыр бул мырзанын пайдасында бийликтин колдоосу, Өзүнүн жана анын артында турган кландарга таянуу. Түштүк калкы басымдуулук кылгандыктан алардын көп колдоосуна ээ болуу.. Бул жагынан да артыкчылык бар. бирок бара бара Бакиевдик кланга окшошуп кетет дегендер да четтен чыгат жана андай шектенүү дагы жөн эле эмес. Айтылгандардын баарын эске алганда Жээнбековдун азыркы упайы 55 % .

Бизнестин тилинде айтканда Бабанов да реалдуу конкурент . Экономикалык көрсөткучтөргө таянып, аларды каражат менен % менен эсептеген бул мырзанын экономиканын тилин жакшы билгендиктен анын саясатына суроо талап бар. Кыргыз ищкерлери аны шайлоодо ишенимдүү өнөктөшү боло алат. Бизнесмен байкебиздин дагы бир таянычы соц тармактар. Анын бул жаатта дагы алгылктуу активдешүүсүн көрүүгө болот. Бирок бул мырзабыз да буга чейин жооптуу кызматты аркалагандыгы үчүн чулгандуу таржымалы бар. Каралообуу же чыныгы жорголорбу айтор, жорголордун артынан жооптуу кызматтан кол жууган жайы бар. Өзүнүн тажырыйбасына билимине таянып, тышкы саясаттын тамырын тарта турган болсо анда ийгилик жылмаят. Анткени Кызыл Сарай менен Ак Үйгө жолду салууда туура кадам таштоо керек.
Бул адамга 70 % ишеним бар.


Мен жеке оюмда ушул эки адамды шайлоо жарышындагы алдыңкы эки жорго деп эсептейм.



Комменттеринден экономиканы тушунгон жайын бар. Университетте инвестиция олкого зарыл, олконун макро корсоткучтору ал бул деп окутушат да. Эми сен жооп берчи, инвестиция деген эмне озу, биздин экономикага инвестиция салган инвестордун куткону эмне, андан биздин олкого пайдасы эмне, анан да биздин олкодогу коррупциялык шарттын таасири эмне жыйынтыкка туртот деп...

Чет олколук инвестицияга турктордун Кока-Кола заводун мисал кылалы, бул заводду инвестиция салып турктор ачкан, завод жетекчилиги турктор, калган 90-95% жумушчу жергиликтуу жумушчулар, кыргыз, орус ж.б. Компания чыгарган товар Кыргызстандын спросун кандырып, андан тушкон акчанын бир болугу ошол компанияда иштеген жумушчуларга маяна болуп берилет. Бирок айтып коеюн, турктор эшектей иштетип, элдин ортосу маянаны берет, жумушсуларды кетирбей кармап турууга жете турган. Калган кирешеси салыктан артканы Туркияга агат, башкача айтканда сен кочодон 50 сомго бир кола же фанта алсан, анын 20-30 сому Туркияга болгон сенин салымын... Чет олколук ишкер келди, бизнесин туртоп, иштетип койду, эми элдие акчасы анын чонтогуно шынгырап куюлуп жатат....

Ал эми тышкы инвестициянын басымдуу болугу тустуу металл (алтын-кумуш) болгон тоо-кен тармагына жумшалып жатат. Кумтор баш болгон жуздогон ири жана майда компаниялар. Канадалык, кытайлык, турктордун, орустар, казактар, еврейлердин компаниялары. .. Алардын баары эле алтын-кумуш казып ташып жатат, алардан олкого пайдасын корбой турабыз... Окмоттун цифраларына ишенбей эле кой, ал цифралар чындыкты чагылдырбайт. ..

Ошондо сен куткон инвестициялар ошолбу, эмне кереги бар ошондой инвестициялардын? !! Центерра Кумтор кенин ишке киргизуу учун жарым миллиард долларга жетпеген акча киргизип (анын басымдуу болугу кредит болгон) ал акчасын 2-3 жылда эле кайтарып алды. Ошол убакта Акаев тыштан миллиарддап карыз алып жаткан, ошол карыздардын бир болугуно Кумторду мамлекет озу иштетсе болот беле?! Кумтор эле эмес, бардык алтын-кумуш кендерин Окмот озу иштеткени дурус эмес беле, биздин алтындар башка олко бизнесмендеринин колуна тушкучо?!! Ансыз да ошол тармакта иштегендердин 90-95%ти жергиликтуу жумушчулар, алар тиги канада, кытайлары жок эле оздору иштей алышат...

Бабанов мыкты бизнесмен, бирок бул бизнесинин артында Акаев доорунан бери келген чон махинациялар Бабановго бугунку байлыкты алып келгенинен кабарын жок го сыягы, же Бабанов ушул байлыкты адал бешене тери менен чогултту деп ойлойсунбу? !!! Бабанов бийликке келсе эмне озгорот айтчы билсен, мамлекеттин эсебинен завод-фабрика курат бекен, эмне кылат экен?!! Баьанов ар шайлоодо убаданы мол берет да, бийликке келгенде унутуп калат, калп болсо айт...

Анан калса качанга чейин орустардын Кызыл Сарайы менен америкалыктардын Ак уйунон жардам кутуп жашайсынар? !! Эмнеге Кыргызстан оз алдынча онугууго аракеттенбейт? !!

Кыскасы сен атаган 2 талапкерин да элди эмес, оз чонтогун ойлогон кит-коррупционерлер. .. Алар бийликке келсе, элдин жашоосу онолот деп кутуу - бул орундалгыс кыял бойдон кала берет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Keo   30 Июль 2017 - 14:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 01 Январь 14
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 23:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кербен

Адахан бийлик торосу болмойунча кыргыз эли онойчулук менен онолбойт. Булакты башынан тазаламайынча ылайкы боло беретдеген эмесби. Кантседа Адахан Кимсанбаевич кыргыздын философиясын терен тушунгон мыкты саясатчы деп эсептейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Taranchy   30 Июль 2017 - 16:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Ар ким оз оюн жазууга айтууга билдирууго укуктуу. Сенин романынына жооп берем деп мен да роман жооп жазып отурбайм. Кыскасы мен эчкимге тарткан жерим жок. Баарын убакыт корсотот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Rinatik94   31 Июль 2017 - 23:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Просмотр сообщения Rinatik94 (28 Июль 2017 - 10:52) жазган:

"Улбуротуп Жээнбековду шайлап коюшпаса болду эми..", "А" дейбиз, "б" дейбиз Жээнбеков баары бир президент болот шекилдуу" , "Мырза Жээнбеков таза шайлоосуз президенттик тактыны эч качан корбойт." Коомчулукта ушуга окшогон ар туркун терс пикирлер болуп жатат, негизи эле Сооронбай Жээнбековду озунун жердештери анан окмот колдобосо, копчулук жаштар Бабановду, калган баардыгы Мадумаровду колдоп жаткандай туюлду. Мен муну ар кандай сайттардагы, гезит-журналдардагы элдердин ойлоруна таянып айтып жатам. Кыскасы, Жээнбеков болсо, же чон революция болот, же кайран кыргыз элим алты жыл тиштин кирин соруп жатканга мажбур болот.
P.S. , Жеке мен Мадумаровду колдойм.


Кошумчалап кетсем, жогоруда бир замандашым айткандай, Жээнбековдун талапкер катары суурулуп чыкканына кубанса да болот, анткени аны жаман коргондор "иттей" коп болуп жатат барган сайын.)
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   mr.ulan89   01 Август 2017 - 07:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 25 Фев 2024 02:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Biwkek

Ээээ салам айтам баарыңа.
Каарыңа да жашыңа.
Саламдашып олтурам
Амандык тилеп алтын башыңа.

Жеримде мына башталды.
Шайлоонун ат майданы.
Ат чабышып лидерлер.
Элимди алдай баштады.

Алардын бири Жээнбеков Сооронбай.
Президентом будет выбирай не выбирай.
Эшикке чык деп кууп чыгат баарыңды.
Эркегин да аялын да эч кимисин аябай.

Дагы бирөө Темир Сариеп.
Оштукту бөлөт сартсың деп.
Атынан давно түшсө да.
Ээрдин кашын койбербейт.

Бабанов койду бул да чын.
Миллионду чачат тымызын.
Дагы баштайт кредитин.
Бешке түшүрүп жылдык пайызын.

Теке болсо камакта.
Ал да коёт заматта.
Койбой карап турабы.
Өчү болсо Алмазда.

Забор ашкан Ташийип.
Ал да чыкты ат минип.
Кошулуп дагы бирөөгө.
Алданып калба гайшийип.

Мадумаров сөздү өлтүрөт.
Монолог айтат көркөмдөп.
Жадабаган неме экен.
Маарага жетпей жөткүрөт.

Кыскасы бирин да көзгө илбедим.
Татыктуусу барбы билбедим.
Баягы бойдон калат баягы.
Койчумандын таягы.

Ошон үчүн элим карагын.
Чечилет сенин тагдырың.
Биртике пулга алданбай.
Татыктуусун тандагын.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Lion.   01 Август 2017 - 12:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 785
  • Катталган: 08 Февраль 16
  • Соңку аракети: 06 Янв 2020 20:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бабанов
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Taranchy   01 Август 2017 - 12:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Май 14
  • Соңку аракети: 02 Дек 2021 11:17

Талапкерлердин саны 59 га жетиптир. Бул эмне дегенди билдирет? Албетте эркин коомбуз кыргызстандын ар бир жараны президент болууга укуктуу. Бирок тизмени карап корсон жумушу жогу пенсионери дагы башка эч ким билбеген аттар журот. Бул биздин атын чыкпаса жер ортто болуп башкаларга уят болгонубуз. Кыргыз саясатына болгон коомдун мамилеси, эн жогорку кызматка болгон саясий маданияттын томондугу. Америка Россия сыяктуу чон чон олколордо мындай жарышка 10го жетпеген эле адам чыгат. А биздечи ... чет элдик бироо сурап калса уяласын жооп бергенден. Ошол чон олколордун 1 областы же штатына тен келбейт а бирок мен башкарам деп 59 адам катталат. Албетте уят!

Ал эми салмактууларын карап корсон 10 дон ашып ашпаган адамдар. Бир партиядан чыккандар же мурдагы оноктош кызматташтар. Бири бирине атаандашып жеке амбициясын коргогондор. Эл ишенимин артып турган бул адамдар оздору менен кошо элди да талаш тартышка салууда. Ушундан коро оз ара кенешип, 2 же 3 адамды алдыга чыгарса жакшы болмок. Шайлоочуларга да женил болот эле бул мындай тиги андай деп 10 кишини ойлонбой. Бул дагы ошол чондордун оздору тузгон саясий маданияттын томондугу. Эми эмне дейбиз Кудай таалам кыргызга татыктуусун тандасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Edward.14   01 Август 2017 - 13:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 782
  • Катталган: 12 Август 16
  • Соңку аракети: 04 Янв 2022 16:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Барселона(Камп Ноу)

Просмотр сообщения Lion. (01 Август 2017 - 06:16) жазган:

Бабанов

Акчадан бердиби анан досум
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   admin_superstan   01 Август 2017 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

mr.ulan89 , теманы толуктап жазыңыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   CAAT   01 Август 2017 - 14:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 01 Апрель 16
  • Соңку аракети: 20 Май 2021 15:14
  • Жынысы:Эркек

Уят эле депутаттыка коюп аткандай коюшуп ататго тангоруууСүрөт .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   CAAT   01 Август 2017 - 14:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 149
  • Катталган: 01 Апрель 16
  • Соңку аракети: 20 Май 2021 15:14
  • Жынысы:Эркек

Хе, 59уна да чыгарып кой бир жолу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   CEO   01 Август 2017 - 15:23

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Просмотр сообщения CAAT (01 Август 2017 - 14:28) жазган:

Уят эле депутаттыка коюп аткандай коюшуп ататго тангоруууСүрөт .



Озу куроого миллион талап кылуунун ордуна жалпы шайлоочулардын 3%тинин же 100 мин шайлоочунун колдоосуна ээ болгон адамдарды гана талапкер деп арызын кабыл алганда, бугунку артында 5 шайлоочусу жок, эл дурбосо эшек дурбойт болуп талапкерликке арыз бергендер болбойт эле......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   mr.ulan89   01 Август 2017 - 21:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 25 Фев 2024 02:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Biwkek

Шайлоо жайлоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   crazyloop   02 Август 2017 - 19:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 961
  • Катталган: 28 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 23:48
  • Жынысы:Белгисиз

Талапкерлердин арасында алтоосунун (6)(адашпасам эгер)жогорку билими жок дейт го. Шумдугун кургур!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 00:27

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Кайсы бир форумчу президентке импичмент жарыялайлы, ошол учун кол топтойлу деп жургон.

Мен болсо бир жылдан бери какшанып келем, учурдагы бийликти эл которулуп алмаштырмайын башка бир жепжутар келет эл башына деп... Айрыкча былтыркы референдумдан кийин 2017 кузундогу президенттик шайлоонун таза болоорунан умутунорду узгуло деп айтып эле келемин. Эсинердеби, элдин копчулугу коеституцияны озгортууго каршы эле, бийлик болсо элдин копчулугу конституцияны озгортууну колдоп берди деп элдин оозун Ошко каратты... Эртенки шайлоодо Атамбаевдин бул фокусу кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат?!!

Азыр "эртенки шайлоо таза отобу?" деп сурамжылоо жургузчу болсом, элдин басымдуу болугу "ЖОК" деп жооп берет. Эми ото эле оптимисттер же Бабанов сыяктуу бийликтин адамдары бийлик таза шайлоо откорооруно ишенемин деп айтышы мумкун. Бирок эл таза шайлоо отооруно ишенбейт... Ошондо эл эмнени кутуп жатканы тушунуксуз. Эртен шайлоонун эртеси Атамбаевдин бийлиги, Атамбаевдин чонток БШКсы, Жээнбеков шайлоонун биринчи турунда эле элдин 52%(же 55, 58, 60) добушун алып женишке жетишти деген созун уккусу келип жатабы?! Элдин копчулугу Мадумаровду колдогону менен, бийлик Жээнбековду женуучу деп жарыялаары кутулуудо, Садыр Жапаровдун соттук ишине окшоп... Сот прокуратура Садыр Жапаровдун куноосун мойнуна кое албаса да, аны актаган 10-20 кубонун корсотмосун эске албастан, бийликтин корсотмосун аткарып, ыйманын саткан 1-2 Жапаровду ак жеринен каралаган кубонун корсотмосуно таянып, Атамбаевдин "чонток" соту Жапаровду куноолуу таап, абакка кесет деп айттым эле, бугун дал ошондой болду. Эртен шайлоо да административдик ресурстар колдонулуп, шайлоо комиссиялары бийликтин талапкери учун иштеп, шайлоо жыйынтыктары бурмаланып Жээнбековду президент деп жарыялашат. Биз ошол кунду кутуп жатабызбы?! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   CEO   03 Август 2017 - 01:24

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 17:07

Мен бардык болбосо да копчулук мигранттардын атынан кайрылып кетейин. Биз 2017-жылдын кузундо отуучу шайлоодон чон умут куткон элек, акыры эл куткон адам, эл уулу олко башына келип эл учун ак кызмат кылып, олкону бугунку саздан сууруп чыкса, элдин жашоосу онолсо, мигранттар оз Мекенине барып иштесе, жашаса деген тилек менен..

Кыргызстанда жашоо бийликтеги бир ууч жепжутардын айынан жакшы болбой, эмгекке жарамдуу жаштарыбыздын жарымы ботон жерде, жат элде кор болуп тентип жургону чындык. Алардын айрымдарынын ата-энеси алыстагы уул-кызын корбой арманда козу отуп бул дуйно менен коштошуп кетип жатат, канчалаган жаш улан-кыздар чет жерде каза болуп, соогу коп кыцынчылыктардан сон Мекенге жетип отурат... Канчалаган ата-эне карып белден куч кетип ал-кучтон тайыган убакта небере багып, уй тиричилиги менен алпурушуп келе жатат. Алыстагы уул-кызын ойлоп сагынып, жол кутуп жашап келет. Канчалаган жубайлар бир-бирин жылдап корбой кун санап кутуп келет, алардын миллиондой уул-кызы, бал тилдуу наристелери ата-эне мээримине зар осуудо. Мигранттар олкодо жашоо онолсо, Мекенине, Ата-Журтуна биротоло кайтып, оз эли-жеринде, Ата-Конушунда жашасам, иштесем деп ниет кылат, ата-энем карыганда колунан ишти алып торго отургузуп сыйлап кызматын кылсам, уул-кыз, кичинекей наристелеримдин кулкусуно тое тое, аларды ата-эне мээримине зар кылбай, мандайында болсом деп тилек кылат...

Ал эми бийлик мигрантардын коптон куткон бул кичине бактысын, умутун ойлогон жери жок, алар элдин камын корбой оз чонтогунун камын коруудо... Эртен оз аламын такка отургузуп кайра эле элди, казынаны тоноону коздоодо. Бирок бул жолу шайлоо ыплас отуп бийликтин адамы президент болуп жарыяланчу болсо, Мырзакматов куугунтукта, Жапаров корлук коруп турмодо калчу болсо, эл, анын арасында мен тек карап турбастырмын. .. Бул кун алыс эмес, ук бийлик!! ! Акыры сенин да ырын бутот, ошону унутпа!! ! Акыры чындык, адилеттуулук женип, Мадумаров, Мырзакматов, Жапаров элдин эртени, келечеги учун ак кызмат кылаар кун келээрин да унутпа!! !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   arawan   03 Август 2017 - 02:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 23 Апрель 16
  • Соңку аракети: 21 Сен 2021 14:41

мадумаров дейсинер мадумаров не кылды ал да убагында иштеген мадумаровду таластан бир да адам колдобойт келсе кууп жиберет бул бакиевди алып келем деген тили эле укмуш макалдап баарын жибитет жапаровдун да куноосу бар жок эмес чын ошондо каптагевди кугунтукка алышкан мырзакматов болсо качып журот ак болсо коркпой келип талапкерлигин койбойт беле кыргыз эли учун куйсо неге качып журот бир былыгы бар да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 10:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: