Ар бир адам жаш курагына карабай, өз деңгээлинде жараша ар кандай бийиктиктерди багынтып, ийгиликтерди жараткан болсо керек. Бирөө үчүн бактылуу үй-бүлө куруу башкы максат болсо, башкасы акыл-эстүү бала тарбиялап өстүрүү, кээ бири үчүн көп маяналуу же престиждүү жумуш ордун ээлөө, бизнес ээси болуу, эң алдыңкы окуу жайга тапшыруу, тил үйрөнүү, чет өлкөнү көрүп келүү, айта берсе түгөнбөйт эмеспи. Башкача айтканда, алдыга койгон максаттарыңызга кантип жеттиңиз. Балким буга өжөр мүнөзүңүз, же болбосо башка бир адам себепчи болгондур? Же жөн гана туура жерде, туура убакытта болуп калдыңыз беле? Келгиле, ошол сиз каалаган, кыялданган ийгиликти кантип багынттыңыз,
ошол жөнүндө баарлашалы (кененирээк токтолсок абдан сонун болот). Балким дал ошол сиз айткан окуя же ИЙГИЛИК СЫРЫ башкаларга үлгү, сабак болоор.
Форумда жаштар көп экендиги анык. Алар үчүн сиздин бийиктикке карай кеткен жолуңуз, ал учурда оорчулуктарды кантип жеңе билдиңиз, мүчүлүштүктөр,
тоскоолдуктар,
мунун баары аз да болсо тажрыйба болоор.
Баракча 1 - 1
Ийгилик сыры Биздин жетишкендиктер
#2 05 Июль 2017 - 08:38
Эң сонун идея.. Ийгиликтүү адамдар ийгтлигиниздер менен бөлүшө кетсеңиздер
#3 05 Июль 2017 - 10:38
Ийгиликтуу адам ийгилигин болушбойт бироо менен "эмне укканынды эсте,бирок билгенинди баарына айта бербе" деген созго таянып.
#4 07 Июль 2017 - 12:27
"Жашоо эмне, кантип жашап, кантип выживать этиш керек" деген сыяктуу ойлор окууну бүткөндө гана келди. Ага чейин мектепте мыкты окусам да, эч нерседен капарым жок кадимки жашоо эле. Ар дайым чечимди өзүм чыгарып, каалаган нерсемди кылчумун. Албетте, ата-энем да кеңешин аябайт. Бирок акыркы чечим менде болуп, алардан "кызым, жакшылап ойлон, кийин өкүнүп калбагандай болсон болду. Биз сени кандай учур болбосун колдоп турабыз" деген сөздөрдү укчумун. Бардык абитуриенттер сыяктуу эле окуу жай тандоо оңойго турган жок. Ошентсе да өз кыялдарымды ишке ашыруу максатында туризм тармагына тапшырдым. Май, июндарда ата-энесин ээрчиген жаштарды көп көрөт эмеспизби. Аларды көрүп, эмнеге меникилер жанымда жок, эмнеге мени жетелеп алып барып, бир окууга киргизип коюшпайт деп капа боло да түшкөм. Азыр ойлосом, турмуш жолуна өз алдынча болууга үйрөнсүн дешкен го. Көпчүлүк учурда көк беттигим менен каалаганыма жетем. Билбейм жакшыбы же жаман сапатпы? Бирок көп учурда жардамы тийди. Жолум болбой баратса да көгөрүп, "мен жетишим керек, колумдан келет" деп өзүмдү күчтүү сезип алчумун. Анан да апамдан калса керек, китепти көп окудум, тарбия, жашоо-турмуш,
маалымат, деги эле көп нерсени ошол китептен үйрөндүм. Азыр болсо чет жакта өз кесибим менен иштеп жатам. Жаштын тилегин берет экен. Кыялдарымдын көбү ишке ашып келет, Жаратканга миң мертебе ыраазымын. Ата-энемдин тарбиясы, өзүмдүн айтканымдан кайтпагандыгым ийгилик дебесем да жакшы жашоо үчүн чоң салымын кошту.
#5 07 Июль 2017 - 23:17
Meeri777 (07 Июль 2017 - 12:27) жазган:

Эхх.. Менде сиздикиндей көк беттик жок да..((
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 18 Июль 2017 - 15:07
Кирип окуй калайын десем эч нерсе жок го... Форумдагылар эч ким ийгилиги менен бөлүшкүсү келбей жаткан го?
Баракча 1 - 1