Суперстан: Өлүмдөн коркпогон адам барбы? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Өлүмдөн коркпогон адам барбы? Смерть!

#1 Пользователь офлайн   wumida   05 Август 2011 - 00:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Салам Кыргыз Элим! Келгиле олум,ажал жонундо соз кылабыз. Олумдон кимдер гана коркпогон,тарыхта калган инсандар,ааламды багындарган Чынгызхан,Македонский же карапайым адамдар. Ар бир адамдын башына келген ажалды Ким кандай элестетет? Ким канча жыл жашагысы келет? Биздин арабызда барбы ажалдан коркпогон?Лично мен корком! Силер да ачыгын жазсанар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Evelet   05 Август 2011 - 01:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

baarybyz bir kunu olobuz, anan anyn emnesinen korkosun. Meni azyr alsa dele kete berem. Kudaidyn jazymy da bul.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Таллас   05 Август 2011 - 01:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Өлүм коркунучу - адамдын жашоосундагы эң чоң коркунуч; "ал - бардык коркунучтардын себеби", - деп да айтышат. Бирок, өлүм табигый кайтарылуу болсо, анда неге адамдар андан коркушат болду экен?

Көрсө төмөнкүдөй себептер бар тура:

1) Жашоонун токтошу;
Аллах жердеги жашоого өзүнө тартуучу сапат берген. Именно ушуга адам тартылат, азгырылат. Анда адам бекем жармашуучу нерселер көп. Жашоодо адамдын рухуна кирип алып анда бийликке өтүп алган көптөгөн ырахаттар, каалоолор, пайдалар бар. Дал ушул нерселерден, б.а., жашоонун ырахаттарынан адам аз мөөнөткө болсо да алыстоосу ага ыңгайсыздык, коркунуч алып келет. Үй-бүлөдөн, достордон алыстоо, байлыктан кол жууп калуу адамды тынчсыздандырат. Өлүм болсо дал ушул нерселерди алып алат. Алганда да баардыгын бир көз ирмемде. Мына ошондуктан адам баласы өлүмдү жек көрөт жана андан коркот.

2) Адамдын өлүм алдындагы алсыздыгы;
Адам башка коркунуч, апааттардан буйтап кетиши мүмкүн, бирок, өлүмдөн эч качан, эч убакта качып кеткен инсан болгон эмес. Аллах аларга өлүмдү жиберүү менен адамдардын Анын, алардын Кудайынын алдындагы алсыздыгын, күчсүздүгүн эскертип турат.


Аллах айтат: "Эгер силер чындыкты сүйлөсөңөр, анда өлүмдү өзүңөрдөн алыстатып алгылачы?! "
[Куран, 3-сүрө, 188-аят]

"Силер кай жерде болбогула, ал тургай бийик-бийик мунарага чыгып жашынсаңар дагы силерге өлүм жетет" [Куран, 4-сүрө, 78-аят]

"Айткын: "Силер качып жүргөн өлүм баары бир силерге жетет, анан силер ачык жана жашыруунду билген Затка кайтарыласыңар. Анан ал силерге эмне кылганыңарды айтып берет""
[Куран, 59-сүрө, 8-аят]

Бул жалган дүйнөдө өлүм келбеген жер жок. Өлүм келгенде эч бир дары, эч кандай дарыгер жардам бере албайт. Ушул айкын нерселерди билип турса деле, адам баары бир өлгүсү келбейт. Ошондуктан, канча кылымдан бери "Өлбөстүктүн эликсирин" издеп суй жыгылууда.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Август 2011 - 02:14

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Таллас   05 Август 2011 - 01:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

3) Капилеттик;
"Өлүм айттырып келбейт" делинет кыргызда. Ал капилеттен келет.

Аллах айтат: "Ал (өлүм) силерге келгенде, силерге эч кандай убакыт берилбейт" [Кайсыл сүрө, аят экенин кийинчерээк тактайм]

Адамдын өлүмдөн коркконунун себеби - ал адам өзүнүн каалоолору орундалып жатканда келиши мүмкүн. Же ал күнөөгө баткан абалда келиши мүмкүн.


4) Алдыдагы бүдөмүктүк, белгисиздик;
Өлүмдөн кийин эмне?

Дал ушул суроо ал өлүм жөнүндө ойлонгондо адамды толгонтот. Биз баарыбыз эле адам өлгөндө денеси жансыз болуп калаарын, кыймылдоого болбой калаарын билебиз. Биз аны жерге бергенден кийин ал адам жөнүндө маалыматыбыз токтойт. Эмне болуп жатты экен 2 метр жердин алдында?.. Акыйкатта өлүмдөн кийинки болуучу окуялар өлүмдүн өзүнөн да коркунучтуу. Ал жакта эсеп, жаза анан Кыямат Күнү Жараткандын алдында туруу...


Өлүм коркунучу адам корккон башка коркунучтардан бир кыйла айырмаланат. Биз ага өлүмгө каршы жардам көрсөтө албайбыз же өлүмдөн качып кеткенге буйга жер таап бере албайбыз же андан бул коркунучты алып сала албайбыз. Бирок, биз ага өлүмдү бир калыпта чочубай, тынч кабыл алуусуна кеңеш гана бере алабыз. Мусулман болгондуктан, биз Аллахтын мээримине ишенебиз, акыретке ишенебиз. Эгер Аллах чийип койгон чийинден чыкпай, Ал "кылба" дегенин кылбай, "кыл" дегенин кылып өмүр кечирген болсок, анда өлүмдү коркпой кабыл алабыз, иншаАллах. Куранда жана Сүннөттө момундардын өлүмү жеңил, ал эми тоңмоюндардын өлүмү катуу, коркунучтуу болору айтылат. Мунун баары, албетте, жомок эмес!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Таллас   05 Август 2011 - 02:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Негизи, өлүм тууралуу жаза берсе толтура маалымат. Бирок, ар нерсенин өзүнүн өлчөмү болушу керек. Бул жерге ушул жетиштүү го дейм. Анан да "акылдуу" сөздөрдү жазам деп кимдир-бирөөлөрдүн кыжырын ойготуп, чачын тик тургузууну мен деле каалап турган жокмун. Ошондуктан, автордун берген суроолоруна жооп жазуу менен чектелейин.

Ким кандай элестетет?
Элестетпейм деле. Бир окуя эске келди. Достор болуп футбол ойноп жаттык беле? Анан бирөө бир жерин оорутуп алды. Айтып атат: "Жаным көзүмө көрүндү". Бирөө тамашалап: "И, жан кандай болот экен?" - десе, "Жан жашыл болот экен, иттики", - деп жатпайбы. Сүрөт

Ким канча жыл жашагысы келет?
Башкалардын ою боюнча мен ушунчалык "фанаттык" деңгээлдемин, азыр кайсы бир норманы толтургум деле келбейт. 60, 70, 80 мейли 90. Бирок, мен ал куракка жетип, кимдир-бирөөгө оордук келтиргенден көрө, узап кете бергенди артык көрөм. Мага десе, эртең, мейли, бүгүн өлүп кетсем да эч арманым жок.

Биздин арабызда барбы ажалдан коркпогон?

Мен, мына, коркпойм. Кээде ойлоп коём, "Үй-бүлөм жоктуктан коркпоймбу? " деп. Эгер жоопкерчилик бар болсо, балким, балдарымдын эртеңин ойлоп, бул ойдон башкача ойго өтөт белем? Бирок, негизинен өлүмдөн коркпойт экем. АльхамдулиЛлях!

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Август 2011 - 02:16

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   05 Август 2011 - 02:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Чынгызхан өлүмдөн коркон үчүн, өлбөштүн амалын, далай издеген да))). өлүм келсе, кете берем. Бекер келбесе керек өлүм деле, ичеер суум, көрөөр күнүм бүтсө, өлбөй кайда бармакмын... Жердин жети катмарына кире качсам да, таап алар)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   SARMAT   05 Август 2011 - 03:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 27 Январь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2025 08:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Өлүмдөн коркпо өлүмгө дайарданСүрөт

happiness
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   MIRlan   05 Август 2011 - 07:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Өлүм- айттырбай келет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   MIRlan   05 Август 2011 - 07:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Өлсөк өлүппүзда, негизи тозокко түшпөсөк эле болду. %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   dina   05 Август 2011 - 08:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

коркунучтуу тема экен мен коркуп кеттим. Демек олумдон коркот окшойм, азыр олгум келбейт. Жашагым келет, жашагыыым... .
Кудай берген жашты жашайбыз, бирок кээде сурап коем коп жашайын депчи.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   MaRmeLaDka   05 Август 2011 - 09:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 130
  • Катталган: 01 Июль 09
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2019 20:16
  • Жынысы:Аялзаты

Мен билем, адамзат пендеси туболуктуу эмес экенин. Баарыбыз бир куну бул дуйно менен кош айтышарыбызды. Бирок абдан корком. Озумдон да жакындарымды жоготуп алуудан ото корком. Озумдуку билинбеши мумкун мага. Ал эми жакын адамдарымдын куйутун которо албасам керек. Кээде ушул тууралуу коп ойлоном. Элестеп алып жинди болуп кетейин дейм. Ошого Кудайдан дайым омур, ден соолук сурайм. Озум деле коргонумдон коро элегим коп, ошого Кудайым сактасын! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   adalsvards   05 Август 2011 - 09:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Кандай десем, мен бул өлүм деген көрүнүшкө кадыресе карайм. Япон жазуучулары өлүм тууралуу көп ой-пикирлерди айтышат го, эмнегедир мен да аларга толугу менен кошулам. Бул дүйнө менен кош айтышууну - бир бөлмөнүн эшигин жаап, экинчи бөлмөнүн эшигин ачып киргендей деп элестетем. Ал бөлмө биринчисинен көп деле айырмаланбаса керек. Билбейм, мен өзүмдү баардык жерде ыңгайлуу шарт түзүп алууга кудуретим жетет деп эсептейм. Эгерде бул бөлмөдө жашоо убактысы аяктап бара жатканын алдын-ала билип калсам, ал жерде калууга аракеттенбей, эшикти көздөй жакындамакмын.
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   andormeda   05 Август 2011 - 09:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Коркосуңбу же коркпойсуңбу, какая разница кайсы жерде карагай? Баарыбир бир күнү "тада-да-даааам" деп келип туруп алып кетет :crazy-girl:
˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Calipso   05 Август 2011 - 10:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 174
  • Катталган: 17 Март 11
  • Соңку аракети: 24 Июл 2017 11:16
  • Жынысы:Аялзаты

Олум-белгисиздик. ..белгисиз нерседен адам дайыма коркуп келген... Олум алдында баарыбыз бирдейбиз... "Кара эшек минген,мен да олом...бмв тепкен,сен да олосун" деген бироонун кол жазмасындай. ..баарыбыз бир куну "срогубуз" келет... Ушу дуйнодо адилетсиздик, "сортторго болуу" ж.б баары,баары ошол олум келген жерден бутот...Олумдон корком...бирок кандайдыр бир денгээлде даярмын... Жолго чыгаарда "кийимдерим тазабы?"деген сыяктуу ойлор кетет...олуп калган сон ал деле маанисиз экенин билем бирок мээме ошондой ойлор келе берет...


-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Жолоочу_19zamir87_* 05 Август 2011 - 10:33

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Мен корком.Самурайлар гана өлүмдөн коркпойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   arlekino   05 Август 2011 - 10:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 88
  • Катталган: 07 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Сен 2021 13:51
  • Жынысы:Аялзаты

Ажал ар бир адамды жандап журот, андан коркпош керек. Бул жалган жашоо туболук жашоого баргандан эмнесинен коркуш керек. Тескеринче сынаган бул жалган жашоону ыйманын менен отконго аракет кылыш керек. Жаш тилеген куноо! Кудай берген жашты жашаш керек. Мен окунбогон кун, саат, ай, жыл ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Programmer   05 Август 2011 - 11:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 678
  • Катталган: 20 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 22 Авг 2015 20:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Бир макалды жазып койойун
Корксо кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.
Ошон үчүн ажалдан коркунун кажети жок. Корксоң да алтын сандыкка жашынсаң бир күнү баары бир бул дүйнө менен коштошобуз.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   ROZI   05 Август 2011 - 11:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Бала кезде олумдон аябай коркчумун. Азыр коп деле коркпойт болушум керек. Ким билет, "баарынан жан таттуу" дегендей, кандайдыр бир нерселеди коргондо же чочутуп жибергенде, жогоруда жазылгандай жанын козго корунгондой сезилет.
Кыскасы коркобузбу же корпойбузбу баарыбир ажал жетелеп кетеберет.
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Tangsuu   05 Август 2011 - 11:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 259
  • Катталган: 26 Июль 11
  • Соңку аракети: 01 Мар 2018 18:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен корком. Сүрөт Бир бала айтты эле: "Ар бир кунунду эртен олом дегендей кылып, жаша деп".


Бирок мен аябай кыйналып олгум келбейт. Мисалы: кыйналып ооруп, дагы башка бир-нерсе менен кыйналып. Ошондуктан кудай, эгерде менин оло турган учурум келсе, кыйнабай эле алса.
P.S. 1 28√e 980

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Таллас   05 Август 2011 - 12:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Tangsuu (05 Август 2011 - 11:32) жазган:

Бир бала айтты эле: "Ар бир күнүңдү эртең өлөм дегендей кылып жаша", - деп.

Аны Али ибн Абу Талиб деген улуу сахаба айткан.

Тагыраак келтире турган болсом:
"Эч качан өлбөй тургандай болуп эмгектен, бирок, азыр өлүп кала тургандай ибадат кыл"

А биз эч качан өлбөчүдөй жашайбыз, өлгөндө болсо эч качан жашабагандайбыз Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 05 Август 2011 - 22:22

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 14:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: