n-o-v-a-89 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 60 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (47 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 23 Январь 12
- Кароолор:
- 11 459
- Соңку аракети
01 Авг 2017 20:35
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 15, 1989
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Россия Забайкальский край г. Чита
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Тоо чабалекейи.
Жазылган күн: 3 Июл 2015
[16:22, 03.07.2015] : Бул балким, бир мин тогуз жуз алтымыш сегизинчи жыл. Болжоо кыйын. Адамдар акыл кучуно соонуп, алдыдагы кундорун болжоп, озун озу ишендирип, же жарым жартылай ишенип илгерилей беруу зарыл ондонот....
Фрунзе. Кун ачык, нары ысык. Гезит журналдарды сатып отурган аял женил кийинген. Тактайдан жана айнектен жасалган чакан дукондун ичи уп. Жел кирсин учун арткы эшиги чалкасынан ачылган. Гезит окууга эл конгон. Уч тыйын,эки тыйын бир гезиттин баасы. Чон кишилер алса, четке чыга берип, жок издегенсип, темаларга, саптарга коз жугуртот. Балдар торт буктоп алып, уйуно которо чуркайт. Кун сайын ушундай. Шаарда мындай дукондор ондоп саналат. Партсъезд кочосундогу борбордук телеграфтын тубу. Ал жерде аялдамада бар. Троллейбус, автобус, белгилуу багыт менен каттаган "Маршрутка" деп атанган он нече кишилик таксилер да токтойт. Транспорт куткондор гезиттен козун алып, улам сол жакка карай беришет.
Сагын гезит алыш учун кезекте туруп, убакыттын кыскалыгына карабастан нымшып чыкты. Башкалардан озгочо кийингенин ал ошондо тушунду. Андай кийинбеске да болбос эле. Жогорку орундарга туш келди кийим менен кирууго болбойт. Ар нерсенин жол-жосуну бар. Адатта, адамдын кийген кийимине карап баалашат. Жакшы кийинип, адамга тартынбай пикиринди ачык айтып отурсан сени угушат. Ал эми солпойуп, чала жансар ун чыгарып, улдуроп турсан, уккан адам: эмне? деп кыйкырат, жаак этин тырыштырат. Кош конул кулак тошомуш болот. Бул иштин онолбой тургандыгын билдирет. Анткени, улдурогон адам озунун тышкы кебете-кешпири менен зээн салууга арагасыз кыла албайт. Сагын гезит сатып алганы менен, ачып да караган жок. Баарынан мурда, уйго барып,болгон ишти аялына баяндашы керек. Гулайым созсуз нааразы болот. Аны да билип турат. Эптеп кондурушу мумкун. Эгер конбосо, кыйынчылык устуно кыйынчылык. Адамдар кыйынчылык тартуу учун гана жаралгансып даттана башташат. Гулайым макул болгон кундо да анын ордун башка кыйынчылык басмак. Кайда барса да казандын кулагы торт. Кыйынчылыкты издеп табуу деген ушул.
Бейиш болсо жок!
Бала туйшук тартып чоноет, адам туйшук тартып карыйт. Ыракаттын озу туйшук эмеспи. Анткени, адам ага ылайыкташуу, аны которо билуу учун да туйшуктонот. Сагын троллейбустун жай силкинуусунон улам кармагычка соонду. Тааныш бир адам жок. Эки жыл мурда ал мынчалык бейтааныштык сезген эмес. Бирок, баякы эле шаар, баякы эле транспорт, баякы эле асфальт жыттанган кузгудой кочо. Ар ким эрмек учун журуп жаткан жок. Транспорттун кажети мерчемдуу жерге гана. Андан кийин ал учун транспорт маанисин жоет. Мына аялдама. Эмки иш, уйго чейин жуз метрче жоо басуу. Бу да озунчо, оз убактысы, оз мейкиндиги менен туйшук. Эки жайдын эн кыска аралыгы жол. Бул аялдама менен уйдун аралыгы. Туз сызык болушу мумкун эмес. Занкайган бийик уйлор туз сызыкты сындырат, бурулуп басууга аргсыз кылат. Ошондо да эн кыска аралык жол. Адамдар коп баскан из жол болот....
Сагын тортунчу кабатка тепкич менен которулуп бир аз демикти. Саал токтоп, эс алуу ишаратын жасап, конгуроого колун сунду. Таманын тазалады. Адат. Уйдон чуркаган баланын аяк добушу угулду. Бул Зере. Сагын кызын даана элестетти. Чутурокой кара кыз. Дайыма ушундай, Гулайымдан мурда эшик ачууга дилгир. Эшиктен кирип келген папасын биринчи болуп коргусу келет. Эмнелерди угуп, эмнелерди коруп келгенин билууго ынтызарланат. Кызыктуу кандай жанылыктар болду экен? Ашкана жактан талинкелер кылдырагансыды. Бул Гулайым. Сагындын журогу жылый тушту. Талинкелердин кылдырт эткени- аялынын уйдо экенин билдирди, ага жылуу сезим тартуулады. Кызына гезиттерди карматып, озу жуунуга кетти.
[16:52, 03.07.2015] : - Папам келди, мама,- Зере ашканага чуркап кирди,- журчу, карап королу.
Мамасы унчукпайт, эмнеге жооп бербеди экен? Зере тушунгусу келип, анын козуно карайт. Мамасы табышмак. Гулайым болсо, кызын эмес, "дагы бир аз эс ал, королу" десе керек деп ойлойт. Акыры, озу келишин кутподу. Зерени ээрчип конок уйго кирди. Сагын креслодо, колу чекесинде ойлуу отурат. Мына кызык. Бат кыймылдап, бат эле ойго чого кеткенин кара! Зере папасына асыла кетти, алдында отурганды жакшы корот. Унсуз кыймылдаган Гулайым китеп коюлган текчени суртуп, телевизор турган бурчка жылды. Сагын кызын тизесине отургузуп, Гулайым жакка шашпай карады. Сынай караганы озуно да билинип турду. Антейин деген деле эмес.
- Бутту, даярдан.... Кетебиз.
Гулайым куйоосун жалт карады. Кандай тез бутту " кетебиз" болгон сон, кайдадыр алыска да....
-Кайда?
-Колго,- Сагын ээрдин кымтый козголду. Аялынын онундо кандай озгоруулор болоорун билуу учун ал козун алган жок.
Телевизордун экранын суртуп жатып Гулайым назик ун чыгарды:
-Областкабы?
Сагын дагы козголду:
-Колдо область жок.... Борборго баш ийген райондор бар.
Гулайымдын колу кыймылдайт, акыл-эси башкада.
Коздорунун каректери, кирпиктери гана бери жакта, аржагы жок. Мына башталды. Женил эмес, озунчо салмактуу. Эр оодарышы коздун туйшугу, пикир кагылышы конул туйшугу.
- Анда.... Райкомдон кызмат берген го?
-Жок!
Абайла, унунду абайла, ар иш оз ченеми менен. Ар кандай пенденин тушунуу жондому болот. Ошонусун таап, болбосо жол эрежеси бузулуп машиналардын авария жасаганы ондуу эле кеп. Ал кимге керек? Гулайым паласка чогологон бойдон татынакай отуруп калды. Козу Сагында, колунда чупурок. Ага, иштин баарын даанарак билуу зарыл ондонот. Маселени чечууго анын да укугу бар. Добуш бере алат. Анан, кандай кызмат алдын, айтчы бай болгур, маалкатпай? Келиндин карегинде дал ушул суроо бар.
Жок дегенде, райондон кызмат алалбаганыбы?
-Чарба дегенди билесинби?
Гулайым дагы деле унсуз жалдырайт.
Комментарийлер
n-o-v-a-89 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?