Everest Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 57 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (34 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Февраль 12
- Кароолор:
- 3 932
- Соңку аракети
26 Май 2017 12:13
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 73 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 25, 1952
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
unt_75
12 Фев 2019 - 08:44 -
Nadira.1402
26 Окт 2015 - 19:44 -
KUMTOR1
18 Окт 2015 - 15:27 -
akyn-jurogu
17 Окт 2015 - 19:38 -
shazi
07 Май 2013 - 05:43 -
Nur_Islam
05 Май 2013 - 04:20 -
Гость
20 Апр 2013 - 16:19 -
Гость
20 Апр 2013 - 09:00 -
miku92
19 Апр 2013 - 22:09 -
Mondur
19 Мар 2013 - 11:17
Мен ачкан темалар
-
Азыркынын "Арзымат" журналисттери
Жазылган күн: 26 Окт 2015
Хамелеон деп ушуну айт...
Быйылкы күз “шайлоо” менен алектенүүдөн башталды, албетте Жалал-Абад шаары да мындай көрүнүштөн четте калган жок. Ар качандан КСДП партиясына асылып, андан да ажоо Атамбаевди да мазактап, журналист Жаңыбаева менен жаакташкан, өзүн – өзү “мактаган”, Жалил Сапаров деген “оозунан чыккан сөзү бөлөк, жасаган иши бөлөк” экенин далилдеди. Себеби, буга чейин КСДПны “өлтүрө” сындап, башкаларга акыл үйрөтүмүш болуп, “Өлкө башчыны жада калса теледен көрүүгө болбойт!” – деп жүргөн неме, үгүт мезгилинде КСДП партиясынын областтык пресс-катчылыгына жалданды. Сөз курук болбошу үчүн скриншоттоп коёлу:
Жалил Сапаров
27 ноября 2013 г.·
Кызык окуя болуптур: парламентке балдарды саякатка алып барышса, алардын жүрөгү түшүп, качып чыгышыптыр. Балдардын укугун коргоочулар каякта! Биздин Кыргызстанда балдарды зордук-зомбулук, порнография жана кумар оюндары болгон жерге алып барууга болбосун билбей калышканбы? Деги эле парламентке балдарды алып бармак түгүл, аны телевизордон көрсөтпөш керек. Мен неберелериме Атамбаевди да көрсөтпөгүлө деп жатам. Психологиялык жактан катуу жабыркап, адеп-ахлактан куру калышат. Улуттун келечеги коркунучта.
Нравится Комментарий Поделиться
Гульмайрам Турусбекова , Жумамидин Сулайманкулов , Жолой Тиллаев и 30 другим это нравится.
Comments
Просмотреть еще 7 комментариев
Бу Сапаров теледен Президент Атамбаевди көргөндө неберелери Психологиялык жактан жабыркаарын кайдан билет? Же ал дарыгерби же психолог болуп калганбы?..
Быйыл ушундай иштер болуп жатат, бир депутатты “Күн тийген жердин күкүгү” деп мазактап жүрүп, өзү күкүк экенин карыганда далидеп, бийликтин колуна суу куюп, “чылапчын менен абдестени” көтөрүп жүгүнүп туру. Илгеркидей айткан сөзүн танып кетейин десе, өзүн “баатыр” сезип, учурда көпчүлүктүн баарлашуу жайына айланган социалдык түйүндөрдүн бири Фейсбукка из калтырган жайы бар. Сапаровдун өзү кубулма адам экенин өзү далилдеп, “абалың ошо болсо, бирөөгө сын айтканды ким койду?” – деген суроону өзүнө бергени дурус.
Жалил Сапаров
4 марта 2013 г.·
КҮН ТИЙГЕН ЖЕРДИН КҮКҮГҮ. Же адеп-ахлак маселеси тууралуу икая (Фельетон)
4.03.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news.
“Жалал-Абадда дайыма метаморфозалар болуп турат. Бул деген өзүбүздүн жалпак тил менен айтканда, адамдар эшекке, эшектер бүркүткө, бүркүттөр болсо ташбакага айланып турушат деген кеп. Кечээ эле асманда шаңшып учуп жүргөн «бүркүт» эртең эле «ташбакамын» деп кыбырап жүрсө, же мартабалуу карышкыр үйүрү болмоюн оокат кыла албаган чөбөрүгө (гиенага) айланып алса, оозуңан келмең түшөт. Биз ушул кубулма процессти азыркы КСДПнын камчысын берилгендик менен чаап, азыркы бийлик үчүн жанын да аябай аракет кылып жаткан Тилек Акамбаевдин мисалынан карап көрөлү. Бисмиллахир- рахманир-рахим! ..” – деп каадалы киши болуп атты эле, эми КСДПга бөйпөңдөп жүргөнү, эзелтен эле КСДПда жүргөн Анархан Жаңыбаевага асылып каадаланганы, бу кишинин адамдык касиети дегеле болгон эместигин кабарлайт.
Андан да, “Алыбай алына карабай” эле, Президентти “жөн оокатын жасабайбы” деп акыл үйрөтөт го:
Жалил Сапаров
28 марта 2013 г.·
Бугун президент Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына "Ата-Журт" лидерлерин бошотууну талап кылган митингчилерге чыгыптыр. Мен бара албай калдым эле. Анан ал жердегилер ушунчалык куу-сүрөөн салып кыйкырып, ышкырып, "кет эле кет" деп, биздин сүйүктүү ажону тосуп алышыптыр. Аянт ызы-чууга толуп кетти дейт. Байкуш Атамбаев аны-муну айтымыш болуп, дароо жылып кетиптир. Мен ушу президентти аяп кеттим: ушинтип кор болуп ажо болгуча, жөн эле оокатын жасабайбы? Татынакай катыны бар экен, жанында отура бербейби? Акча жетпей жатабы? Дүйнө жетпей жатабы? Текебаев, Чыныбай досу менен шерине жеп, шапар тээп жүрө бербейби? Элиң жакшы көрбөсө, ажо болуп эмне кыласың? Дагы бир ирет карапайым адам экениме кубанып калдым.
Биз Жалил Сапаровдун менен мезгилдеш, кесип жагынан да сапарлаш болгондуктан, аны жакшы билип айтып жатканым. Өмүрүнүн акыркы учурларында ооруганына карабай эл менен иш алып барган, калктын сыйында болгон белгилүү журналист Орозалы Карасартовду “жугунду кор” деп мазакылап, эми “жугунду” издеп жүргөн Сапаров жаштарга жаман үлгү болбой, “сага эмне жетпей жатат, ажону үйрөткүчө, өзүң бир позицияң бар болсо мурда ай-күнгө теңеп мактаган партияңа барбайсынбы же алар сенин ким экениңди түшүнгөндө эшикти көрсөтүп коюштубу?” – деген суроо өзүнөн өзү пайда болот.
Жалал-Абад шаардык мэриясына жакын жолобойм өңүттөгү дарамети жоголуп, шаар мэрине мурда-кийин жасаган кошоматын бетине кармап, ар кандай амалдар менен бийлик партиясына жол таап, кала берсе мэрияда “Маалымат борбору” ачылып, аны колго алууга жан далбастан жүргөн кези... Деги, метаморфозалык кубулуштарга таң калып, жакасын кармандым деп жанын жебей “хамелеон” деп бирөөгө ат койгуча, өзүн билип алса болмок...
Сагын Эшме.
Достору
Everest Досторду кошо элек
Комментарийлер
Everest ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?