Altynym
-
Тойдогу 'гүлдү' кармап турмуш жолуна аттангандар барбы?
28 Mar 2017
Курбу кызым турмушка чыгып, мен дружкасы болдум. Анан экөөбүз сүйлөшүп алдык, гүлдестени курбум оң жакка ыргытмай болду, мен тосом ошол жакта туруп. Анан гүл кармаса эле баарыбыз турмушка чыкчудай болуп толтура кыз чыктык топурап, же бойдок кыздар көп барганбы ошол тойго. Курбум артын кылчайып мени мээлеп карап койду, кымылдап турам күтүп. Анан тамада "бир-эки-үч! " дегенде гүлдү ыргытты эле оң эмес, сол жакты көздөй учуп кетти. Кыздар гүл талашып ызылдап жүрүшөт, мен ордумда боорум эзиле күлүп жатам, мага кошулуп курбум күлүп бир жыргап алганбыз. Ошентип экөөбүздүн планыбыз ишке ашпай калган. Ошо гүлдөн көрүш керек окшойт, дагы деле турмушка чыга элекмин) -
Айфон 7 үчүн эмнеге даярсынар?
1 Nov 2016
Бекер сыр капканда эле болот да. "Бир ай жумушка кечикпей келесиң, мынча жумушту кыска убакытта жасап бүтүшүң керек" деген сыяктуу стимул берилсе ойлонуп көрмөкмүн. Анан эл алдында тверкинг бийлеп, кытай кызга окшоп 20 жигит алмаштырбайт болчумун. Башка улуттуку байкалбайт, бирок кыргыз кыздарыныкы одоно, уят эле көрүнөт.

Супер-Инфо
super.kg
видео



21 Jan 2019 10:24

Altynym