Суперстан: parliament545 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

parliament545 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

parliament545 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
71 (0,02 күнүнө)
Активдүү форуму:
Саясат жана коом (48 билдирүүлөр)
Катталган:
14 Июль 12
Кароолор:
4 020
Соңку аракети
Пользователь офлайн 30 Май 2018 10:31
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Карапайым
Жашы:
39 жашта
Туулган күнү:
Февраль 2, 1986
Жынысы:
Эркек Эркек

Байланыш маалыматтар

E-mail:
E-mail дарегине кат жазуу
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Кыргыздар качан Орусияга кошулат?

    Жазылган күн: 4 Янв 2018

    Просмотр сообщения friendwipkg (04 Январь 2018 - 00:39) жазган:

    Кошулсак кайра-кайра революция, референдум дегендер токтойт. Россиядагы мыйзамдуулук бизде да болот. Биз да Путинди президент кылып шайламакпыз. "Биздин лидер Путин" - деп айтмакпыз. СССР убагында кыргыздардан чыккан баатырлар эми да Орусиядан чыкмак. Дүйнөдө эң чоң, эң күчтүү өлкөдө сыймыктанып жашоо кандай жакшы. Кыргызстан эң күчтүү өлкө деп айтышат. Эгерде кошулбасак барган сайын жээндерден "Чайнатаун" дар көбөйүп, чоңоюп, Кыргызстандын ордуна жээндердин өлкөсү пайда болот. Тарыхтан эстесеңер Кыргызстандын ордундагы канчалаган Кыргызстандан да күчтүү мамлекеттер жок болгон. Бирок Кытай мамлекети дагы эле бар жана мурдагыдан да күчтүү.



    Биз каршы эмеспиз сизге. Орусиянын составына кире бериниз, орус жарандыгын алып. Путинди да шайлай бериниз, ал жерге барып алып. А биз болсо оз алдынча эгемен , эч кимдин составында болбогон Кыргызстаныбызда эле жашайбыз.
  2. Темасы: Кыргыздар качан Орусияга кошулат?

    Жазылган күн: 19 Дек 2017

    Ээ, тилекке каршы бул жерде да "ватниктер" бар экен да. Байкуш шордуу элим эмне кылсын, эгер ОРТ жана РТР сыяктуу Кремлдин пропагандалык рупорун карап отурса. Дагы КТР менен ЭЛТР жалган айтат, алар мамлекеттик, ал эми РТР мнене ОРТ чындыкты даана чагылдырат деген адамдарды укканда бир карап ары ыйлап, бир карап бери кулуп, жакамды кармагам. РТР менен ОРТ экоо тен Орусия окмотунун телеканалдары жана биздин КТР менен ЭлТРден эч айырмасы жок, балким алардан дагы ашып тушоор. Ошол учун айтаарым, "вата" же "госдеп" болбой, эн биринчи кезекте кыргыздын, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлойлу. Кучтуу, онуккон Кыргызстан чын чынына келгенде Россияга да, Казакстанга да, Озбекстанга да кереги жок. Ал эми Россияга негизи эле онуккон, кудуреттуу Орто Азия олколорунун кереги жок. Биз аларга коз каранды болгонубуз жакшы. Мына, Украина оз арабабызды озузубуз тартып, Европага жакындашалы десе Кремль Украинага каршы сепаратисттерди баш котортуп, эки облусуна булук салып, Украинага каршы катуу маалымат согушун жургузуп жиберди. Если что дегендей, экоо бир тууган эл.
  3. Темасы: Дин кызматкери агитацияда.

    Жазылган күн: 29 Сен 2017


    Маликов: Динди саясатта колдонуу опурталдуу



    Кайсы бир талапкердин эл менен жолугушуусунда белгилүү дин ишмери Чубак Жалиловдун аны колдоп сүйлөшү катуу талкуу жаратты. Мыйзам боюнча үгүт иштерине динди аралаштырууга болбойт. Ошентсе да динди шайлоого аралаштыруунун натыйжа, тобокелдиктери кандай болушу мүмкүн?

    Дин саясатта курал болуп жаткан жокпу? “Дин, укук жана саясат” Аналитикалык изилдөө борборунун директору, теолог Кадыр Маликовду кепке тарттык:

    "Азаттык" : Чубак ажынын кайсы бир талапкерди колдоп сүйлөгөн видеосуна байланыштуу активисттерден арыздар түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы буга байланыштуу талапкерге эмес, аны жандаган саясатчы Камчыбек Ташиевге эскертүү берди. Бул темада сиздин оюуңуз кандай?

    Диний фактор шайлоонун үгүт ишинде, саясий атаандаштыкта колдонулуп атат. Бул өтө жаман. Мен мунун келечектеги натыйжаларын эске алып атам. Анткени кийлигиштирүү эртеби-кечпи терс факторго ээ.
    ​Кадыр Маликов: Чынында маселе татаал. Анткени дин ишмери трибунада Кыргызстандын катардагы жараны, Баш мыйзамга ылайык, шайлоого жана үгүттөөгө укугу бар адам катары сүйлөгөнүн айтып жатат. Бирок экинчи жагынан биз - уламалар кеңешинин мүчөлөрү каалайбызбы- каалабайбызбы дин ишмерлерибиз. Коомчулукта, динге ишенгендер арасында кандайдыр кадыр-баркыбыз бар. Мыйзам канчалык бузулду деп карай келгенде ушундай кош маани жатат. Жалпысынан мындай дейт элем, болор иш болду. Диний фактор шайлоонун үгүт ишинде, саясий атаандаштыкта колдонулуп атат. Бул өтө жаман. Мен мунун келечектеги натыйжаларын эске алып атам. Анткени кийлигиштирүү эртеби-кечпи терс факторго ээ.

    Биринчиден, дин катары исламда саясат бар. Бирок ал ислам саясаты деп аталат. Ал коомчулукта ишеним атмосферасын түзүү, теңчиликке чакыруу, жакырчылык, коррупция менен күрөшүү сыяктуу чаралардын негизинде курулат. Албетте ислам саясатында бийликке, мамлекетке карата мамиле тууралуу маселелер да бар. Бийлик убактылуу, келет-кетет. Ал эми мамлекет бул эл. Башкача айтканда, ар бир дин ишмери Аллага сыйынуу менен коомчулукка, мамлекетке кызмат кылууга милдеттүү.

    Ошол эле учурда ал бийликтин кызматын кылбашы керек. Ал бийликти оңдоп-түзөөгө жардам берип, кандайдыр катасын, адашууларын көрсөтүшү зарыл. Бирок муну мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүү болуп калбагандай, абдан жумшак жасоо абзел. Эң башкысы ушул. Муфтият да, кайсы бир молдо да бийликтин камчысын чаппай, элге кызмат кылышы керек. Ислам саясаты менен динге ишенгендердин саясатташып кеткенинин айырмасы мына ушул жерде.

    Бүгүн кооптуу прецедент түзүлүп калды. Анткени динге ишенгендерди саясий процесске шайлоодо добуш берүүчү жаран катары гана катыштыруу эмес, бүгүнкү күндөгү саясий атаандаштык – шайлоого аралаштыруунун негативдүү таасири бар. Эмнеге? Бул өтө маанилүү суроо. Анткени эртеби-кечпи мусулман коомчулугунун абалына, Кыргызстандагы исламдын өнүгүүсүнө саясатташып кетүүнүн таасири тиет. Себеби динге ишенгендерди саясий процесске аралаштыруу менен, административдик ресурска катар диний ресурсту колдонуу менен бийликтеги айрым аткаминерлер коомдун экиге, светтик жана динге ишенгендер лагерине бөлүнүп калуусуна түрткү бериши мүмкүн.


    Бул акыр-аягы идеялык принциптердин негизинде каршылашууга алып келиши мүмкүн. Светтик же светтик эмес, биздики же биздики эмес, биздин жамааттан же башка жамааттан дегендей.

    Бирок ошол эле учурда бардык кыргызстандыктар үчүн, өзгөчө мусулмандар үчүн белгилеп кетким келет, жаран катары албетте ар ким өз ишин кылышы, добуш берип президентти шайлашы керек. Бирок бул тынч, бир жакты гана жактоо менен жүрбөшү абзел. Анткени элди бөлгөнгө болбойт.

    "Азаттык" : ​Биздики-биздики эмес дегенди козгоп калбадыңызбы. Мен бул көрүнүштү 2015-жылкы парламенттик шайлоодо байкадым эле. Ошондо партия лидерлери диний факторду колдонушкан эле. Сиз муну качан байкадыңыз?

    Кадыр Маликов: Мен муну 2007-08-жылдары байкай баштадым. Ошондо бийлик динге көңүл буруп, аны өзүнө тартып эмес, колдоно баштаганын байкадым. Айрым бир жерлерде динчилдигин көрсөтүп же айрым бир жерлерде аларды динчил катары даңазалай башташкан. Мунун башталганына көп болду. Мен муну жагдайга карата динчил болуу деп атайм. Керек болгондо, мисалы азыр шайлоо эмеспи, ушундай учурда динчилдигин көрсөтүшөт.

    Экинчиден, дурус иштер диндин сырткы атрибуттары, сырткы көрүнүшү менен байланыштуу эмес экенин элге түшүндүрүү керек. Жакшы иштер ошол жакшылыктын өзү менен байланыштуу. Башкача айтканда, адам жасап жаткан иши менен мактанбайт. Кудайга жакындыгын ашкерелей бербейт. Тилекке каршы, азыр эл арасында көптөгөн стереотиптер бар. Мисалы, эгер намаз окуган киши болсо демек баары жакшы, уурдабайт, калп сүйлөбөйт жана башка деген. Бүгүнкү күндө исламдын тарыхы баары эле андай болбогонун, мунун баары жөн гана калыптанып калган ой-пикир экенин көрсөтүп атат. Анын ордуна мечиттин кызматкерлери, биз эч бирөөнө жан тартпастан, президенттикке талапкерде кандай сапаттар болушу керектигин, эмнелерге туруштук берип, алданбашы керек дегенди коомчулукка түшүндүрсөк жакшы болмок.

    "Азаттык" : Динди колдонуу менен дин ишмерлерин өзүнө тартуу деген эки башка деп атасыз. Айырмасы эмнеде? Натыйжалары кандай?


    ​Кадыр Маликов: Диний ишмерлерди, исламды же ислам ураандарын колдонуу менен ал ресурстарды өзүнө тартуу түшүнүгүнүн айырмасын айтайын. Демейде, исламды, анын ресурсун же мусулмандарды бир нерселерди убада кылуу, берүү же динчилдигин көрсөтүү менен колунда бийлиги барлар колдонот. Ошол эле учурда мамлекеттик мамиле деген да түшүнүк бар. Элдин, мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аны колдонуудан баш тартат. Тескерисинче, маселен, ичкичтик, жакырчылык, балдарды туура тарбиялоо сыяктуу кайсы бир социалдык көйгөй-милдеттерди чечүү үчүн ислам ресурсун өзүнө тартат. Бирок биз бүгүн мамлекеттик курулушка дин ресурсун тартууну эмес, колдонууну көрүп жатабыз. Ал эми бул убактылуу. Бүгүн колдонсоң, эртең диндегилер убадаңды аткарууну талап кылат. Эгер аткарбасаң анда бизге мындай мамлекеттин кереги жок дейт. Аткаминерге таарынса, бүтүндөй мамлекеттен өч алат.

    "Азаттык" : Маегиңизге чоң рахмат.

    https://www.[moderated]/ a/kyrgyzstan_religion_malikov/ 28762537.html




    <

  4. Темасы: Диний фанатизм тамырын жайып келет!

    Жазылган күн: 26 Июл 2017

    Просмотр сообщения CEO (08 Июнь 2017 - 13:43) жазган:

    Эгер чындыкка келчу болсок Манас атабыз мындан 1000 жыл илгери, Улуу Кыргыз Каганаты учурунда болгон деп божомолдонот. Ал убакта кыргыздар ислам динин кабыл ала элек болгон.

    Ал эми манасчылардын варианттарында ар турдуу версия бар, Манас атабыз намаз окуган деген айрым гана версияларда бар, копчулугундо эмес. Так что айткпндарын чындыктан алыс...



    Чынында Манас эпосу сунгуп карай турган болсок, слоенный пирогко окшош, себеби эпос озу 1000 жыл мурда туптолсо, андан бери кыргыз эли башынан кечирген окуялар менен жашап откон замандагы озгоруулор, болгон нерселер эпоско кирип турган. Башкача айтканда ар бир манасчы озунун заманындагы окуялар менен эпосту байытып турган. Мисалы, мусулманчылык фактору эпосто кийин кирген катмарлардан, ашып кетсе 150-200 жыл, Манас атабыздын мылтыгы -аккелте сыяктуу. Кыргыздар, эгер тарыхты карай туррган болсок, 10-11 кылымдардан баштап ислам дуйносунун орбитасына аралаша баштаган (себеби 960 жылы Карахан мамлекетинин негиздоочусус Сатук Буура Кара-Хан ислам динин азыркы Орто Азияда биринчи болуп мамлекеттик дин кылып жарыялаган жана озу Абд Аль Карим деген ысым алган. Ал эми кыргыздар толук бойдон ислам динин 15-16 кылымдары кабыл алышкан. Айрыкча айтылуу Мухаммед -кыргыздын мезгилинде. Тарыхчылардын божомолу боюнча 16 кылымдын биринчи жарымында кыргыздардын башында турган Мухаммед-кыргыз айтылуу санжырадагы Тагай бий болгон.
  5. Темасы: Жумушсуздук күч алды. Ким учурда жумуш таппай жатат?

    Жазылган күн: 31 Май 2017

    Просмотр сообщения frunze12 (09 Май 2017 - 11:45) жазган:

    Сенин жазгандарынды окуп сага ыраазы болдум. Чындыкты болгонун болгондой кенири кылып жазыптырсын. 100 болбосо да 95% жазгандарынды туура деп макулмун. Бугунку кундогу чындык ошол болуп калды бийлик эмне деп элди алдаса да. 2016-жылы Кыргызстанда КМШ олколору арасында эн жогорку экономикалык осуу болгон имиш. Эл акмак беле ишенгидей же аранарда ишенгендер табылдыбы?!

    Сенин жазгандарындын айрым жерлерине алымча-кошумча, б.а. корректировка киргизгим келди. 2000-жылдан кийин туштук элинде Тико, Матиз, Хенде Портерлерин кобойушу кунумдук суроо-талаптын негизинде келип чыкты, атаандашуунун эмес. Бул машинелердин акчасы салыштырмалуу арзан, элде коп болгону учун запчасттары бат табылат, салыштырмалуу арзан жана ремонту да арзанга тушот (ондолот). Малолитражка болгону учун бензин аз кетет. Айрыкча такси болуп жан баккандар учун ото ынгайлуу. Ликвидный дагы, кайра сатсан оной сатасын чем башка машинелерге салыштырмалуу. Портерлер да кунумдук тиричиликте ото ынгайлуу, талаа-туздо аны менен коп ишин бутот, анын устуно эгин эгип мал алып саткандар учун абдан керек машине. Илгерки Газ 53тордун кобу портер менен конкуренция боло албай иштетилбей калып кеткени ошондон...

    Кыргызстанда орточо маяна 12 мин сом экенине ишене албай келемин. Жакында орточо маяна 14.5 мин сом деп журушот Окмот, бул абсурд. Мисалы Кыргызстанда ондогон-жуздогон мин мугалимдер бар, медиктер бар, алардын орточо маянасы 7-8 мин сом. Айылда мугалимдердин алды 10-12 мин сом алат коп саат менен иштеп. Бишкекте да мугалимдердин орточо маянасы 14.5 мин сомго жеткенинен ото ото кумон санайм. Кыргызстан боюнча орточо маяна 9-10 мин сом деп айтышса чындыкка жакын болмок. Айына 1000-2000, 3000-4000 мин алган адамдар да бир топ. Бир мектептин кочегары менен кароолчусунун айлыгы канча, сурап кордунор беле? Уборщицанынчы? Садикте нянкалар 3000-4000 сом айлыкка иштешет. Тарбиячылары 8000-10000 сом алат, бирок 14-15 мин эмес! Облустук, шаардык, райондук акимчиликтерде кагаз иштери менен алектенген коптогон жаш улан-кыздар бар, айлыгы таза 4000-6000 сом. Архивде, шаардык китепкана, маданият уйлорундо ж.б. кызмат кылгандар ж.б.ж.б. Алардын айлык-маянасы 10мин сомго жетээринен кумонум бар, жетекчилери эле албаса. Жеке фирмаларда да ар кандай. Алды 2000-3000 доллар алган саналуу адамдарды эсептебегенде жеке сектордо маянага иштегендердин басымдуу копчулугунун маянасы 5000 сомдон 30-35 минге чейин жетет. Орточо алганда 15-20 мин сом. Региондордо 10-18 мин. Бирок жумушу да ошого ылайык. Женил турмуш байларда гана, тааныш-акчанын кучу менен чон кызматтарга отуруп калып бассамбы-турсамбы деп ынгырангандар.

    Акаев Союздан калган эл чарбасын основательно талкалады. Бардык завод-фабрикалар талкаланды. Колхоз-совхоздор жоюлуп, фермалар жок болду. Жерди сатуу боюнча конституцияга озгортуу киргизип чон бизнеске чол ачты. Узонгу-Куушту сатты. Казактар андай кылбады, эч нерсени талкалабай сактап калды, бугун жакшына жашап жатышат ошол завод-фабрика, мал сарайларды ж.б.иштетишип. Ырас бизде салыштырмалуу кен байлыктар аз. Бирок ошол завод-фабрика ж.б.сакталып олко башына Назарбаевдей бироо келгенде бугункудой тентип кетпеген болоор элек...



    Кыргызстанда эгер мамлекеттик жана муниципалдык (бюджеттик) секторду кошпосок, чынында орточо айлык жеке менчик бизнес, НПО ж.б. ушул сыяктуу сфераларда орточо айлык 12 минден да жогору болуп калат, жада калса 12 мин сом бул сферада томонку айлык болуп да калышы мумкун. Ал эми мамлекеттик бюджеттен айлык алгандарды алсак, орточо айлык аларда 8-10 мин сомдун тегерегинде болуп калат.

Достору

parliament545 Досторду кошо элек

Комментарийлер

parliament545 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 00:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: