gul-jana2
-
2018-жыл эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?
9 Jan 2019
Жакшы жылдардан болду 2018. Эң башкысы башта аманчылык болду, тууган-урук, ата-эне аман. Бул жылы кызматка көтөрүлдүм, кайра түштүм
Анан башка кызматка барып, андан да кайра түштүм. Ишигылып чыгып-түшүп жүрдүм да. Ошол кызыктуу экен. Сууга болгон фобиямды жойдум, пристандан секирдим. Чөгүп кете жаздап араң калдым дегендей... 2019-жылга романтикалуу эстафета бердим
-
"Эл эмне дейт" деп, эмне кылдыңыз эле?
8 Dec 2016
Кыргызда "Эл эмне дейт кокуй" деген түшүнүк бар. Бул менталитетке сиңип, кан-жан менен бир болуп калган. Бул сөз абийир, ынсап сактоого, эл көзөмөлүндө жүрүп, ниетти түз алып жүрүүгө албетте, жакшы. Бирок кээде ашыкча эле ушу сөздүн негизинде эл сенин жашооңо терең кирип кеткени жакпайт. Эгер ушул "эл эмне дейт" деген сөз болбосо, мен эчак эле арзыганыма баш кошуп алмакмын. Бирок эле эмне дейт??? Ал ажырашып, бой жүрөт. Мен болсо турмушка чыкккан эмесмин. Анын үй-бүлөсү "эл эмне дейт" деп аялы менен жараштырганга тырмышып жүрүшөт. Мени болсо үйдөгүлөр "аял кетирген неме менен сүйлөшпө, эл эмне дейт" деп коюшкан. Эгер ушул сөз жок болсо сен эмнелерди гана кылмак элең???

Супер-Инфо
super.kg
видео



26 Nov 2019 14:04

gul-jana2