gul-jana2
-
Баланы бага алсаң төрө!
11 Апр 2016
26-мартта, саат 8:30 чамасында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен денесинин айрым мүчөлөрү жок ымыркай табылды. Милиция кызматкерлери "баланын денесин иттер жеп кеткен, ошол жерге иттер сүйрөп барган" деп болжолдошту. 5-апрелде ымыркайдын энеси делип, 1991-жылы туулган Роза аттуу келинди кармашыптыр. Айтымында, баланы 25-мартта төрөп, "бага албайм" деп көп кабаттуу үйлөрдүн алдына таштап кеткен. Болжолумда, баланы эч ким байкабай калса керек. Иттер айбан да, жеп кетишкен. "Бечара ымыркайды иттер тытмалап жатканда кандай тозокто өмүрү менен кош айтышты экен?" деп ичим туз куйгандай ачышып отурат. Мындан улам коомдо анонимдүү түрдө балдарды таштап кете турган жай ачылышы зарыл деген демилгелер көтөрүлдү. Сиздер кандай ойлойсуздар? Көрүнгөндөн төрөп, жетим балдардын санын көбөйтүп жүргөн кыздарды тыя албай жатабыз. Же ого бетер таштанды балдар көбөйүп кетеби? Бага алсаң төрө, колуңдан келбесе бир жериңди тыйбайсыңбы! !!

Супер-Инфо
super.kg
видео



26 Ноя 2019 14:04

Мобилдүү версия
gul-jana2