eliz-an86 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 165 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (117 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Август 12
- Кароолор:
- 12 702
- Соңку аракети
14 Июл 2018 04:14
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 38 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 23, 1986
- Жынысы:
-
Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Armin_97
13 Янв 2020 - 23:53 -
Гость
20 Дек 2018 - 12:57 -
Sagyn.91
24 Ноя 2016 - 22:31 -
Begai_kg
15 Май 2016 - 20:28 -
Leylektik-77777
05 Авг 2015 - 22:41 -
pompowa
04 Июл 2015 - 08:51 -
NARYNGRAD
03 Июл 2015 - 22:23 -
saltanat.
03 Июл 2015 - 15:27 -
Talantchik
03 Июл 2015 - 08:17 -
Talantbek80
02 Июл 2015 - 20:19
Мен ачкан темалар
-
Шакек
Жазылган күн: 1 Июл 2015
– Ээ, Ысмайыл! Ээ, болбойсуңбу, ботом! Түш оогону калды, элдин баары сени эле күтүп жатышат,-деп кызаңдады Жоробек. Чын да. Элдин баары акча чогултуп, жапа тырмак үйлөргө свет киргизип алалы деп жанталашып атканда мунун түшкө чейин уктап жатышы кимге жаксын!
Жоробек Ысмайылдын эшиктеш кошунасы. Былтыр бул жерлерди «захват» менен алышып, жайлата кыш куюп, шымалана иштешип, эки бөлмөлүү жепирейген там салганга жетишишкен. Ошондо да экөө бири-бирине жардам берип, бири кыш көтөрүп берсе бири ылай чылап, анда-санда эс алганда жүз граммдан «чым» эттирип коюп иштешчү. Күзгө чейин эптеп там салганга гана жетишишип, дубалдары тосулбай калган. Ошондуктан, экөөнүн тамы бир короодой болуп биригип, эртең менен туалетке чыкканда эле кезигише турган. Ойгоно калып эле көргөн кошуналар бири-бирин сый тамакка чакырышып, балдары чогуу ойноп өзүнчө карым-катнаш түзүп алышты. Анын үстүнө жердиги да экөөнүкү бир. Сүйлөгөн тили да бир, дили да бир дегендей эле. Кыркка чыгып, биринчи жолу жепирейген болсо да өз үйлөрүнө жетишип үй ээси, кожоюн болгондоруна экөө тең корстон эле. Бир гана жаман жери, бул жерде жашоого эч кандай шарт түзүлө элек. Кыштата светтин жоктугунан аябай кыйналышты. Кеч күздө тезек терип, бир топ чогултуп коюшканы менен ал эч нерсеге жараган жок. Кыштын биринчи суугунда эле түгөнүп калды. Отун сатып алганга акча жок. Бир тал сындырым чырпык таппаган бул жерде айылдагыдай отунга барып келе калыш кайда...
Ошентип, жакынкы базардан коробка терип келип, ошону эптеп жагып отуруп өлбөгөн жанга жаз келген. Ушундай эле тагдырды көргөн коңшулар чогулуп свет коюну туура көрүшкөн. Мамлекетти күтө берсе эч нерсе чыкчудай эмес. Ошондуктан, ар ким өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, зым карагай, ток өткөрүүчү зым сатып алышты. Электриктер: «Зым карагайларды орнотсоңор, биз свет улап беребиз»,-дешкен. Ошондон кийин, кошуналар ар ким өзүнө берилген мерчемдүү жерде зым карагайга орун казып өткөзмөк болушкан. Бүгүн Жоробек менен Ысмайылдын кезеги болчу. Жоробек таң эрте эле күрөгүн алып, ломун көтөрүп бөлүнгөн жерди казганга киришкен. Себеби, электриктер Жоробектерге чейинки жерге свет улашып, буларды гана күтүп атышкан. Свет да эрте коюлганы жакшы эмеспи. Эки сааттай далысынан буу чыгара иштегенден кийин колдору карышып, лом көтөрө албай чарчап калды. Кошунасын «ана чыгат, мына чыгат» деп акыйып күтүп жатып, мойну кыйшайды. Акыры, такыр жадаганда эшигин тыкылдатып кыйкырып атканы ушул болчу:
– Ысмайыл! Э, ойгонбойсуңбу, Ысмайыл!
– Мына, мына кошуна. Ойгондум,-деген уйкулуу үн менен кошо мойнуна майкасын илип, шымын жарымына чейин шымданган Ысмайыл чуркап чыкты.
Көздөрү чылпактап, түшкө чейин уктагангабы бети шишип чыгыптыр.
Тигинин мындай ырайын көрүп Жоробек жийиркенгендей сүйлөдү:
– Түшкө чейин уктайсыңбы? Кыйкырып атам же сезип койсоңчу. Түндө таң аткыча ичкен окшойсуң, э?
Көздөрүн кымыңдатып, мени эмне чакырган жоксуң дегендей кылды.
Ысмайыл да дайыма бири-бирин чакырышып жүрүшүп кечээ чакырбай калганына уялгандай жыгылыштуумун дегендей мукактанды:
– Тиги Россиядагы кайнимди билесиң да, ошол келип кечинде кеч жатканбыз.
Ысмайыл ого бетер таарынычын билгизе:
– Демек, айда чардаган турбайсыңбы. Мен таң атпай жер казып иштеп атсам, сен базарлыкты сиңире албай жаткан турбайсыңбы? ..
– Жок, кошуна. Базарлык бар. Сага кечинде алып койгом. Кантип сени унутуп калайын,-деген Ысмайыл үйүнө чуркаган бойдон кирип бир бөтөлкө арак закускеси менен алып чыкты.
Экөө тамдын көлөкөсүнөн орун алышып, тигинден бирден согуп жиберишти. Ич жылып, дене жазылып, таарынычтар айтылгандай кийин Ысмайыл Жоробекке ортоноюн көргөздү. Тагыраак айтканда, ортоноюндагы кайниси белек кылган алтын шакекти көргөздү.
– Мына кара!-деди бир аз кызый түшүп мактангысы келген Ысмайыл. – Кандай кайним бар экен? Көрдүңбү, муну Орусиядан алыптыр. Орусияда 20 миң турат дейт.
Жоробек Ысмайылдын колундагы шакекке карап соңуркап калды.
– Ой-ий, укмуш турбайбы. Майла муну эми,-деди.
Ысмайыл да каршы болбойм дегендей үйдөн дагы бирди алып чыкты.
Экинчинин мойнун кескенден кийин экөө бир аз масайып калышкан. Антсе да, бирөө күрөктү алып, бирөө лом сайып аң каза башташты. Антпесе, кошуналар «тез өткөрбөйсүңөр» деп жемелешмек.
Улам ломду жерге урган сайын Жоробектин көзүнө Ысмайылдын шакеги жарк эте уруна берди. Улам сугу артып, тигил колун көтөргөн сайын шакеги күнгө жаркырай түшүп аткандай болуп жатты. Топурак ыргытып жатса да чаңдын арасынан шакектин жаркыраганы көрүнүп турду ага.
Тээ илгери (азыр ошол күндөр тээ илгери бир окуядай сезилет ага) эч нерсени көзгө илбей көөп жүргөн маалында колдоруна, мойнуна ушундай шакектерди тагынганды жакшы көрчү. Жаш да, колунда шакек турса өзүн башкача сезчү. Сакалы көгөрүп, кырктын кырынан өтүп, токтолдум деп калганы менен ошол жаш кезиндеги кызыгы эсине түшүп кеттиби же ичтегинин таасири бекен, кудум жаш болуп кеткенсип досунун шакектүү болуп калышына чындап ичи күйүп жатты. Анан да шакектин кымбаттыгын, кооздугун айт. Тим эле тигинин ортоноюна атайлап жасалгансып бап келет экен.
Канча аракет кылып ойлобоюн десе да, Жоробектин оюнун баары шакекте боло берди.
Бир кезде күн күркүрөп, өткүн сымал жамгыр жаап кирди. Экөө бир аз эс ала турмакка тамдын жаан тийбей турган жагына жашынышты. Айлана баткак болуп, кудум сел жүрчүдөй төгүп жааганы менен күн кайрадан ачылып жаан бат эле басылып калды. Экөө бул учурда жакшы эле соолугуп калышкан. Эки зым карагайдын ордун бат эле казып бүтүшүп, электриктерди чакырышты. Электриктер орнотулган зым карагайларга зым чубашып ток улай башташты. Жоробек үйгө суу ичкени кирген. Бир убакта «чар» деген үн чыгып эле эл ызы-чуу түшүп калышты. Чуркап эшикке чыгып эле көргөн көзүнө ишене албай калды. Ысмайыл чалкасынан түшүп жатыптыр. Эл тегеректеп бетине суу чачып, бири тез жардам чакырып чуркап жүрүшүптүр. Чуркап жетип эле Ысмайылды жулкулдатып кирди. Карагайдан ток түшүп, ал Ысмайылга тийген экен. Ысмайылдын денеси бир аз карарып, көздөрү ачылбай сулк жатат. Жүрөгүн тыңшап, тамырын кармап көрүштү. Жүрөгү сокпой калыптыр. Аңгыча тез жардам жетип келди. Ысмайылдын төшүн аппараты менен тыңшагандан кийин доктур башын чайкап, өтүп кеткенин айтты. Турган эл ызы-чуу боло бири боз үйүн алып келип тигишип, бири туугандарына кабар айтып, бири көр казганга кетишти. Бир күн салтын жасаган кылып аялдар кошок кошуп, жаш балдар таяк таянып өкүрүштү.
Эртеси сөөктү жууп, жаназага алып келишти. Сөөк жууганы кирген Ысмайылдын жакын адамдары сөөк жууп атышып баягы шакекти канча аракет кылышса да маркумдун колунан чыгара албай коюшту. Шакек тагылган манжасы шишип чыкпай калыптыр. Молдо да «өлүктүн манжасын кескиче ушул бойдон эле көмө берели» деди. Эч ким каршы болгон жок. Бир гана ушундай баалуу шакек эч нерсеге жарабай көргө кетип атканына Жоробектин ичи ачышып турду. Жаназа окулуп, туугандары ыйлап, эркектер сөөктү көргө алып кетишти.
Сөөк коюлгандан кийин ар ким бөлүнгөн үйлөргө эт жеп, куран окутканы жайгашышты. Эт желип, куран окулгандан кийин ар кимиси жай-жайына тарашты. Көпчүлүктүн арасынан бир гана Жоробектин шакектин көрдө калганына ичи ачыша берди. Жанатан тирүү кезинде сурап калсам болмок экен. Ал сөзсүз бермек деп ойлоду. Ушуну ойлоп алгандан кийин таптакыр тура албай калды. Иңир кирип, жерди караңгылык каптай баштаганда баягы лому менен күрөгүн алып, Жоробек мүрзөлөрдү көздөй жөнөдү.
Желе жорто басып көргө жеткенден кийин бир аз эки жагын абайлап карап турду. Эч ким жок. Мүрзөлөр гана шоңкоюп айдын жарыгында сүрдүү көрүндү. Жоробек ичинен «тобокел» деди. Бирок да, даап жаңы үйүлгөн топуракка күрөк сая албай апкаарып калды. «Өлүктөн эмес, тирүүлөрдөн коркуш керек» деген Ысмайылдын сөзү эсине келе түштү. Ошондон кийин колуна күч келип, жүрөгүнүн алеп-желеп сокконуна карабай топуракка күрөгүн сайды. Эч нерсе болгон жок. Жоробек эки жагын каранды. Бардыгы баягындай эле калыпта туруптур. Бир гана Жоробектин өзү эзелтен эч ким буза элек, бул жердин калыптанган мыйзамын, мүрзөлөрдүн өлүү тынчтыгын бузуп тургандай болчу. Ошондуктан, анын коркунучтан селтең эткен карааны бул жерге коошпой турган...
Бир аз иштегенден кийин чекесинен тер чыпылдай түштү. Денеси жибип эми коркуудан арыла баштаганда көрдүн кирпич коюлган оозуна жетти. Кирпичтерди алып ыргытып ийди да аңырайган көрдүн сүрүнөн коркуп, дабдырай түштү. Бир аз ошентип тургандан кийин өзүн-өзү токтотуп, көрдүн ичине кирмекке эңкейди. Ушул учурда көрдөн кимдир бирөөнүн кыңкыстаган үнү чыкты. Жоробек шашып калды. Эмне кылаарын билбей көзү чанагынан чыгып, көрдөн секирип чыкты. Бирок, кайра өзүн-өзү токтотту. Балким, коркконунан жөн эле угулуп атпасын? Коркконго кош көрүнөт болуп жүрбөсүн? «Чын эле» деди ичинен. «Коркконго кош көрүнөт болуп жатат, кой, аягына чыгарайын, ушунча болду шакекти алып кетейин» деп ойлонду. Чоң-чоң дем алып алгандан кийин ичинен келме келтирип, кайра көргө секирип түшөйүн деп жатып көргөн көзүнө ишене албай катып калды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, көрдүн оозунан кимдир бирөө колдорун арбаңдатып чыгып келе жатыптыр. Жоробек кыйкырып жиберди. Бирок, үнү бүтүп калгандай чыкпай калды.
Көзүнө көрүнүп жатабы же чын эле бирөө чыгып келе жатабы, аңдай алган жок. Тиги көрдөн чыгып келе жаткан неменин колунда айдын жарыгына чагылышып, жылтылдап аткан шакекти да көргөн жок. Нымдуу жер Ысмайылдын денесиндеги токтун уусун соруп алгандан кийин Ысмайылга жан кирип, жан соогалап, көрдөн чыгып келе жатканын байкаганга Жоробектин алы келбеди.
Нес боло бурулду да кайдадыр чуркап жөнөдү.
***
Эртеси айыл «Ысмайыл тирилиптир» деген кабар менен ойгонду. Ысмайылды тааныгандар да, тааныбагандар да бул укмуштуу окуяны көрүү үчүн агылып келип жатышты. Ысмайыл төрдө төшөктө жатат. Бети-башы карарып кеткени менен жакшы болуп калгандай. Башын ак марли менен таңып, улам оозуна суу тамчылатып жанында аялы отурат. Келгендер кечээ эле көргө коюлган Ысмайылды көрүп эстери ооп, көргөн көздөрүнө ишене албай жатышты. Акыры күбүр-шыбыр боло түндөгү болгон окуяны бири-бирине айтып, ар кимиси кошумча кошуп апыртып да жиберди. Ар ким окуяны ар кандай угуп «жо-ок, андай эмес, мындай экен» деп бири-бири менен талашып-тартышып жатышты. Бири «Ысмайылдын колдоочусу көрдөн келип, досу Жоробекти көргө сыйкырлап барып сөөктү каздыртып чыгыптыр. Байкуш Жоробек буга жүрөгү чыдабай, көрдү казып бүтүп эле оңкосунан кетиптир» десе, кай бирлер «кайран ач көздүк Жоробектин жанын алыптыр» деп жатышты.
Ал күнү көрдөн алыс эмес жерге барып жүрөгү токтоп кулап калган Жоробектин сөөгүн үйгө алып келишти. Туугандарга кабар айтылып, ар кай жерден туугандар келип, күбүр-шыбыр токтобой, молдо жаназа окуп, аялдар жакасын кармана, эркектер Ысмайылга казылган көрдү көздөй Жоробектин сөөгүн көтөрүп жөнөштү. Эркектер менен кошо балдак таянып Ысмайыл да барды. Тегерете күрөктөр сунулуп, ар ким келме келтирип, маркумга атап топо сала башташты. Ысмайыл колундагы шакекти зордоп сууруп чыгарды да, топо менен кошо, күрөккө салды. Күрөк айланып, келгендердин баары топо салгандан кийин жигиттер шуулдата көмүп башташты. Баягы топурак кайрадан үйүлүп турду. Сөөк коюлгандан кийин молдо үч ирет куран окуду. Кетип баратып «коркпой жат, Жоробек» дешти келгендер.
Күрөктөрдү көтөргөн эркектер үйгө жакындаары менен өкүрүп киришти. Балдак таянып Ысмайыл да өкүрүп келе жатты. Кошуналар, туугандар көздөрүнө жаш алып Жоробекти аяп ыйлап келе жатышты.
Ысмайыл гана ичинде Жоробек шакегине кызыгып көрүн ачканына ыраазы болуп рахмат айтаарын билбей же болбосо "дос эмес экенсиң" деп таарына албай бир кызыктай абалда болду...
(Аягы) -
Сойкунун жолу
Жазылган күн: 30 Июн 2015
(Башталышы)
Калемкаш бала кезден эле ишенчээк болчу. Көздөрү карагаттай бул кыздын кара тору өңүн ушул бакырайган кирпиктүү бото көздөр гана көрктөп турганы болбосо, узун жаагы, бир аз түйрүгүрөөк эриндери, бетиндеги сепкилдери өңүн серт көрсөтчү. Ошондон уламбы, Калемкаш мектепте башка кыздарчылап сүйүү, сезим арноо каттарын алган жок. Курбу кыздары жигиттерден кат алганда албыра жашырышып, анан четтей берип эки-экиден окушканда негедир ичи күйчү. “Эмнеге мага кат жазышпайт, ушунчалык түрүм суукпу?” деген ойдон ызаланып, бой жеткен сайын түнт, кырс тартты. Онду бүтөөрү менен окууга тапшырам деген Калемкашка үйдөгүлөр деле көп каршы болгон жок. Болгону апасы:
– Кыз бала окуп мударис болмок беле, жакшы жер чыкса күйөөгө эле тийсең жакшы болмок,-деди кыңырылып. Бул сөз Калемкаштын жарасын сыйрып кеткендей ызалана түштү. Бирок, тиштене унчукпады. Калемкашка жаккан Жайдарбек да ушул күздө кыздын классташы Нурайымга үйлөнгөнү жатыптыр. Ошону уккан күнү үч күндөй бүк түшүп жатып калды. Азыркы апасынын сөзү дал ошол жараатына тийди.
Шаарга келгени Калемкаш окууга деле дилгирленген жок. Тээ жүрөк түпкүрүн Жайдарбекке болгон куса эзип, айылга кеткиси, азыр эле барып көргүсү келет. Бирок, көргөндө эмне. Атына заты жарашкан жайдар мүнөз Жайдарбек азыр башканын жары. “Айылдагы эң сулуу күйөө болгон болуу керек” деп дили сыздай ойлоду.
– Кандайсыз, сулуу кыз? – Күтүлбөгөн үндөн чочуп кеткен кыз өзүн карап кашкая күлүп турган узун бойлуу жигитти көрдү. Жан-жагын караса өзүнөн башка кыз көрүнбөйт.
– Сиз мага сүйлөп жатасызбы?-деди өз үнү өзүнө араң угула.
– Ооба, сизге да, сулуу кыз,-деди жигит алтын тиштерин жаркырата. Акжуумал жүзүнө алтын тиши абдан жарашат экен.
– Мен сулуу эмесмин,-деди ызалана.
– Ой, ким айтып жүрөт бул кепти? Карачы, сеникиндей көздөр азыр кимде бар экен? Атың ким?-деди мээрим менен. Мындай мамиле көрбөгөн кыз жылуу сөздөн аптыга апкаарып калды.
– Калемкаш,-деди араң.
– Меники Кулубай, политехникалык институтта төртүнчү курста окуймун. Сен кайда окуйсуң?
Кыз не деп жооп айтаарын билбей шашып калды. Ушундай келишимдүү, ары студент жигит өзүнө көңүл буруп атса “абитуриентмин” дегенден уялды.
– Филфакта биринчи курста окуймун,-деди кызарып.
– Оо, мына, таанышып да алдык, жүрү, кафеге кирип чай ичпейлиби?-деди дароо эле. Калемкаш каршылык да кыла албай, кошо да баса албай далдырады. Кыздын ара ойдо кыңырыла түшкөнүн байкаган кыраакы жигит дароо колдон алды:
– Мен да биринчи курс болгом, курсагым абдан ачып, бирок, акчам да, таанышым да жок ыйлагым келчү. Жүр, алыска деле барбайбыз,-деди шыпылдап. Калемкаш унчукпай кошо басты. Баары эле экөөнү карап жаткансып кысынганынан тердеп да кетти. Калемкаш кафе деген эмне экенин жакшы деле түшүнбөй, бирок, тамак ичүүчү жай экенин кеп маанисинен боолголоду. Алар кирген жай жапжарык болуп жаркырай, татынакай кийинген кыздар экөөнү кире бериштен күтүп алып столго коштоп барды. Мындай нерсени көрбөгөн кыз өзүн жомокко келип калгандай сезди. Буга жетине албаган кыз кыялында “ушу азыр мени биздин кыздар көрсө го, айрыкча Нурайым менен Жайдарбек” деп ойлоп жиберди.
Кулубай тамак үстүндө да баёо кызды ар сөзгө салып, ал тургай уяттуу анекдот айтканга да үлгүрдү. Мындай сөздү ачык сүйлөшмөк түгүл укпаган кыз кулагына чейин кызарып, ичкени кекиртегине такалды.
Алар кафеден чыкканда күүгүм кирип калган экен.
– Апей, мен кеч калган турбаймынбы, эми кантип кетем?-деп жиберди караңгыда калып көрбөгөн кыз чыйпылыктап.
– Коркпо, мен өзүм жеткирип коём,-деди да дароо эле такси тосуп кирди.
– Каерде жашайсың?-деди кызга карабай туруп.
– Жакын эле го...-деди кыз арсар. Шаарга жаңы эле келген кыз маршруттун номерин, анан түшө турган аялдамасын гана билчү. Карт бөрү болуп бүткөн Кулубай кыздын шаарды билбесин дароо түшүндү.
– Кошунамдын үйүнүн жанында дечи,-деди кызды ийинден кучактай жайдары күлүп. Кыз унчуккан жок. Кулубай тосуп жаткан машинелердин бири өтүп барып токтоду. Кулубай жалгыз чуркап барды да бирдемелерди сүйлөшүп, анан кызды чакырды. Калемкаш кайда баратканын деле аңдаган жок, ичинен “биринчи курста окуса кантип шаарды билбейт дебесин” деп ойлоп унчукпай кете берди. Бир топ жүргөндөн кийин Кулубай:
– Жеттик, түшөбүз,-деди акырын. Кыз кайда келгенин деле билбей түштү да, тааныш эмес короо-жайды көрүп чочуп кетти.
– Ой, бул биздин үй эмес...
– Ооба, силердин үй эмес, менин үйүм. Коркпо, Калемкаш, сенин шаарды жакшы билбесиңди дароо түшүндүм. Бир чети кеч барсаң үйдөгүлөр эмне дейт? Андан көрө бүгүн экөөбүз сүйлөшүп отуралы, жакындан таанышалы, кандай дейсиң? Же мен жакпадымбы? Мисалы, сен мага дароо жактың, айрыкча көздөрүң. – Кулубай кызды күтүүсүз имере кучактап көздөрүнөн коомай өөп койду. Өмүрүндө биринчи жолу жигит жытын туюп, эркек кучагына кабылган кыз апкаарып калды. “Жаман деле жигит көрүнбөйт, келишимдүү да экен” деген жеңил ой заматта мээсин чарпып өттү. Алар кирген үй жупуну, бирок, таза, иреттүү экен. Кыздын көзүнө биринчи эле бурчта турган бешик урунду.
– Сиздин аялыңыз барбы?-деди жалт карап.
– Жок, аялым болсо сени неге ээрчитип келмек элем? Ай, ушу сенин балалыгың. Жеңем менен агам келгенде баласын бөлөйбүз деп калтырып кетишкен. Алар да шаарга тез-тез келип турушат,-деди Кулубай жаркырай күлүп. Кыз орунсуз суроосуна уяла жер карады. Бир аз отурушкандан кийин Кулубай шуштуйган бөтөлкөдө киргилт кызыл бирдеме көтөрүп келди да:
– Кел, жолукканыбызды белгилеп коёлу. Мен сендей баёо, таза кызды издеп жүргөм. Көрөөрүм менен мен издеген кыз дедим,-деди толкундангандай үнү калтырап.
– Бул эмне?
– Вино, бул эчтеме кылбайт, лимонад ичтиң беле, ошондой эле, болгону көңүл көтөрүлүп уялбай, тартынбай каласың. Биринчи курстун кыздары ичип калчу эле... – деди сынай карап. Атасынын катуулугунан, ары эч ким көңүл бөлбөгөн үчүн кыз отуруштарга деле барчу эмес. Кулубайдын “биринчи курстун кыздары ичип калчу эле” деген сөзү айыбын ачып койчудай шашып кетти:
– Билбейм, биздин кыздар ичпейт деле го,-деди ишенимсиз. Чын эле бир аз кычкыл даамы болбосо, лимонаддай эле таттуу экен. Канча отурушканын билбейт, бир кезде Калемкаштын күлкүсү чыгып, карагат көздөрү коймолжун тарта жоодурап, жүзү албырып чыкты.
– Сен сулуу болуп кеттиң,-деди Кулубай кыздын жанына этегин баса отуруп жатып.
– Коюңузчу, мени эч ким сулуу деген эмес.
– Эх, айылдыктар, торпок балдар да сендей кызды баалабаган. Мына көрөсүң, мен сени супсулуу кылып айылыңа алып барганда баары кандай кызды колдон чыгарганын түшүнүп ичи күйөт, карап турсун,-деди кыялдуу. Калемкаш заматта узун бойлуу, күлгөндө алтын тиши акжуумал өңүнө жарашкан Кулубай менен супсулуу болуп созулуп айылына күйөөлөп барып калганын элестетип жиберди. Айрыкча Жайдарбектин ичи күйсө деп ойлоду. Кулубай кызды имере кучактап акырын алкымынан жыттады.
– Коюңузчу байке, уят го,-деди кыз кымырына.
– Неге уят, сен мага жагып калдың, мен сени алам, ушу бүгүндөн баштап сен меникисиң, мен сени эч кимге бербейм.
Кулубай кызды бооруна кыса аймалап өпкүлөп жиберди. Өмүрү мындай абалга кабылбаган Калемкаш денеси жымырай каршылык кылууга дарманы жетпей шалдырады. Кантип Кулубайдын кучагына кирип келгенин өзү да аңдабай калды.
Ушул түнү Калемкаш аял болду. Сезим, сүйүү, жакшы көрүү, сүйүлүү эмне экенин билбей туруп бир түндүн, жеңил ойдун курманы болгонун байкаган жок.
Эртең менен катуу уктап калган кызды Кулубай ойготту.
– Тур, жеңемдер келип калбасын,-деди суз. Кечинде эле жалынып- жалбарган, тим эле бут алдына жылдыз төшөчүдөй болгон Кулубай азыр жат кишидей муздак эле.
– Каякка кетем?-деди элеңдеген Калемкаш.
– Каякка кетмек элең, үйүңө да,-деди Кулубай кызды карап да койбой кийинип жатып.
– Сиз мени...
– Эмне мен сени? Сен эмне, бир жолуккан адамга эле макул болуп төшөгүндө түнөп кала бересиңби? Мен сени сынагам, кантер экен дегем, а сен дароо макул болдуң. Макул болмок тургай ичип алып жабышпадыңбы.
– Качан, калп айтпаңыз, сиз мени алам, сулуусуң, жагып калдың дебедиңизби.
– А сен сулуусуңбу, өзүң айтчы?-деди Кулубай шылдыңдуу жүз менен.
Кыз бетин басып алып ыйлап жиберди. Денеси солкулдаган сайын бүт денеси ооруксуна, эмне кылып салганын, мындан ары эмне кылаарын, эми кандай болоорун билбей эртеңи күүгүмдөнгөн кыз ыйдан күчүн чыгарды. Кулубай кызды кучактай жанына отура кетти:
– Кантет, мен сени сынап койдум, ыйлаба. Азыр үйүңө сыр алдырбай барып тур. Мен сени бүгүн эле алып калсам дегем, бирок, сенин абийириңди ойлодум. Үйүңдөн эле келин каадасы менен алып кетейин ээ? Азыр жеңемдер келет, алар көрсө сени кийин бузулуп келгенсиң деп басмырлашат. Ошон үчүн азыр сени көрбөй эле коюшсун, кийин абийириңди өзүм жабам, жолун табабыз,-деди алкымынан өпкүлөй. Кызды кайра уйпалай басып жыгылды. Азыркы мамилеси кечиндегидей аяр, назик, ысык эмес, орой, муздак, копол болчу. Кулубай кызды көчөгө узатып чыкканда эми эле таң таштап, эл аз экен. Ал кыз кайсы жакка барарын шаша көрсөтүп коюп:
– Мен сени өзүм издеп табам, ага чейин эч кимге биздин мамиле тууралуу айтпа. Кечээ жолуккан жерден жолугабыз ээ?-деди да кирип кетти. Калемкаш Кулубай көрсөткөн жакка басып баратып дилин өйүгөн бир түпөйүл ойдон ыйлап алды. Кайда баратканын да баамдабай эле басып кете берди да, бир кезде өзүнө тааныш базарга жакын жерге чыккан көчөгө келип калганын көрүп сүйүнүп кетти. Маршруткада да ырас эл аз экен. Уйпаланган, шишип-көпкөн кызды айдоочу айнектен кыйгач карап койду. Кыз айыбын айдоочу билип койгондой артка өткөнчө шашты. Бир кезде аялдамасына жетип калганын көрдү да түшкөнчө ашыкты. Бирок, түшөөрүн түшүп алып эжесине эмне деп айтаарын билбей кайра артка басты. Багыты белгисиз кыз бир кезде жапан талдар толтура өскөн суу жээгине келип калганын көрдү да, жуунгусу келип шашып чечинип ичиркене муздак сууга кирди. Жан жери тызылдата ачышып, денеси муздактан калтырап кетсе да жүрөгү жайланып, сергий түштү. Үйгө түш оой барган кызды нан жаап жаткан эжеси бир карады да:
– Ай, сен окууга өтө албай туруп тентийсиң, окуп калсаң Кудай берет го. Кайда жүрдүң?-деди ачууланганы деле билинбей кайдыгер.
– Кыздар чогуу даярданалы дегенинен бир кыздын үйүнө барып сыртты карабай отура бериптирмин, карасам эле караңгы түшүп калыптыр. Анан түнү үйдү таппай калам го деп коркуп калып калдым,-деди жер карап.
– Кир, чечин, кыйратыпсың, -деп койду да ишин улантты.
Калемкаш күн сайын Кулубай экөө жолуккан жерге келип сааттап отурат да, качан эл аягы суюлганда үйүнө кетет. Бактысына окууга да өтпөй калды. Кыз үмүтү үзүлүп баратканда Кулубай кайра жолукту. Кечке отуруп отуруп “келбейт го, болду, эми келбейм” деп ызалуу ойлоду. Туруп бараткан кызды:
– Калемкаш! -деген үн токтотту. Жалт караса Кулубай жаркырай күлүп туруптур. Кыз кубанганынан ыйлап жиберди.
– Кантет, чопчоң кыз ыйлайт бекен?-деди үнсүз солуктаган кызды далысынан таптай берип.
– Сизди келбейт го, шерменде болдум дегем.
– Кантип келбейм, мен айылга барып келдим, апамдар менен сүйлөштүм. Жүрү, азыр баягы үйгө барабыз да, анан эртең сен да эжеңе, ата-энеңе айтасың.
– Барбай эле коёюнчу?-деди Калемкаш аягы тартпай.
– Сен эмне, менден башкасын таап алгансың го, калп эле күттүм деп коёсуң,-деди Кулубай сурдана. Калемкаш чочуп кетти:
– Жок-жок, кантип ошентейин?-деп жиберди жанталашып.
– Анда жүр, сен деген эми менин айтканым менен болушуң керек,-деди да Кулубай алдыга түшүп алып басып жөнөдү. Кайдагы тар баткак көчөлөр менен дагы баягы үйгө келишти. Кыз “неге машинеге түшкөн жокпуз?” деп сураганга да батынбады. Ээрчишип кирип келген экөөнү эки жигит, бир кыз тосуп алды. Кыздын обу жок боёнгону Калемкашка жаккан жок, айрыкча чычайтып тамеки тартканы абдан өөн көрүндү. Бирок, ичинен “шаардыктар да” деп ойлоп койду. Алдыларында ичкиликтин агы, кызылы жайнап, Калемкаш өмүрү көрбөгөн шишелер койкоёт.
– Охо, бул кыз ким?-деди аркы четтеги дыңкыйган тоголок кара жигит.
– Калемкаш деген сулуу кыз ушул.
– Ии, абдан сулуу экен, мейли, боло берет,-деди мыскылдагандай ууртун тарта.
Алдына ичкилик келгенде “ичпейм” деген Калемкашты Кулубай:
– Экөөбүз үйлөнөр күндүн алдында ичпесең мени сыйлаганың кайсы?-деди омуроолой. Калемкаш аргасыз ичип жиберди да, Кулубайдын тигилерге бирдеме деп акырын шыбыраганын, алар санын чаба каткырып калганын байкап жүрөгү опкоолжуй алда неден шекшип алды. Анан биринин артынан бири экөөнү куттуктаган болуп ичире беришти. Бир кезде Кулубай баарын аркы бөлмөгө киргизип жиберип кызды чечиндирип кирди.
– Коюңузчу, тигилерге уят,-деди кыз кысынып.
– Сен менин аялымсың, неге уят?-деп басып жыгылды жигит кызды. Иши бүтөөрү менен “мен азыр” деп чыгып кеткен Кулубайды күтүп жатып уктап кеткенин да байкабай калды. Бир кезде бирөө жанына жатканынан Кулубай го деп караса баягы кара тоголок бала. Кыз атып туруп сыртка качып чыгып кайда басаарын билбей тамды айланды. Кулубай менен баягы кыз экөө тамдын артындагы керебетте өбүшүп жатышканын светтин жарыгында көрүп дел боло туруп калды. Кулубай да, тиги кыз да дээрлик жылаңач экен. Аңгыча артынан кара бала чыкты да кызды шак көтөрө үйгө алып жөнөдү.
– Кулубай, бул эмне кылганың?-деген кыздын үнүн бир түн укту. Мас Кулубай көңүл да бурган жок.
Сойкунун жолу ушинтип башталды...
– Тур эй,-деген копол үндөн Калемкаш көзүн араң ачып, бирок, турууга дарманы жетпеди. Турса эле кусуп ийчүдөй көңүлү айланды.
– Турбайсыңбы энеңди, сага ишенген мен акмак,-Кулубай башын мычкый толгонгон кызды ороңдой бир тепти. Калемкаштын ошондо гана көз алдына кечиндеги окуялар кинонун плёнкасындай сыдырыла тартылып өттү. Килеңдеген эки жигиттин улам алмаша уйпалап, колу-бутун кайрый кордогону, Калемкаштын “Кулубайлап” кыйкырганын каткыра шылдыңдашып, а эр болчу неменин бир көрүнбөй койгону, кыз улам өзүнө келген сайын сасык винону оозуна куюп зордоп ичиргени жүрөгүн айланта элестеди.
– Акмак...-деди алсыз.
– Ким акмак, бир аз жок болоорум менен досторум менен алмак-салмак жыргаган сенби же жеңелеримди чакырып келейин деп темселеп сенин камыңды көрүп жүргөн мен акмакмынбы? Канчык. Көзүмө көрүнбөй жогол!
– Мен сенин кантип тиги кыз менен жатканыңды көрдүм го,-деди Калемкаш араң баш көтөрө ызалуу.
– Мас болуп алып кайдагыны айтып жалаа жаппагын. Эмне үчүн барып жаактан ары бир чапкан жоксуң, эмне үчүн кыйкырбадың?
– Кыйкырдым, сен уккан жоксуң. Тиги досторуңа атайлап салып бердиң. Убалым уктатпасын сени, мен сага ишенбедим беле. Эми эмне кылам? - Кыз боздоп ыйлады.
– Долуланба, эгер оозуңдан бир ооз сөз чыга турган болсо мобу сүрөттөрдү атаңа алып барып берем, айылыңа таратам.
Кулубай кыздын алдына бир топ сүрөттү чачып жиберди. Калемкаш көргөн көзүнө ишенген жок, көз чыдап карай албай турган сүрөттөр. Атасы көргөнүн, айылдагы жаш балдар кадам сайын сөөмөйлөп каткырып, а улуулар, айрыкча, жеңелери жерге түкүрө кыз баскан жол менен баспай калышканын элестетип жиберди. Сүрөттөрдү ашыга топтоп жан талаша тытып кирди. Кулубай кызды табалай карап турду да:
– Менде андай сүрөттөн ар бири беш-алтыдан. Каалайсыңбы, азыр алып чыгып ар бир аялдамага жабыштырып, почтодон айлыңа жиберем.
– Жок-жок, эмне кыл десең кылам, экинчи көзүңө көрүнбөйм. Бир адамга сен тууралуу айтсам жашабай калайын, сүрөттөрдү бер,-деп жигиттин бутуна жыгылды. Калемкаш азыр мобу маңдайында менсине керсейип турган адамдын оозунан эмне чыкса аткарууга даяр эле, болгону эле сүрөттөрдү берсе деп ойлоду. Кулубай бутун кучактай эки ийини титиреп соолуй ыйлап жаткан кызды маашырлана карап турду да, анан бутун тартып алып тээ четке барып отурду.
– Кеп мындай, мен сага жакшылык кылайын. Канткенде да биринчи көз ачып көргөн эркегиң мен болдум. Азыр жуунуп-таранып, эч нерсе болбогондой үйүңө кетесиң да, качан мен чакырганда келип турасың. Качып кетем деп ойлобо, жерге кирсең чачыңан, асманга чыксаң бутуңан тартып алам да сүрөттөрдү керектүү жерге бүт таратам. Мобу телефонду ал, менин сага белегим. Мен чалганда дароо келесиң, уктуңбу?-деди да ордунан шашпай туруп төш чөнтөгүнөн кол башындай кичинекей кара телефонду алып чыкты. Калемкаш мындай буюмду таежелеринин шаарда окуган кыздарынан көрүп калчу. Кызыгып кармалап гана көргөнү болбосо иштетип көргөн эмес.
– Мен муну иштеткенди билбейм,-деди үнү калчылдап.
– Звонок келгенде музыка чыгат, ошондо мобу жашылды басасың. Сага көптү билүүнүн кереги жок. Бара-бара өзүң эле үйрөнүп кетесиң. Тур, жуунуп өзүңдү иретке келтир, мен азыр келем.
Кулубай телефонду кыздын колуна да бербей ыргытып коюп чыгып кетти.
Калемкаш башы айлана улам окшуп жатып ооруксуна араң жуунуп, бети боюн, башын иретке келтирди. Бир кезде бир аз кызуу Кулубай кечиндегиден башка эки жигитти ээрчитип келди да:
– Булар сени жеткирип коёт, эң башкысы телефонду жоготпо,-деди кызды тик карабай. Анан тигилерге: “Ишиңер бүткөндөн кийин айткан жерине жеткирип койгула,-деди акырын.
– Эмне иш?-деди Калемкаш жүрөксүй.
– Коркпо, карындаш, биз адам жебейбиз, тем более кыздарды. Эркелетип, анан айткан жериңе таштап коёбуз,-деди кодойгон арыгы. Эркелетип деген сөздөн улам дагы кечиндеги окуя кайталанарын жүрөгү сезе Кулубайга жалооруду.
– Кулубай, мен өзүм эле кетем, сен чакырганда келип турам,-деди титиреп.
– Мейли кете бер, бирок, сүрөттөрүңдү азыр эле почтого салам, айылыңды, дарегиңди деги билем. Мен сага куда түшөм деп бүт сураштыргам, аны жакшы билесиң,-деди мелтейе муздак тиктеп. Калемкаштын заманасы куурулуп кетти.
– Кана, кеттик карындаш,-деди жанатан бери унчукпай тамеки чегип турган орто бойлуу кара тору түсү ийги жигит. Үнү да жагымдуу экен. “Балким, ушул боор ооруп кетирип жиберер, барганда суранып көрөйүн” деп ойлоду кыз, тээ жүрөк тереңинде үмүт артып. Машинеге түшүп жатканда Кулубай Калемкашты четке тарта берип:
– Тигилердин айтканын жасап ыраазы кылып жөнөтсөң сүрөттөрдү дароо берем, азырынча менде турсун,-деди суз. Кыз унчукпай баш ийкеди. Шаардын четиндеги эски короого алып барган тиги жигиттердин арыгы биринчи кызды уйпалай басып жыгылды.
– Байке, мен тиги досуңуз менен сүйлөшүп алайынчы,-деди жанталаша этегин талашып.
– Энеңди сойку, сага тандаганды ким коюптур, биз сени сатып алганбыз, акчасын мен төлөгөм. Унчукпай жат,-деди да жаактан ары бир чапты. Калемкаш соолуп ыйлап, чарасыз тигинин ыгына көнө унчукпай калды. Тиги чыгып кетээри менен беркиси кирди.
– Эмне мени чакырдың?-деди суз.
– Мага тийбей эле коюңуздарчы дейин дегем, эми бүттү.
– Ээ карындаш, тийбей эле коюңузчу деп башында, ушул кадамга бараарда айтыш керек болчу.
– Мени алам деп алдады...
– Баары ошентет, ала турган киши көрүнгөнгө салып берет беле. Макул, мен сага тийбейм, бирок, жардам да бере албайм. Эми бул иштен өзүң эле баш тартпасаң, эч ким сага жардам бере албайт. Тур кийин, сени таштап коёлу. Менин шашылыш жумуштарым бар, тигил досум айылдан келип кыз тап дегенинен эле бара калганбыз,-деди да чыгып кетти.
Андан бери арадан жыл өттү. Кулубай “ушул жолу сүрөтүңдү сөзсүз берем” деп улам бирөөгө салып берип жүрүп Калемкаш кадимки сойкуга айланды. Эжесиникинен “чогуу иштеген кыздар менен жашайм” деп батирге чыгып кеткен. Батири деле баш калка болгону болбосо, кыздар жашаган жай деп эч ким ойлобойт эле. Өзүнө окшогон үч кыз менен чогуу жашайт Алдыларында жука палас, мас адам эле жатпаса соо адам отура алгыс кир, анан сасык төшөктөр. Кечинде Кулубай келет да баарын ар жакка жиберет, эртеси ар бирине жарыбаган акча таштап кетет. Азыр Калемкаштын жүрөгү мурдагыдай көп оорубайт, дили да кирдебейт. Ырас, кээде бир кусалык көңүл тереңинен кайнап чыгат дейсиң, андайда ичкилик менен баарын басканга аракет кылат. Баарынан да түштөр кызды эзчү болду акыркы кезде. Түшүнө ар дайым туулган айылындагы эски мектеп, анан Жайдарбек кирет. Баары баягы кездегидей таза, жарык, түшүнүктүү. Андайда ойгонуудан корккон кыз көпкө башын кир төшөккө катып жата берет. Бүгүн да ушундай кусалуу түштөрдөн кийин маанайы жок отурган. Кыздар базарга баралы дешти эле мойноп койду.
Кечке маал Кулубай келди да:
– Калемкаш, жакшылап жуунуп, бети-башыңды ашыкча боёбой мени менен жүр. Эң башкысы оозуңдан ашыкча кеп чыкпаса, ушул жолу точно сүрөттөрүңдү берем. Сен эч кимиси жок жетим кызмын дейсиң бүттү, башка кеп айтпайсың,-деди. Калемкаш кайда деп да сураган жок, сүрөттөрдү чын эле бересиңби да дебеди. Азыр ага баары бир болуп калган. Сыртка чыга берген жерде турган аппак чет элдик маркадагы машинени көрдү. “Дагы бир кутурган немелер го” деп ойлоп койду кайдыгер. Кулубай шыпылдап эшикти өзү ачып кызды отургузуп:
– Мейли, жакшы эс алып келгиле, биздин кызды таарынтпагыла, жаңы эле келген,-деди адаттагыдан башкача жумшак үн менен. “Буга эмне болгон?” деди Калемкаш ичинен таң кала. Бир аз жүргөндөн кийин алдыда отурган орто жаштагы киши артына бурулуп кызга кайрылды.
– Карындаш, атыңар ким?
– Атым эсимде жок байке, карындаш деп эле кайрыла берсеңиз болот. Мен атым жок эле сиз айткандын баарын аткарам,-деди суз.
– Ысымы жок адам болчу беле, макул айткың келбесе өзүң бил. Менин атым Айдар,-деди жумшак. Кыз унчукпай койду. Бир топ жүргөндөн кийин бийик дубал менен тосулган чоң короого келип киришти. Короонун кенендиги, көз кубанткан тазалыгы кыздын көңүлүн көтөрүп жиберди. Бала кезде апасы ушинтип короону суу сээп сергитип шыпырчу эмес беле.
– Сиз ушул жерде турасызбы?-деди үнү калтырай.
– Ооба, бул менин үйүм,- деди Айдар күлүмсүрөй.
– Үйүңүзгө сойкуларды алып келе бересизби?
Айдар унчукпай алдыга баса үйдүн эшигин ачып:
– Кир,-деди акырын. Кыз босогону аяр аттады. Үйдөн жагымдуу жыт келип турду.
– Сен шашпай жайланыша бер, баса Кулубай айттыбы, сен бир жума ушул жерде болосуң.
– Жок,-деди суз. Анан кайра бирдемени эстей койгондой шаша сурап жиберди.
– Дагы кимдер болот?
– Экөөбүз эле,-деди токтоо. Кыз ишене албай турду.
– Атым жок дедиң ээ, мейли эми карындаш дейин. Сен карындашым мындай кыл, муздаткычты карасаң азык-түлүк бар, билген тамагыңды жаса. Мен бул жакка бир жумага командировкага келгем, сени сойку катары эмес кызматчы катары алып келдим. Чынын айтсам сени сойку деп ойлобос элем, баёо, токтоо кызды андай ойго кыйбайсың адам,-деп өзү менен өзү сүйлөшүп аткансып кобурады. Калемкаштын көзүнө жаш айланды.
– Кулубайды кайдан тааныйсыз?
– Бир тааныш балдардан ишеничтүү үй кызматчы таап бергиле деп сурансам, ушул жигит аркылуу тапса болот дешип дарегин беришкен. Сен ага ким болосуң?-деди аяр.
– Эч ким,-деди кыз ызалуу. Айдар андан ары сөзгө өткөн жок.
– Сен билген тамагыңды жасай бер, мен саат жетилерде келем,-деди да шашып чыгып кетти.
Ошол күнү ушул бир жарым жыл аралыгында биринчи жолу кыз өзүн адам сезди. Жан-дили менен тамак жасап, ал тургай бир аз чаң баса түшкөн үй ичин тим эле жыргап жыйнады. Таптаза короону кайрадан суу сээп шыпырды. Чын эле саат жетилерде Айдар келди да унчукпай жуунуп, анан тамакка отурду.
– Карачы, аял болгон үй башка да, тим эле жаркыратып салган турбайсыңбы. Апам бала кезде таң атпай, анан кечинде короо шыпыра берчү. Суу себилген короону көрүп апамды эстедим,-деди ойлуу.
– Менин апам да ошентчү. Таза короого периште келет дечү. Азыр деле шыпырат болуш керек.
– Апаң тирүүбү?-деди Айдар ичип жаткан тамагын токтото кызды башкача карап. Калемкаш тилин тиштеп отуруп калды. Кулубай жетим кызмын де дебеди беле. Бирок, тирүү адамды кантип айтат, андан көрө шерменде болгону артык, шерменде болбогон эмнеси калды.
– Апам да, атам да тирүү. Алар менин сойку экенимди билишпейт.
– Бул жолдон кайтса болот го. Кайсы бир күнү билет да.
– Мен чын дилимден кетет болчумун, бирок...
– Эмне бирок?
Кыз унчукпай мелтиреди.
– Карындашым, сен коркпо, баарын айт, колдон келишинче жардам берем. Менин да сендей карындашым бар болчу. Мындан сегиз жыл мурун кутурган акмактар зордуктап, намысынан асынып алган. Мен тиричиликтин айынан Россияда жүргөм. Кийин канча издесем да ким экенин таппай калдым. Апам ошондон кийин кан басымы көтөрүлүп каза болду. Атамды жакшы эстей албайм, мен кичинекейимде бизди таштап кеткен бойдон дайынсыз. Азыр эч кимим жок жалгызмын, жеңең төрөттөн каза болгонуна эки жыл болду.
– Менин атым Калемкаш, кантип ушундай болуп кеткенин да билбей калдым. Мен өмүрүмдө биринчи жолу ушул акмактын сөзү аркылуу өзүмдү кыз сездим, сулуу турбаймынбы, мага деле жигит карайт тура деген ишеним пайда болду. Көрсө, анын баары таман тузак экен.
Калемкаш эч нерсе калтырбай баарын айтты, ыйлап да, сүйлөп да жатты.
– Сен ыйлаба, мен ал акмактын жазасын берем,-деди Айдар тиштене.
– Анда сүрөттөрүм бар, ал аны...
– Коркпо, колунан эч нерсе келбейт. Сен отуруп тур,-деди да ордунан турду.
– Сиз каякка?
– Мен азыр келем.
Айдар машинесин чакырып алып чыгып кетти да таңга жуук келди. Колунда бир ууч сүрөт, анан чубалган плёнкалар жүрөт.
– Мына, өз колуң менен өрттөп сал. Калемкаш кааласаң Кулубайды сотко берсең болот, мен жардам берем. Сендейлердин далайынын убалына калган болуу керек, көрөсүң го көп былыгы чыгат. Ал тургай мунун чыныгы аты башка чыгар, ким билет,-деди ойлуу.
– Жок байке, Кудайга салдым, мен айылга кетем, баарын унутам,-деди сүрөттөрдү мычкый кармап отурган кыз ый аралаш.
– Айылда эле унутулат дейсиңби, андан көрө иште. Эгер мага ишенсең дайыма жанымда жүрүп тамагымды жасап берип тур, жакшы төлөп берем. Менин жумушум ушундай, талаалап көп жүрөм. Бир чети минтип талаалап жүрүү жалгыздыктан арачалайт.
– Жумушуңуз эмне?-деди Калемкаш эми эсине келгендей.
– Ар кандай эл аралык компаниялардын кызыкчылыгын коргогон юристмин. Алар бул жакка чакырса бул жакка, чет өлкөгө чакырса чет өлкөгө кетебиз. Паспортуңду сен келгенче даярдап коём. Мага ишенсең ушул, болбосо өзүң чеч,- деди кызды акмалай карап.
– Сизге ишенем, бирок, апамды, айылды, бөбөктөрүмдү, атамды сагындым. Көз алдына апасы, чөжүрөгөн ини-сиңдилери, анан Жайдарбек келди.
– Анда мындай кылалы, сен айылыңа барып кел, менин айдоочум алып барып келет. Анан ал жакта жумуштан жооп сурап келдим, тез-тез келип турам деп айт да, бир жума туруп кайра кел.
– Макул.
– Баса, паспортуң кайда?
– Эжемдикинде.
– Аны алып мага таштап кет.
Сойкунун жолу ушинтип бүттү. Тагдыр эмне камдап турарын эч ким болжой албайт тура. -
Айдана
Жазылган күн: 30 Июн 2015
(Башталышы)
Кайрымсыз тагдырга ачууланган өңдөнүп асман дагы бир ирет күр-шар эте күркүрөп алды. Анын коркунучтуу үнүнөн чочуган наристе дагы ойгонуп чырылдап ийди. Бели бекчейип, карылыктын майда бырышы колу менен жүзүн бирдей баскан кемпир ымыркайга үңүлө калып соорото баштады. А арык келин кыймылга да келип койгон жок. Кайрадан күр-шар түшкөн добуш жер жарып кетчүдөй каарын салды да нөшөрүн төгүп жиберди. Чагылган күңүрт тарткан бөлмөнү жарык кылганда терезенин түбүнөн жылжып түшүп тактайды суу кылып жаткан ылай суу жалтырай түштү. Ырасында бул тар бөлмөдө көктөн түшүп жердеги баткакка жуурулган ылай суудан башка жылт эткен жарык берер эч нерсе жок.
Таң атып ата электе ойгонгон суз келин шырп алдырбай жаман халатын жонуна салып, өңү өчкөн жоолугун бекем байланды. Адеп тирүү бекен дегендей кары кемпирге үңүлө тынып турду да, анын алсыз демин байкап санаасы тынгандай болду. Анан бул жашоого кантип келип калганын али аңдай элек наристесин телмире тиктеп турду. Эне мээрими кандай, эми гана наристеге мээр сала караган эненин бир үзүм болуп жылт эткен жакшы оюн сезе койгондой ууртун тарта чукуранып алды наристе. Анын бул кыска жылмаюусу келинге бир күндүк күч болот, бир айлык дем, бүт өмүрүнө жете турган үмүт берет. Ал ушул нерселерге бел байлады да, аста туруп бырышкан эски күрмөсүн колуна кармап сыртка чыкты. Ырас жаан басылып калыптыр. Күн ачык болчудай…
Ар бир таңда келинди жапыз тамдан ээрчитип чыгып кымбат машинелер зуу коюп өткөн чоң жолдун жээгине жеткирген жети чакырымдык узак жол суз келиндин санаасын санга, оюн онго бөлөт. Бүгүн дагы канча аракет кылганына болбой санаалуу ойлорго жетеленип шаша басып жөнөдү. Мындай жашоонун жетегине көнгөнүнө кеч күздүн ушул экинчи айы менен туура эки жыл болот экен. Эки жыл. Бул ой келиндин сезимин булкуп кетти. Эки жылдан берки жашоосу биринен-бири айырмаланбаган санаалуу, түйшүктүү болсо дагы аларды башынан ойлоп эрмек кылгысы келди, курган.
***
Муздак көрүнүшү адам аттууну өзүнөн түртүп турган жетимдер үйүнөн кутулганына кубанган кыз келечегине абдан ишенди. Анткени анын сулуулугун, акылдуулугун, зиректигин тынбай даңазалап айтып турган мырзасы бар. Баарынан кубанганы ал жигит Айдананын жетимдер үйүндө тарбияланган кыз экенин таптакыр оозуна албайт. Ал турсун уккусу да келбей «Айка, мен болгону сенин жашоомо келген жарык экениңди гана билем. Сен антип жаман ойлор менен кыжаалат болбочу. Башкысы менин жанымда болсоң болду. Мен сенин аялдык кадырыңа жетем» дейт. Анын мындай таттуу сөздөрү кыздын күнү ишин, түнү уйкусун токтоткон кыялына айланган. Басса-турса бактылуу жашоонун ханышасы болот да жүрөт. Азыр да чакан баштыгына бир аз кийимдерин салып, балалыгы өткөн бөлмө менен кош айтышып чыкты да, артын карабастан чоң жолго бет алды. Көп күттүрбөй алыстан ашыга баскан тааныш караан көрүндү. Албетте, бул сөзү шекер, жүзү жылдыздуу, ар дайым өзүнө ишенип жашаган Куба. Айдана менен алгач ирет таанышканда ушул ысымды айткан. Кийин жакын мамиле күтүшкөндө чын ысымын билгиси келген кызга ушундай эле чакырышын сылык суранган. Кубаныч менен көрүшкөн жаштар эч буйдалбастан дайыма кезигип жүрүшкөн бак ичине жөнөштү. Адаттагыдай жайдары маанай, жарышкан тамашалар, таттуу кыялдар болду. Бир убакта жайдары кыздын күлкүсү тыйыла жигитке үңүлдү.
– Куба, жетимдер үйүнөн кутуларын кутулдум. Бирок эми кайда барам, айтчы? Окуу деген менин кыялымда гана жашап калат окшойт. Шаар ичинде бир эле адамдын жашоосу кандай кыйын, ээ? Иштешим керек.
– Сен эч ойлонбо дебедим беле. Ушундай суроону бергендин өзү жакшыбы эми? Менин батириме барабыз. Анан эртеңдерден иш издейбиз. Колуңа акча тийип бир сыйра жаңыланып алсаң батирге чыгып кетесиң да, кабатырланбачы.
Кыздын сулуу жүзү кубанычка жаркый түштү. Жер үстүндөгү жакын санаган жалгыз адамынын мынчалык тапкыч, акылгөй экенине жетине албай кетти. Шаар ортосунда жайгашкан бир бөлмөлүү батир тууралуу укканы менен Айдана бул жерге биринчи ирет келип олтурат. Бойдок эркектин иретсиз, бирок бардыгы бар үйү ага хан сарайдай эле туюлду. Мындан өткөн бакыт болобу, жүрөгү толгон сүйүү, ал сүйүүсүнүн ээси жакшы сөзүн аябай жанында турат. Бул сокур сезим ушул түнү кыздын башын биротоло айлантып, биротоло ошол адамга байлап койду. Сезим торуна тушалган кыз өзүн биротоло энчилеп, мындан ары эч качан ажырабайбыз деген ойго чырмалды да калды. Бирок аз убакытта төгүл-чачыл болуп чыга келген бул бакыт бактысыздыктын башаты эле.
Айтылгандай Куба Айдананы ээрчитип иш издөөгө чыгышпады. Ар бир таңда жайлуу бөлмө, жылуу төшөктө ойгонушуп, түш оогончо сезимдердин кучагында бактылуу термелип жашап калышты. Түш оой ишке чыккан Куба кеч менен тамак-ашын көтөрүп келип калат. Айдананын үйдү таза тутуп, кирин жууп, тамагын камдап турганы экөө үчүн тең жагымдуу. Бири өзүн эр сезсе, бири аялдык бакыттын учкундарын туюп кубанышат. Заматта өтүп кеткен эки ай аларды бири-бирине биротоло көндүрүп, бири-биринен ажырагыс абалга келтирип койду. Башта айтылган убаданы аткарууга экөө тең чыгынышпады, ал турсун ал тууралуу ойлонуудан оолак болгулары келди. Экөөндөгү ой «башкысы бирге болсок, жаштыгыбыздын мындай кумардуу күндөрүн жакшы өткөрсөк» деген гана болду. А ата салты, эне адеби, мусулман парзы тууралуу ойлонууга чамалары да келбеди.
Ушул күндөр эки жашка дагы бир жаңылык сунду. Кудай берип Айдана кош бойлуу болду. Бул кабарды билгени анын бактысы эки эсе арбып, ажары андан бетер ачылды. Көңүлү сергек, мүнөзү мурдагысынан да жайдары болуп балалыгынан тартып ой басып калыптанган жүзү мээрим менен нурданып калды. А Куба мурдагы калыбынан эч жазбады. Бир күнү машине алуу тууралуу оюн ортого салып, алдыдагы бакыт тууралуу кыялдарын чачты. Айдананын жок дебеси турган кеп. Заматта насыя жолу менен машинелүү да болуп калышты. Айдананын ар бир күнү Кубаны ишке узатуу, күн бою улам сайын чоңоюп келе жаткан курсагы менен сүйлөшүү, анан кайрадан жолдошун иштен күтүп алуу менен өтүп жатып заматта төрөр күнүнө сегиз айга жакындап барды. Бир ыргагынан бузулбаган бул күндөр бир күнү катуу толкуду. Айдананын ыза, кызганыч менен аккан ачуу жашына толкуду. Сырттан келип ваннага кирген күйөөсүнүн кол телефону кат келгенин кабарлап шыңгырады. Демейде анын ишине кийлигишпөөнү эсинен чыгарбаган Айдана бул жолу эмнегедир телефонду колуна ала койду. Аты аталбаган номер менен бирге келбеттүү кыздын сүрөтү туруптур. Катты ачууга аргасыз болду. «Романтик, мен сени дагы канча күтүп турайын?..». Аягына кабак түйгөн быйтыкчаны кошуп коюптур. Келин же ишенерин, же ишенбесин билбей туруп калды. Заматта чакан бөлмөнү он айланып чыкканын өзү сезген жок. Туш тараптан жааган ойдун баарын «мен ага ишенем, ал мени алдабайт» деген күмөндүү ою менен артка кайрып жатты. Ваннанын эшигинин ачылышы келиндеги ойлорду чачыратып, ашканага жөнөдү. Бирок ал ойлогондой күйөөсү тамакка келбестен жаңы баштала турган иши менен алыска барышы керек болуп жатканын айтып жөнөп калды. Ал түнү канча ирет коңгуроонун шыңгырын аңдыганы менен таң агарганча бөлмө тынчтыгы бузулбай койду. Ашкана столуна өбөктөп таң атырган келиндин ишеничине жарака кетип, жүрөгүн үзүп алчудай болгон кызганыч ааламын тарытып жатты. Ичин кучактап буркураган келин болгон бугу чыкканча ыйлады.
Чыдамкай, сабырдуу адам болсо ушунча болор. Айдана кош бойлуулугунун акыркы айында жолдошунун күн алыс үйгө келбей калуусун кыңк этпей көтөрдү. Ойлонсо эсине келер деген үмүт менен үйүн түрлөп жасалгалап, өзүн андан сулуулап, беш маал тамагын камдап турду. Күйөөсү үйдө болуп калган кезде жарыкка келерине аз калган наристеси тууралуу кеп козгоп, төрөт жөнүндө билгендерин бөлүшөт. Бирок анын мындай аракеттери абага тарап жок болду.
Төрөтканага таштап, колуна тыйын карматып кеткен бойдон күйөөсү келбеген келин айланасына таң калуу жаратып жатты. Ымыркайы менен бакытка балкыганы менен ичинде сары оорусу бар экени ойлуу каректеринен даана байкалат. Чалуусун албай жаткан күйөөсүн бир жектесе, бир санааркап ойлонуп олтурган келин медайымга дагы бир күн ооруканада жата турууну, күйөөсү маанилүү иштеринен бошору менен алып кете турганын айтып жалдырап ийди. Келин канчалык сыр бербегенге тырышканы менен андагы бушаймандык менен ызаны байкаган кыраакы аял аргасыз макул болду. Бирок келин күткөндөй күйөөсү келбеген соң айласыздан палатада кийип жаткан кийими менен бир колуна баласын, бир колуна баштыгын көтөрүп жөнөп калды.
Алтынчы кабатка араң дегенде жеткен келин үй алдында кайра-кайра коңгуроо басып кыжаалаттанып турду. Бир маалда ич жактан чыккан жай дабыш босогого келди да, каалга аста ачылды. Келин ымыркайын бооруна кысып аң-таң болуп туруп калды. Алдындагы периштедей сулуу, өзгөчө назик кызды тааныбады. Бирок анын үстүнө жабылган халат менен башына оролгон сүлгү өзүнүкү экенин тааный калганда башына кылт дей түшкөн «кантип эле башка үйгө адашып келип алдым» деген оюнан бошоно калды. Ушул кыска мүнөттөрдө босогонун ары жагы менен бери жагына таштай каткан эки аялдын жакшы тилектери биротоло бырчаланып, кыялдары таштандыга айланды.
Булкулдай камынып сыртка жөнөгөн жаш кыздын артынан чыккан күйөөсүн эми келбесе керек деп ойлогон эле. Жок, Айдананын күтүүсүз кирип келгенине болгон ачуусун жашыра албай жулкунуп келди. Бирок ой баскан кабагын ачпаган келиндин үнсүздүгү анын да жаагын жапты. Айдананын кыялындагыдай бакылдаган эркелетүү, кам көрүү менен калдастаган кыймыл болбой үй ичин муздактык каптады. Куба үйдө болгону менен эч пайдасыз. Айданага акча санап берерде гана эриндери кыймылга келип бир аз козголбосо ашыкча кыймыл, бир ооз сөз жок. Айдана болсо наристеси менен гана алек. Адаттагы үй тазалап, даамдуулап тамак жасоого эми кызын эркелетип, тамактандырып, кирин жуу кошулган. Бир жыл гана убакыт мурун бул бөлмөдө бирисиз бири турбаган алар азыр бири-бирин бул бөлмөдөн ашык көрүп, айдап чыгууга аргалары жок жашап калышты.
Мындай жашоого Куба бир ай гана чыдады. Анан адаттагысындай жоголуп кеткенине кызып келүү деген кошулду. Ар нерседен өөн таап, жөнсүз сынчыл болуп кеткен күйөөсүнүн кылыгына Айдана унчукпай гана чыдап жүрдү. Баланын ыйы ага иттин улуганындай жагымсыз экенин канча кайталаса ошончо жолу үмүтү кыркылган Айдана биротоло дудук болуп калгансыды. Түн ортосунда келген Кубанын бул жоругу ашынып кетти. Айдананы маңдайына отургузуп алып таштанды экендигин, кара нан менен өскөндүгүн, сулуу болуп калып азгырып алган күнөөсү бар экенин, эми ал түзүп берген жакшы жашоонун арты менен минтип семирип жашап жатканын айтып таң атканча столду койгулап, андай жетесизге кезигип калган бактысыз экенин айтып зар какшап олтурду. Баарын айтып болгондой дымып турду да анан:
– Назкам, а менин Назирам тим эле периште. Ай, сен аны кайдан билмек элең. Аны эрте кезиктиргенимде сен минтип менин төрүмдө олтурмак эмессиң. Каныкей тууп семирип атам деп мага каяша кылып турмак эмессиң. Сен билсең Назиранын агасынын, менин досумдун жардамы менен ушул жашоодо жашап жатасың он айдан бери. Жогол, алдагы кызыңды ал да экинчи көзүмө көрүнчү болбо. Бул үйдө сенин бир кашыгың да жок билсең,-деди айкырып. Мынча болорун күтпөгөн келин ыйдан күчүн чыгарып отуруп берди. Аз убакыт өтпөй кубалоо сөзүн кайра укканда тизелей калып жалынып жиберди.
– Жазыгым болсо кечирчи, Куба. Жакшы тилектерибиз бар эмес беле… Ак сүйүүбүздөн жаралган наристенин келечеги үчүн антпе. Кайда барам ымыркай бала менен, кимге барам?
Жүзүн жаш жууп жалбарган келинди түртүп, башынан аттап өткөн Куба башын жаздыкка коёру менен эч нерсе сезбей уйкуга кетти. Жер муштап ыйлаган келиндин зарын угуп да, туюп да койгон жок. Ачуусу тарайт деген үмүттө тирилигин кылып калган келиндин тилегин таш капты. Түш оой сыртка чыгып кеткен Куба түн ортосунда келип «Дагы деле үйдөсүңбү? Мени укпай, мени тоготпой калдың беле? Атаңдан калган үйдөн бетер эмне козголбойсуң» деп келиндин жалынганын чымын үнүндөй көрүп койбой түн ортосунда кубалап чыкты. Беш айга жаңы толгон ымыркайын бооруна кыскан жаш келин жаздын суук түнүндө жол жээктеп максатсыз баратты.
Болор-болбос соккон жел жука кийимчен келинди калтыратып ийди. Көз жашын аптыга сүртүп, ыйдан пайда таппасына ишенгендей чыйрала түшкөн келин ымыркайын кымтып жаап, чакан баштыгын оңдой асынды. «Кайда келип калдым?» дегендей туш тарабына абай салып өлүү тынчтыктан жүрөгү титиреп коркуп кетти. Байкалбай кыйла басып коюптур. Болгондо да шаар ичин беттебей тескери басканын карасаң. Калыптанып калганына бир топ болсо дагы жаңы конуш аты өчө элек аймактын босогосун араң дегенде тааныды. Анан эмнеси болсо да дегендей наркы өйүздөгү чакан, бирок сымбаттуу салынган үйдүн эшигин какты. Таттуу уйкусунун бузулганына ачуусу келген орто жаштагы аял келиндин кебетесин көрүп көзү умачтай ачылды.
– Ээ катыгүн, ким элең?! Эмне, эмне келдиң? Кайдан келатасың деги? Ой, тиги уулум менен келиним келип калган экен деп бейкапар чыкканымчы. Ээ айланайын, ымыркай бала менен да ушинтип жеңил жүрөбү? Кандай немесиң, ай?-деп келиндин бетине үңүлүп башаламан сөздөрүн токтотпой жатып дарбазанын ичине киргизип алды.
Арыдан-бери келинди жайгаштырып үстүнө жылуу кийим жаап, чай коюуга да жетише калган аял жай олтуруп суракка ала баштады. Аялдын адамгерчилигине ыраазы болгон Айдана ар бир суроосуна чындык менен жооп берди. Бир туруп терезеден уул-келинин карап, бир туруп эмнегедир ички бөлмөнү тыңшап келип ысык чай куйган аял таңдайын шакылдатып баш чайкап олтурду. Ымыркайдын ыйы менен экөөнүн сөзүнө чекит коюлуп, аялдын акылы менен келин бул түнү ушул үйгө түнөп калды.
Таң агарганча кирпик-көзүн какпаган келин түндүн узун болушун тиледи. Таң атса кандай жашоо башталарын биле албай санаасы санда. Канча кылыгына көз жуумп чыдаган күйөөсүнүн өткөн түндөгү уу сөздөрү бүт үмүтүн кыя чапкан экен. Анын келиши тууралуу таптакыр ойлонгон да жок. Бир сыйра кийим, чөнтөгүндө жүргөн 100 сом акчадан башка карманар байлыгы жок келин бар үмүтүн боорукер аялга артты.
Жакшы көргөн адамы мейманга келгендей дасторконун кенен жайган аял келинди мыктап тойгузду. Ал тамактанып жатканда ымыркайды эркелете карап коюп үндөбөй олтурду. Анын мындай добушсуздугу Айдананы бушайман кылып баратты. Андан кеп күтүүгө чыдамы түгөнүп сөздү эмнеден, кантип, деги кайсы сөздү баштаган атканын да билбей тынчы кете берди. Анын абалын байкай койгондой аял:
– Ээ, жашооң кургур. Адамзаттан чыккан иттер арбып, акыр заман дегенге чын эле жакын калдык окшойт. Эми кандай арга кылабыз. Мен азыр сага бир дарек берейин. Сен ошол жерге барып баш калкалаар жай сура. Таң атканча толгонуп тапкан акылым ушул болду, айланайын. Кылган жакшылыгым ушул болсун,-деп кебин аяктады да, бата кылынары менен дарек жазылган баракка кошуп акча сунду. Ырасында канчалык ыңгайсыз болсо дагы келин ал акчаны албайм дей албады. Унчукпастан ушалай чөнтөгүнө салып, көтөрүнүп алып сапарын улап кетти.
***
Чаңы сапырылган ичке жол менен келип жапыз тамга такалды. Таңда чыккан боюнча эрди кеберсип, чыркыраган баласын улам сайын чала эмизип олтуруп түш оогондо табылган үйдү көрүп жүрөгү ылдыйлай түштү. Бирок батынып кирип бара албай коомайланып туруп калды. Кулаганы аз калган дарбазанын ичи кулак-мурун кескендей тынч. Деги бул үйдө тирүү жан болду бекен, же «ушул ээн калган тамды башпаанек кылып тур» деп жиберди бекен деген ойго кептеле калды. Аңгыча адам дабышын кулагы чалып кубанып кетти. Коёндой алаңдап турган келин каалгадан аста баш бакты. Короо ичинде кыбырап жүргөн кемпирге сылык салам узатып, жайын айтты. Кемпир кызы экөө мында жашап турууга макул экенин, бирок ай сайын 4000 сомдон төлөшү керектигин билдирди. Андан башка айласы жок келин акчанын табылышын ойлонуп да койбостон талаада калбасам болду деген ой менен дароо макулдугун бере салды.
Жалгыз тоокко да жем керек эмеспи. Таяныч кылар эч нерсеси жок келинге ымыркай кызы менен күн көрүү кыйынга турду. Санаа тартып ойлонууданбы, же тамак аттууну унутуп нан менен сууга карап калгандан уламбы сүтү жоголуп, кызынын тойбой ыйлаганы жанына батты. Сүт болбосо анда “мына” деп таңдайына сала калчу да эч нерсеси жок. Заманасы куурулуп, кызы менен кошо ыйлачу болду. Бирок бир жумага жетпеген мындай жашоо келинди чыйралтып койду. Кемпирге оюн бөлүшүп кызын ага табыштады да, иш издеп жөнөдү. Аргасынын жоктугунан арзыбаган тыйын үчүн күнү менен иштеп бүтүрүп акчасын дароо алчу иштерге киришти. Ал күнү түш оогон кезде огороддун чөбүн тазалап, отоосун жулууга иш таап алды. Каш карайганча иштеп, кечинде бутун тарта албай араң келди.
Ошондон баштап таң агарганда ал адамдын огород иштерин кылып, түш менен кошумча иш издеп жатып күн алыс бирден иш кошуп олтуруп бир да мүнөт бошобой турган болду. Аз убакыттын ичинде кара жумуш аттуунун баарын өздөштүрүп алды. Алгач шаар ойгонуп, кыймыл көбөйө электе жолдун узактыгына карабай өзүнө чактап бөлдүрүп алган көчөнү шыпыруу үчүн жолго чыгат. Ал ишин аяктаган соң огород иштери, анан кабат үйлөрдүн подъездин жууйт. Андан чыгып жакшы жашоодо жашаган бир туугандардын катар жайгашкан эки кабаттан салынган үйлөрүн жыйнайт. Ушундай тер агызган иштер менен тапкан акчасы кызы экөөнүн жашоосуна тыгын болот. Андан бир аздан ашырып катып-жыйып чогулткан акчасын батир акысына карматат.
Заматта төрт мезгил бир тегеренип чыкты. Кызынын улам жаңы чыгып, кызыгы артып турган кылыктары тууралуу кемпирдин божурап айтып бергенинен гана укпаса, жанында жашап жатып өзү деле көрбөй калды. Болгону “аман-эсен өссө болгону. Анан мен бактысызды шорго таштабай ушул кемпир көп жашаса экен” деп ойлойт . Бул экөө күнү бою эсинде, кадам сайын кызы менен кемпирдин жашын, ден соолугун тилейт. Өзү болсо акыркы кезде көп ооручу болду. Бирок кабагым-кашым дебей ооруган жерлерине көз жуумп коюп ишке кетип жүргөнүн кары кемпир көз жаздымда калтырган жок.
– Мындан ары батир акысын төлөбөй эле кой. Жалгыз уулумдун сен сыяктуу иштеп жүрүп салган жаман тамы эми бизге тең болсун. Кайраным эрте кетпегенде мындай болгон небере жыттап олтурбайт белем. Андан көрө ушул үйдү, менин караан болгон күчүмдү пайдаланып кызың эс тартканча ирденип ал. Жаныңа карап, кызыңдын бактысы үчүн саламатта жаша,-деди көптү көргөн кемпир.
Анын мээрим менен айтылган бул сөздөрү жаралуу көңүлгө дары болду. Бир жыл бою кабагы ачылбай, жетишпестик менен көңүл калуунун азабынан арыла албай жүргөн келин өзүнчө сергек тартып калды. Ойлонсо, бир жыл ичинде бир да ирет кызымдын келечеги үчүн деп ойлонбой күнүмдүк жан сактоонун гана далалатында жүрүптүр. Ошондон баштап анда наристесинин эртеңине байланган жаркын тилек пайда болду. Адаттагы көнгөн жумуштарын таштабады, бирок ал иштерди аткарууда жанын кыйнап, мазесин алып турган санаалуу ойлордон арылды. Анын ордун жакшы үмүт менен кыз кезиндегидей таттуу кыялдарга толтурду. Бүгүн эмне жеп, эмне ичебиз деген санаасын «кызым келечекте» деген жакшы багытка буруп алды. Аң-сезимин аралап кеткен жакшы сөз үчүн кемпирге басса-турса ичинен алкышын айтып жүрдү. Мурда батирге кеткен акчасын кийинки күндөр үчүн сарамжалдап катып, бир аз ашкан тыйын болсо ага кошуп чогултууну адат кылды.
Ушундай жакшы аракеттерге берилип тыңып калганына да бир жыл болуптур. Келин адаттагыдай жөө баскан бул сапарында ушул күнгө жеткирген жашоосун тизмектеп олтуруп, чаңы менен таштандысы сапырылып келиндин тазалашын күтүп жаткан чоң жолго кантип келип калганын байкабай да калды. Жалгыз келген сапарына эрмек болгон ойлорунун соңунда болуп өткөн окуяларга маанайы суз тарта түшсө да, акыркы кездерде улам сайын жарык жанып бараткан үмүтүнө бел байлап көнгөн ишине киришип кетти.
Эпилог ордуна
Кадимкисиндей ишке чыккан келин шашпай басып баратты. Улам сайын жер жарыкка бөлөнүп, ал ансайын эмнегедир кубанычы көөдөндө ашып бараткансыйт. Анткени ушул күнү колун туурултуп, жүзүн бозортуп келген көчө шыпыруу ишин таштайт. А эртең эрте менен буга чейин иштеп келген иштеринин маяналарын чогултуп, ага айлык акы төлөгөн адамдардын баарына алкыш айтат. Анан таман акы, маңдай тер менен табылган бул акчаларына кызын 1-класска алып барууга даярдайт. Өзүндөй сулуу, зирек кызын жаркыратып кийинтсем дегенде жүрөгү алып-учуп кетти. Анан кызын мектепке алып баруу үчүн өзү да жарашыктуу кийим сатып алат. Ушул ойлор менен келатып аялдамада чапталып турган «Шашылыш түрдө үй сатылат» деп баасы ойго келбегендей арзан көрсөтүлгөн жарнаманы окуп калды. Ойлонсо 6 жылдан бери чогултуп жүргөн акчасы менен аталган үйдүн баасы бирдей сыяктанды. Анан жарнаманын телефон номери жазылган бөлүгүн үзүп алып сапарын улап кетти. Иши аяктаганга чейин үйлүү болууну кыялданып, жайдары жүрдү. Үйгө келип эле бекем тигилген баштыкты сөгүп акчасын санады. Жаңылбаптыр, үйдүн баасына эң эле дал келди. Жетине албаган Айдана кемпирге эртелей сүйүнчү айтып, кызын жетелеп аталган үйгө бет алды. Алыс жол убакытты алып, көз байланып баратканына карабай барган келинге чакан үй сыртынан эле дароо жакты. Сатып алууга токтолгон келин алдын утурлап чыккан кожейкени таанып кадамын жайлатып калды. Мына тагдырдын тамашасы. Алдында бир кезде тал чыбыктай ийилген Назира турат. Абдан толуп кеткени болбосо, сулуу келбети анчейин өзгөрбөптүр. Болгону арылбас санаасы бардай муңайым экен. Анын артынан антаңдай ээрчип келаткан Куба Айдананы тааный коюп тык токтоп калды. Артка бурулуп кетүүгө кеч болуп калган эле!
(Аягы)
Комментарийлер
eliz-an86 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?