friendwipkg
- Кыймылы жок
- 470 (0,1 )
- Оюн, күлкү, тамаша (150 )
- 13 Август 12
- 64 619
01 Июн 2023 20:12
- Активист
- 34
- 1, 1992
- Жынысы:
-
-
friendwipkg - бул анын акыркы темасы.
29 Апр 2018
Суперстан порталынын жалпы жамаатына: админдерге, акимдерге жана бардык колдонуучуларга ыраазычылык билдирем! Силер дайым менин көңүлүмдү көтөрүп турдуңар. Суроолорума жана билдирүүлөрүмө жооп берип турдуңар. Мен ачкан темаларга ой-пикириңерди жаздыңар. :
Форумдагы билдирүүлөрдү кантип өчүрүү керек?
Кыргыздын ДНКсы кайсы тамгадан башталат?
Сайтка саякат
Кимди шайладыңыз?
Форумда "тормоз" эмес кыздар барбы?
Кыргыздар качан Орусияга кошулат?
Маалыматтык тенологиялардын өнүгүүсү
Виртуалдык өлкө
Келечек форумчуларына кат
Бул мен ачкан акыркы тема болуп калат. Эгерде кимдир бирөөнүн көңүлүн ооруткан болсом, капа кылсам кечирим сурайм. Баарыңарга чоң рахмат! Жакшы калыңыздар! Эми мени Суперстан порталынан жолуктурбайсыздар. Чыныгы жашоого кайтууга убакыт келди. -
Маалыматтык тенологиялардын өнүгүүсү
12 Фев 2018
Маалыматтык технологиялардын пайдасын баарыбыз билебиз - маалыматты тез жеткирүүгө жардам берет. Бирок анын өнүүгүүсүнүн канчалык зыяндуулугу бар? Азыркы учурда адамдар кайсыл жерде болбосун ар биринин колунда смартфондор бар. Адамдар смартфонсуз дааратканада да тынч отура алышпайт. Ал эми китепканаларга барган окурмандардын саны азайып, көпчүлүгү электрондук китептерди экрандан көзүн үзбөй окуп калышты. Эгерде IT ушул темпте өнүгө турган болсо адамдар маңкуртка(зомби) айланып калышы мүмкүн. -
Келечек форумчуларына кат
5 Янв 2018
Салам Форумчу, бул билдирүү көп жылдар мурун жазылган болушу мүмкүн. Жана жазган колдонуучу форумда жок болушу да мүмкүн. Балким азыр 2020, 2030, же 2050-жылдыр. Ушул жылдар арасындагы колдонуучуларга калтырып кетүүнү чечтим. Силер форумга эмне максатта киресиңер? Убакытты өкөрүү үчүнбү, башкаларды күлдүрүү үчүнбү же достошуу үчүнбү? Кандай болсо да өзүңөргө пайдалуу темаларды гана тандагыла. Башкаларды мыскылдоону, сөгүүнү токтоткула (ушундай форумчулар да болгон)! Ойлонбой туруп сүрөтүңөрдү жарыялап койбогула, кийин өчүрүп салуу кыйын болот. Сырсөзүңөрдү атайын бир дептерге жазып койгула. Китеп окуганды унутуп койбогула! (колдонуучу: Friendwipkg 5.01.2018) -
Виртуалдык өлкө
3 Янв 2018
Келгиле башынан баштап таза Кыргызстанды өзүбүз курабыз. Бизге мамлекетти кайрадан курууга 2-мүмкүнчүлүк берилди. Ичиңдеги катылып жаткан лидерликти ойгот. Баардык президенттер сага окшош эле кадимкидей өз өлкөсүнүн жараны болушкан. Сага болгону өзүңө болгон ишеним гана керек. Өзүңө болгон ишеним канчалык күчтүү болсо, сага ошончолук көп адамдар ишенет жана артыңдан ээрчишет. Жалган сүйлөөнү жана башкаларды шылдыңдоону, мазактоону токтот. Тамашалап айткан болсоң да чын
-
Кыргыздар качан Орусияга кошулат?
13 Дек 2017
Илгери кыргыздар мамлекеттүүлүктүн келечеги туңгуюкка кептелгенде Орус Империясына кайрылган экен. Азыркы учурда Кыргызстанда эгемендүүлүк болгону менен анын эч кандай пайдасы да болбой жатат. Дагы эле башка мамлекеттерге көз карандыдай абалдабыз. Мыйзамдуулук сакталбаган мамлекеттин келечеги барбы? Мамлекет өзүн өзү туңгуюкка камоодо. Эгер Кыргызстан Крым сыяктуу Орусияга кошула турган болсо, анда кандай пайдасы же зыяны болот?

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
friendwipkg