Суперстан: emilkyrshab - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

emilkyrshab Өздүк маалымат Рейтинг: -----

emilkyrshab фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
3 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (2 билдирүүлөр)
Катталган:
24 Август 12
Кароолор:
9 211
Соңку аракети
Пользователь офлайн 25 Мар 2020 10:58
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
36 жашта
Туулган күнү:
Ноябрь 15, 1988
Жынысы:
Эркек Эркек
Калаасы:
Ош

Байланыш маалыматтар

E-mail:
E-mail дарегине кат жазуу

Мага баш баккандар

  • Фотография Aza.Zari 
    31 Окт 2019 - 20:12
  • Фотография biznes 
    22 Окт 2019 - 01:36
  • Фотография ilgizk 
    20 Окт 2019 - 22:18
  • Фотография unt_75 
    14 Фев 2019 - 07:12
  • Фотография Syun17 
    08 Апр 2018 - 22:45
  • Фотография Gulnazz93 
    11 Авг 2014 - 20:10
  • Фотография Гость
    17 Апр 2014 - 20:12
  • Фотография alimyrza93 
    17 Апр 2014 - 13:47
  • Фотография Гость
    05 Фев 2014 - 11:19
  • Фотография Atashkg 
    04 Фев 2014 - 10:56
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Унуталбайм...

    Жазылган күн: 6 Янв 2018

    Менин "кичинекейим" ... Сени унутуу үчүн, баш сөөктүн ичиндеги муштумдай болгон мээни алмаштыруу керек го дейм, флеш картаны алмаштырган сыяктуу эле.
    Студент учурум. 1-класста мектепке чогуу барган досум үйлөнүп, достор тойго кам көрүп жатышты, а мен, атамдан ажырап, күйүт үстүндө элем. Тойго, шаан-шөкөткө көп аралаша албай жүргөн учурум эле ошондо. Кантсе да досум эмеспи, кечинде досумдун үйүнө барып (ал учурда анча мынча эле адамдар рессторанга той өткөрүшөөр эле) куттуктап койдум. Ошол жерден сени көргөм, апакай жүзүң, өзүңө жарашыктуу кызыл көйнөгүң, жагымдуу жылмайганың. ..
    - Досум, алдагы кызыл көйнөкчөн кыз кимиң болот?
    - Балдызым. А эмне болду?
    - Эч нерсе, жөн жай эле.
    - Досум, ал аябай жакшы кыз. Колунан баары келет, тандырга нан жабат, тамакты түрлөнтүп жасайт, тигүүчүлүктү да жакшы өздөштүрөт. Болгону, бир аз жашыраак да, мектепте окуйт. Болбосо тааныштырып коймокмун.
    - Жаш болсо эмне болуптур? Чоңоет да. Өзүм эле таанышып алам азыр.
    - Өзүң билесиң, жоош момун эмессиң го өзүң деле (жылмайып).
    Ошол күнү таанышып, номериңди алгам (анда телефон деле анчалык жетиштүү эмес болчу, сенде билайн, а менде фонекс)
    Телефондо бир аз сүйлөшүп койчуубуз. Жашоо шартка байланыштуу, окууну таштап, Орусияга иштегени кетүүгө туура келди элге окшоп. Бардым, бир топ убакыт жүрдүм, сен жөнүндө ойлогон жокмун, себеби иш оор, жан үрөп иштейт болчубуз. Анын үстүнө сенден үмүт үзүлгөн болчу. Сени Москвадан кезиктирем деп ойлобогом. Балким "мой мир" ге "гости" болуп катталбасаң ошол бойдон көрүшпөй да калаар белек, себеби сени ойлобой да калган болчумун. Москвадан эле кыз таап, анан ага үйлөнүп, Москвада эле көп эле жыл жүрөм деп ойлоп жүргөм да. Капилеттен кайра табыштык, Москвадан. Андагы керемет сезимдер, дүйнөм түгөл, эч арман жок эле менде... Себеби жанымда сен бар болчуң. Сен менен бирге жашоонун баардык шарттарында жашоого болот эле... Мейли катаал болсун, мейли жыргал болсун... Жашоонун кемтик жерин сен менен толтурууга болоор эле. Сен менин эң жакын адамыма айландың. Апамдан кийинки эле боорукерим, камкордугу чексиз, мээримдүү аял заты мен үчүн сен болуп чыга келдиң. "Үшүгөн жоксузбу?" , "Курсагыңыз ачпадыбы?" , "Маанайыңыз жакшыбы?" , "Сизди сагындым" , " Тамактаныңыз" , " Жылуу кийиниңиз" ... Эххх... Чын дилден жасалып жаткан мындай мамиле кышты да жай кылаар эле го чиркин. Сен менен кандай гана бактылуу элем...
    Эсиңдеби, мен убактылуу Питерге которулдум, анан сен менин туулган күнүмө Москвадан келгенсиң. Тим эле эжемдей болуп, мага жылуу кийимдерди (ал кийимдер азыр да бар, сакталуу), ич кийимдериме чейин белекке алып келгенсиң. Мүчөл жылым болчу, кызылгыч түстөгү кийим белек кылгансың. Экөөбүз Питерди түрө кыдырдык, Ростик'сте (азыркы KFC) жакын отуруп алып тамактанганбыз. Элдердин арасында кол кармашып, кучакташып жүргөндөн, кееде өбүшүп кетүүдөн деле уялбай калчуубуз,балким катуу берилгендиктен токтоно албай калат белек... кыскасы эң бактылуу түгөйлөрдүн катарын толуктаар элек. 5 жыл сүйлөштүк, бир жолу да атыбыздан атап бири-бирибизге кайрылбадык ( бири-бирибиздин атыбызды атоо орой мамиледей туюлаар эле). Сен мени жөн гана "ЖАН" деп коёр элең, а мен "Коляля" дечүүмүн (кичинекей кыз, сенин атыңа тили келбей, коляля деген болчу, ошол бойдон мен үчүн "Коляля" болдуң да калдың).
    Коляля, мен сүйүүнүн биринчи даамын сенден таткам, сабырдуулукту мага сен үйрөттүң, боорукерлик сага жолуккан күндөн баштап пайда болгон менде, сен аябай боорукер адам элең. Сенин жылуу колдоруң, мээримдүү көздөрүң, эч кимге зыян бербеген акылдуу, аяр мамилең, мени жашоого жакшы көз караш менен кароого үйрөттү. Адатта сүйүшкөн жандарда түшүнбөстүктөр болот кееде, а бизде эч качан андай болбоду, эч качан талашып-тартышпадык, ар күнү, ар саат, ар минута жаңы таанышкан адамдардай сый-урматта болоор элек, ар убак. Кеңешип иш кылуу биздин иш эле.
    Кечир жарыгым, балким күнөө менден кеткен чыгаар. Азыр, күнөөлүү ким экенин териштирүүдөн эч кандай пайда жок. Өттү кетти. Болгону, мени сендей эч ким сүйө албас, а сени менден артык сүйүп жаткан чыгаар, балким жок.
    Кошуна көчөгө келин болуп түшпөгөнүңдө балким сени унутуп калаар белем, же жокпу билбейм. Сага болгон сый-урматым чексиз, сенин элесиң ар бир ырда, жана биз жактырган кинолордо, мен аларды укканда, көргөндө албетте сени эстейм, сени эстебей коё албайм.
    Бир уул, бир кыздын энесисиң. А мен бир кыздын атасы...

Достору

emilkyrshab Досторду кошо элек

Комментарийлер

emilkyrshab ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 16:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: