Суперстан: rnurzida - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

rnurzida Өздүк маалымат Рейтинг: -----

rnurzida фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Аким
Билдирүүлөр:
5 353 (1,16 күнүнө)
Активдүү форуму:
Суперстандын архиви (952 билдирүүлөр)
Катталган:
15 Октябрь 12
Кароолор:
215 226
Соңку аракети
Пользователь офлайн 24 Май 2024 17:38
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Супер-активист
Жашы:
36 жашта
Туулган күнү:
Август 31, 1988
Жынысы:
Аялзаты Аялзаты
Калаасы:
Санкт-Петербург

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун

Мага баш баккандар

  • Фотография Joomart_Alday... 
    13 Янв 2022 - 23:00
  • Фотография jai 
    09 Янв 2022 - 16:56
  • Фотография kaidasyn 
    06 Дек 2021 - 21:48
  • Фотография asylbekova 
    06 Сен 2021 - 20:06
  • Фотография Echkimmin 
    04 Сен 2021 - 21:01
  • Фотография bikusim 
    13 Авг 2021 - 18:53
  • Фотография Pankration_MMA 
    07 Авг 2021 - 16:32
  • Фотография musulmanin 
    07 Авг 2021 - 15:33
  • Фотография Sagyn.91 
    24 Мар 2021 - 21:30
  • Фотография bessmertiy 
    05 Мар 2021 - 13:14
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды

    Жазылган күн: 11 Апр 2016


    Биссмилла деп энелерди даңтап, мактап, улуулугун, баа жеткис эмгегин, дегеле сөз менен айтып бүткүс апаларыбызды даңазалачу сынагыбызды баштадык.

    Сынак 4 шарттан түзүлдү. Алар;

    1."Ааламда теңдеши жок асыл апам" деген теманы аркалай апакелерибиздин өмүр баяны. Бул жерде кыска жана нуска болушу шарт!

    2."Апа, сага кандай мактоо жарашат, апа, сенден ким сыймыкты талашат?"
    Албетте, апаларды мактап, даңктап 5 куплеттен ашпаган өздүк калемге таандык ыр.


    3."Оорубасын энелердин жүрөгү". Бир эле өзүбүздүн апабыз эмес, жалпы энелер жөнүндө баян. Коомчулуктагы айрым мисалдар менен коштолсо да жакшы болмок.

    4."Мен дүйнөнү апам менен тааныгам". Сиз кандай апанын уулусуз же кызысыз? Балалыгыңыздан кызыктуу жана күлкүлүү бир үзүм окуя.


    Сынакта өз апаларыбыз жөнүндө гана жазабыз. Эгерде чоң эне, таянелери өз апасынын ордунда болгондор болсо, анда алар да баяндашса болот. Сынакка бардык тайпадагы (конок, жаран, аким ж.б.) форумчулар катыша алат.

    Сынактын ар бир шарты үчүн бир апта убакыт берилет. Ар бир шарт үчүн добушту мазмуну жагынан жалпы форумчулар берет. Ал эми грамматикалык жактан калыстар тобу баалап, жалпы добуштарды эсептеп, бизге жарыялашат.

    Экинчи тур башталганда биринчи шарт үчүн добуштар бериле баштайт. Жаран статусуна ээ болгон жана билдирүүсү 100дөн ашкан (10-апрелге чейинки билдирүүлөрү) гана форумчу добуш берүү укугуна ээ. Эгерде негизги ниги менен жазганга мүмкүнчүлүгү жок, бирок конок тайпасындагы ниги форумчуларга белгилүү, билдирүүсү 100дөн ашкан форумчу болсо, анда добуш бере алат. Сынактын катышуучулары да каалаган катышуучуга же өзүнө добуш бере алат.

    Сынактын биринчи шарты боюнча тапшырмалар 17-апрель саат 00:00дө токтотулат. Демек, 17-апрель саат 00:00гө чейин жазып бүтүшүбүз керек. Андан кийинкиси кабыл алынбайт.

    Бул темада жалаң гана сынактын шарттары (тапшырмалар) жазылууга тийиш! Ашыкча билдирүү жазбайбыз! Сынак боюнча ой-пикирлерибизди төмөнкү темага жазабыз!
    http://www.super.kg/ ...showtopic=93270


    Баарыңыздарга ийгилик!



  2. Энелердин эрдигин даңазалай ...

    Жазылган күн: 2 Апр 2016

    Саламатсыздарбы суперстандын супер форумчулары. Суперстанда дагы бир сынак өткөрсөк деген идея менен бөлүшкүм келди. Бул сынакта биздин теңдешсиз, баа жеткис апаларыбызды даңтоо боюнча болмокчу. Пайгамбарыбыздын хадиси бар эмеспи, "Бейиш энелердин таманы астында" деген. Андыктан, энелердин баа жеткис эмгеги, улуулугу тууралуу даңазалап, аз да болсо апаларга деген сый-урматты күчөтсөк жаман болбос.
    Акыркы учурда баарыбызга эле белгилүү болгондой, форумда да уруш-талаш көбөйө баштады. "Бирөөгө пайдаң тийбесе мейли, зыяның тийбесин" дейт эмеспи, келиңиздер, негатив билдирүү жазып, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, андан көрө интернетке кирип жаткан убактыбызды аз да болсо жакшы жакка жумшап, ынтымагыбызды чыңасак :достор:.
  3. Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы).

    Жазылган күн: 20 Фев 2016

    Бул китептен көптөгөн суроолорубузга жооп ала алабыз. Ошондуктан да сиздер менен бөлүшүп коюуну туура көрдүм.

    Бул жакка көчүргөндө "й" тамгасы "и" болуп калып жатат. Тууралап окуп коесуздар деген үмүттөмүн. Убактыма карап, өзүм да оңдоп-түзөп көчүргөнү аракет кылам, Иншаа Аллах.





    БАШ СӨЗ
    Бисмиллаахир- Рахмаанир-Рахиим.

    Жаамы жандуу-жансызды жараткан Улуу Алла Таалага миң мертебе шүгүр!
    Ошондой эле Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга жана анын жолунан жүргөндөргө дубай салам!
    Кыргыз элинин Ислам дини менен жашаганына миң жылдан ашуун убакыт өттү. Акыркы жүз жыл аралыгы казак, өзбек элдери сыяктуу кыргыз эли үчүн да рухании дөөлөттөрүнөн ажыроо өңүтүнөн оор жылдар болду. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнү кыргыз эли үчүн кайрадан Ислам дини менен жакындан таанышууга бир топ илгери мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул абдан кубанаарлык көрүнүш. Себеби ыймандуулук,
    абийирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, биримдик бар жерде ырыс бар.
    Ислам жазма булактарында ар бир мусулман баласына милдеттүү түрдө билүү зарылчылыгы бар диний маалыматтар жыйындысы «илмихал» деп атала келген. Илмихал китептери ыйман негиздери, ибадаттар жана ошондой эле негизги диний маалыматтарды камтыйт. Асыресе, колуңуздардагы эмгек да ушул максатта жазылган мусулман баласынын жашоо мыйзамынын кыскача топтому десек жаңылышпайбыз.
    Китептин биринчи бөлүмүндө ыйман негиздери жана анын шарттары, экинчи бөлүмүндө Ислам өкүмдөрү жана тийиштүү терминдер жөнүндө түшүндүрмө берилди. 3-11-бөлүмдөрдө Ислам дининин негиздери, ибадаттар, ал эми 12-бөлүмдө нике тууралуу маалыматтарга орун берилди. Мындан сырткары адал-арам, мусулман баласынын
    өзгөчөлүктөрү жана чоң күнөөлөр жөнүндө да маалыматтар берилди. Китептин акыркы
    бөлүмүндө Ислам агымдары жана алардын пайда болуу себептери жөнүндө жалпы маалымат берүүгө аракет кылдык.
    Жалпы Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан мусулмандары Имам Азам агымынын өкүлдөрү болгондуктан бул китеп аталган агымдын негизинде даярдалды. Андыктан
    эмгектин булактары биринчи иретте Имам Азам агымынын укуктук китептери болду.
    Элдин биримдиги үчүн тажрыйбада кыйынчылыктардын болбошу өңүтүнөн бул жагдай
    өзгөчө мааниге ээ.
    Имам Азам аалымдарынын алгачкы мугалимдери жана имамдары сахабалар болгон. Анын ичинде Абдуллах бин Масуд, Азирети Али баш болгон көптөгөн сахабалар Имам азам агымы түптөлгөн Куфа шаарында жашашкан. Имам Азам агымы да Ахли сүннөттүн калган үч агымы сыяктуу, эң ириде Куранга жана Сүннөткө таянат. Тагыраак айтканда, аалымдарыбыз Куран жана Сүннөттүн негизинде диний өкүм чыгарууга аракет кылышкан.
    Бул өкүмдөр жана фатвалар бир күндө эле пайда боло калган эмес. Ондогон, кала берсе
    жүздөгөн жылдар бою бул өкүмдөр кажыбас кайрат, талыбас эмгектин үзүрү деп айтууга толук негиз бар. Китептин акырында колдонулган жазма булактардын тизмеси кошо берилди. Бул
    жерде ошол жазма булактардын айрымдары тууралуу кыскача маалымат берсек, ашыкча болбос. Китепте колдонулган негизги булактардын бири Имам Сарахсинин «ал-Мабсут» аттуу эмгеги. Бул китеп Имам Азамдын шакирти Имам Мухаммеддин алты китептен турган эмгегинин түшүндүрмөсү десек болот. Ырас, Имам Сарахси береги алты китепти
    бир китепке чогултуп, түшүндүрмөсү менен кошо иштеген. «Ал-Мабсут» эмгеги Имам Азам агымынын негизги жазма булактарынан болуп саналат. Имам Сарахсинин сөөгү Кыргызстандын Өзгөн шаарына коюлган. Ошондой эле жазма булактарыбыздан Имам
    Маргинаанинин «ал-Хидая», Садруш-Шариа ас-Саанинин «ал-Викоя» китебине корутунду иретинде иштеп чыккан «Мухтасарул- Викоя», Имам ал Каасаанинин «Бадааиус-Санааи фии
    тартиибиш-Шарааи» жана ал-Мавсилиидин «ал-Ихтияр» аттуу китептерди эскерүүгө болот. Мындан сырткары Имам Азам агымынын дагы бир катар эмгектери, асыресе, илмихал китептери да колдонулду. Илмихал китептери негизинен усулдук жактан чоң көмөк болду. Китептин жарык көрүшүнө себепкер болгон «Жаштарды колдоо коомдук фондуна» жана ЖЧК «Башак»ка жана китепке салым кошкон жалпы боордошторума терең ыраазылычыгымды билдирем. Жараткан Алла аларга эки дүйнө бактысын берсин, оомииин!
    Ийгилик Алла Тааладан!
    Абдуррахман Хачкалы
    Апрель 2008 / Рабиул-аввал 1429
    Бишкек.


    КИРИШҮҮ

    ДИН ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК

    Дин – адамдын Кудайга болгон ишениминде жана күнүмдүк турмушунда ак-кара,
    жакшы-жаман, ошондой эле өлүмдөн кийинки жашоо жөнүндөгү баалуулуктар жыйындысы. Дин – бул адам баласынын жашоосун белгилүү эрежелердин негизинде белгилүү нукка салган мыйзамдар топтому. Дин алгачкы адам менен бирге келген эреже. Ошондуктан ал адамзат тарыхынын ар бир доорунда жандуулугун сактап, адам жашоосунан бөлүнгүс өзгөчөлүгүн уланткан. Мунун негизги себеби адамдын динге жатык жан болушу, диний туюмдун табигый өзгөчөлүк болгондугу.
    Ишенүү, сыйынуу адам баласы төрөлгөндөн тарта чогуу ала келген өзүнчө сезим-туюм. Адамда ар качан жана ар жерде кандайдыр бир улуу, күчтүү, кудуреттүү затка баш калкалоо, ага таянуу, ишенүү жана андан жардам тилөө муктаждыгы болот. Адам баласы денеден жана рухтан тураары жалпыга маалым. Андыктан дененин муктаждыгы болгондой эле, рухтун да муктаждыгы бар. Ырас, Жалгыз Алла Таалага ишенүү, Ага ибадат кылуу –
    бул рухтун эң иридеги муктаждыгы. Бул муктаждык туура камсыздалбаса, адам баласы ар кандай терс жолдорго, калпыс ишенимдерге багыт алып түбөлүк бактысынан ажырайт.

    Адам баласы тек Аллага багыт алып, Ага гана ибадат кылганда рух дүйнөсүн туура камсыздаган болот. Ошондо гана рухий жактан чыныгы бейпилдикке жетет. Асыресе, адам баласы жашоо тек бул дүйнө менен гана чектелүү болгондугун,
    өлүмдөн кийин эч кандай жашоо уланбашын ойлошу мүмкүн. Ырасында, бул туура эмес түшүнүк. Өлүм– бул бүтүү, жок болуу дегенди билдирбейт. Чыныгы түбөлүк жашоо өлүмдөн кийин башталат. Алла Таала акыретти унуткан адамдарга пайгамбарлары аркылуу муну эскерте келген. Булар Ыйык Куранда ачык-айкын айтылган.
    «Дин» түшүнүгүнө көптөгөн аныктамалар берилген. Диндердин ортоктош өзгөчөлүктөрү болгону сыңары айырмачылыктары да бар. Мына ушул себептен дин
    түшүнүгүнө берилген аныктамалар бардык диндерди өз ичине камтый албайт. Диндердин негизи – бул ишеним. Дин ишенимге таянат. Адамзат тарыхында адамдар кандайдыр бир улуу күчкө, жаратуучуга, ошондой эле ар кандай табият кубулуштарына, тоо-ташка, рухий заттарга ишенип келишкен. Мына ошондуктан Ислам аалымдары диндерди [b]«акыйкат»[b] жана [b]«жалган»
    дин деп экиге бөлүп карашкан.


    [b] I АКЫЙКАТ ДИН[b]

    Ислам дини бүгүнкү күнү жер бетинде тек акыйкат дини. Акыркы Кудайы дин. Акыркы Азирети Мухаммед Пайгамбар анын пайгамбары, акыркы Ыйык Куран анын ыйык китеби болуп эсептелет. Бүгүнкү күнү Кудай Таала жиберген диндерден үчү гана
    жашап келет. Алар Иудаизм, Христиан жана Ислам диндери. Бул диндердин экөөсү т.а.
    Иудаизм жана Христиан диндери бүгүнкү күнгө чейин адамдар тарабынан бурмаланып, нагызын сактай алган эмес. Булардан Ислам дини гана өзүнүн нагызын, аруулугун сактап келген.
    Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгы көптөгөн мужиза-кереметтер менен тастыкталган. Анын эң чоң мужиза-керемети – бул Ыйык Куран. Ал – Алланын сөзү. Муну андагы маалыматтарды жазуу адам
    баласынын колунан келбеи тургандыгынан байкоого болот. Ырас, аяттардын бири-бирине куюлушкандыгы, маанисинин тереңдиги, өтмүштөн, келечектен кабар бериши, айрым бир бүдөмүк аяттардын бүгүнкү күнү ачыкка чыгышы, береги аяттарга илимии изилдөөлөрдүн дал келип жатышы, адамзат бүгүн араң жетип олтурган акыйкаттарга 14 кылым илгери эле ишарат жасашынын өзү эле Курандын акыйкаттыгын далилдөөдө.
    Ыйык Курандын бир да сөзү бүгүнкү күнгө чейин бурмаланбай келди. Мунун
    себеби аяттар түшүрүлөөр замат жазылып, көптөгөн сахабалар тарабынан жатталып
    турушу болгон. Курандын кыяматка чейин бурмаланбашы – бул Алланын кепилдиги.


    [b] II ЖАЛГАН ДИНДЕР


    Азирети Адам ата адамзаттын алгачкы пайгамбары болгон. Алла Таала Пайгамбарларын жөнөтүп адамдарга туура ыйман-ишеним, ибадат жана өз ара мамиле эрежелери жөнүндө кабар берген. Пайгамбарлардын бардыгы бир ишенимге чакырышкан.
    Ал жалгыз Аллага, Анын ак жолуна гана чакырган тавхид-Ислам ишеними болгон. Бирок
    белгилүү убакыттын өтүшү менен адамдар бул өкүмдөрдү бурмалап бузушкан. Ошол
    себептен бурмаланган диндер пайда болгон. Жогоруда айтылгандай, буга бүгүнкү күнү
    Иудаизм жана Христиан диндерин мисал келтирүүгө болот. Диндердин бурмаланышынын
    себеби ыйык Китептердин жоголушунан соң кээ бир адамдар тарабынан диндин негиздери,
    өкүмдөрү өз каалоо, жеке кызыкчылыкка ыкталып жазылышы болгон. Чынында Алла
    Таала аларга мындай укук берген да, же вахий (Кудайы кабар) жиберген да эмес. Андыктан
    бул диндер адам баласын түбөлүк бакытка алып бара албайт. Тек Алланын ак жолунан гана
    адаштырат.Мындан тышкары эч кандай Кудай Таала тарабынан кабар берилбеген, тек адамдар
    өздөрү ойлоп тапкан ар кандаи ишенимдер да бар. Булардын жаңылыш болгондугунда эч
    кандай күмөн жок.
  4. azamat-1992kg куш бооңор бек болсун.

    Жазылган күн: 12 Окт 2015

    Суперстандын дагы бир жараны, биздин сүйүктүү инибиз, форумдагы эң токтоо, акыл-эстүү мырзабыз azamat-1992kg 17-октябрь күнү бойдокчулук менен коштошуп, Нурзада аттуу бийкечтин колун кармап, турмуш жолуна сапар тартканы турат.

    Азамат, жаңы курап жаткан кичи мамлекетиңердин пайдубалы бекем, ырыскысы толо болуп, ынтымакка, кубанычка, наристелердин күлкүсүнө толуп турсун ар дайым. Нурзада экөөңө эки дүйнө бакыт насип этсин Жараткан.
  5. jurogum., турмуш жолуң байсалдуу болсун.

    Жазылган күн: 13 Авг 2015

    Суперстан мамлекетинин дагы бир жараны, ажарлуу кызыбыз jurogum. турмуш жолуна сапар алууда. Өзүнүн билдирүүсүндө той 16-август күнү Ош шаарындагы Ак-Шумкар ресторанында болмокчу.

    Зейнеп, турмуш жолуң байсалдуу болсун. Жылмайган жүзүңдөн эч качан күлкү кетпей, жаркылдаган келин болуп, кайындарыңа кыз бол ылайым. Жараткан аялзатына атаган бардык бакытты насип этсин. Жолдошуң менен кармашкан колуңар эч качан үзүлбөстөн, сүйүүңөр түбөлүктүү болуп, түптөгөн чакан мамлекетиңер бир өмүргө бекем болсун :kiss2:

Достору

  • Фотография
    Гука  
  • Фотография
    Killboy  
  • Фотография
    Barika  
  • Фотография
    melashka  
  • Фотография
    erko77  
  • Фотография
    admin_supe...  
  • Фотография
    scorp  
  • Фотография
    sararat  
  • Фотография
    malikovich  
  • Фотография
    KUMU89  
  • Фотография
    XuLiGaNkA  
  • Фотография
    erkekyz22  
  • Фотография
    meri6ka  
  • Фотография
    max90  
  • Фотография
    konfetka_love  
  • Фотография
    Rolankgb  
  • Фотография
    adiku93  
  • Фотография
    Bore  
  • Фотография
    Aristokrat...  
  • Фотография
    ere  
  • Фотография
    aiperi2013  
  • Фотография
    Sweet-Lika  
  • Фотография
    Bodibilding  
  • Фотография
    bul1men  
  • Фотография
    Aimeerimka  
  • Фотография
    bratanyn  
  • Фотография
    Jasko.  
  • Фотография
    diora  
  • Фотография
    Morskayazv...  
  • Фотография
    demo009  
  • Фотография
    april  
  • Фотография
    Bellary_Ev...  
  • Фотография
    1994zair  
  • Фотография
    Kylychbek-kg  
  • Фотография
    merile.9090  
  • Фотография
    zama..kg..86  
  • Фотография
    SULUU-KYZ  
  • Фотография
    Sheke-brat  
  • Фотография
    Meruet84  
  • Фотография
    shaku2015  
  • Фотография
    Anjelina86  
  • Фотография
    azamat-1992kg  
  • Фотография
    tatulinka  
  • Фотография
    sabira.199890  
  • Фотография
    nurbo10  
  • Фотография
    Shalunka1215  
  • Фотография
    gulkar  
  • Фотография
    KgEka  
  • Фотография
    1.NewRich  
  • Фотография
    Asya83  

Показать 50 случайных друзей 158  (Просмотреть всех)

Комментарийлер

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  1. Фотография

    Bakyt_daamy1 

    08 Мар 2018 - 09:51
    8-март майрамыныз кут болсуун, эже: :gul:
  2. Фотография

    Bakyt_daamy1 

    01 Ноя 2017 - 01:49
    Шугур.. Журобуз.)
  3. Фотография

    Bakyt_daamy1 

    26 Окт 2017 - 18:59
    Ассалоому алейкум!! Кандайсыз, Нурзида эже? Ден соолук, иштериниз?
  4. Фотография

    rus228300 

    24 Июн 2017 - 02:32
    Салам баарынарга
  5. Фотография

    kaidasyn 

    04 Июн 2017 - 17:21
    Ассалам алейкум эже Рамазан маарек болсун! Ушул кезге чейин билип-билбей кылган куноолорунузду жараткан кечирсин!
  6. Фотография

    KgEka 

    08 Мар 2017 - 02:46
    Нурзида эже майрамыңыз менен, аялдык бакыт каалайм!
  7. Фотография

    EPXAHOB. 

    23 Фев 2017 - 17:48
    Ушу сен эле менин сулуулугумду көрө албай койдуңго.
  8. Фотография

    Kadyrov_92 

    05 Фев 2017 - 13:55
    Оа эжеке кабатыр болбонуз
  9. Фотография

    Kadyrov_92 

    05 Фев 2017 - 04:28
    Жазгандарымы окуп ачуунуз келсе керек е)))
  10. Фотография

    Kadyrov_92 

    05 Фев 2017 - 04:27
    Шугурчулук эже, рахмат, сизге кайсыл болумдор тиешелуу эле?))
  11. Фотография

    Kadyrov_92 

    05 Фев 2017 - 03:52
    Кандайсыз анан?
  12. Фотография

    KgEka 

    05 Фев 2017 - 01:53
    Анан үшүнтесизда))
  13. Фотография

    KgEka 

    05 Фев 2017 - 01:35
    Ыыы, эже азыр заманда кээ бир АКИМдерден абайлаш керек болуп калды.))
  14. Фотография

    KgEka 

    05 Фев 2017 - 01:07
    жакшы эже, ошо жүрөбүз кайсы аким БАН! дей салды деп.))
  15. Фотография

    KgEka 

    05 Фев 2017 - 00:51
    Салам, кандайсыз?
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 06:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: