514947a
-
Бишкек таза болушу үчүн эмне кыла аласыңар?
17 Мар 2016
Бул көйгөйдөн арылуу үчүн азыркы адамдардын деңгээлине жараша иш кылуу керек го деп ойлойм. Майда деп маани бербейбиз, бирок ушул тазалык өзүбүздүн ден соолугубуз экенин, маанайыбызды жакшырта турганын, кийинки муун үчүн калтырчу асыл сапаттар экенин баарыбыз биле албай жатабыз. Айрымдарына айып тарттырып, жаңыдан уюшулуп жаткан патрулдук милиция илгеркидей ошол таштанды таштагандар менен да иштөө керек го деген ой бар. Биз бул жерге жазган менен бул көйгөй менен иши жок, мунун көйгөй экенине маани бербеген кайдыгер, жашоодон тажап калган, тазалык эмес адам өмүрүн тобокелге салып тоготпогон көп адамдар арабызда. Мисалы: маршруттук бусиктерге баарыбыз түшөбүз, ичинин кири, чаңы, сасыгы, айдоочунун оройлугу адам чыдагыс, кыргыз чыдайт, Көчө шыпырчулар саат 8ден кийин чаңдатып шыпырып жатат, эптеп өтүп кетесиң, адамдын кадыры, аны сыйлоо маселеси бүгүнкү күндүн оорусу, башкалар чыдамак эмес кыргыз чыдайт, таштандынын көптүгү ушунчалык жаңы конуштарда жумасына эмес, бир айга чейин албаган учурлар бар. Башка өлкөлөрдөй бололу десек каражат тартыш. Анан ушинтип таштандыга чөгүп, өрттөбөй турган таштандыны өрттөп уу заттар менен ууланып дем алып, абаны бузуп жатсак кайдагы ден соолук, айыл өкмөттөр, кварталдык комитеттер тазалыктын кызматкерлери көчө кыдырып ушул жөнөкөй эле нерселерди түшүндүрүп иштешсе болмок, алар андай иштерди жасабайт. Буга ким контролдук кылат, ким жооптуу эч ким жок. Ошол эле жүргүнчүлөрдүн арасында да бар, ичип алган, тамеки жытынан жанына туралбайсың, кийиминин жыты адам чыдагыс, ушулар Бишкектке, жаныңда, аяйсың, жаның кейийт, кыргыз деп уяласың, колдон эмне келет, чыдайсың айта албайсың. Мына ушул абалда майда нерсе чоң нерсеге айланат экен. Ким эмне дейт? Мындан арылуунун жолу кайсы?. Бүтпөгөн, чечилбеген суроо, көйгөй.
514947a

Супер-Инфо
super.kg
видео



04 Июл 2016 09:35
Мобилдүү версия
514947a