aut007
- Кыймылы жок
- 49 (0,01 )
- Таанышуу бурчу (17 )
- 20 Декабрь 12
- 16 874
08 Янв 2019 18:56
- Карапайым
- 34
- 2, 1992
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- ош Чоң Алай
-
Менин поэзиям
6 Дек 2017
***
Ээх неге менин бактым ачылбады,
Эмгиче жетпейт ага акыл дагы.
Билбедим үмүт сенден үзсөм дале,
Бир мага бүтпөйт сезим табышмагы.
Жаңылган сезим үчүн өкүнбөдүм,
Жазылган тагдыр дедим өтүнбөдүм.
Башкадан тунук сезим тапсам дале,
Баары бир сени ойдон өчүрбөдүм.
Анан да ойлорумда канат болуп,
Анан да бүтпөс бұтпөс жараат болуп.
Азыр да жүрөгүмдө жалгыз сенсиң,
Акыл да ойлойт муңдуу аяп коюп.
Билсем да бизди тагдыр кошпогонун,
Билсем да бизди тагдыр соттогонун.
Ызадан муздап жүрөк бүтпөй жараат,
Ыза муң күндөр келет коркпогонун.
Жеттпеген махабаттын кулу болуп,
Жектеген махабаттын уулу болуп.
Өзүмө өзүм анан капа болом,
Өзүм да жүрөм турмуш сыны болуп.
Неге анан сени ойлоп эстей берем,
Неге эми жарга өзүмдү кептей берем.
Тагдырды өзгөрткөнгө күчүм жетпей,
Тагдырга баарын төңкөп жектей берем.
Баары бир жетпесем да сырларым сен,
Баары бир калам чийген ырларым сен.
Мен гана түтөм чыдайм сен бир гана,
Жашоонун таткын бакыт жыргалын сен.
А.Э.Н -
Менин поэзиям
6 Дек 2017
Түгөйүм болсоң айтчы
Сүйүүдөн бакыт таппай кейип жүрүп,
Соолуп мен чөгүп кеттим сени сүйүп.
Үйлөнбөй бойдоктуктан арылбастан,
Үй курдум жашайм эми сени күтүп.
Сен азыр, азыр алыс жерде иштеп,
Сен азыр башка элдин көзүн тиктеп.
Каяктан азыр мага айтмак элең,
Кышында тием тез-тез үйүң бүт деп.
Оюңда бармын жокмун аны билбей,
Олтурам албай кастюм жаңы кийбей.
Турмушка даяр болсоң сатып алам,
Түгөйүм болсоң айтчы ачыгын ээ.
А.Э.Н
Чоң-Алай -
Менин поэзиям
6 Дек 2017
СҮЙҮҮ МЕНЕН СЫРДАШУУ
Ойлочумун эми тапкан бактым деп,
Ойлочумун мен да сага жактым деп.
Оо сүйүү сен! Душман болуп чыктыңбы?
Сүйгөнүмөн укпадым мен жакшы кеп!
Көпкө күткөм ушу күздө сени мен,
Келдиң ооба, келишиңди билбегем.
Көп узабай кетип калсаң түшүнбөй,
Кайра артыңан жетсемби деп издегем.
Күздө тапкан махабатым бекемдеп,
Канча аракет кылыптырмын жеңем деп.
Кууратып сен кете бердиң ушу күз,
Кымбат болгон асылымды жетелеп.
Барар жериң түбү болсун түгөнгүс,
Жалгыз өзүн алып кетпе жүгөнсүз.
Жандоочулук кылып жүрүп аны да,
Жалгыздыкка таштап кетпе бүтөлгүс.
Ушу күздө шерик болдуң аз убак,
Калып кеттим капас тордо мен урап.
Сүйүүктүүмдү мага окшоп алдабай,
Бакыт бер деп кала берем мен сурап.
Асыл жаным калбасынчы жалгыздап,
Бакыт бер деп кала бердим мен сурап.
А.Э.Н
АзИрЕт НуРбЕкОвИч. .. -
Менин поэзиям
6 Дек 2017
***
Карабай жаштыгыңа мастыгыңа,
Карындаш сени издеп таптым мына.
Кудайды таанып билген жакшы жансың,
Күйүктүүм себеп болчу бактыма да.
Издедим таппай жүрсөм сендей жанды,
Ин Ша Алла кудай сага теңдей алды.
Түбөлүк сени мага жар болсун деп,
Түшүн бил келдим сыйла мендей жанды.
Жашмын деп өз бактыңды качырбастан,
Жаным кел айтчы мага жашырбастан.
Турмушка чыкпаймын деп жүрө бербей,
Татынам апаң менен акылдашсаң.
Максатым бүлөө куруу сени менен,
Ма Ша Алла жашайт баары теңи менен.
Түбөлүк бейиште биз болуу үчүн,
Татынам билет алчы мени менен.
Түбөлүк бейиштик биз болуу үчүн,
Татынам бирге болчу мени менен.
А.Э.Н. -
Алайлык форумчулар барбы, келгиле достошолу!
6 Дек 2017
Чоң-Алай дан жазгыла достошобуз

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
konfetka_love
09 Июн 2013 - 20:10aut007
06 Мар 2013 - 23:06